Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 293 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-февралы № 147
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүү жана түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
Долбоор
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана дем берүүгө арналган Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик банкын түзүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн максатын аныктайт.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана анын статусу
1. Кыргыз Республикасын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары Банк) мамлекеттин жүз проценттик катышуусу менен ачык акционердик коом формасында түзүлгөн, адистешкен банк түрүндөгү юридикалык жак болуп саналат.
Жогорку орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду чыгуучу Акционер саналат.
2. Банктын жайгашкан орду Бишкек шаары болуп саналат.
3. Банк Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдеги толук аталышы бар мөөргө ээ.
4. Кыргыз Республикасы Банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартайт. Банк Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти тартпайт.
2-берене. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу
1. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын финансылык-банктык иштерди жана иштин башка түрлөрүн жөнгө салуучу мыйзамдары ушул Мыйзамда же коомдун Уставында жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.
3-берене. Банктын максаты
Банктын ишинин негизги максаты инвестициялык иштер, ири улуттук долбоорлорго инвестицияларды жүргүзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо жана ага дем берүү болуп саналат.
4-берене. Банктын милдеттери
Банктын артыкчылыктуу милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) экономиканын чектеш секторлоруна мультипликативдик таасир этүү;
2) экономиканын структуралык илгерилөөсүнө дем берүү;
3) өндүрүштүк инфраструктураны реабилитациялоо жана өнүктүрүү;
4) экономиканын экспортко багытталган өндүрүштүк секторун түзүү;
5) региондордо ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү;
6) региондордун экономикалык өнүгүүсүн теңдөө;
7) орто жана узак мөөнөттүү негизде кредиттик ресурстардын экономика субъекттерине жеткиликтүү болушун камсыз кылуу;
8) инвестицияларды ата мекендик ишканаларга тартууга дем берүү;
9) кредиттөө процессинин менеджментинин, баалоонун жана контролдоонун заманбап методдорун киргизүү жана долбоорлорду ишке ашыруу.
5-берене. Банктын функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Банктын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) юридикалык жактардын ишине (капиталына) катышууну кошкондо, долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо;
2) Банктын ички актыларына ылайык каржылоого сунушталган долбоорлорун баалоо;
3) долбоорлорду ишке ашыруу үчүн юридикалык жактарды тандап алуу;
4) Банк тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
5) ар түрдүү булактардан зайымдарды тартуу жана жабуу;
6) өнүктүрүүнүн эл аралык уюмдары, өнүктүрүүнүн чет өлкөлүк корпорациялары жана институттары менен өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүүнүн эл аралык уюмдарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырууга катышуу;
7) Банк тарабынан финансылык, инвестициялык жана аналитикалык консалтинг көрсөтүү;
8) Банктын катышуусу менен ишке ашырылуучу долбоорлордун шарттарында каралган талаптарды юридикалык жактардын сакташын контролдоо.
2. Өз ишин ишке ашыруу үчүн Банкка төмөнкү ыйгарым укуктар берилет:
1) Банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү ички актыларга ылайык кредиттик саясатын ишке ашыруу;
2) долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо;
3) банктык экспертизаны ишке ашыруу үчүн эксперттерди жана консультанттарды тартуу;
4) зайымдык каражаттарды, анын ичинде тийиштүү жылга республикалык бюджет тууралуу мыйзамга ылайык республикалык бюджеттерден каражаттарды тартуу;
5) ата мекендик жана чет өлкөлүк банктардын жана башка финансылык институттардын катышуусу менен карыз алуунун уюштуруучусу жана катышуучусу болуп чыгуу.
2-глава
Банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара мамилелери
6-берене. Банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелери
1. Банк өз алдынча ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз ишин уюштурат жана ишке ашырат.
2. Ар кандай формада мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын Банктын ишине ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралган тикелей учурларды кошпогондо, кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен өз ара мамилелери
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, банктардын экономикалык ченемдерин жана резервдик талаптарын сактоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, финансылык-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын Банк тарабынан аткарылышына көзөмөлдөөнү ишке ашырат.
2. Макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу максатында Банк Кыргыз Республикасынын экономикасына Банктын жыл сайын инвестициялоосунун шартын жана босого суммасынын чегин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өздөрү бекиткен формага жана тартипке ылайык Банк тарабынан белгиленүүчү критерийлердин негизинде катышуучу-банктарды тандап алуу үчүн Банкка маалымат берүүгө милдеттүү.
4. Банктын каражаттары өзүнчө эсепте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана башка коммерциялык банктарда (катышуучу-банктарда), чет элдик банктарда жана эл аралык эсептешүү-клиринг борборлорунда жайгаштырылат.
5. Банкка төмөнкү тартиптерди жөнгө салуучу банктар жана банк иши тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору колдонулбайт:
1) кредиттик мекемелерди мамлекеттик каттоо жана аларга банк операцияларын ишке ашырууга лицензияларды берүү;
2) банктар жана банк иши тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартип бул Мыйзамга каршы келген учурда банк операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн айрым түрлөрүн ишке ашыруу;
3) кредиттик мекемелердин туруктуулугунун жана финансылык жактан ишенимдүүлүгүнүн талаптарынын, башка милдеттүү талаптардын жана ченемдердин сакталышын камсыздоо;
4) жетекчи кызматкерлерди макулдашуунун жана дайындоонун маселелери боюнча.
8-берене. Банктын эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара мамилелери
Банк өз ишинде долбоорлорду техникалык деңгээлде каржылоо боюнча эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара аракеттенет.
3-глава Финансылык ресурстарды тартуу жана пайдалануу
9-берене. Банктын операциялары
1. Өз функцияларын аткаруу үчүн Банк төмөнкү банк операцияларын жүргүзөт:
1) өз атынан келишимдик шарттарда зайымдарды тартуу;
2) кредиттерди акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайрымдуулук негизинде берүү;
3) Банктын долбоорлорун ишке ашырууга катышкан юридикалык жактардын банктык эсептерин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, чет өлкөлүк банктарда жана эл аралык эсептешүү-клиринг борборлорунда корреспонденттик эсептерин ачуу жана жүргүзүү;
4) кредиттик иштер менен байланышкан консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
5) өз керектөөлөрү үчүн накталай жана накталай эмес төлөө үчүн чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу;
6) Банктын долбоорлорун ишке ашырууга катышуучу юридикалык жактарга банктык кепилдиктерди акы төлөө негизинде берүү;
7) баалуу кагаздарды жана башка мүлктөрдү ишенимдүү башкаруу;
8) лизингдик иш-аракеттер;
9) баалуу кагаздардын эмиссиясы.
2. Банктын максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн зарыл болгон башка операцияларды Банктын уставына ылайык ишке ашырууга Банк укуктуу.
10-берене. Банк тарабынан башка финансылык ресурстарды жана башка
булактарды тартуу жана пайдалануу
1. Банк төлөмдүүлүктүн, мөөнөттүүлүктүн жана кайтарымдуулуктун негизинде башка булактардан финансылык ресурстарды алууга укуктуу. Банк башка булактардан алуучу финансылык каражаттарды берүүнүн, пайдалануунун жана кайтарып берүүнүн тартиби жана шарты Банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ошондой эле эки тараптуу келишим менен аныкталат.
2. Банк үчүн арналган мамлекеттик каражаттары тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекеттик бюджет аркылуу гана жүргүзүлөт.
11-берене. Катышуучу банктар менен Банктын өз ара мамилелери
1. Катышуучу банктарды кредиттик тейлөө Банк тарабынан Банктын башкармалыгы бекиткен Банктын ички актыларына ылайык келишимдин негизинде ишке ашырылат.
2. Тейлөөнүн жалпы шарты маалыматтардын ачык-айкындыгы болуп саналат. Тейлөөнүн шарттары өзгөргөн учурда, Банк бул жөнүндө катышуучу банктарга Банктын башкармалыгы бекиткен Банктын ички актыларында белгиленген тартипте кабарлайт.
3. Катышуучу банктарды тейлеген учурда Банк эл аралык тажрыйбада колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эсептешүүнүн ар кандай системасын пайдаланууга укуктуу.
4. Банк ушул Мыйзамга жана Банктын ички актыларына ылайык катышуучу банктардын каражаттарды максаттуу пайдалануусуна контролдоо жүргүзөт.
