Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-марты № 188
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун Стратегиясы тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
1. Киришүү
Узак мөөнөттүү эң аз сарптоолор менен жана тобокелчиликтердин алгылыктуу деңгээлинде каржылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн камсыздоо үчүн 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы (мындан ары - 2009-2011-жылдарга Стратегия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы № 400 токтому менен жактырылган. 2009-2011-жылдарга Стратегия ички дүң продуктуга (ИДП) карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын катышын андан ары азайтууну жана ички рыноктун эсебинен улуттук валютада каржылоонун үлүшүн көбөйтүүнү караган.
2009-2011-жылдарга Стратегияны ишке ашыруу мөөнөтүнүн аяктагандыгына, ошондой эле өлкөдө жана дүйнөдө макроэкономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын (мындан ары - Стратегия) кабыл алат.
Стратегия чыгымдардын жана тобокелчиликтердин оңтойлуу комбинациясын болжолдоочу мамлекеттик карыздын структурасын түзүүгө багытталган мамлекеттик карызды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн орточо мөөнөттүү планы түрүндө болот.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун максаттары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу негизги максаты:
- орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилде мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо максатында чыгымдарды жана тобокелчиликтерди оңтойлоштурулган комбинациялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын структурасын түзүүнү эске алуу менен каржылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн камсыздоо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан аркы өнүктүрүү.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун милдеттери
Бюджеттик саясаттын максаттары менен милдеттерине ылайык мамлекеттик карыз алууларга тийиштүү ар кандай чечимдерди сөзсүз макулдашууну де-факто камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик карызды башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенти катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маанилүү ролун камсыз кылуу мамлекеттик карызды башкаруу жаатында негизги жана туруктуу институттук милдет болуп саналат.
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө жана жакырчылыктын кыскарышына көмөк көрсөтө турган кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго гана тартылат. Жаңы мамлекеттик тышкы карыз алууларды тартуу жана кепилдик берүү карыздардын жеңилдигинин (грант-элемент) 35 пайыз минималдуу деңгээлин сактоодо гана ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөө өз учурунда жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын карызын кайра структуралоого берүү, своп-операцияларды жүргүзүү (карызды активге алмаштыруу, өнүктүрүү ж.б.), ошондой эле аны эсептен чыгаруу же грантка кайра түзүү жөнүндө маселени кароо боюнча эки тараптуу форматта кредитор-өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын деңгээлин азайтуу боюнча иш-чараларды улантат.
3. Стратегиянын камтылышы
Бул Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген карызды башкаруу маселесин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын карызы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карызы ушул Стратегиянын камтуу чөйрөсүнө кирбейт.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын учурдагы абалы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2011-жылдын аягында 3,080 млрд. АКШ долларын түздү, анын ичинен ички карыз 0,277 млрд. АКШ долларын (12,875 млрд. сом) же 9,0 %ды жана тышкы карыз 2,803 млрд. АКШ долларын же 91,0 %ды түзөт.
Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын жалпы көлөмүнөн эки тараптуу кредиторлор алдындагы карызынын үлүшү 45.8%ды (анын ичинен: 80,5 % - жеңилдик берилген кредиттер жана 19,5 % - жеңилдик берилбеген) жана көп тараптуу кредиторлор алдында - 54,2 %ды (анын ичинен: 99,0 % - жеңилдик берилген кредиттер жана 1,0 % - жеңилдик берилбеген кредиттер) түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында алынган кредиттер боюнча тышкы карыздын көлөмү 0,561 млн. АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын ички карызы 5,595 млрд. сом суммасындагы рыноктук эмес мамлекеттик баалуу кагаздардан турат, алардын көпчүлүгүнө Кыргыз' Республикасынын Улуттук банкы ээлик кылат жана мамлекеттик рыноктук баалуу кагаздар 6,615 млрд. сом суммасында. Рыноктук мамлекеттик баалуу кагаздарга 3, 6 жана 12 ай жүгүртүү мөөнөтү менен дайыма чыгарылуучу мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) жана 2 жыл жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) кирет. Бул Стратегиянын максаты үчүн «рыноктук» баалуу кагаздар деп мамлекеттик баалуу кагаздар болжолдонот, аларды жайгаштыруу рыноктук механизмдерди, мисалы аукциондорду пайдалануу менен жүргүзүлөт.
