Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215, 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2017-жылдын 8-июнундагы № 355, 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын уюштуруучулук-укуктук формасына (жеке менчик же ведомстволук тиешелүүлүк) карабастан жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча юридикалык жана (же) жеке жактардын акы төлөп окуу (мындан ары - окутуунун акы төлөө келишими) келишимдеринин негизинде жогорку окуу жайларына (мындан ары - ЖОЖ) кабыл алууну жөнгө салат.
1.2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.3. Жождор алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бул Тартипке каршы келбеген бөлүмүндөгү, жыл сайын кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгат, бекитет жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары КР ББИМ) менен макулдашат.
1.4. Кыргыз Республикасынын жождорунун биринчи курсуна жалпы орто жана орто кесиптик билими бар адамдар кабыл алынат.
1.5. Жождорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Жождорго тийиштүү адистиктерге тездетилген программалар боюнча окутууга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Орто кесиптик билимдин профили жогорку кесиптик билимдин профилине шайкештиги жож тарабынан өз алдынча аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Магистр даярдоо программасы боюнча окутууга “бакалавр” академиялык даражасы ыйгарылган жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому же “адис” квалификациясы ыйгарылганын ырастоочу жогорку кесиптик билими бар адамдар кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.7. Кыргыз Республикасынын жарандары эгер бул деңгээлдеги билим алар тарабынан биринчи жолу алынып жатса, конкурстук негизде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде акысыз жогорку билим алууга укуктуу.
1.8. Кыргыз Республикасынын жождорунда башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же жекече жарандар ортосундагы келишимдердин негизинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк жарандарды тандоо үчүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө ортомчулук кызматтарды көрсөтүүчү өнөктөштөр менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы келишимдер жогорку окуу жайларына кабыл алуу жөнүндө жарыя чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
1.9. Кыргыз Республикасынын жождоруна, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) сырттан окутуу формаларына, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен окутууга тапшырууда башкы критерийлер болуп абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмдүүлүгү саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
1.10. Жождор алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан КР ББИМи менен даярдоо багыттары жана адистиктери тизмесин жана аларды кабыл алуу планы макулдашылгандан кийин кабыл алууну жарыялашат.
II. Жожго кабыл алууну уюштуруу
2.1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.2. Студенттерди окутуу акысын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык түрлөрүнө жождун жетекчисинин буйругу менен кабыл алууну уюштуруу үчүн кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, анын төрагасы жождун ректору болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышы, лицензияда белгиленген чектүү контингентинин, ошондой эле жождорго кабыл алуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жооптуу болот, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиянын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иш тартибинин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.
2.4. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, укуктары жана иш тартиби жождун ректору тарабынан бекитилген ал жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл.
2.5. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну жождун ректору тарабынан дайындалган жооптуу катчы уюштурат. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчыларына талапкерлер КР ББИМи менен макулдашылат. Бир эле адам удаасы менен эки жылдан ашык жооптуу катчы боло албайт.
2.6. Кирүү сынактарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан сынактык жана апелляциялык комиссиялардын курамы бекитилет. Сынактык жана апелляциялык комиссиялардын ишинин ыйгарым укуктары жана тартиби жождун ректору тарабынан бекитилген алар жөнүндө жобо менен аныкталат. Сынактык комиссиялар ошол жождун эң тажрыйбалуу окутуучуларынан түзүлөт. Бул комиссиялардын курамы жыл сайын 50%тен кем эмес жаңыланып туруш керек.
2.7. Тездетилген программалар боюнча окутууга кабыл алууда аттестациялык сынактарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жождо аттестациялык комиссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссияларды түзүүнүн тартиби, курамы, укуктары жана иш тартиби, ошондой эле аттестациялык сынактарды өткөрүүнүн жол жоболору жождун ректору тарабынан бекитилген тийиштүү жоболор менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Жогорку окуу жайына кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген, билим берүү чөйрөсүндөгү жарандарын укуктарын сактоону, кабыл алуу комиссиясынын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын, тапшыруучулардын жөндөмүн жана шыктарын баалоонун объективдүүлүгүн, кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигинин кабыл алуунун бардык этаптарында жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
2.9. Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттин ЖРТга катышуусу жөнүндө маалыматтардын ырастыгына көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү, ошондой эле абитуриент тарабынан берилген билими тууралуу башка документтердин текшерүүгө укуктуу.