12-берене. Долбоорлорду каржылоо
1. Банктын директорлор кеңеши белгилеген талаптарга жооп берүүчү долбоорлорду Банк каржылайт.
2. Банктын долбоорлорду каржылоосу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) Банктын директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга жана макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактардын иштерине катышуу;
2) Банктын директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга жана кредиттик келишимдерге ылайык долбоорлорду кредиттөө.
3. Долбоорлорду Банк тарабынан каржылоо Банктын директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга ылайык аныкталган шарттарда, тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. Берилүүчү кредит боюнча сый акынын ставкасынын чоңдугу Банктын карызынын орточо наркын жана операциялык чыгымдарын эске алуу менен эсептелет.
4. Банк тарабынан берилүүчү кредиттер күрөө, кепилдик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуучу ыкмалар менен камсыз болушу керек.
13-берене. Банк каржылоочу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг
жүргүзүү
1. Банк өзү каржылоочу долбоорлорго карата долборду ишке ашыруучу субъекттер менен макулдашуунун негизинде төмөнкүлөрдү кошкондо, мониторинг жүргүзөт:
1) долбоорлорду ишке ашырууну катышуучу банктар тарабынан каржылоонун графигине;
2) долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардын жана юридикалык жактардын финансылык абалына;
3) долбоордун ортодогу жыйынтыктары боюнча каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугуна;
4) тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө.
2. Катышуучу банктар алар тейлеген долбоорлорго карата агенттик тейлөөгө болгон келишимдерге ылайык иштин көлөмүнүн иш жүзүндө аткарылышына, ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга мониторинг жүргүзөт.
3. Банк башкармалыгы жыл сайын долбордук техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө жыйынтыктардын дал келишин баалоо менен долбоорлорду ишке ашырууга жана каржылоого талдоо жүргүзөт жана Банктын директорлор кеңешине тиешелүү корутундуну берет.
14-берене. Банктын ишин чектөө
Банкка төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Банк тарабынан каржылоо үчүн тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруучу катышуучу банктардан, лизинг берүүчү уюмдардан жана юридикалык жактардан башка жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүгө;
2) депозиттерди тартууга, жеке жактарга эсептерди ачууга;
3) зайымдарды аларды кайтарып алууну камсыздабай туруп берүүгө;
4) мурда алар тарабынан тартылган зайымдар боюнча милдеттенмелеринин мөөнөтү өтүп кеткен (бир жылдан ашык) учурда кошумча тышкы жана ички карыз берүүнү ишке ашырууга;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, мамлекеттик башка органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредит берүүгө;
6) мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле чарбакер субъекттерге ар кандай формада финансылык жардам берүүгө.
4-глава Банктын капиталы жана пайдасы
15-берене. Банктын капиталы
1. Банктын капиталы Банкка анын Акционери берген каражаттын эсебинен түзүлөт. Капитал Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. Банктын капиталы Акционердин чечими боюнча кошумча акча салымынын эсебинен же Банктын пайдасынын эсебинен көбөйтүлүшү мүмкүн.
3. Банк өзүнүн акциясын сатып алуу жана күрөөгө алуу укугуна ээ эмес.
4. Банктын акциялары сатылбайт, күрөөгө коюлбайт, милдеттенмеге алынбайт же кандайдыр бир ыкма менен ажыратылбайт.
5. Капиталды түзүүнүн тартибине жана суммасына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик актыларынын талаптары Банкка колдонулбайт. Банктын капиталын түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
16-берене. Банктын пайдасы
1. Банктын пайдасы ошол мезгилдердеги бардык чыгашаларын жана кирешелерин, төмөнкүлөрдү кошо эсепке алгандан кийин финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча аныкталат:
1) Банктын нормалдуу ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон, эл аралык тажрыйбаларда кабыл алынган операциялык жана башка чыгымдарды;
2) потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан түзүлгөн резервдерди.
2. Банктын таза пайдасын бөлүштүрүү тартибин Банк башкармалыгынын сунуштамасынын негизинде Директорлор кеңеши аныктайт.
