Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-марты № 203
Эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» программасын ишке ашыруу боюнча 100 күнгө иш-чаралар планына ылайык, эмгек рыногун божомолдоо системасын киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги эмгек рыногунда эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоону ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Методиканын негизинде ишке ашырсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасы (мындан ары - Методика) максаты - квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн эмгек рыногундагы керектөөлөрдү болжолдоонун бирдиктүү комплекстүү механизмдерин жана ыкмаларын болуп саналат.
2. Эмгек рыногунда керектөөлөрдү божомолдоо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү максаттарына ылайык эмгек рыногундагы суроо-талапка багытталган кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын стратегиялык пландаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн зарыл.
3. Республиканын эмгек рыногундагы керектөөлөрдү божомолдоонун натыйжалары болуп өлкөнүн экономикасынын тармактарынын керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоонун структурасын жана көлөмүн аныктоо эсептелет.
4. Бул Методикада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
эмгек ресурстары - дене-боюнун жөндөмүнө, атайын билимине жана тажрыйбасына жараша материалдык байлыкты түзүүгө же кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө эмгектенүүгө жөндөмдүү калктын бөлүгү. Эмгек ресурстарынын курамына эмгекке жөндөмдүү калк, коомдук өндүрүштө катышкан пенсиялык курактагы калк киргизилет. Эмгекке жарамдуу курактагы калкка эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдар, пенсияга белгиленген курактан эрте жеңилдетилген шартта чыккан адамдар кирет, буга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү I жана II топтогу иштебеген адамдар кирбейт.
Иш менен камсыз болуу - Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеген, жарандардын жеке жана коомдук керектөөлөрүн канааттандыруу менен байланышкан жана аларга киреше (эмгек акы) алып келген кандай болбосун эмгектенүү;
кызматкер - иш берүүчү менен эмгектик мамиле түзгөн жеке адам;
иш берүүчү - кызматкер менен эмгектик мамиле түзгөн жеке адам же юридикалык жак;
эмгек рыногу - иш берүүчүнү (суроо-талап) жана жумушчу күчүн (сунуш) бириктирүүчү механизм. Эмгек рыногу экономиканын жумушчу күчкө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жана жарандардын эмгекке укугун ишке ашыруу максатындагы социалдык-эмгектик мамилелердин системасын мүнөздөйт, ал суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу (жумушчу күчтүн жана жумушчу орундардын айкалышы) аркылуу ишке ашырылат;
божомолдоо - эмгектик ресурстарга мүмкүн болгон керектөөнүн божомолун иштеп чыгуу процесси.
2. Эмгек ресурстарына керектөөнү божомолдоо ыкмалары
5. Бул Методика төмөнкүлөрдү айкалыштырат:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегияларынын негизиндеги эсептөөчү-аналитикалык ыкма;
- иш берүүчүлөрдү тике сурамжылоонун негизиндеги эксперттик баа берүү ыкмасы.
6. Эсептөө-талдоо ыкмасы кесиптик-тармактык матрицаны экстраполяциялоого негизделген, ал эмгек рыногу үчүн божомолдонуучу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Бул ыкманын негизи экономиканын негизги тармактары боюнча профессионалдык структураны эсептөөдөн турат. Тармактык министрликтердин божомолдору адистиктерге жана кесиптерге келечектеги суроо-талапты аныктоо үчүн негиз болот.
Эсептөөчү-аналитикалык ыкманын негизинде тармактык министрликтер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү келечектеринин негизинде эмгек ресурстарга болгон муктаждыктын божомолун иштеп чыгышат. Бул ыкма адистиктерге жана кесиптерге аймактардын-тармактардын муктаждыктарын болжолдоону камсыздайт.
Эмгек ресурстарга керектөөлөрдү аныктоо үчүн тармактык министрликтер төмөнкүдөй формуланы пайдаланышат:
ППК= ПОө кыска жана орто / О / Р
мында:
ППК - кадрдык керектөө;
ПОөкыска жана орто - өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн божомолдоо кыска мөөнөткө (1 жыл) жана орто мөөнөткө (3-5 жыл).
О - өткөн жылы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү;
Р - өткөн жылдагы кызматкерлердин саны.
Эсептөөчү-аналитикалык ыкманын негизинде эмгек ресурстарга керектөөнүн божомолун даярдоодо төмөнкүлөр эске алынат, алар:
- ички дүң продуктунун болжолу;
- экономиканын тармактарын өнүктүрүү болжолу;
- жаңы иш орундарды түзүү болжолу.
Тармактык министрликтер алынган маалыматтарды ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмгектик ресурстарга керектөөнүн жалпыланган божомолуна киргизүү үчүн жиберишет.
7. Эксперттик баа берүү ыкмасы - иш берүүчүлөрдүн эмгектик ресурстарга керектөөнү аныктоо маселеси боюнча сунуштарын чогултуу, иштеп чыгуу жана андан аркы пайдаланууну билдирет. Эксперттер катары ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери болушат.
Бул ыкманын негизинде эмгек рыногунда кадрларга болгон керектөөнүн болжолу ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде иштеген кызматкерлердин кесиптер, адистиктер жана кызмат орундар боюнча учурдагы жана келечектеги саны жөнүндө маалыматтарды кыска мөөнөттүк мезгилге (1 жыл) жана орто мөөнөттүк мезгилге (3-5 жыл) топтоо үчүн иш берүүчүлөрдү сурамжылоо жолу менен иштелип чыгат.
Иш берүүчүлөрдү иргеп сурамжылоо сунушталат, анткени ишканалардын санынын көптүгүнөн, ошондой эле кыйла убакыт жана материалдык чыгымдар жумшалгандыктан бардыгына байкоо жүргүзүү көпчүлүк учурда мүмкүн эмес.
Мында топ менен талкуулоо, жазуу жүзүндө серептөө пайдаланылса болот. Эксперттик баа берүү ыкмасынын артыкчылыгы ага иш берүүчүлөр өздөрү катышкандыгында. Божомол баалоо иш берүүчүлөрдүн иш орундарды кеңейтүү же кыскартуу жана (же) жаңы иш орундарды ачуу жөнүндө жеке пикирлерине негизделет. Ыкманын кемчилиги маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процессинин татаалдыгына байланыштуу.
8. Иш берүүчүлөрдү сурамжылоонун негизинде эмгек ресурстарга керектөөнү божомолдоо иштин төмөнкү этаптарын жүзөгө ашыруу аркылуу жүргүзүлөт:
1) Сурамжылоо өткөрүү үчүн ишканалардын санын аныктоо.
Калкты ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сурамжыланчу ишканалардын санын экономикалык иштин түрлөрү жана аймактар боюнча кызматкерлердин тизмелик орточо санына пропорциялуу аныктайт.
Тармактык министрликтер калкты ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматтардын негизинде сурамжылоо үчүн сунуш кылынчу ишканаларды тандайт.
Тармактык министрлик изилдөө үчүн сунуш кылуучу ишканалардын саны калкты ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иргеп сурамжылоо үчүн сунуш кылган ишканалардын минимум санынан кем болбоого тийиш.
Сурамжылоо үчүн сунушталуучу ишканалардын тизмесине төмөнкүлөрдү киргизүү максатка ылайыктуу:
- кызматкерлердин саны кыйла көп ишканалар;
- салык түзүүчү ишканалар;
- социалдык жактан маанилүү ишканалар.
Тармактык министрликтер калкты ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга иргеп изилдөөгө киргизилген ишканалардын тизмесин алардын толук аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен жиберишет.
Калкты ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сурамжылоо жүргүзүү үчүн ишканалардын жыйынтык тизмесин экономикалык иштин түрлөрү боюнча түзөт жана иш менен камсыз кылуунун аймактык органдарына жиберет.
Иш менен камсыз кылуунун аймактык органдары иргеп изилдөө өткөрүү үчүн ишканалардын жалпы санын өз алдынча аныктай алышат.
2) Иш берүүчүлөргө сурамжылоо жүргүзүү.
Иш берүүчүлөрдү сурамжылоону ишканалардын тизмесине ылайык иш менен камсыз кылуунун аймактык органдары жүргүзүшөт. Квалификациялуу жумушчуларга жана адистерге муктаждык жөнүндө маалыматты алуу үчүн иш берүүчүлөрдү сурамжылоо жыл сайын жүргүзүлөт. Сурамжылоо жүргүзүү үчүн документтердин пакети түзүлөт, ага төмөнкүлөр кирет:
- ишкананын жетекчисине эмгектик ресурстарга муктаждыкты аныктоо үчүн божомол жасоого катышуу өтүнүчү менен кайрылуу;
- изилдөөнүн формалары, ишкананын кадрларга болгон муктаждыгын аныктоо үчүн анкеталар.
Сурамжылоодо алынган маалыматтар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жумушчуларга жана кызматчыларга муктаждыктарын кызматкерлердин өзүнчө категориялары боюнча жана экономикалык иштин түрлөрүнүн группалары боюнча андан аркы божомолдоого негиз болушат.
3) Сурамжылоодо алынган маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу:
Ишке орноштуруунун аймактык органдары ишканалардан экономикалык иштин түрлөрү жана адистердин категориялары боюнча эмгектик ресурстарга муктаждыктары тууралуу алынган маалыматтарды талдашат, мында кадрларга болгон керектөөнүн составы жана структурасы да аныкталат. Зарыл болсо маалыматтар тактала жана ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан толуктап иштелет.
3. Эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн жыйынды болжолун даярдоо жана аны пайдалануу
9. Калкты ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тармактык министрликтер жана ишке орноштуруунун аймактык органдары беришкен маалыматтардын негизинде эмгектик ресурстарга болгон жалпы муктаждыктын божомолун кесиптер жана адистиктер боюнча кыска мөөнөткө (1 жыл) жана орто мөөнөткө (3-5 жыл) карата түзүшөт.
10. Эмгек рыногунда эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн жыйынтыктоочу болжолу буларды камтыйт:
1) кесиптер жана адистиктер боюнча эмгектик ресурстарга керектөөлөрдүн болжолу;
2) эмгек ресурстарга керектөөлөрдүн региондор боюнча болжолу.
Ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экономикалык иштин түрлөрү жана кесиптер менен адистиктер боюнча эмгектик ресурстарга учурдагы жана келечектеги керектөөнү аныктоо үчүн төмөнкүдөй формуланы пайдаланат.
П = i1,2,....8 х t1,2,3 х j1,2,3,4
мында:
П - ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эмгектик ресурстарга болгон жалпы керектөөлөрү, адам;
i1,2,....8 - экономикалык иштин түрлөрү (айыл чарба, токой, балык чарбалары, өнөр жай, курулуш, дүң жана чекене соода, транспорт жана байланыш, финансы, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлк, информациялык технологиялар, мамлекеттик башкаруу, аскер коопсуздугу, билим берүү, коммуналдык, социалдык жана жеке кызматтарды көрсөтүү);
t1,2,3 - кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдер (1 жыл, 3 жыл, 5 жыл);
j1,2,3,4 - кызматкерлердин категориясы (адистер, кызматчылар, квалификациялуу жумушчулар, квалификациясыз жумушчулар).
Эмгектик ресурстарга керектөөнүн жалпыланган божомолу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине квалификациялуу кадрларды даярдоодо пайдалануу үчүн жиберилет, ошондой эле ишке орноштуруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.