Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты № 180
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:
- 1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү берүүчү транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо, каттоо маалыматтарын өзгөртүү, каттоодон алып салуу аларды эсепке алууну ишке ашыруучу аскер комиссариаттары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт»;
- 67-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«67. Катталган транспорт каражаттарына автомототранспортту эсепке алуу карточкасы түзүлөт. Бир нускасы каттоо подразделениесинин картотекасында сакталат, экинчиси - Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына жиберилет, үчүнчүсү - эгерде катталган транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Транспорт каражаттарынын тизмесинде болсо, аскер комиссариатына жиберилет».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |