Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-марты № 167
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маселелери жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 144 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын борбордук аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын борбордук аппаратынын штаттык саны 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-мартындагы № 167 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
3. Мүлк жана каражаттар
4. Ишти уюштуруу
5. Кайра уюштуруу жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы (мындан ары - Иш башкармасы) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Иш башкармасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде, мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн ишин камсыз кылууну жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын.
3. Иш башкармасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Иш башкармасы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банктарда жана башка финансылык мекемелердеги эсептерине (анын ичинде эсептик) жана ага бекитилип берилген мүлккө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штамптарга жана белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
5. Иш башкармасынын борбордук аппаратынын чектелген штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
7. Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары, ишканалары жана мекемелери (мындан ары - ведомстволук уюмдар) бар.
8. Иш башкармасы өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүргүзөт.
2. Негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
9. Иш башкармасынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары Өкмөттүн Аппараты) ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук жактан камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды, ошондой эле Өкмөттүн Аппараты тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды финансылык, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу;
4) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдар тарабынан пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди, жайларды жана жабдууларды эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттарды, объекттерди жана жайларды, жабдууларды тиешелүү абалда күтүү;
5) Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди жана жайларды эсепке алууну жана эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттардын, объекттердин жана жайлардын сарамжалдуу пайдалануусу үчүн контролдукту ишке ашыруу;
6) Мамлекеттик компьютердик түйүндү программалык жана техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
7) Иш башкармасы материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашырган мамлекеттик администрациялык имараттарын, социалдык-тиричилик багыттагы объекттерин, ден соолукту чыңдоо мекемелерин жана мамлекеттик органдардын, анын ичинде Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын башка объекттерин курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу.
10. Иш башкармасы төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөттүн Аппаратынын иши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Иш башкармасынын ишин уюштурат;
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин катышуусу менен өткөрүлүүчү протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөнү жүргүзөт;
3) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына, ошондой эле ведомстволук уюмдарга жүктөлгөн мамлекеттик органдардын чыгымдарынын сметаларын пландаштырат, иштеп чыгат жана бекитүүгө берет;
4) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын чыгымдарын оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну, ошондой эле алардын чыгымдар сметасын аткаруусун контролдойт;
5) бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү боюнча усулдук жетекчиликти ишке ашырат, ведомстволук уюмдардын эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук абалын координациялайт;
6) ведомстволук уюмдардын ишин координациялайт, ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бардык зарыл чараларды көрөт, алардын ишмердигинин натыйжаларын талдайт, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташына, анын ичинде ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдукту ишке ашырат;
7) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдарды Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарга, объекттерге жана жайларга жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат;
8) мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды министрликтер менен ведомстволордун сунуштары боюнча Бишкек шаарында турган мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат;
9) мыйзамда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун уюштурат;
10) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттук каражаттарын эсепке алууну, сатып алууну, бөлүштүрүүнү, эсептен чыгарууну уюштурат;
11) ага караштуу ведомстволук санаторийлерге, пансионаттарга, ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолорду сатууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылат;
12) Иш башкармасынын аңчылык жерлерине Кыргыз Республикасына келген жогору даражалуу меймандар жана маанилүү адамдар үчүн аң уулоону уюштурат жана жүргүзөт;
13) мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды жана купуя мүнөздөгү маалыматтарды коргоону, ошондой эле мындай маалыматтарды коргоо боюнча ведомстволук уюмдардын ишин контролдоо жана координациялоону Иш башкармасынын компетенциясынын чектеринде камсыз кылат;
14) Иш башкармасынын балансында турган мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди жана жайларды эксплуатациялоо жана күтүү боюнча чарбалык-техникалык кызматтарды түзөт;
15) турак-жайларды, социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы объекттерди долбоорлоону жана курууну уюштурат;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын компьютердик системаларынын программалык-техникалык комплексинин, телекоммуникациялык жана аудио-видео жабдууларынын иштешин камсыз кылат;
17) тейленүүгө алынган органдардын жана адамдардын компьютердик системаларында маалыматтык-техникалык коргоо боюнча иш-чараларды уюштурат;
18) тейлөөгө алынган органдарда маалымат технологияларын колдонууну эске алуу менен аларды өнүктүрүүнүн келечектерин изилдөөнү жана божомолдоону уюштурат;
19) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
20) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын мамлекеттик администрациялык имараттарында, объекттеринде жана жайларында коомдук тамактануу жана чекене сооданы уюштурат;
21) Иш башкармасынын ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер министринин кароосуна киргизет.
11. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашырууда Иш башкармасы мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык зарыл маалыматтарды, маалымдама маалыматтарды мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан сурап алууга;
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана чет өлкөлөрдөн келген делегациялардын катышуусу менен өтүүчү протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөнү жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасына келүүчү жогорку даражалуу коноктор жана маанилүү адамдарга аңчылыкты уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан ар жылдык жана кошумча квоталарды белгиленген тартипте алууга;
4) ведомстволук уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүгө;
5) анын ведомстволук уюмдары тарабынан берилүүчү товарлардын, көрсөтүлүүчү кызматтардын жана жумуштардын тизмесин белгилөөгө жана аныктоого;
6) ведомстволук уюмдардын ишин уюштурууга жана контролдоого;
7) негизги фонддорду жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын балансында жана ведомстволук уюмдардын балансында турган объекттерди реконструкциялоого, курууга жана өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартууга;
8) Иш башкармасынын балансында турган, бир мамлекеттик орган жайгашкан мамлекеттик администрациялык имаратты ошол мамлекеттик органдын пайдалануусуна, кийин аны күтүүгө жана эксплуатациялоого контролдук жүргүзүү менен өткөрүп берүүгө;
9) белгиленген тартипте ага бекитилип берилген мүлктү ижарага берүүгө, ведомстволук уюмдарга бекитилип берилген мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоого;
10) кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, ведомстволук уюмдардын жетекчилерин, алардын орун басарларын жана башкы бухгалтерлерин дайындоо жана ээлеген кызматтарынан бошотуу маселелерин чечүүгө;
11) Иш башкармасынын бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен адистерди контракттык негизде ишке тартууга;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин актыларын аткаруу үчүн атайын комиссияларды, кеңештерди жана жумушчу топторун түзүүгө;
13) Иш башкармасынын карамагына тиешелүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерин жана тапшырмаларын тийиштүү мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын аткарышын контролдоого;
14) өзүндө болгон каражаттарды өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы капиталдык салымдарды каржылоого, ошондой эле чарбалык иш жүргүзүүгө пайдаланууга;
15) ведомстволук уюмдардын кирешелерин Иш башкармасы тарабынан ишке ашырылып жаткан өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы чыгымдарын түздөн-түз каржылоого, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду даярдоого жана жүзөгө ашырууга жумшоого;
16) негизги милдеттерге жетишүү жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
3. Мүлк жана каражаттар
12. Иш башкармасынын мүлкү жана каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат, Иш башкармасынын балансында чагылдырылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
13. Ведомстволук уюмдарга чарба жүргүзүүчү коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына взнос катары бекитилип берилген негизги фонддорду жана жүгүртүү каражаттарды пайдаланууга, ошондой эле ведомстволук уюмдардын башка жактар менен үлүштүк курулушка катышуусуна Иш башкармасынын уруксаты менен гана жол берилет.
14. Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары өндүргөн товарлар, аткарган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган бирдиктүү реестрине (тизмесине) кирбейт, алынган кирешелер ведомстволук уюмдар тарабынан Иш башкармасына жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн пайдаланылат жана республикалык бюджетке алып коюлбайт.
15. Төмөнкүлөр Иш башкармасынын финансы каражаттарынын негизги булактары болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
2) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
3) атайын каражаттар, белгиленген ченемдерге ылайык ведомстволук уюмдардын кирешелеринен чегерүүлөр;
4) бюджеттен тышкары, демөөрчүлүк жана насыя каражаттары, гранттар, инвестициялар, коммерциялык банктардын жана башка кредиттик мекемелердин кредиттери;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка түшүүлөр.