1-таблица. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын суммасы
| 2008 | 2009 | 2010 | 2011 |
КР мамлекеттик карызы (млрд. сом) | 91,426 | 117,704 | 131,557 | 143,154 |
а.и. тышкы карыз (млрд. сом) | 83,877 | 109,152 | 123,196 | 130,280 |
(эквивалент млрд. АКШ долл.) | 2,128 | 2,476 | 2,616 | 2,803 |
а.и. ички карыз (млрд. сом) | 7,549 | 8,552 | 8,361 | 12,875 |
Салыштырма салмагы (тышкы карыз) | 91,8% | 92,7% | 93,6% | 91,0% |
Салыштырма салмагы (ички карыз) | 8,2% | 7,3% | 6,4% | 9,0% |
5. 2009-2011-жылдарга Стратегияны ишке ашырууну баалоо
2009-2011жылдарга стратегия узак мөөнөттүү эң аз сарптоолор менен жана тобокелчиликтердин алгылыктуу деңгээлинде каржылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган. 2009-2011-жылдарга стратегиянын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын ИДПга карата катышын андан аркы азайтуу жана ички рыноктун эсебинен улуттук валютада каржылоонун үлүшүн көбөйтүү болжолдонгон. 2009-2011-жылдарга стратегия карыздын туруктуулугуна жетүүгө багытталган жана мамлекеттик карыз үчүн босоголук деңгээлин аныктаган. Бирок, өлкөдө жана дүйнөдө макроэкономикалык кырдаалдын болгон өзгөрүүлөрүнө карабастан 2009-2011-жылдарга стратегия жаңыланган эмес жана тийиштүү түрдө мамлекеттик карыздын белгиленген максаттуу босоголук деңгээлине жетишилген эмес. 2009-2011-жылдарга стратегияда ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын төмөнкү босоголук деңгээли аныкталган: 2009-жылы - 42,8 %; 2010-жылы - 35 %; 2011-жылы - 28,6 %.
1. Кыргыз Республикасынын тышкы карызы
2008-2011-жылдардагы мезгилде мамлекеттик карызды натыйжалуу жана негиздүү башкаруунун маанилүүлүк көз карашынан алганда, ошондой эле мамлекеттик карыз алуулар менен коштолгон тобокелчиликтерге Кыргыз Республикасынын дуушар болуу көз карашынан алганда көрсөткүчтүү болуп калды. Мамлекеттик тышкы карыздын өсүшүн кыскартуу жана кармануу боюнча иш-чаралардын суммалык натыйжасы (Париж клубунун алкагында эки тараптуу карызды комплекстүү кайра структуралоо, жаңы тышкы карыз алуулар үчүн жеңилдиктер боюнча чектөөлөрдү киргизүү) 2008-жылдын мисалынан ачык көрүнөт, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын суммасы ИДПнын 49 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч 1995-2011- жылдардагы мезгил үчүн минималдуу болуп саналат. Бул катыш бир жагынан 2008-жылы ИДПнын (32 % тартиби) жогорку номиналдык өсүшү менен түшүндүрүлөт. Бирок, бул кырдаал мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу маанисин азайтпайт, андыктан тажрыйба көрсөтүп тургандай Кыргыз Республикасы ички дүң продукттун өтө эле динамикалык өсүшүнө карабастан мамлекеттик карыздын кыйла жогору деңгээлине ээ болгон.
Мамлекеттик карызды башкаруу жагында жетишкендиктер менен катар эле 2008-2011-жылдардын тажрыйбасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карыз алууларга жана мамлекеттик карызга байланыштуу тобокелчиликтерге карата таасирине көз каранды бойдон калат.
2008-2009-жылдарда дүйнөлүк экономикадагы кризистик процесстер, мамлекеттик бюджетти каржылоодо маанилүү керектөөлөр, ошондой эле 2010-жылы республиканын ичиндеги болуп өткөн окуялар мамлекеттик карызды активдүү топтоо зарылдыгына алып келди. 2009-жылы мамлекеттик карыздын номиналдык суммасынын өсүшү 29 пайызды түздү, ал 2000-2011-жылдардагы мезгилде максималдуу болду. 2009-жылы ИДПга карата мамлекеттик карыздын катышы 60 пайызды (2008-жылдагы 49 пайыздын ордуна) түздү. Мамлекеттик карыздын өлчөмүнүн көбөйүшү энергетика секторун жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө Россия Федерациясынан жана Кытай Эл Республикасынан ири зайымдарды тартуу менен, ошондой эле кыргыз сомунун байкаларлык девальвациясы менен шартталган.
2011-жылы мамлекеттик тышкы карыздардын суммасы 2010-жылга салыштырмалуу номиналдык туюнтууда 186,9 млн. АКШ долларына же ИДПга карата катышта 3,2 %га көбөйдү. 2011-жылы тышкы карыздын өсүшү өлкөдө 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын кесепетинен саясий жана социалдык-экономикалык туруксуздуктун натыйжасында мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын өсүшү менен шартталган. Ошондой болсо да, 2008-2010-жылдардагы мезгилде болуп өткөн жагымсыз көрүнүштөр республиканын мамлекеттик карыз боюнча учурдагы финансылык милдеттенмелерин өз учурунда жана толук тейлөөгө терс таасирин тийгизген жок.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын структурасында тышкы карыздын үлүшү мурдагыдай эле басымдуулук кылат. 2008-2011-жылдарда тышкы карыз алуулардын салыштырма салмагы 90 пайыздан ашыкты түздү. Мындай катыш эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер тарабынан жеңилдетилген тышкы каржылоонун жеткиликтүүлүгү жана республиканын ички рыногунда маанилүү заемдук ресурстардын жок болгондугу менен түшүндүрүлөт. 2008-2011-жылдарда жыйынды мамлекеттик тышкы карыздын структурасында жеңилдетилген карыз алуулардын үлүшү 85 пайыздан ашыкты түздү.
100 пайыз мамлекеттик тышкы карыз - узак мөөнөттүү карыз алуулар. Көрсөтүлгөн мезгилдеги аралыкка калкыма пайыздык чен менен (пайыздык чендин тобокелчилигинин көрсөткүчү) карыздын үлүшү жыйынды мамлекеттик тышкы карыздын 1 пайызынан кем эмесин түзөт. Өнүктүрүүгө расмий жардамдардын алкагында эл аралык финансылык институттар жана чет мамлекеттер тарабынан берилүүчү жеңилдетилген финансылык каражаттарга жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасы үчүн тышкы карыз алууларынын маанилүү артыкчылыктары болуп саналат. Ошону менен бирге мамлекеттик карыз структурасында тышкы каржылоонун басымдуулугу Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарга көз карандылыгынын жогорку деңгээлин көрсөтөт.
2008-2011-жылдарда эки тараптуу зайымдардын үлүшүнүн акырындык менен көбөйүү процесси байкалууда. Мындай кредиттердин үлүшү 2008-жылдагы 31 пайыздан 2011-жылы 46 пайызга чейин өскөн. Мында, тышкы карыздын эки тараптуу компоненттерин көбөйтүү бир калыпта эмес, бир - эки кредитор тарабынан ири зайымдардын эсебинен болот. Акыркы үч жыл ичинде карыз алуулардын концентрациясынын улантылышы байкалууда, ал жогорку карыздык көз карандылыкка жана кредитор-өлкөлөр менен кызматташтыктын ар кандай аспекттери карыз маселелери менен байланышта каралуу ыктымалдыгына алып келиши мүмкүн.
2-таблица. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын көрсөткүчтөрү
| 2008-ж. | 2009-ж. | 2010-ж. | 2011-ж. |
ИДПга карата КР мамлекеттик карызы | 48,6% | 59,9% | 59,7% | 52,4% |
Анын ичинде ИДПга карата тышкы карыз | 44,6% | 55,6% | 55,9% | 47,7% |
Анын ичинде ИДП га карата ички карыз | 4,0% | 4,4% | 3,8% | 4,7% |
Экспортко карата КР тышкы карызын тейлөө | 2,8% | 3,4% | 3,2% | 3,4% |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата КР тышкы карызын тейлөө | 6,1% | 6,8% | 7,6% | 7,3% |
2. Кыргыз Республикасынын ички карызы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын жалпы портфелинде ички зайым алуулардын үлүшү анча көп эмес жана 2008- 2011-жылдарда 10 пайыздан ашкан эмес. Ички зайым алуулардын үлүшүнүн жогорулашын кармоочу негизги фактор болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун өнүгүшүнүн деңгээлинин төмөндүгү болушу саналат. Ошондой болсо дагы, бул ички карыз алууларды карызды каржылоо булагы катары этибарга албоо негиз катары каралышы мүмкүн эмес. Биринчиден, ички карыз каражаттарын өнүктүрүү, б.а. мамлекеттик бюджетти каржылоо булактарын диверсификациялоо көз карашынан алганда мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу абдан келечектүү. Мындан тышкары, жалпысынан алганда капитал рыногунун өнүгүшүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар рыногуна көз карашынан алганда маанилүү.
2008-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана тындыруу (мамлекеттик баалуу кагаздардын түрлөрүн бир түргө келтирүү), мамлекеттик карыз алуу каражаттарын жүгүртүү мөөнөтүнүн этап боюнча узартылышы (2009-жылы мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу) жана рыноктук мамлекеттик баалуу кагаздар үлүшүн жогорулатууга карата ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алган.
Акыркы үч жыл ичинде ички рыноктун финансылык потенциалы олуттуу түрдө өстү. 2006-жылы олуттуу эмес көлөмдөрдү түзгөн мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) аркылуу камсыз кылынган таза каржылоо, 2007-жылы 400 млн. сомдон ашуун деңгээлде, 2008-жылы 900 млн. сомго жакын жана 2009-жылы болжол менен 600 млн. сом болду. Жагдайдын мындай өнүгүшү тийиштүү жоболорго киргизилген өзгөртүүлөрдө чагылдырылган, бир катар чаралардын натыйжасында болду. Бул өзгөртүүлөр чыгаруу түзүмүн өзгөртүүнүн натыйжасында мамлекеттик баалуу кагаздарды аукциондук жайгаштырууну жакшыртууга, рыноктун күтүүлөрүнө ылайык кирешелүүлүк өзгөрүшүнө уруксат берүү даярдыгына мүмкүндүк берди жана акырында ошол учурдагы маанилүү болгон коммерциялык банк секторундагы маанилүү ашыкча өтүмдүүлүк аркылуу болду. Жагымдуу эмес жагдай болуп МКВнын чекене сатуу каналынын токтоп калышы болду.
2010-жылдагы саясий окуялар макроэкономикалык кырдаалга жана мамлекеттик баалуу кагаздарга инвесторлор тарабынан болуучу суроо-талапка терс таасир тийгизди. 2010-жылдын апрель айынан баштап мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү жогорку арымдар менен өсө баштады, суроо-талап кескин төмөндөдү жана өзгөрмө, айрым учурда алдын-ала болжолдонбогон мүнөзгө ээ болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун бир мүнөздөмөсү өзгөрүлбөс болуп кала берет: бир жыл жана андан ашык жүгүртүү мөөнөттөрү боюнча ликвиддүүлүк үчүн жогорку сый акы.
Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп тургандай мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү маселеси белгилүү ырааттуулукту жана кылдат текшерилген кадамдарды талап кылат. Бул жааттагы чечимдер биринчи кезекте, мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу максаттарына таянышы керек.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын босоголук деңгээлдери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карыз боюнча өлчөмдү, структурасын жана кадимки тобокелдерди дайыма контролдоп турат жана бардык бюджеттик көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун жана мамлекеттик карыздын туруктуулугунун көрсөткүчтөрүн андан аркы өркүндөтүүнү белгиленген эл аралык нормаларга ылайык камсыз кылат.
Тийиштүү министрликтер жана ведомстволор ортосунда координациялоо мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн, бюджетти жана төлөө балансын колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана структурасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясынын максаттык критерийлери менен макулдашылгандыгын кепилдейт.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиктерин чыгаруу
Мамлекеттик кепилдиктерди чыгарууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө жобону (мындан ары - Жобо) кабыл алуу зарыл, ал мамлекет кепилдик берген жана ага милдеттенмелер менен байланышкан жеке карыз алуулардын натыйжасында келип чыккан шарттуу милдеттенмелер үчүн катуу контролдукту камсыз кылат. Тышкы карыз алуулар боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө мораторий Жобону кабыл алууга чейин аракетте болот.
Жобо жаңы кепилдиктерди жактыруу жол-жобосун белгилейт, алар Бюджеттин орточо мөөнөттү болжолу жана Кыргыз Республикасынын жыл сайынкы бюджеттери менен белгиленген босоголук деңгээлдерге ылайык берилет. Бул кепилдик эсебин түзүүнү карайт, анда мамлекеттик кепилдиктерди алуучулар орду толтурулуучу кепилдик төгүмдөрүн жана тейлөөгө жыл сайынкы орду толтурулбаган төлөмдөрдү киргизиши зарыл.
8. Карыз алуулардын потенциалдуу булактарын аныктоо жана талдоо
Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттик бюджетти каржылоо булактары чектелген жана карыз алуулардын ички жана тышкы каражаттарынын негизги мүнөздөмөлөрү төмөндөгүдөй:
- Ички булактар:
Ички карыз алуу улуттук валюта менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МКВны жана МКОну чыгаруу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. МКВ - бул 1 жылга чейин жүгүртүү мөөнөтү менен кыска мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар. МКО - 1 жылдан ашык жүгүртүү мөөнөтү менен узак мөөнөттүү купондук мамлекеттик баалуу кагаздар. МКВ жана МКО боюнча кирешелүүлүк рыноктук негизде аукциондук сатуу аркылуу аныкталат. Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун өнүкпөгөндүгү, жогорку кирешелүүлүгү жана мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча жүгүртүүнүн кыска мөөнөтү узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана ички карызды кайра каржылоо тобокелчилигинин азайтуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.
- Тышкы булактар:
Тышкы карыз алуулар расмий булактардан (эки тараптуу кредиторлор жана көп тараптуу уюмдар) жана жеке булактардан (коммерциялык банктар же эл аралык капитал рыноктору) жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул Стратегияда мындай карыз алууларды тартуу үчүн жогорку чыгымдар жана жогорку тобокелчиликтерге байланыштуу жеке булактар каралбайт. Эл аралык финансылык институттардан (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана өнүктүрүүнүн башка региондук банктары) көп тараптуу кредиттер белгиленген пайыздык чен (0,75-1,0%),
жеңилдетилген мезгил (10 жыл) жана кредитти тындыруунун узак мөөнөтү (30 жылдан ашуун) жогорку жеңилдиктери бар кредиттер болуп саналат. Бирок бул кредиттер чет элдик валютада берилет, ал болсо белгилүү валюталык тобокелчиликтерге алып келет. Эки тараптуу кредиттер, адатта инвестициялык долбоорлордун алкагында берилет жана бул кредиттер боюнча финансылык шарттар кредитордон көз карандылыгына басым коюлат. Негизинен, эки тараптуу кредиттер белгиленген пайыздык чен менен, салыштырмалуу узак мөөнөттүү жеңилдик мөөнөтү менен жана кредитти тындыруу мөөнөтүү менен. Эки тараптуу кредиттер адатта кредитор-өлкөнүн улуттук валютасында берилет, алар дагы валюталык тобокелчиликтерге алып келет. Мындан тышкары, кредиттик каражаттарды өз убагында өздөштүрүү боюнча тобокелчиликтер бар, алар долбоорду ишке ашыруу деңгээлинен көз каранды болот.
