Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты № 182
2011-жылдын 27-июлундагы № 415 «Ысык-Кел облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 415 «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Фонддун негизги максаты болуп Ысык-Көл облусун өнүктүрүү программаларын региондогу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү боюнча бюджеттен тышкаркы каржылоо, Фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу эсептелет.»;
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн (ӨЭУ, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнүн) милдетин аткарууга байланыштуу командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт»;
- 20-пунктунда «Ар бир календардык жылдын 25-декабрынан» деген сөздөр «Ар бир календардык жылдын 25-январынан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-пунктунда «25-январдан кеч эмес» деген сөздөр «5-февралдан кеч эмес» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пунктта:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Казыналыктын региондук бөлүмүндө Фонддун каражаттарын тескөөчү үчүн бюджеттен тышкаркы фонддун атайын эсебин ачат;»;
сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин:
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Тескөөчү Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты квартал сайын расмий басылмаларга жарыялайт, ошондой эле ал маалыматты тескөөчүнүн веб-сайтына Фонддун Байкоочу кеңеши бекиткен иш- чаралардын планына ылайык жайгаштырат»;
- 32-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«32. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКдан 1 проценттик взнос өлчөмдөгү каражат алынгандан кийин келген АКШ долларын үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына айландыруу жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун бюджеттен тышкаркы атайын казыналык эсебине которуу боюнча операцияны төмөнкүдөй тартипте жүргүзөт:»;
- 35-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 36-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«- Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштерге;
- Ысык-Көл облусунда мамлекеттик-жеке өнөктүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө;
- Ысык-Көл облусунда иш жүргүзгөн ишкерлер жана инвесторлор үчүн гарантиялык фонддорду түзүүгө;
- инвестор менен капиталга чогуу катышуу жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде облуста жаңы ишканаларды ачууга.»;
- 37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«37. Фонддун эсебинен каржы алуучу билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо, коргонуу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана ишин колдоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Контракттар жана милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоого алынууга тийиш.
Эгер Фонддун Байкоочу кеңеши бекиткен иш-чаралар үч айдын ичинде максаттык арналышы боюнча, ишке ашырылбаса, анда бул шарт каражаттарды кайра Фонддун эсебине алуу үчүн негиз болот.»;
- 38-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |