Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты № 217
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарда:
- 12-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"12. Сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган кампаларда төмөнкүлөр бөлүнүп берилиши керек:";
- 13-пунктта:
"д" пунктчасы "товарларды жана транспорт каражаттарын" деген сөздөрдөн мурда "бажы контролун жүргүзүү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
"ж" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- 14-пункттагы "айрым талаптар" деген сөздөр "7-пункттун "г" пунктчасында, 12-пунктта көрсөтүлгөн талаптар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|