Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты № 215
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибинде:
4.3-пунктунун экинчи абзацы "медициналык-социалдык маалымкат" деген сөздөр ", спорттук наамынын болушун ырастоочу документтер" деген сөздөр менен толукталсын;
8.6-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар спортсмендер жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылыктуу укуктардан пайдаланышат.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жободо:
3.6-пункту "кабыл алынат" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар абитуриентке артыкчылык берилет" деген сөздөр менен толукталсын;
3.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.9. ЖОЖго кабыл алууда негизги жана кошумча предметтик тесттин суммасы бирдей болгондо гранттык орунга "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар абитуриентке артыкчылык берилет, ал эми мындай наамы жок болгон учурда - предметтик тест боюнча кыйла жогорку балл алган абитуриентке артыкчылык берилет.";
аталган Жобонун тиркемесинде:
1-пунктунун жетинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар адамдар," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|