16. Иш башкармасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык Фонд түзүлөт. Иш башкармасы фондду өзүнүн өндүрүш-чарбалык ишинин каражаттарынан, ошондой эле ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнөн жана башка түшүүлөрдөн толтурат, бул каражаттарды ведомстволук уюмдарга финансылык колдоо көрсөтүү, Иш башкармасынын кызматкерлерин материалдык жактан сыйлоо жана башка максаттар үчүн пайдаланат.
4. Ишти уюштуруу
17. Иш башкармасын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу иш башкаруучу жетектейт.
18. Иш башкаруучунун орун басарлары иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Иш башкаруучу жок болгон учурда анын функциялары финансы документтерине кол коюу укугу берилген орун басарына жүктөлөт.
20. Иш башкаруучу:
1) Иш башкармасына жалпы жетекчилик кылат жана Иш башкармасына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
2) орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
3) Иш башкармасынын жобосунун, түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берет;
4) Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын милдеттерин жана иш тартибин аныктайт;
5) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизет;
6) Иш башкармасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине маалымат берет;
7) иш башкаруучунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
8) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарга жана тескемелерге кол коет, ошондой эле алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
9) иш башкаруучунун орун басарларын кошпогондо, Иш башкармасынын кызматчыларын белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
10) ведомстволук уюмдардын жетекчилерин жана алардын орун басарларын, башкы бухгалтерлерин, алар менен эмгек келишимдерин түзүү жана бузуу жолу менен кызмат орундарына дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) Иш башкармасынын штаттык расписаниесин, түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, Иш башкармасынын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
12) ведомстволук уюмдардын уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитет;
13) Иш башкармасынын ишинин маселелери боюнча финансылык тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) мыйзамдарда белгиленген тартипте Иш башкармасынын акча каражаттарын жана мүлкүн тескейт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык колдо бар фонддорду пайдалануу маселелерин чечет;
16) Иш башкармасынын балансында турган объекттердин капиталдык курулушуна, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого сметаларды, долбоорлорду, титулдук барактарды белгиленген тартипте бекитет;
17) келишимдерди (контракттарды) түзөт, чарбалык, финансылык жана бухгалтердик операцияларды жүргүзөт, алардын аткарылышын Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана ведомстволук уюмдарына тапшырат, ишеним каттарды берет;
18) Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет;
19) ведомстволук уюмдар тарабынан берилүүчү товарлардын, керсөтүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын тизмесин, ошондой эле товарларга, жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын (тарифтердин) прейскуранттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитет;
20) Иш башкармасынын коллегиясынын жыйындарында төрагалык кылат жана коллегиянын жыйындарында кабыл алынган чечимдерге кол коет;
21) мамлекеттик органдарда, соттордо, эл аралык жана башка уюмдарда Иш башкармасынын атынан чыгат;
22) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
23) Иш башкармасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматты, документтерди, материалдарды мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен сурап алат;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Иш башкармасынын жана ведомстволук уюмдардын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт, башка сыйлоолор тууралуу чечимдерди кабыл алат;
25) Иш башкармасынын кызматкерлерине, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине, алардын орун басарларына жана ведомстволук уюмдардын башкы бухгалтерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип жазасын колдонот;
26) жарандарды кабыл алууну жүргүзөт, келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана каттарды карап чыгууну жана алар боюнча өз учурунда чараларды көрүүнү камсыз кылат;
27) иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди расмий тил менен бирге колдонуу, иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелеринин сакталышы, архив ишин жүргүзүү, заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу боюнча чараларды көрөт;
28) Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк жыйындарында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараттарында болгон жыйындарга жана кеңешмелерге белгиленген тартипте катышат;
29) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү тартибин, Иш башкармасынын кызматчыларынын эл алдында чыгып сүйлөө эрежелерин жана кызматтык пайдалануу үчүн арналган маалыматты берүү тартибин аныктайт;
30) Иш башкармасы тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна виза коет, аларга негиздеме-маалымкаттарга кол коет, ошондой эле Иш башкармасына тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан макулдашууга киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна кол коет;
31) Иш башкармасынын компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.