III. Абитуриенттерге маалымат берүүнү уюштуруу
3.1. Абитуриент, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, ата-энеси, жождун уставы, анын билим берүү ишине лицензиялары жана мамлекеттик жана башка аттестациянын (аккредитациянын) сертификаттары, жожго кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кабыл алууга байланыштуу кирүү сынактарынын программалары жана башка зарыл маалымат менен таанышууга укуктуу. Окутуунун акы төлөө келишими боюнча кабыл алууда кабыл алуу комиссиясы абитуриентти, анын мыйзамдуу өкүлдөрүн, ата-энесин тараптардын милдеттемелери жана укуктары, окутуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби, акы төлөөдө жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга милдеттүү.
3.2. Жож жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну бул билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ лицензиясы бар учурда гана жарыялайт.
3.3. Абитуриентти жана (же) анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тааныштыруу максатында жож 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди өзүнүн расмий сайтында жана/же жождо маалымат такталарында 1-майдан кечиктирбей жайгаштырышы керек.
3.4. Документтерди кабыл алууну баштаганга чейин жождун кабыл алуу комиссиясы төмөндөгүлөрдү жарыялайт:
жожго кабыл алуунун ар бир жылдык эрежелери;
жож билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ лицензиясына ылайык кабыл алууну жарыялаган даярдык багыттары жана адистиктеринин тизмеси;
даярдык жана адистик багытынын ар бири боюнча жалпы билим берүү предметтери боюнча кирүү сынактарынын тизмеси;
жогорку кесиптик билими бар адамдар үчүн кирүү сынактарынын тизмеси жана өткөрүү формалары;
магистратура жана аттестациялык сынактар - экинчи жана кийинки курстардын программалары боюнча окутуу үчүн кирүү сынактарынын тизмеси жана формалары;
даярдык жана адистик багытынын ар бири боюнча биринчи курстарга кабыл алуу үчүн орундардын жалпы саны;
кирүү жана аттестациялык сынактардын жыйынтыктары боюнча апелляциялар берүү жана кароо эрежелери;
башка жерлик тапшыруучулар үчүн жатакана(лар) жана жатаканалардагы орундардын саны тууралу маалымат;
акы төлөө келишими боюнча окутуу орундарына тапшыруучулар үчүн келишимдин үлгүсү;
магистратура жана аттестациялык сынактар - экинчи жана кийинки курстардын программалары боюнча окутуу үчүн кирүү сынактарын өтүү мөөнөтү;
окутуу үчүн акы төлөө мөөнөтү.
3.5. Документтерди кабыл алуу учурунда жождун кабыл алуу комиссиясы ар бир күнү берилген арыздар жана конкурстар тууралуу абитуриенттерге маалымат берип турат, абитуриенттердин бардык суроолоруна жооп берүү үчүн атайын телефондордун иштешин уюштурат.
Берилген арыздар, конкурстардын саны тууралуу маалымат даярдык жана адистик багытынын ар бири боюнча берилип, жождун расмий сайтында жана/же кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактасында жайгаштырылышы керек.
IV. Документтерди кабыл алуу
4.1. Акы төлөө келишим боюнча окутуу орундарына документтерди кабыл алуу 20-июндан башталат. Магистратура программасы боюнча окутуу үчүн документтерди кабыл алуу 20-июнда башталып, 1-октябрда аяктайт.
4.2. Жождорго кабыл алуу жарандардын жеке арыздары боюнча жүргүзүлөт.
4.3. Абитуриент конкурска катышуу тууралуу арызын бир эле убакта бир нече жождорго гранттык да, окутуунун акы төлөө келишими орундарына, даярдоонун (адистиктердин) бир нече багыттарына, ошондой эле билим алуунун ар кандай формаларына (күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутуу, экстернат) берүүгө укуктуу.
Жожго кабыл алуу туурасында арыз берүүдө абитуриент анын инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган документти көрсөтөт. Арызга жалпы орто же орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ жана тиешелүү сандагы сүрөттөр тиркелет. Кошумча документтер (ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, медициналык-социалдык маалымкат, спорттук наамынын болушун ырастоочу документтер, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндүгү жөнүндө белгиси бар аскер билети ж.б.) абитуриент тарабынан, эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерге талапкер болсо, көрсөтүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.4. Жогорку окуу жайына кабыл алуу туурасында арыз берүүдө абитуриент өз каалоосу менен анын инсандыгын, жарандыгын тастыктаган документтердин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документинин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана тиешелүү сандагы сүрөттөрүн берет.
