Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-октябры № 650
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө
Өлкөнүн экономикасынын тармактары жана калкы алдыдагы жылытуу мезгилинен жакшы чыгышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин экономиканын тармактарын жана калкты 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Нарын жана Талас облустарынын мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы алдыдагы жылытуу мезгилине даярдануу боюнча жетишсиз иштеп жатышканы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги отун-энергетика комплексинин ишканаларын алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоо максатында бюджеттик керектөөчүлөрдү керектелген электр, жылуулук энергиялары, табигый газ, көмүр жана мазут боюнча карызды жоюу үчүн өз убагында каржылоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- энергия системасынын туруктуу иштешин жана керектөөчүлөрдү 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилинде электр, жылуулук энергиялары жана табигый газ менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздасын;
- Бишкек шаарынын мэриясы, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен бирдикте, инженердик тармактардын техникалык мүмкүндүктөрүн эске алуу менен жаңы объекттерди куруу маселесин карасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жана «Кыргызгаз» ачык акционердик коому менен бирдикте Бишкек-Кант магистралдык газ өткөргүчтүн айланма участогун куруу маселесин карасын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана энергетика компаниялары менен бирдикте энергиялык жабдуулардын, электр өткөрүүчү түркүктөрдүн жана линиялардын сакталышын камсыздасын.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы:
- көмүр жана отундук мазут сатып алууга акча каражат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине керектүү документтерди берүүнү тездетишсин;
- ведомствого караштуу мекемелердин жана республиканын калкынын көмүр камдоосу боюнча пландык тапшырмалардын аткарылышын камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Көмүр» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте көмүр казуучу ишканалардын отундук базаларга жана пункттарга элдин муктаждыгын толук көлөмдө камсыздоо үчүн Кыргызстандын көмүрүн ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык өз убагында берүүсүн камсыздасын.
6. «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй чараларды көрүү сунушталсын:
- Бишкек шаарынын ТЭЦине алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн керектүү көмүрдү берүү графигин аткаруу боюнча;
- Казакстан Республикасына электр энергиясын экспорттоо боюнча.
7. «Кыргызнефтигаз» ачык акционердик коомуна «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун Ош шаарындагы ТЭЦине мазутту 5 миң тонна көлөмдө кошумча берүүнү камсыздоо сунушталсын.
8. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы керектөөчүлөрдү электр энергия менен көз карандысыз камсыздоо үчүн «Айгүлташ-Самат» долбоорун ишке ашырууну аяктоо боюнча ишти тездетүү;
- алдыдагы 2012-жылы энергетика системасынын параллел иштөөсүн камсыздоо үчүн «Өзбекэнерго» МАК менен келишим түзүү.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Көмүр» мамлекеттик ишканасы:
- Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн Кыргызстандын көмүрүн берүүнүн графигин өз убагында жана толук көлөмдө аткарууну камсыздасын;
- көмүр казуучу ишканалар менен бирдикте «Электр станциялары» ачык акционердик коому, бюджеттик уюмдар жана райондук мамлекеттик администрациялар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык тийиштүү сапаттагы көмүрдү берүүнүн мөөнөттөрү аткарылышын камсыздасын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 8-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:
- 11-тиркемесинде:
«Электр станциялары» ААК бөлүмүнүн «Мазут, бардыгы» деген позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
Мазут, бардыгы |
| 29 | 3 | 0,5 | 3,7 | 7,2 | 2,8 | 4 | 5 | 11,8 | 4 | 3 | 3 | 10 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| |||||
а.и. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||
- импорт |
| 14 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 4 | 3 | 7 | 3 | 2 | 2 | 7 | 0 | 0 | 0 | 0 | «эс» ААК | |||||
- Кыргызстан-дыкы |
| 15 | 3 | 0,5 | 3,7 | 7,2 | 2,8 | 0 | 2 | 4,8 | 1 | 1 | 1 | 3 | 0 | 0 | 0 | 0 | «КНФГ» ААК | |||||
«Бишкек шаарынын ТЭЦи» бөлүмунүн «Мазут» позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: | ||||||||||||||||||||||||
Мазут, импорт |
| 10 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 4 | 3 | 7 | 3 | 0 | 0 | 3 | 0 | 0 | 0 | 0 | «эс» ААК | |||||
«Ош шаарынын ТЭЦи» бөлүмүнүн «Мазут» позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: | ||||||||||||||||||||||||
Мазут: Кыргыз стандыкы |
| 15 | 3 | 0,5 | 3,7 | 7,2 | 2,8 | 0 | 2 | 4,8 | 1 | 1 | 1 | 3 | 0 | 0 | 0 | 0 | «КНФГ ААК» | |||||
импорт |
| 4 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 2 | 2 | 4 | 0 | 0 | 0 | 0 | «эс» ААК | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
»;
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |