Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 823 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн, Министрлер Кабинетинин 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766. 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847, 2018-жылдын 27-февралындагы № 116, 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 , 2019-жылдын 6-июнундагы № 283, 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө", 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 508 "Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" жарлыктарына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Бул Жобо мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат; мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди кабыл алуу, тариздөө жана эсепке алуу жол-жоболорун регламенттештирет; ушул төлөөлөр үчүн каралган каражатты каржыланышына жана туура жана өз убагында бөлүштүрүлүүсүнө контролду уюштурат.
1.3. Акчалай компенсациялар - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар.
1.4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө - алуучуга акча каражатын төлөө жана берүү үчүн документтерди тариздөөнү, эсепке алууну кошкондо, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнү уюштуруу жол-жобосу.
1.5. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнү каржылоону уюштуруунун жол-жобосу, ал өзүнө социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө акча каражатын каржылоону жана которууну уюштуруу үчүн арыздарды түзүүнү, зарыл болгон сумманын эсебин камтыйт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөлөрдүн өз убагында болушун жана тууралыгын контролдоо - Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди өз убагында жана туура тариздөөсүн, ошондой эле байланыш ишканалары жана банк мекемелери бул төлөмдөрдү туура жана өз убагында төлөөсүн текшерүүнү уюштуруунун жол-жобосу.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.7. Протокол, тизме, бет эсеп, тапшырма, реестр - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнү жүргүзүүдө колдонулуучу социалдык өнүгүү системасындагы каржылоо документтердин түрлөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1.8. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоого жана төлөөгө жооптуу орган.
Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүм) - жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына даректүү социалдык коргоону көрсөтүүчү орган.
Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - аймактык түзүмдүк бөлүм) - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды чектөө, каржылоо жана төлөө процессин уюштуруучу орган.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө ыкмалары
2.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө документтерди тариздөө Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) маалыматтар базасында аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат, мында төлөө:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "социалдык жөлөкпул" - пенсия менен камсыз болууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпулду (мындан ары - "социалдык жөлөкпул") төлөө эки жылдык же андан аз мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;
- акчалай компенсациялар ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырма боюнча төлөнөт;
- 16 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жөлөкпул - "үй-бүлөгө көмөк" (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу) ар бир алуучуга эки жылга чейинки мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307, 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.2. Мамлекеттик жөлөкпулдардын жана акчалай компенсациялардын өлчөмдөрүн өзгөртүү тиешелүү нормативдик укуктук актыларга ылайык чыгарылуучу социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана почталык байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде жүргүзүлөт. Мында мамлекеттик жөлөкпулдардын жана акчалай компенсациялардын өлчөмдөрүн өзгөртүүнү байланыш ишканасынын өкүлү жана банк мекемелеринин өкүлдөрү менен бирге аймактык түзүмдүк бөлүмү жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.3. Мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар учурдагы ай үчүн төлөнүп берилет. Мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар банк системасы аркылуу накталай эмес формада, алуучунун "Элкарт" банк төлөм картасынын эсебине каражаттарды которуу жолу менен төлөнөт. Банк мекемеси же банкомат болбогон калктуу конуштарда мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар алуучунун жашаган жери боюнча жеткирүү жолу менен почта байланыш ишканасы аркылуу төлөнөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундарына, "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирген адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга, саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине), Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине), "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине) мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар алуучунун "Элкарт" банк төлөм картасынын эсебине каражаттарды которуу жолу менен накталай эмес формада банк системасы же алардын тандоосу менен жашаган жери боюнча жеткирүү жолу менен почта байланыш ишканасы аркылуу төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-февралындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. (Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-февралындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Мамлекеттик акчалай компенсацияларды банк системасы аркылуу төлөөгө документтерди аймактык түзүмдүк бөлүмү төмөнкүлөрдүн негизинде тариздейт:
- аймактык түзүмдүк бөлүм менен банктын ортосундагы келишимдин;
- алуучунун банктык реквизиттери көрсөтүлгөн жеке арызынын;
- банк менен алуучунун ортосундагы келишимдин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2018-жылдын 27-февралындагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө жана каржылоо процессинин катышуучуларынын функциялары
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоонун уюштурулушу
4.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо үчүн жалпы керектүү сумманы эсептөө жана өтүнмөнү даярдоо аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ар айдын 25-күнүнө чейин чейин аткарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
4.1.1. Аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн дайындоо бөлүмүнүн башчысы мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды чектөө жөнүндө протоколдордун негизинде алуучулардын саны жана мамлекеттик жөлөкпулдарды каржылоо үчүн керектүү сумма боюнча эсептөөлөрдү жана маалыматтарды даярдоону ар айдын 20-күнүнө чейин аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.1.2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.1.3. Аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн төлөм бөлүмүнүн башчысы мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк эсептеринин негизинде мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо үчүн керектүү сумма жөнүндө эсептөөлөрдү жана маалыматтарды даярдоону ар айдын 20-сынан 23-күнүнө чейин аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
4.1.4. Дайындоо бөлүмүнөн мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо үчүн керектүү сумма жөнүндө маалыматтар алынгандан кийин төлөө бөлүмүнүн башчысы керектүү сумма жөнүндө маалыматтарды ар айдын 23-күнүнө чейин салыштырып текшерет.