17-берене. Потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан түзүлгөн
резервдер
Классификациялаган активдер жана шарттуу милдеттенмелер боюнча потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан резервдерди түзүү финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
5-глава Банктын бюджети, отчеттуулугу жана көз карандысыз аудити
18-берене. Банктын бюджети жана отчеттуулугу
1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрга чейин белгиленет.
2. Банктын жыл сайын түзүлүүчү бюджеттик долбоору Банктын Директорлор Кеңеши бекиткен форма боюнча даярдалат.
3. Банк башкармалыгы жыл сайын Банктын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун, балансын жана Банктын пайдасы жана зыяндары жөнүндө отчетун даярдайт. Банктын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
4. Банк төмөнкүлөр тууралуу отчет берет:
1) квартал сайын бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджеттин каражаттарын сарптоо жөнүндө, эгер мындайлар бар болсо;
2) Банктын Директорлор кеңеши бекиткенден кийин аудитордук текшерүүдөн өткөн отчетту, жана башка отчеттук жылдын кийинки жылдык 31-майына чейин, Банктын Директорлор кеңеши аныкталган Банктын иши жөнүндө башка отчетторду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине.
5. Акционер Банктын иши жөнүндө тиешелүү отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Банктын уставына ылайык суроого жана алууга укуктуу.
6. Банктын Директорлор кеңеши бекиткен Банктын жылдык отчету жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Банктын иши жөнүндө маалымат Интернет түйүндөрүндөгү Банктын расмий сайтында жайгаштырат.
19-берене. Банктык аудити
1. Банктын директорлор кеңеши Банктын финансылык жылы бүткөнгө чейин алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, Банктын аудити жөнүндө чечим кабыл алат жана Банк башкармалыгынын сунушу боюнча "Чоң төрт илтиктен" аудитордук фирманы аныктайт.
2. Финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча Банктын ишине аудит жүргүзүү жөнүндө аудитордук фирма менен келишим Банк башкармалыгынын төрагасынын атынан түзүлөт.
3. Банк аудитордук фирма менен түзүлгөн келишимге ылайык, эл аралык аудитордук тажрыйбаларга туура келген аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалыматтарды берет.
4. Банкка аудит жүргүзүү боюнча аудитордук фирманын кызматына акыны Банк өзүнүн каражаттарынын эсебинен төлөйт.
6-глава Банктын башкаруу органдарынын түзүлүшү
20-берене. Банкты башкаруу органдары
1. Жогорку орган - Акционер.
2. Байкоочу орган - Банктын Директорлор кеңеши.
3. Аткаруучу орган - Банктын башкармасы.
4. Контролдоочу органдар - ички аудитор жана тобокелдик-менеджери.
21-берене. Банктын Директорлор кеңеши
1. Банкты башкаруунун байкоочу органы болуп Банктын Директорлор кеңеши саналат.
2. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы болуп кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри саналат.
3. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңеши жөнүндө жобого ылайык бир жылдык мөөнөткө Акционер дайындайт.
4. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Банкта туруктуу иштебейт.
5. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Акционердин чечими боюнча мөөнөтүнөн эрте токтотулушу мүмкүн. Акционер Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтогон күндөн тартып эки айлык мөөнөттө Кеңештин жаңы мүчөлөрүн дайындайт.
6. Банктын Директорлор кеңешине тиешелүү компетенцияларга иштин төмөнкү атайын маселелери кирет:
1) Банктын жылдык отчетун бекитүү;
2) Банк тарабынан облигация чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды чыгаруунун тартибин аныктоо;
3) Банктын, баланстык наркы бүтүмдөрдү түзүү тууралуу чечим кабыл алынган күндөн мурунку, акыркы отчеттук күнгө карата Банктын өз каражаттарынын (капиталынын) көлөмүнөн 10 жана андан ашык процентти түзгөн мүлктү сатып алуу, ажыратуу же ажыратуу мүмкүндүгү менен өз ара байланышкан бүтүмдү же өз ара байланышкан бир нече бүтүмдү жактыруу тууралуу чечим кабыл алуу;
4) Банктын операциялык жана инвестициялык ишинин негизги тобокелдиктерин аныктоо, бул тобокелдиктер үчүн жогорку чектеги деңгээлин белгилөө, ошондой эле аларды башкаруунун уюштуруу;
5) Банктын кирешелеринин жана чыгашаларынын финансылык планын (бюджет), резервдерди жана фонддорду түзүүнүн тартибин, ошондой эле пайданы, резервдерди жана фонддорду пайдалануунун тартибин бекитүү;
6) Банктын ички контролунун адекваттуу жана натыйжалуу системасын түзүү жана сактоо;
7) Банктын регламентин жана ишин, анын катышуучу банктар, кредиторлор жана башка үчүнчү жактар менен болгон өз ара аракеттеринин эрежесин бекитүү.
8) Банк ишинин ислам принциптерине ылайык каржылоону жүргүзгөн финансылык кредиттик мекемелерге мамлекеттин атынан катышуучу болуп Банктын кирүүсү.
7. Ушул Мыйзам жана Банктын уставы менен каралган Банктын Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын Банктын башкармасына берүүгө жол берилбейт.
8. Банктын Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктары, регламенти жана чечимдерди кабыл алуу процедурасы Банктын уставы менен аныкталат.
22-берене. Банк башкармалыгы
1. Банк башкармалыгы Банктын коллегиялык аткаруучу органы болуп саналат. Банк башкармалыгынын курамына Банктын башкармалыгынын төрагасы жана Банк башкармалыгынын төрт мүчөсү кирет.
2. Банк башкармалыгынын төрагасын жана Банк башкармалыгынын мүчөлөрүн Банктын Директорлор кеңеши кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
3. Банк башкармалыгынын мүчөлөрү Банкта туруктуу иштешет.
4. Банк башкармалыгынын мүчөлөрүнө сый акылардын же башка төлөмдөрдүн өлчөмүн Банктын Директорлор кеңеши бекилет.
5. Банк башкармалыгынын мүчөлөрү ыйгарым укугун аткаруудан Банк башкармалыгынын төрагасынын сунушу боюнча Банктын Директорлор кеңеши тарабынан мөөнөтүнөн эрте бошотулушу мүмкүн. Эгер көрсөтүлгөн адамдар ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте бошотушса, ушул Мыйзамда жана Банктын уставында белгиленген тартипте Банк башкармалыгынын жаңы мүчөлөрү дайындалат.
6. Банк башкармалыгы Банк уставынын негизинде иштейт, анда Банктын Банк башкармалыгынын ыйгарым укугу, регламенти, жыйындардын мөөнөтү, чакыруу жана өткөрүү тартиби, чечим кабыл алуу тартиби белгиленет.
7. Банк башкармалыгынын жыйынында протокол жазылат, ал Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, Банкты ички контролдоо кызматынын жана аудитордук уюмдардын мүчөлөрүнө, алардын талаптары боюнча берилет.
8. Банк башкармалыгынын төрагасы анын ишин жетектейт. Банк башкармалыгынын төрагасына Банктын ишиндеги маселелер боюнча оперативдүү жана аткаруу-тескөөчү чечимдерди кабыл алуу, Банктын атынан келишимдерди макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Банктын уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды пайдаланууга ыйгарым укук берилген.
23-берене. Банктын контролдоочу органдары
1. Банкта ички контролдоо жана Банктын ишиндеги максаттарга жетүүгө терс таасирин тийгизген материалдык, инвестициялык жана финансылык тобокелдиктерди дайыма ачып көрсөтүүгө жана баалоого мүмкүндүк берген тобокелдиктерди башкаруу системасы болуш керек. Мындай баалоолор бардык тобокелдиктерди, атап айтканда кредиттик жана инвестициялык тобокелдиктерди, валюталык тобокелдикти, топтоо тобокелдигин, тындыруу тобокелдигин, операциялык тобокелдикти, юридикалык тобокелдикти, саясий жана башка тобокелдиктерди камтууга тийиш.
Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүүнүн системасына ээ болушу зарыл. Кызыкчылыктардын потенциалдуу талаш-тартыштарынын чөйрөсү аныкталып, минималдуу кылынышы жана көз карандысыз байкоого алынышы керек.
Банктын тобокелдиктерин көз карандысыз оперативдүү контролдоо үчүн Банктын директорлор кеңеши тобокелдик-менеджерин дайындайт, ал тобокелдиктерди башкаруу боюнча Банктын саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп саналат. Тобокелдик-менеджери Банктын директорлор кеңешине отчет берет.
2. Банкта ички аудитор тарабынан жүргүзүлүүчү ички аудит ишке ашырылышы керек, анын компетенциясына ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле бекитилген кызматтык нускамага ылайык Банктын аткаруучу кызмат адамдары тарабынан киргизилген милдеттерди аткаруунун сапатын, мыйзамдуулукту сакталышы жана эсеп жүргүзүүнүн адекваттуулугун жана Банктын саясатына ылайык башка маселелерди текшерүү жана баалоо кирет.
Банктын ички аудитору Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат жана отчет берет. Аудит жүргүзүүнүн тартиби жана ага карата талаптар Банктын Директорлор кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат.
7-глава Корутунду жоболор
24-берене. Банкты кайра уюштуруу же жоюу
1. Банк Акционердин чечими менен кайра уюштурулушу же жоюлушу мүмкүн.
2. Кайра уюштуруу же жоюу тартиби жана мөөнөтү, анын ичинде Банктын мүлкүн пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.
25-берене. Банктын жоопкерчилиги жана талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти тартат.
2. Бул Мыйзамдын аткарылышы боюнча Банк менен мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын ортосунда пайда болгон бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
3. Бул Мыйзамды бузууга күнөөлү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
26-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
"Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары текст боюнча - Мыйзам долбоору) кароого көрсөтүлүүдө. Бул Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруунун зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик банкынын максаттарынын жана милдеттеринин алкагында экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоо боюнча инфраструктураны өнүктүрүү үчүн улуттук жана башка долбоорлорду ишке ашыруу талап кылынат.
Бирок белгиленген милдеттерди аткарууну бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бюджетти толтуруу үчүн жаңы булактарды издөө, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу талап кылынат.
Тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, ар кандай тобокелдиктерге көз каранды болбогон жана кабыл алынган милдеттерди аткаруунун кепилдиги катары чыккан стабилдүүлүктүн көрсөткүчү болуп саналган уюмдарды башкача айтканда Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик банкын (мындан ары текст боюнча - Банк) түзгөн учурда гана мүмкүн.
Буга байланыштуу Банкта инвестициялардан, мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруудан келип түшкөн каражаттарды, финансылык куралдарды сапаттуу башкаруунун эсебинен жана Банктын анын Уставына ылайык операциялардан келип түшкөн кирешелерден түшкөн каражаттарды топтоштуруу пландаштырылууда.
Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Банктар жана банк иш-аракеттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын зарыл болгон талаптарынан-критерийлеринен, Мыйзам долбоорунун редакциясынын өзүндө аныкталган Банктын кеңири ыйгарым укуктарынан, ошондой эле анда болгон башка артыкчылыктардан айырмаланган башкаруунун инновациялык структурасын иштеп чыгуу керек болгондуктан зарыл.
Бул Мыйзам долбоорунун артыкчылыгы төмөнкү критерийлер болуп саналат:
1. Акционердин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Банктын иш-аракеттерине түздөн-түз контролдошу;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын республиканын экономикасына жыл сайын инвестициялардын көлөмү жагынан Банкты көзөмөлдөшү.
Өнүктүрүү банктары Россия, Казакстан сыяктуу айрыкча өнүккөн экономикасы бар өлкөлөрдө түзүлгөн. Көрсөтүлгөн өлкөлөрдө өнүктүрүү институттарын түзүү каражаттарды координациялоону камсыз кылууга багытталган уюмдардын үлгүсүнүн жана экономиканы өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн интеллектуалдык ресурстарды, атап айтканда мамлекеттин жогорку артыкчылыктагы жана стратегиялык долбоорлорун, жана мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык ресурстардын көрсөткүчү болуп калган.
Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу экономиканын реалдуу секторун финансылык колдоо, экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын каржылоо, экономиканын субъекттерине жеткиликтүү кредиттик ресурстарды берүү, ошондой эле мамлекеттин жогорку артыкчылыктагы максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн туруктуу базага жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Министр | Т.Сариев
|