4.5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин алар берилген жождун түп нускасы боюнча көчүрмөлөөгө жол берилет.
4.6. Чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими, кесиптик орто же жогорку билими тууралуу мамлекеттик документине эквиваленттүү билими тууралуу документин көрсөтүшү керек. Чет өлкөлүк жарандын документинин экспертизасы КР ББИМи тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандар КР ББИМ тарабынан берилген, билиминин мазмун деңгээлинин ылайыктуулугу жөнүндө маалымкатты көрсөтпөсө, кабыл алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
4.7. Абитуриенттерди гранттык (бюджеттик) орундарга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүү тартиби өзүнчө жобо менен белгиленет.
4.8. Ар бир тапшыруучуга жекече иш көктөмү ачылып, анда бардык тапшырылган документтер жана тапшырылган кирүү сынактарынын, аттестациялык сынактарынын материалдары (аны менен катар жогорку окуу жайынын апелляциялык комиссиясынын чечиминин протоколунун көчүрмөсү) сакталат.
Тапшыруучулардын жекече иш көктөмү жогорку окуу жайда документтерди кабыл алгандан тартып, алты ай аралыгында сакталат.
4.9. Документтерди тапшырууда абитуриентке документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берилет.
4.10. Кабыл алуу комиссиясына билип туруп жасалма документтерди тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
V. Жалпы республикалык тестирлөө жана кирүү сынактары
5.1. Акы төлөө келишим боюнча окутуунун бардык формаларына талапкер абитуриенттерди конкурска кабыл алуу ЖРТнын ушул жылдагы жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт. Абитуриент чектүү баллдан жогору балл алса, кабыл алуу комиссиясы конкурска катышуу үчүн сертификаттарды кабыл алуудан баш тартууга укуксуз. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин абитуриент тапшырган ЖРТнын жыйынтыктары 3 жыл ичинде жарактуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5.2. Акы төлөө келишим боюнча окутуу орундарына конкурс өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби ЖРТнын жыйынтыктары менен гана абитуриенттерди гранттык окууга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүүгө окшош. Ар бир турда абитуриент өзү каалаган факультетинин мөөрү басылган кутусуна сертификаттын айрыма талонун салуу жолу менен бир ЖОЖду тандоого укуктуу. Айрыма талонду берүүдө милдеттүү түрдө сертификаттын түп нускасы көрсөтүлөт. Конкурс мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер абитуриенттер үчүн белгиленген, абитуриенттердин категорияларын эске албастан өткөрүлөт, эң жогорку балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат.
Сынак өткөрүү жана күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окутуу формаларына, анын ичинде: окутуунун аралыктык технологияларын колдонуу менен эсепке киргизүү мөөнөттөрү жож тарабынан өз алдынча белгиленет. Кошумча предметтик тесттерди талап кылган (медициналык адистиктерден тышкары) адистиктерге жана багыттарга окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга сынакка бул тесттерди тапшырбаган, бирок негизги тест боюнча чектиктен жогору же ага барабар баллы бар абитуриенттерге уруксат берилет. Бул адистиктерге эсепке киргизүүдө предметтик тесттердин жыйынтыктары бар абитуриенттер артыкчылыктуу укуктан пайдаланышат, калган орундарга негизги тесттин жыйынтыктары боюнча абитуриенттер сунушталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5.3. Жож кирүү сынактарын төмөндөгү учурда гана өткөрөт:
- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ЖРТнын жыйынтыктары талап кылынбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге тапшыруучу абитуриенттер үчүн.
- абитуриенттер - чет өлкө жарандары үчүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5.4. Кирүү сынактары ЖРТнын жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо турларын өткөрүү убагы менен бирге өткөрүлүшү мүмкүн.
5.5. Жождун, анын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, кабыл алуу эрежелеринде кирүү сынактарынын сабактардын тизмеси, адистик боюнча (даярдык багыты) профилдик предмет белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
5.6. Кирүү сынактары (искусство жана дене тарбия адистиктери боюнча сынактарынан башка) жалпы орто билим берүү программалары туура келген программалар боюнча өткөрүлөт.