Керектүү суммалардын өлчөмдөрүндө айырма чыкканда аталган бөлүмдөрдүн башчылары СЖКМТнын мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алуучуларды каттоо журналдары боюнча биргелешип кайрадан салыштырып текшеришет. Мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар боюнча мөөнөтү бүткөн төлөө суммалары кийинки чектелгенге чейин керектүү сумманын эсебинен чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4.1.5. Түзүлгөн табыштамалар СЖКМТда төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы тарабынан ырасталат жана СЖКМТде аймактык бөлүмдүн начальнигинин электрондук колу менен бекитилет (СЖКМТны пайдалануу техникалык жактан мүмкүн болбогон учурда табыштамалардын долбоорлору кагаз түрүндө бекитилет жана аймактык түзүмдүк бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт). Кол коюлган жана бекитилген табыштамалар СЖКМТ аркылуу электрондук формада же кагаз түрүндө ар бир айдын 25-күнүнөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
СЖКМТда бекитилген жана кол коюлган, анын ичинде жооптуу адамдардын электрондук колун колдонуу менен даярдалган электрондук табыштамалар бул адамдар тарабынан даярдалган болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүм мамлекеттик жөлөкпулдарды каржылоого жалпыланган өтүнмөнү жана акчалай компенсацияларды каржылоого жалпыланган өтүнмөнү түзөт. Жалпыланган өтүнмөлөр каржылоого өтүнмөлөрдү кароо боюнча комиссиянын жыйынында каралат, ал комиссиянын курамын жана жобосун ыйгарым укуктуу орган бекитет. Бекитилген өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу органдын пландоо жана каржылоо башкармасына ар айдын 1-күнүнө чейин берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2.1. Социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүмдүн оперативдүү эсеп бөлүмү аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнөн келген мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо боюнча керектүү суммаларга өтүнмөлөрдү топтойт жана жалпылайт. социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүмдүн оперативдүү эсеп бөлүмү жалпыланган өтүнмөлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоого өтүнмөлөрдүн долбоорун түзөт.
4.2.2. Өтүнмөлөрдүн түзүлгөн долбоорлору мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоого өтүнмөлөрдү бекитүү боюнча комиссиянын кароосуна берилет. Бекитилген өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу органдын пландоо жана каржылоо башкармасына ар айдын 1-күнүнө чейин берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Ыйгарым укуктуу органдын бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармасы мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоого бекитилген өтүнмөлөрдү алгандан кийин ар айдын 3-нөн 7-күнүнө чейин мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча жана акчалай компенсациялар боюнча акча каражатты райондук аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө которууну уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3.1. Ыйгарым укуктуу органдын пландоо жана каржылоо башкармасы мамлекеттик жөлөкпулдарды каржылоого өтүнмөлөрдүн негизинде мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоого акча каражатты аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн казыналыктын райондук бөлүмдөрүндөгү эсептерине которуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына (мындан ары Борбордук казыналык) бюджеттик реестрлерди даярдайт жана бекитүүгө берет.
Борбордук казыналык мамлекеттик жөлөкпулдарды каржылоого алынган бюджеттик тапшырмалардын негизинде акча каражатты аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн казыналыктын райондук бөлүмдөрүндөгү эсептерине которот.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3.2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.4. Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражат өздөрүнүн казыналыктын райондук бөлүмүндөгү эсебине түшкөндөн кийин мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоого акча каражаттар "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук филиалдарынын эсептерине ар айдын 7-күнүнөн 9-күнүнө чейин которулушун уюштурушат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4.1. Аймактык түзүмдүк бөлүм акча каражаттары түшкөн күнү мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн түшкөн акча каражаттарын аймактык түзүмдүк бөлүмдүн казыналыктын райондук бөлүмдөрүндөгү эсебинен банк мекемелеринин же "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук филиалдарынын банк мекемесиндеги эсебине которууга төлөм тапшырмаларын жана арыздарды даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4.2. Төлөм тапшырмаларын аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги бекитип, анын үч нускасы, ал эми арыздардын эки нускасы казыначылыктын райондук бөлүмчөсүнө берилет. Төлөм тапшырмаларына казыначылыктын райондук бөлүмчөсүнүн башчысы кол коюп, ал мөөр менен бекитилет жана аймактык түзүмдүк бөлүмүнө берилет. Арыздарга казыналыктын райондук бөлүмдөрүнүн тейлөөчү кызматкери кол коюп, алар казыналыктын райондук бөлүмдөрүнүн мөөрү менен ырасталат жана бир нускасы аймактык түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
5. Аймактык түзүмдүк бөлүмүндө мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнү уюштуруу
5.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди тариздөөнү жана эсепке алууну аймактык түзүмдүк бөлүмү ар бир айдын 10унан 18ине чейин жүргүзөт.
5.1.1. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тууралуу СЖКМТда таризделген протоколдордун негизинде ар бир айдын 10уна чейин мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча чектелген иштер жөнүндө электрондук кабарлоолорду СЖКМТ аркылуу тариздейт.
Кабарлоого төмөнкү маалыматтар киргизилет: алуучунун аты-жөнү, почта бөлүмүнүн номери же реквизиттерди көрсөтүү менен банктын аталышы, биринчи жана экинчи бөлүмдөр боюнча чектелген сумманы көрсөтүү менен чектелген мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы, мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун номери.
Мында мамлекеттик жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө кабарлоо таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.2. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштеринин негизинде ар бир айдын 10уна чейин жаңы чектелген алуучуларга акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмесин, ошондой эле каза болгон жана алуу укугу бүткөн алуучулардын тизмесин СЖКМТда түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар берген документтер жөнүндө электрондук кабарлоолор электрондук протоколдор менен бирге жана акчалай компенсацияларды төлөөгө электрондук тизмелер СЖКМТта түзүлөт жана төлөмдөр бөлүмүнүн адисине СЖКМТда жеткиликтүү болот.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.4. Төлөөлөр бөлүмү СЖКМТда алынган электрондук кабарламанын, мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун жана акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмелеринин негизинде СЖКМТ аркылуу электрондук өздүк эсептерин түзөт жана зарыл болгон учурда кагаз жүзүндө СЖКМТдан толтурулган өздүк эсептер басып чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.4.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алуучулар боюнча каттоо мамлекеттик жөлөкпул биринчи жолу дайындалган алуучуларга карата гана, СЖКМТнын тиешелүү каттоо журналында жазуу аркылуу ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.4.2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.1.4.3. Мамлекеттик жөлөкпул алуунун мөөнөтү узартылганда жана мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы өзгөргөндө СЖКМТдагы өздүк эсептерге өзгөртүүлөр түзүлөт, бул учурда өздүк эсепке төмөнкү маалыматтар киргизилет: кириш документинин номери, протоколдун номери, мамлекеттик жөлөкпулдун чектелген мөөнөтү жана суммасы.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.4.4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.1.4.5. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөө алуучу каза болгондо же туруктуу жашаган жеринен кеткенде токтотулат. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде СЖКМТда таризделет. Төлөөнү токтотуунун себеби жөнүндө белгилер СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине киргизилет, андан кийин мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу жөнүндө тапшырмага кабарлоо толтурулуп, ал байланыш ишканасына жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.5. Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо жөнүндө протоколдордун жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн тизмелердин маалыматтарынын, ошондой эле өздүк эсептердин негизинде төлөмдөр бөлүмүнүн адистери мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө (төлөөнү токтотуу) үчүн тапшырмаларды СЖКМТ аркылуу ар бир айдын 20ына чейин даярдашат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.5.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө тапшырманы төлөмдөр бөлүмүнүн адистери алуучунун өздүк эсебинин маалыматтарынын негизинде СЖКМТда түзүшөт жана кагаз түрүндө СЖКМТдан басылып чыгарышат. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн тапшырманын бетине анын номери коюлат, бул номер алуучунун өздүк эсебинин номерине туура келет, анда аймактык түзүмдүк бөлүмдүн жана байланыш бөлүмчөсүнүн аталышы, алуучунун аты-жөнү, анын дареги көрсөтүлөт, 1 жана 2-бөлүмдөрдө мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө мөөнөттөрү толтурулат, алуучунун паспорттук маалыматтары жана алуучунун койгон колунун үлгүсү киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.5.2. Тапшырма таризделгенде жазылган тапшырманын маалыматтарынын өздүк эсептин жана мамлекеттик жөлөкпул дайындоо жөнүндө протоколдун маалыматтарына, анын ичинде мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнүн өлчөмүнө жана мөөнөтүнө туура келиши аймактык түзүмдүк бөлүмүндө текшерилет. Тапшырмаларды төлөмдөр бөлүмүнүн адиси, аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги текшерет жана ага кол коет, тапшырма төлөмдөр бөлүмүнүн мөөрү менен ырасталат.
