Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 9-октябрындагы № 697 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-декабрыы №774
«Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору (Грант Н312-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору (Грант Н312-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору (Грант Н312-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене. Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору (Грант Н312-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу-Кат ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу-Каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.