5.7. Жождордо, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөтү - 10-июлдан 20-августка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөттөрү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5.8. Кирүү жана аттестациялык сынактардын расписаниеси (предмет, датасы, убактысы, сынактык топ жана сынак өтүүчү жай, консультациялар, жыйынтыктарды жарыялоо датасы) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы же анын орун басары тарабынан бекитилип, 20-июндан кеч эмес убакта абитуриенттерге маалымдалат. Кирүү сынактарынын жана аттестациялык сынактардын расписаниесинде сынактык комиссиялардын төрагасынын жана сынак кабыл алуучулардын аты-жөнү көрсөтүлбөйт.
5.9. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин документтерди алып кеткендер конкурстан чыгарылат.
5.10. Жүйөлүү себептер менен (документ менен тастыкталган ооруп калуу же башка кырдаалдар) кирүү сынактарына кирбей калгандар кирүү сынактарынын кийинки этаптарында параллель топтор менен же алар аяктагандан кийин жекече киргизилет.
5.11. Жожго тездетилген программа боюнча окутууга кабыл алуу жогорку же орто кесиптик билим алууда өтүлгөн айрым сабактарды окутуунун жана башка окутуу иш-чараларынын натыйжаларын кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) негизинде ишке ашырылат. Окутуунун натыйжаларын кайрадан аттестациялоо (кайра зачет тапшыруу) жож тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мында тездетилген программаларды ишке ашырууда окутуунун мөөнөтү башка билим берүү программасы боюнча орто кесиптик билим жана (же) жогорку билим алууда студент өздөштүргөн (өткөн) айрым Дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун натыйжаларын толук же жарым-жартылай кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
5.12. Магистратура программалары боюнча окутуу үчүн конкурс жарандардын арыздары боюнча кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
VI. Кирүү сынактарын өткөрүүнүн жалпы эрежелери
6.1. Кирүү сынактары сынак (оозеки же жазуу), тестирлөө (бланктык же компьютердик), аңгемелешүү түрүндө өтүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2. Жож кирүү сынактарын өткөрүү үчүн КР ББИМ алдындагы Улуттук тестирлөө борборунун тесттик тапшырмаларын, аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде пайдалана алат. Жождун предметтик комиссиялары тарабынан түзүлгөн тесттик тапшырмалар, оозеки сынактар үчүн билеттер, жазуу сынактары үчүн тапшырмалар жалпы орто билим берүү программасына туура келүүгө тийиш.
6.3. Тесттик тапшырмалардын, оозеки сынактар үчүн билеттер жана жазуу сынактары үчүн тапшырмалардын пакеттери жана анын ачкычтары (жооптору) кабыл алуу комиссиясынын төрагасында чапталган конверттерде сакталышы керек, алар тестирлөөнүн (сынактын) алдында гана ачылат.
6.4. Тестирлөөнүн же жазуу сынагынын узактыгы жож тарабынан белгиленет.
6.5. Абитуриенттерди кирүү сынактарына паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документ аркылуу киргизилет.
6.6. Кирүү сынактарынын башталышынын алдында сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сынакты жүргүзүү эрежелери тууралуу нускамалар өткөрүлөт.
6.7. Кирүү сынактарынын учурунда абитуриенттерге төмөндөгүлөр тыюу салынат:
- китептерди, дептерлерди, жазууларды, мобилдик телефондору, электрондук жазуу китептерин жана информация сактоонун башка каражаттарын алып келип пайдаланууга;
- сүйлөшүүгө же сынакчылардын уруксатысыз орун алмаштырууга;
- сынактык билеттерди, жооптордун бланктарын жана жазууларды алмаштырууга.
Кирүү сынактарын өткөрүүнүн тартиби тууралуу талаптарын бир канча жолу бузган учурда абитуриент дисквалификацияланып, кийинки сынакка киргизилбейт. Дисквалификация тиешелүү акты менен толтурулуп, сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.
6.8. Абитуриент тарабынан аткарылган тесттик тапшырманын тапшырылышында комиссиянын мүчөлөрү жооп бланкындагы номер менен тесттик тапшырманын номерин, жооп бланкындагы оңдоолордун, белгилердин жоктугун, бланктардын шариктик же гель калеми менен толтурулушун текшеришет.