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик карызды башкарууда ички каржылоонун ролу өсөт. Эмиссиянын көлөмүн жогорулатуу, ачык жана натыйжалуу эмиссиялык саясат, баштапкы дилерлердин эсептөө механизмдерин жана ишин өркүндөтүү жана инвесторлордун коомдоштугу менен үзгүлтүксүз диалогу тышкы каржылоодон көз карандылыкты азайтууну камсыз кылат, үнөмдөө ченемин жогорулатат жана узак мөөнөттүү келечекте туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт. ' V.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү каржылоо максаттарына гана эмес, финансылык сектордун өнүгүшүнө да маанилүү таасир берет, бизнести өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү ресурстарды андан ары натыйжалуу бөлүштүрүүгө алып келет. Бул максаттарга жетишүү үчүн мамлекеттик ички карызды башкаруу ачыктык, жөнөкөйлүүлүк жана ликвиддүүлүк принциптерин таянат, бул төмөнкү чараларды карайт:
- каржылоонун кварталдык жана жарым жылдык көлөмүн такай жарыялоо;
- жүгүртүүдөгү мамлекеттик баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрүнүн санын олуттуу кыскартууга жетишүү үчүн эмиссия календарын жана эмиссия структурасынын өзгөрүшүн жарыялоо;
- мамлекеттик казыналык облигацияларын жүгүртүү мөөнөтүн этабы менен көбөйтүү;
- баштапкы дилерлер системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, алар рыноктун катышуучусу катары алардын ролун күчөтөт;
- баштапкы жайгаштыруу маселелери боюнча эмитент жана агент менен рыноктун катышуучуларынын такай болуучу консультацияларын камсыз кылуу;
- эл аралык стандарттар менен макулдашылган, регистраторду, депозитарийди жана эсептөө системасын түзүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу үчүн чекене тармакты өнүктүрүү;
- негизинен майда жеке инвесторлор үчүн арналган, инфляцияга байланыштуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө;
- ички карыз алуу рыноктук эмес каражаттарын чыгаруу көлөмүн чектөө;
- мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыз кылуу.
Орточо мөөнөттүү келечекте мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу мамлекеттик бюджеттин эсеп-чотторунун жеткиликтүү өтүмдүүлүгүн камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акчалай-кредиттик саясаты менен тыгыз координацияны камсыз кылышы керек.
10. Стратегияны ишке ашыруу боюнча тобокелдиктер
Кыргыз Республикасынын болгон мамлекеттик карызынын өлчөмү, ошондой эле бир нече факторлордун чогуу терс таасир тийгизишинин ыктымалдыгы аны тейлөөнүн оорчулуктарын пайда кылышы мүмкүн. Ошондой эле олуттуу мамлекеттик тышкы карыз менен байланыштуу макроэкономикалык тобокелчиликтер да сакталып келүүдө. Бюджетке өтө оорчулук келтирбей аны тейлөөнүн мүмкүнчүлүктөрү көбүнчө өлкөгө чет элдик валютанын туруктуу түшүүсүнө жана чет элдик валюталарга карата сомдун алмашуу курсунун туруктуулугуна, ошондой эле жаңы кредиттерди жана зайымдарды тартуунун катуу саясатына, мамлекеттик карыздарды жана кредиттерди пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоону жана талдоону күчөтүүгө байланыштуу болот.
Жаңы тышкы карыз алууларды тартуунун ойлонулбаган саясаты Кыргыз Республикасында мурунку кылымдын токсонунчу жылдарындагы мамлекеттик тышкы карызды тез топтоонун кезектеги циклине алып келиши мүмкүн. Тышкы карыздарды динамикалык өздөштүрүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын өлчөмү 2000-жылдын акырында ИДПнын 130 пайыздык деңгээлине жеткен. Акыркы үч жылда байкалган кредитор-өлкөлөрдүн чоң эмес тобунан тышкы карыз алуулар концентрациясынын тенденциясы дагы тобокелчилик жана өлкөнүн орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте өнүктүрүүгө чакырыктар көз карашынан алганда көп тараптуу талдоону талап кылган фактор болуп эсептелет.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун маселелери боюнча негизсиз чечимдер (жүгүртүүнүн узак мөөнөтү менен баалуу кагаздарды мезгилсиз чыгаруу (5 жылдан ашуун), негизги инвесторлордун кызыкчылыктарын эсепке албай баалуу кагаздарды жайгаштыруу механизмдерин өзгөртүү) анын катышуучуларынын ишенимине доо кетирет, бул болсо өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджетти каржылоодо керектөөлөрүн камсыз кылууга мамлекеттик баалуу кагаздардын мүмкүнчүлүгүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн жана жетишилген натыйжаларды калыбына келтирүүдө олуттуу материалдык жана убакыт ресурстарын талап кылышы ыктымал.