СЖКМТга техникалык себептер менен электрондук документтерди киргизүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндөгү документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.5.3.Тапшырмаларды даярдагандан кийин төлөөлөр бөлүмү мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жөнүндө протоколду мамлекеттик жөлөкпул чектөө бөлүмүнө өткөрүп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.5.4. Алуучулардын мамлекеттик жөлөкпулдарын жана акчалай компенсацияларын кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде төлөөлөр бөлүмүнүн адиси тарабынан СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине тиешелүү өзгөртүүлөр таризделет, андан кийин байланыш ишканасынын кызматкерлеринин катышуусунда тапшырмаларга өзгөртүүлөр киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.5.5. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды ашыкча төлөө табылган учурда төлөмдөр бөлүмү ашыкча төлөмдүн эсебин тариздейт. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды ашыкча төлөөнү тындыруу тартибин ыйгарым укуктуу орган бекитет.
5.1.6. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн тапшырмаларды төлөмдөр бөлүмү "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарына ар бир айдын 20сына чейин жиберет.
5.1.6.1. Тапшырмаларды байланыш ишканасына жиберүү үчүн төлөмдөр бөлүмүнүн адистери мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн реестрди мамлекеттик жөлөкпулдардын жана акчалай компенсациялардын ар бир түрү боюнча үч нускада тариздешет. Реестрдин ар бир түрүнүн эки нускасы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарына берилип, бир нускасы төлөмдөр бөлүмүндө калат. Реестрлер тапшырмаларга кол койгон кызмат адамдарынын койгон колдору менен таризделип, аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн мөөрү менен ырасталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.6.2. Жиберилүүчү тапшырмаларга коштомо реестрлер үч нускада таризделет. Коштомо реестрдин бир нускасы алгандыгы тууралуу белгиси менен төлөмдөр бөлүмүндө калат, экинчи нускасы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук филиалына берилет, үчүнчү нускасы тапшырмалары менен кошо почта байланышы бөлүмүнө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.6.3. Реестрлердин маалыматтары СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналына киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.7. Дайындалган жана алуучулар өз убагында талап кылбаган мамлекеттик жөлөкпулдар аны төлөө токтотулган мезгилден тышкары, бүткүл өткөн мезгилге төлөнөт, жана акчалай компенсациялар алынбай калган учурдан баштап бир жылдан кеч эмес мезгилде кайрылуу болсо, ал өткөн мезгил үчүн төлөнүп берилет. Мамлекеттик жөлөкпулдардын жана акчалай компенсациялардын өз убагында талап кылынбаган суммасын алуу үчүн кайрылуунун аталган мөөнөттөрү өтүп кетсе алар каралбайт. Төлөмдөр алуучунун арызынын (түшүнүк катынын, жашаган жери боюнча маалымкаттын, расмий өтүнүчтүн) негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1.8. Алуучу каза болсо, ал каза болгонго чейин алууга укуктуу болгон мамлекеттик жөлөкпулдун же акчалай компенсациянын суммасы анын аны менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө алуучу каза болгон күндөн баштап 12 ай бою төлөнүп берилет. Төлөмдөр бөлүмүнүн адистери мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө протоколдун же акчалай компенсация төлөө үчүн тизменин негизинде мамлекеттик жөлөкпулду же акчалай компенсацияны төлөп берүү үчүн тапшырманы биринчи бөлүм боюнча тариздешет, аларга арыз, жашаган жери боюнча маалымкат, каза болгондугу жөнүндө күбөлүк жана арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
5.1.9. Мамлекеттик жөлөкпулду же акчалай компенсацияны алуучу башка байланыш ишканасы тейлеген жаңы каттоо жерине көчкөндө колдонулуп жаткан тапшырманы аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн төлөмдөр бөлүмү дайындоо бөлүмдөрүнүн протоколдорунун негизинде жабат. Аймактык түзүмдүк бөлүмү өздүк эсепти алып салат жана жабып, мында социалдык жөлөкпулду төлөөнүн акыркы мөөнөтү көрсөтүлөт, эки нускадагы кошумча аттестатты тариздейт.
5.1.10. Мамлекеттик жөлөкпулду же акчалай компенсация алуучу жашаган жерин которуп республиканын чегинен тышкары (КМШ өлкөлөрүнө) көчүп кеткенде, ал жашаган жери боюнча паспорту жана арызы менен аймактык түзүмдүк бөлүмүнө кайрылууга тийиш. Аймактык түзүмдүк бөлүмү өздүк эсепти алып салат жана жабат, мында мамлекеттик жөлөкпулду же акчалай компенсацияны төлөөнүн акыркы мөөнөтү көрсөтүлөт.
Өздүк делону республиканын аймагынан тышкары (КМШ өлкөлөрүнө) жиберүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү сурам түшкөндө аймактык түзүмдүк бөлүмү өздүк делону сурамга ылайык жиберет.
5.2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө каржылоо өз учурунда болгондо банк мекемелери жана байланыш ишканалары аркылуу ар айдын 9-күнүнөн 20-күнүнө чейин жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө байланыш ишканалары тарабынан же алуучунун банктык эсебине которуу менен жашаган жери боюнча жеткирүү жолу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2.2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тикелей байланыш ишканаларында графиктер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн, бул графиктер аймактык түзүмдүк бөлүмү менен бирдикте бекитилет. Почталык байланыш ишканаларында мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнүн графиктери илинүүгө тийиш.
5.3. Мамлекеттик жөлөкпулду же акчалай компенсацияны алуучу адам башка адамга ишеним кат берип, ошол адамга мамлекеттик жөлөкпулду же акчалай компенсацияны алууга ыйгарым укук бере алат.
5.3.1. Байланыш ишканаларында мамлекеттик жөлөкпулду же акчалай компенсацияны ишеним кат боюнча төлөө алуучу туруктуу жашаган жеринде жок болгон же ал дарылоо мекемесинде болгон бардык мезгилде жүргүзүлүшү мүмкүн, ишеним кат бир жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет. Ишеним катты нотариус күбөлөндүрүүгө тийиш. Биринчи төлөмдөн кийин ишеним кат алынат жана байланыш ишканасында белгиленген тартипте сакталат.
5.3.2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды ишеним кат боюнча төлөгөндө почтальон (оператор) анын туура таризделгендигин текшерет. Ишеним кат боюнча жөлөкпул же компенсация алуучу адам тапшырмада өзүнүн паспортунун маалыматтарын (сериясын жана номерин, ким тарабынан жана качан берилгендигин) көрсөтүп, тиешелүү ай үчүн акча алгандыгы тууралуу тапшырмага кол коет.
5.3.3. Ыйгарым укуктуу органдарынын жана байланыш органдарынын кызматкерлерине алуучулардын ишеним каттары боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.4. Социалдык стационардык мекемеде акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди тариздөө жана эсепке алуу ушул Жобонун 5.1.1-5.5.6-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5.5. Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына акчалай компенсацияларды төлөө акчалай компенсация алуучунун арызынын негизинде альтернативдик тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
5.5.1. Бишкек шаарында жашаган УАС катышуучусунун же майыптын - акчалай компенсация алуучунун каалоосу боюнча компенсациянын суммасынын бөлүгү турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөөгө багытталышы мүмкүн. УАС катышуучусунун же майыптын - акчалай компенсация алуучунун жеке арызынын негизинде алуучунун, аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн жана кызмат көрсөтүүчү ишкананын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
5.5.2. Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөө ыйгарым укуктуу орган, энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Бул келишимге ылайык арыз ээсине ар бир ай үчүн берилген турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөө эсептери кызмат көрсөтүүчү ишканалар тарабынан аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5.5.3. Үч тараптуу келишимди түзүүдө арыз ээсине акчалай компенсацияны дайындоо бөлүмү тарабынан төлөө ай сайын жүргүзүлөт. Төлөм жүргүзүү бөлүмү сумманын өзгөргөндүгүнө байланыштуу акчалай компенсацияны түлөп берүүнү токтотуу жөнүндө билдирүү жиберет.
Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөө эсептери келип түшкөндөн кийин төлөм жүргүзүү бөлүмүнүн адиси алуучунун бет эсебине өзгөртүүлөрдү киргизет жана турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактары боюнча эсептерге акы төлөөгө багытталган сумманы кармап калуу менен арыз ээсине акчалай компенсация төлөөгө тапшырма жазып берет.
5.5.4. Төлөм жүргүзүү бөлүмү кызмат көрсөтүүчү ишканалар боюнча конкреттүү мезгил үчүн карыздарды көрсөтүү менен алуучулардын тизмесин түзөт. Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөө эсептери кошо тиркелген тизме администрациялык колдоо секторуна өткөрүп берилет. Администрациялык колдоо сектору ар бир кызмат көрсөтүүчү ишкана үчүн төлөм тапшырыгын тариздеп, кызмат алуучулардын тизмесин кошо тиркөө менен тиешелүү банк мекемелерине өткөрүп берет. Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөө эсептери алуучулардын өздүк ишине киргизилет.
