КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 356 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-декабры № 773
"Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставынын 39-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Уставдын ратификацияланышы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Ислам Кызматташуу Уюмунун Башкы катчылыгына сактоого берсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Дакар шаарында (Сенегал Республикасы) 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири конструктивдүү саясий диалог түзүү, түздөн-түз байланыштарды жөнгө салуу жана ислам дүйнөсүнүн мамлекеттери менен өз ара иш-аракеттердин жана активдүү кызматташуунун оптималдуу формаларын табуу болуп саналат.
Азыркы кездеги өлкөбүздүн экономикалык абалын эске алуу менен ислам мамлекеттери, анын ичинде араб мамлекеттери менен эки тараптуу жана ар тараптуу деңгээлде кызматташууну активдештирүү боюнча бардык болгон чаралар көрүлүүдө. Бүгүнкү күнү тараптарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө эки тараптуу аракеттер жана олуттуу дараметтер бар.
Ислам Конференциясы Уюму кийинки дүйнөлүк жана аймактык саясий процесстерге өз таасирин тийгизүүчү БУУдан кийинки экинчи өкмөттөр аралык уюм болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Джидда шаарындагы Туркиянын Башкы консулдугу аркылуу ИКУга мүчө болуу тууралуу тийиштүү билдирүүнү жөнөтүү менен 1992-жылы мүчө болуп кирген. ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн Тышкы Иштер Министрлеринин 6-атайын Кеңешмесинде (1992-жылдын 1-декабры, Джидда ш.) Кыргыз Республикасы башка борбордук-азия өлкөлөрүнүн катарында расмий түрдө ИКУнун ыйгарымдуу мүчөсү болуп катталган.
Буга чейин ИКУнун негиздөөчү документи болуп 1974-жылдын 1-февралында кабыл алынган Уставы саналган. Бул Устав ИКУнун 11-Саммитинин (2008-жылдын 14-марты, Дакар ш.) жыйынтыгында жаңы Уставга өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасы ИКУнун Уставына ИКУга мүчө-өлкөлөрүнүн Тышкы Иштер Министрлеринин 38-Кеңешмесинде көл койгон. ИКУнун Уставынын 39-беренесине ылайык Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн конституциялык процедураларына ылайык Уставдын ратификациялануусу каралган.
ИКУ жана бул уюмга мүчө-мамлекеттер менен кызматташууну өнүктүрүү Кыргыз Республикасы үчүн тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. 2010-жылы ИКУнун Катчылыгы, ошондой эле ИКУга мүчө-мамлекеттер Кыргызстанга 43 млн. АКШ доллар көлөмүндөгү товар жана каржылык каражат түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүшкөн, азыркы күнү 21 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү каржы каражатын бөлүп берүү маселеси макулдашуу этабында.
Ошону менен бирге ИКУнун адистештирилген мекемеси болуп Ислам Өнүктүрүү банкы саналаарын белгилеп кетебиз. Ислам Өнүктүрүү банкынын максаты өндүрүштүк жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо, Ислам Өнүктүрүү банкына кирген өлкөлөр арасында сооданы өнүктүрүүнү колдоо, долбоорлорду даярдоо үчүн техникалык жардам көрсөтүү жана алардын өнүгүүсү үчүн жаңы технологияларды алууну колдоо.
ИКУнун каржылык мүмкүнчүлүктөрүн жана дүйнөлүк экономикалык каатчылык мезгилинде анын туруктуу абалын эске алуу менен, кызматташууну кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсү үчүн Уюмдун инвестициялык ресурстарын пайдалануу максатка ылайыктуу көрүнүш.
Жогоруда баяндалгандарды көңүлгө алуу менен, Министрлик "Дакар шаарында (Сенегал Республикасы) 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана "Дакар шаарында (Сенегал Республикасы) 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун колдоону өтүнөт.
Министр | Р.Казакбаев |