6.9. Кирүү сынактарында бөтөн адамдардын катышуусуна тыюу салынат.
6.10. Сынактын аякташы менен тесттер, жооп бланктары жана сынактык баракчалар кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына тапшырылат.
6.11. Жооптуу катчы кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен бирдикте жазуу иштерин же жооп бланктарын өздөрүн белгилөөсү боюнча шифрлеп, сынактык баракчага жана жооп бланкына шарттуу шифр коюшат.
6.12. Сынактык баракчалар жооптуу катчыда калат жана чапталган сейфте сакталат, ал эми жооптордун бланктары текшерүү үчүн сынактык комиссиянын мүчөлөрүнө өткөрүлүп берилет, мында аларды текшерүүгө жождо гана уруксат берилет. Ошол кирүү сынагына тиешеси жоктор текшерүүгө киргизилбейт.
6.13. Сынактык иштерди текшерүү ошол эле күнү, шифрлөө аяктоо менен дароо башталат.
6.14. Сынактык иштерди текшерүүдө төмөндөгү эрежелер сакталууга тийиш:
- карандаш менен боелгон жооптор эсептелбейт;
- абитуриент тарабынан жооптун эки варианты белгиленсе, ошол суроого жооп эсептелбейт;
- жооптор бланкында коюлган балл менен катар, сөзсүз түрдө, текшерүүчүнүн колу жана фамилиясы коюлат;
- жооп бланктарында ишке тиешеси жок кол коюлуп калса же башка жазуулар болсо, тесттик тапшырмалар эки сынакчы тарабынан текшерилет.
6.15. Компьютердик тестирлөөнү жүргүзүүдө суроолор жана жооптор компьютердин мониторунда чагылдырылат. Тест үчүн белгиленген бардык суроолор же убакыт бүтсө, тест аяктайт. Тесттин жыйынтыгы электрондук протоколдо белгиленет. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен таанышуу фактысы абитуриенттин тестирлөө баракчасындагы колу менен тастыкталып, сынактык ведомостко түшүрүлөт.
6.16. Абитуриентке конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берген минималдуу өтмө балл күн мурунтан жож тарабынан белгиленип, максималдуу мүмкүн болгон баллдын санынын 40%дан кем болбошу керек.
6.17. Акы төлөө келишими боюнча орундарга киргизүүгө сунушталган абитуриенттердин тизмеси сынак өткөн кийинки күнү саат эртең мененки 10дон кеч эмес убакта илиниши керек.
6.18. Жожго кабыл алынгандардын жазуу иштери алардын жекече иш көктөмүнө тиркелет. Кабыл алынбаган абитуриенттердин жазуу иштери алты ай аралыгында сакталып, андан соң жок кылынат.
VII. Апелляцияларды берүү жана кароонун жалпы эрежелери
7.1. Кирүү жана аттестациялык сынактардын жыйынтыктары боюнча абитуриент апелляциялык комиссияга, анын ою боюнча, сынакты өткөрүүнүн белгиленген тартиптеги эрежелердин бузулушу жана/же анын жыйынтыктары менен макул эместиги (мындан ары - апелляция) тууралуу жазуу жүзүндө апелляциялык арыз берүүгө укуктуу.
Жазуу сынагын жүргүзгөн учурда абитуриент жож тарабынан белгиленген тартипте өз иши менен таанышып чыга алат.
7.2. Апелляцияны кароо сынакты кайра тапшыруу болуп саналбайт. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сынагын тапшыруунун жыйынтык баасынын тууралыгы гана текшерилет.
7.3. Апелляция жеке абитуриент тарабынан сынак боюнча бааны жарыялагандан кийинки күнү берилет. Кабыл алуу комиссиясы апелляцияларды кабыл алууну иш күн аралыгында камсыздайт.
7.4. Даттанууну кароо учурунда абитуриент катышууга укуктуу. Өзү менен кошо абитуриент инсандыгын тастыктоочу документин жана сынактык баракчаны алып келүүгө тийиш.
7.5. Жашы толо элек 18 жашка чейинки абитуриенттер менен чогуу ата-энесинин бири же мыйзамга ылайык жашы жеткенге чейин толук аракетке жөндөмдүү деп табылган жашы жетпегендерден башка мыйзамдуу өкүлдөрү катышууга укуктуу.