5.5.5. Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөөгө которулган акча каражаттары боюнча администрациялык колдоо сектору кызмат көрсөтүүчү ишканалар менен квартал сайын салыштырып текшерүү жүргүзөт. Салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эки нускада салыштыруу актысы түзүлөт.
5.5.6. Арзы ээси турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактарына акы төлөө боюнча үч тараптуу келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык аймактык түзүмдүк бөлүмү тарабынан өзүнүн эсептеринин тууралыгын жана өз убагында төлөм жүргүзүлгөндүгүн текшертип алуу укуктуу.
6. Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды жана каржылоону өз убагында жана туура төлөнүшүн контролдоо
6.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды жана каржылоону аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан өз убагында, даректүү жана туура төлөнүшүн контролдоо ыйгарым укуктуу органдын ички аудит бөлүмү тарабынан тийиштүү жылдын 15 январына чейин ыйгарым укуктуу орган бекиткен текшерүү пландарынын (мындан ары - Текшерүү пландары) негизинде жүргүзүлөт.
6.1.1. Ички аудит башкармалыгы аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү мамлекеттик жөлөкпул жана акчалай компенсацияларды төлөп берүүгө документтерди туура тариздөө жана эсепке алууга комплекстүү текшерүү жүргүзөт. Ички аудит бөлүмүнүн адистери төмөнкүлөрдү текшерет:
- мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштерин жана протоколдорунун туура таризделишин;
- берилбеген путевка үчүн төлөп берүүнү каттоо журналын, бардык түрдөгү компенсациялык төлөмдөрдү каттоо документтерин;
- кайра эсептөөдө тапшырмалардагы өзгөрүүлөрдү, бет эсептеринин жабылышын жана алуучу каза болгон, көчүп кеткен, үй-бүлөсүнүн кирешеси жана курамы өзгөргөн учурда алардын архивге өткөрүп берилишин.
6.1.2. Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө ички аудит бөлүмү тарабынан төмөнкүлөр текшерилет:
- каржылоого керектелүүчү сумма жөнүндө отчетторду түзүү, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөп берүү жана иш жүзүндөгү каржылоо боюнча, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана компенсациялык төлөмдөр боюнча тапшырыгынын кыймылынын жана төлөмдү өз убагында жана туура жүргүзүлүшүн;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоого казыналыктын райондук бөлүмүнө арызды, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо боюнча салыштыруу актыларын, ошондой эле РОК боюнча кассалык сарптоолорго карата арыздын өз убагында жана туура таризделишин;
- "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын эсептерине мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын которууга төлөм тапшырмаларынын өз убагында, даректүү жана туура таризделишин, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш ишканалары менен мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча салыштыруу актыларынын, төлөөгө же төлөмдөрдү токтотууга документтердин туура таризделишин.
6.1.3. Ички аудит бөлүмү тарабынан аймактык бөлүмдөрүндөгү мамлекеттик жөлөкпулдарды, 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөп берүүгө документтердин туура таризделиши жана катталышы боюнча комплекстүү текшерүү жүргүзүлөт. Ички аудит бөлүмүнүн адистери төмөнкүлөрдү текшерет:
- өтүнмөлөрдү каттоо журналын;
- эсеп жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн тууралыгын;
- төлөмдөрдүн орду толтурулбаган суммалары боюнча жазуу журналын;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды 11-иш күнүнөн тартып жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн эмгекке жарамсыздык баракчаларынын жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктөрдүн болушун;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө боюнча менчиктин ар түрдүү формасындагы уюмдардын жана ишканалардын өтүнмөлөрүн.
Эмгек акы төлөө боюнча китептерди, жумуш убактысын каттоо табелин жана эмгекке жарамсыздык баракчаларын иш берүүчүнүн буйруктар китепчеси менен салыштыруу аркылуу кайчылаш текшерүү жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы №152 токтомунун редакциясына ылайык)
6.1.4. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча ички аудит бөлүмү тарабынан аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзөт.
6.1.5. Ички аудит бөлүмү Текшерүүлөрдүн планына ылайык аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдө мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштеринин болушуна жана алардын СЖКМТдагы электрондук делого ылайыктуулугуна иргеп текшерүү жүргүзөт.
Инвентаризациялоонун жүрүшүндө шайкеш келбестиктер келип чыккан учурда ички аудит бөлүмүнүн адистери себептерин тактап, күнөөлүү кызмат адамына карата тиешелүү чараларды көрүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2. Байланыш ишканалары тарабынан акчалай каражаттардын өз убагында жана туура төлөнүшүн, максаттуу пайдаланышын контролдоо ыйгарым укуктуу орган бекиткен жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси менен тийиштүү жылдын 1-февралына чейин макулдашылган Текшерүү пландарынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси ички аудит бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2.1. Ыйгарым укуктуу органдын ички аудит бөлүмүнүн адистери байланыш ишканаларында төмөнкүлөрдү текшерет:
- "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарындагы мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө акча каражаттардын келип түшкөн күнүн;
- "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын почталык байланыш бөлүмдөрүн каржылоо күнүн;
- алуучуга мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө күнүн;
- айлар боюнча каржылоо суммасынын өлчөмү.
Төлөп берилбеген жөлөкпул боюнча жылдын башына жана аягына карата мамлекеттик жөлөкпулдардын жана акчалай компенсациялардын калдыктары аныкталат, почталык байланыш бөлүмдөрүндө акчалай каражаттардын келип түшүүсүн жана калдыктарын каттоого алуу текшерилет.
6.2.2. Байланыш ишканаларына аудитордук текшерүү жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу органдын ички аудит башкармалыгынын адистери тапшырманын реквизиттеринин туура толтурулгандыгын, дайындалган жана төлөп берилген суммаларга кол коюунун үлгүлөрүнүн шайкештигин тастыктоо үчүн жерине чыгуу менен тандалма текшерүү жүргүзүшөт, ошондой эле 1-бөлүмдүн маалыматтарын, төлөп берүү мезгилин жана тапшырмалардын талаптарына ылайык сакталышын текшеришет.
6.2.3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөп берүү токтотулгандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу органдын ички аудит бөлүмүнүн адистери алынбай калган мамлекеттик жөлөкпулдарды менен акчалай компенсациялардын суммасын тактайт жана төлөп бербөөнүн себептерин белгилейт. Алуучунун жашаган жерине барып, тиешелүү кызмат адамдардан түшүндүрмө каттарды алып, тиешелүү документтерди (протокол, акт) жазуу менен иликтөө иши жүргүзүлөт.
Эсептен эки жолу чыгаруу, байланыш бөлүмдөрүндөгү жыйынтык суммаларды көбөйтүү фактылары аныкталган учурларда ички аудит бөлүмүнүн адистери эсептен эки жолу чыгаруу, төлөнгөн жана төлөнбөгөн мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар жөнүндө "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук филиалдарынын отчеттору менен тапшырмалардагы төлөмдөрдү мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсациялардын реестрлери боюнча жыйынтык суммаларды салыштыруу аркылуу аныкташат.
Аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актыларында чагылдырылган суммалардын тууралыгы төлөнгөн жана төлөнбөгөн мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар жөнүндө "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын отчетторун түзүүнүн тууралыгын текшерүү, ушул отчеттордун реестри боюнча жыйынтык ведомостторун түзүү, почталык байланыш бөлүмдөрү менен аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актыларындагы сумманы салыштыруу аркылуу аныкталат.
6.2.4. Ички аудит бөлүмүнүн адистери аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө процедурасынын аныкталган бузууларын, акча каражаттардын максатсыз пайдаланышын (эгер бар болсо) жана каржылоо боюнча иштердеги кемчиликтерди көрсөтүү менен 3 нускада текшерүү актыларын түзүшөт. Текшерүү актыларына ички аудит бөлүмүнүн адиси, аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана бухгалтери, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет.
Ички аудит бөлүмүнүн текшерүү актысынын бир нускасы байланыш ишканаларында, бир нускасы аймактык түзүмдүк бөлүмүндө, жана дагы бирөөсү үч күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине тапшырылат.
6.2.5. Ички аудит бөлүмү "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча байланыш ишканаларында мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөп берүү боюнча пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзөт.
6.3. Аймактык түзүмдүк бөлүмү өздүк иштерди, бет эсептерин жана тапшырмаларды ар бир жылдын 31-декабрына чейин "Кыргызпочта" МИ РФынын тапшырмалары боюнча инвентаризациялоону жүргүзүп турат.
6.3.1. Ыйгарым укуктуу органдын жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы биргелешкен буйругунун негизинде аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги өздүк иштерди, бет эсептерин жана тапшырмаларды "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын тапшырмалары боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштерине инвентаризация жүргүзүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн комиссиясы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын өкүлдөрү менен бирдикте "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын тапшырмалары боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштерин байланыштын бардык бөлүмдөрү боюнча салыштыруу жүргүзөт.
6.3.2. Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча инвентаризациялоо актысы түзүлөт. Инвентаризациялоо актысына аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, бухгалтери жана төлөмдөр үчүн жооптуу адис, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет. Инвентаризациялоо актысынын бир нускасы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарында, бир нускасы аймактык түзүмдүк бөлүмүндө, жана дагы бирөөсү үч күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине тапшырылат.
7. Аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн банк мекемелери, "Кыргызпочта" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдары жана казыналыктын райондук бөлүмдөрү менен байланышы
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы N 766 токтомунун редакциясына ылайык)
7.1. Байланыш ишканасы аймактык түзүмдүк бөлүмүнө ар бир айдын 5ине чейин төлөп берилген жана төлөнбөгөн мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар жөнүндө отчет берет жана анын негизинде аймактык түзүмдүк бөлүмү салыштыруу актысын түзөт.
7.1.1. Аймактык бөлүмдүн төлөмдөр бөлүмүнө "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдары төлөнгөн жана төлөнбөгөн мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар тууралуу тизимдерди жана почта байланыш бөлүмдөрүнүн отчетторун беришет. Төлөмдөр бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтердин бардыгы жана толуктугу, ошондой эле аларды толтуруунун тууралыгы текшерилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7.1.2. Берилген реестрлердин негизинде төлөм жүргүзүү бөлүмүнүн адистери алуучулардын бет эсептери боюнча төлөнгөн жана төлөнбөгөн суммалардын жазууларын жүргүзөт, ошондой эле тапшырмаларды каттоо жана алардын кыймылы тууралуу журналына жазуу киргизет.
7.1.3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө байланыш ишканалары берген отчеттордо катачылыктар, ошондой эле байланыш кызматкерлеринин күнөөсү боюнча төлөмдөр туура эмес берилген учурлар аныкталганда аймактык түзүмдүк бөлүмү отчеттук мезгил үчүн салыштыруу актысына киргизилүүчү аныкталган катачылыктар жана калыбына келтирүүгө кабыл алынбаган суммалар тууралуу байланыш ишканасына кабарлашат.
7.1.4. Аймактык түзүмдүк бөлүмү эсептерди салыштыруунун жыйынтыгы боюнча ар бир айдын 10уна чейин мамлекеттик жөлөкпулдарга жана акчалай компенсацияларга төлөнгөн суммалар боюнча эсептерди салыштыруу актысын түзөт. Салыштыруу актысына аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коюшат жана мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар боюнча өз-өзүнчө эки нускада салыштырып текшерүү үчүн байланыш ишканасына берилет. Байланыш ишканасы салыштыруу актысынын байланыш ишканасынын начальниги жана башкы бухгалтери кол койгон жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн бирден нускасын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө кайтарып берет.
7.2. Аймактык түзүмдүк бөлүмү пландуу негизде төлөнбөгөн мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар боюнча отчеттордун негизинде байланыш ишканалары мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөшү үчүн арналган каражаттарды төлөөнүн жана сарптоонун тууралыгына тандап текшерүү жүргүзөт.
7.3. Аймактык түзүмдүк бөлүмү мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо боюнча казыначылыктын райондук бөлүмү менен, ошондой эле ар бир айдын 5ине чейин кассалык чыгымдар боюнча салыштыруу жүргүзөт, анын жыйынтыгына карата бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар сметасын пайдалануу жөнүндө отчет түзүлөт. Отчетко аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги жана казыналыктын райондук бөлүмүнүн башчысы кол коет жана бекитет.
7.4. Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдарынын биргелешкен буйругу менен байланыш ишканаларында мамлекеттик жөлөкпулдардын жана акчалай компенсациялардын төлөнүшүнө салыштырып текшерүү жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык түзүмдүк бөлүмдүн начальнигине жана ички аудит бөлүмүнүн начальнигине берилүүчү салыштырып текшерүү актылары түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөлөр боюнча отчеттуулук
8.1. Аймактык бөлүмдөр социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада керектелген сумманы чектөө жана мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо жөнүндө отчетторду берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
8.2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык бөлүмдөрү боюнча топтомо отчетторду СЖКМТда түзөт жана мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө жоопкерчилик
9.1. Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоонун жана төлөөнүн өз учурунда болушуна, даректүүлүгүнө жана тууралыгына жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
9.2. Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоонун тууралыгына жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
9.3. Төлөм бөлүмдөрүнүн адистери Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө документтерди тариздөөнүн тууралыгына жеке жоопкерчилик тартышат.
9.4. Төлөм бөлүмдөрдүн адистери Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоого жана документтерди тариздөөнүн тууралыгына жеке жоопкерчилик тартышат.
9.5. Контролдоо боюнча адистер Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоонун жана төлөөнүн тууралыгына жеке жоопкерчилик тартышат.
9.6. "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнүн өз учурунда болушуна жана тууралыгына жеке жоопкерчилик тартышат.