Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-марты № 161
Ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган адамдарга атуучу ок-дарыларды сатуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Ок-дарыларды сатуу процессин жөнгө салуу, ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган бардык адамдарга бирдей талаптарды коюу жана атуучу дүрмөттүү куралы бар адамдарга кошумча контролду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган адамдарга атуучу ок-дарыларды сатуу тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама коргоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - коргоо органы) Кыргыз Республикасынын «Курал жөнүндө» Мыйзамына ылайык ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган адамдардын ок-дарыларды сатуу боюнча кайрылууларын кароосунун, ошондой эле ушул Нускамада көрсөтүлгөн адамдарга ок- дарыларды сатуунун тартибин аныктайт.
2. Ысмы жазылган дүрмөттүү куралга ок-дарылар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган адамдарга түз сатуу жолу менен берилет.
3. Коргоо органында ысмы жазылган дүрмөттүү куралга ок-дарыларды сатуу боюнча уюштуруучу-практикалык иш коргоо органынын жетекчисинин курал маселесин тейлеген орун басарына (мындан ары - коргоо органынын орун басары), коргоо органынын Курал боюнча башкы башкармасынын начальнигине (мындан ары - Курал боюнча башкы башкарманын начальниги) тапшырылат.
4. Кыргыз Республикасынын коргоо органынын ысым жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган аскер кызматчыларына, жарандарына атуучу ок-дарыларды сатуу ушул Нускамага ылайык, берилген рапорттун, арыздын же башка жазуу түрүндөгү кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
Ушул Нускамага ылайык ок-дарыларды сатуу төмөнкү этаптар боюнча ишке ашат:
- арыз ээсинин кайрылуусу;
- арыз ээсинин уруксат документтерин текшерүү;
- сатуу ( баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу;
- буйрук чыгаруу;
- буйрукту ишке ашыруу.
2-глава. Ок-дарыларды сатып алууга арыз берүүнүн тартиби
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган адамдардын арызы жазуу түрүндө таризделет. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
аты-жөнү;
иштеген жери, кызматы, юридикалык дареги;
жашаган жеринин дареги
ошондой эле ысмы жазылган дүрмөттүү куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаттын (ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органы белгиленген тартипте берет) көчүрмөсү тиркелет.
6. Арыз коргоо органынын дарегине берилет.
3-глава. Арыздарды кароо тартиби
7. Арызды алгандан кийин, коргоо органынын жетекчиси аны карап чыгат жана ок-дарыларды сатуу мүмкүндүгү жөнүндө маселени андан ары иштеп чыгууну коргоо органынын жетекчисинин орун басарына жана Курал боюнча башкы башкарманын начальниги тапшырат.
8. Коргоо органынын жетекчисинин орун басары ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйланган адамга ок-дарыларды сатууга байланыштуу арызды карап чыгат жана арыз ээсине ок-дарыларды сатуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алат.
9. Курал боюнча башкы башкарманын начальниги арыз ээси берген документтерди изилдегенден кийин оң же терс бүтүм чыгарат. Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар ушул Нускаманын 5-пунктунун талаптарына ылайык болсо бүтүм оң чечилди деп эсептелет.
Мындан сырткары, Курал боюнча башкы башкарманын начальниги:
- коргоо органында айтылган типтеги ок-дарылардын канча бар экенине жараша аларды сатуу мүмкүндүгүн аныктайт;
- ички иштер органдарына арыз ээсине карата дүрмөттүү куралга ээлик кылуу боюнча чектөөлөр бар же жоктугу тууралуу суроо жиберет;
- ысмы жазылган дүрмөттүү курал менен сыйлангандарга ок-дарылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына ылайык жана ички иштер органдарынын оң жооп алгандан кийин гана сатылат;
- керектүү документтерди (коштомо кагаз, наряд) даярдайт жана коргоо органынын жетекчисинин орун басарына кароого берет.
10. Арыз ээсинде ысмы жазылган дүрмөттүү куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жок болгон учурда же ички иштер органдарынан терс маалымат алганда, Курал боюнча башкы башкарманын начальниги арыз ээсине ок-дарыларды берүүдөн (сатуудан) баш тартуу зарылдыгын негиздөө менен жүйөлүү корутунду чыгарат.
11. Коргоо органынын жетекчисинин орун басары, Курал боюнча башкы башкарманын начальниги тарабынан берилген негизделген корутундуга жараша коргоо органынын башчысына чечим кабыл алуу үчүн сунуш киргизет.
12. Арыз ээсине ысмы жазылган дүрмөттүү куралга ок-дарыларды сатуу жөнүндө чечим ок-дарыны сатуунун ар бир конкреттүү учурунда коргоо органынын жетекчисинин буйругу түрүндө чыгарылат.
4-глава. Ок-дарыларды сатуунун тартиби
13. Коргоо органынын жетекчиси тийиштүү буйрукка кол койгондон кийин Курал боюнча башкы башкарманын начальниги төмөнкүлөрдү аткарат:
- документтерди (наряд, коштомо кагаз) даярдайт жана тариздейт, анын ичинде коргоо органынын финансы башкармасынын башчысы менен алган ок- дарылар үчүн акча каражатты төгүү маселесин макулдашат;
- арыз ээсине ок-дарыларды берүүнү камсыздайт.
5-глава. Ок-дарыларды сатууга чектөө
14. Бир эле арыз ээсине сатылуучу ок-дарылардын саны, бир жылда төмөнкүдөй чектен ашпашы керек:
- 5,45 мм тапанчанын патрондору МПЦ | - 80 даана; |
- ПМга 9 мм патрондор | - 80 даана; |
- ТТга 7,62 мм патрондор | - 80 даана; |
- 7,62 мм 1943-ж. үлгүдөгү патрондор | - 180 даана; |
- 5,6 мм спорттук-мергенчилик патрондор | - 100 даана. |
15. Ок-дарыларды сатууга чектөө үчүн негиз болуп арыз ээсине карата компетенттүү органдардан келип түшкөн жазуу түрүндөгү документтер же арыз ээси тарабынан берилген документтердин белгиленген талаптарга ылайык эместиги эсептелет.