21. Иш башкармасында коллегия түзүлөт, анын курамы иш башкаруучунун чечими менен бекитилет.
22. Иш башкармасынын коллегиясынын курамына иш башкаруучу (коллегиянын төрагасы), анын орун басары жана Иш башкармасынын башка кызматкерлери кирет. Коллегиянын курамына Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын жетекчилери да кириши мүмкүн.
23. Иш башкармасынын коллегиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш башкаруучусу тарабынан бекитилет.
5. Кайра уюштуруу жана жоюу
24. Иш башкармасын кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-мартындагы № 167 токтому менен бекитилген |
┌───────────────────┐
│ Кыргыз │
│ Республикасынын │ ┌───────────────────┐
┌──────────────┤ Өкмөтүнүн ├────┤Иш башкаруучунун │
│ │ иш башкаруучусу │ │жардамчысы │
│ └─────────┬─────────┘ └───────────────────┘
│ │
│ ┌─────────┴─────────┐
│ │ Кыргыз │
│ │ Республикасынын │
│ │ Өкмөтүнүн ├──────────────┐
│ │иш башкаруучусунун │ │
│ │ орун басары │ │
┌─────────┴─────────┐ └───────────────────┘ ┌─────────┴─────────┐
│Уюштуруу, кадр │ │Каржылоо жана │
│иштери жана │ │эсепке алуу бөлүмү │
│иш кагаздарын │ │ │
│жүргүзүү бөлүмү │ │ │
└───────────────────┘ └───────────────────┘
┌───────────────────┐ ┌───────────────────┐
│Протоколдук │ │Пландоо жана │
│иш-чаралар жана │ │экономикалык талдоо│
│мамлекеттик сатып │ │бөлүмү │
│алуулар бөлүмү │ │ │
└───────────────────┘ └───────────────────┘
┌───────────────────┐ ┌───────────────────┐
│Укуктук камсыздоо │ │Транспорттук │
│сектору │ │камсыздоо, курулуш │
│ │ │жана мамлекеттик │
│ │ │мүлк бөлүмү │
└───────────────────┘ └───────────────────┘
┌───────────────────┐
│Ички аудит сектору │
└───────────────────┘
3-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-мартындагы № 167 токтому менен бекитилген |
┌───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┐
│ № │ Кызматтардын аталышы │ Штаттык │ │
│ │ │ бирдиктердин │ │
│ │ │ саны │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Жетекчилик │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│1 │Иш башкаруучу │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│2 │Иш башкаруучунун орун басары │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 2 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│3 │Иш башкаруучунун жардамчысы │ 1 │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Уюштуруу, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│4 │Бөлүм башчы │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│5 │Референт │ 4 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 5 │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Протоколдук иш-чаралар жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│6 │Бөлүм башчы │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│7 │Бөлүм башчынын орун басары │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│8 │Референт │ 6 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 8 │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Каржылоо жана эсепке алуу бөлүмү │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│9 │Бөлүм башчы │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│10 │Бөлүм башчынын орун басары │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│11 │Референт │ 6 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 8 │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Пландоо жана экономикалык талдоо бөлүмү │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│12 │Бөлүм башчы │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│13 │Референт │ 3 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 4 │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Транспорттук камсыздоо, курулуш жана мамлекеттик мүлк бөлүмү │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│14 │Бөлүм башчы │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│15 │Референт │ 3 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 4 │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Ички аудит сектору │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│16 │Сектор башчысы │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│17 │Референт │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 2 │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┤
│ Укуктук камсыздоо сектору │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────┬───┤
│18 │Сектор башчысы │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│19 │Референт │ 1 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Бардыгы │ 2 │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────┼───┤
│ │Жыйынтыгы │ 36 │ │
└───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────┴───┘