7.6. Аппеляция каралгандан кийин сынак боюнча аппеляциялык комиссиянын чечими чыгарылат.
7.7. Аппеляциялык комиссияда карама-каршы пикирлер жаралган учурда добушка берүү жүргүзүлөт жана чечим көпчүлүк добуш менен бекитилет. Аппеляция комиссиясынын чечими жөнүндөгү протокол абитуриентке жазуу жүзүндө берилет (кол койдуруу менен).
VIII. Кабыл алуу
8.1. Абитуриенттерди жожго билим берүүнүн бардык формаларына кабыл алуу алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан абитуриенттин билими жөнүндөгү документти же анын көчүрмөсү болсо жүргүзүлөт.
Магистратуранын сырттан окуу бөлүмүнө жана тиешелүү профилдеги орто кесиптик билим берүүнүн базасында тездетилген программага кабыл алууда гранттык жана бюджеттик негизде окуган адистиктердин жана даярдоонун педагогикалык багыттагы бүтүрүүчүлөрү берген окуу жай тарабынан күбөлөндүрүлгөн базалык жогорку кесиптик билими (бакалавр) жөнүндө дипломдун же орто кесиптик билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн, гранттык же бюджеттик негизде окугандыгы жана жумушка бөлүштүрүү жөнүндө окуу жайдын маалымкатын тапшырат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
8.2. Абитуриенттерди ЖРТнын натыйжасы боюнча студенттик катарга кабыл алуу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө сертификаттын түп нускасы болсо жүргүзүлөт. Кабыл алуу комиссиясына керектүү документтерди тапшыруу жолу менен жождо окууга өз каалоосун ырастаган абитуриенттердин ЖРТ жыйынтыктары эсепке киргизүүгө чейин Көз карандысыз тест кызматы тарабынан ырасталууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
8.3. Абитуриенттерди жождун күндүзгү бөлүмүнүн студенттеринин катарына кабыл алуу алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде 25-августка чейин, башка формалар боюнча 31-августка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди эсепке киргизүү мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
8.4. Оңдуу баага ылайык балл алган төмөнкү абитуриенттер окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде конкурстан сырткары кабыл алынат:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тоголок жетим жана кароосуз калган балдар (ошол жылдын 1-октябрына чейин 18 жашка чыга электер);
- дарыгер-эмгектик эксперттик комиссиянын чечими менен аныкталган кесип жана багыт боюнча адистик алууга тыюу салынбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- эл аралык жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү (ошол жылы 1-3-орунду алгандар), эгерде тандалып алынган кесип же багыт боюнча олимпиадалык предмет негизги болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)
8.5. Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттын жана Азиялык оюндардын чемпиондору жана призерлору мамлекеттик жана муниципалдык жождорго дене тарбия жана спорт тармагындагы даярдык багыттары (бакалавр, магистратура) жана адистиктер боюнча кирүү сынактарсыз (сынактарсыз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.
8.6. Жожго чейин даярдоо бөлүмүнүн угуучулары жожго жалпы негизде кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар спортсмендер, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн адамга, "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар адамга, жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылыктуу укуктардан пайдаланышат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215, 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8.7. Кирүү сынактарына негизсиз себептер менен катышпагандар же канааттандыраарлык баа ала албай калган катышуучулар конкурска катыша алышпайт жана жожго кабыл алынбайт.
8.8. Гранттык орундарга жана окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде окуу бөлүмдөрүнө конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алынгандыгы тууралуу буйрук баллдарын көрсөтүү менен жождун сайтына же жождун маалымат тактайына жарыяланат.
8.9. КР ББИМи тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө абитуриентти конкурстук негизде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы, анын ичинде ЖРТнын жыйынтыгы тууралуу тастыкталбаган маалыматты берген учурда студент бекитилген тартипте окуудан четтетилет.
IX. Маалымат берүү жана контролдоо
9.1. Жождор уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан КР ББИМине кабыл алуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты төмөнкү мөөнөттө берүүсү зарыл:
- бюджеттик каражаттын эсебинен окууга алуу - 15-сентябрга чейин;
- акы төлөп окуу үчүн - 15-октябрга чейин.
9.2. Жожго кабыл алуу комиссиясынын ишине КР ББИМи көзөмөлдөйт.