Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты № 185
Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217, 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65, 96-беренелери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптар (мындан ары - Талаптар) бекитилсин.
2. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 180 күндүн ичинде (жүз сексен) бажы кампалары жана убактылуу сактоо кампалары Талаптарга ылайык келтирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 4-майында № 36-37 жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы№ 185 токтому мененбекитилген |
Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217, 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптар (мындан ары - Талаптар) "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65, 96-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана убактылуу сактоо кампаларын жана бажы кампаларын жайгаштыруу жана жабдуудагы шарттарды белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Талаптарда бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген төмөнкү маанидеги негизги терминдер жана аныктамалар, ошондой эле төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
бажы кампасы - бул курулма (жай), анын чегинде бажы кампасынын бажы жол-жобосунун алдында коюлган чет өлкөлүк товарлар, ошондой эле экспорт бажы жол-жобосунун алдында коюлган бажы бирлигинин товарлары жайгаштырылышы мүмкүн;
курулма (жай) - бул имараттар (анын бөлүгү), имарат комплекси, кайтаруу алдында турган же жеке адамдардын кирүүсү контролдонгон режимдеги жайгаштырылган жана жабдылган аймак жана (же) ачык аянттар.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Убактылуу сактоо кампалары жана бажы кампалары (мындан ары - кампалар) катары колдонууга багытталган имараттар жана (же) ачык аянттар төмөнкүдөй болуп жайгаштырылышы жана жабдылышы керек:
а) товарлардын сактыгы камсыз кылынгандай болуп;
б) бөтөн адамдар (кампанын жумушчулары болбогон, товарларга карата ыйгарым укугу жок же мындай ыйгарым укуктуу жактардын өкүлдөрү болбогон) кире албагандай;
в) бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандай.
4. Кампалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген өрт коопсуздугунун талаптарына, санитардык-эпидемиологиялык жана техникалык нормаларга ылайык келиши керек.
5. Кампанын аймагында кампанын иштөөсүнө байланышы жок объекттер болбошу керек.
6. Кампалар кыймылдап жүрүүчү транспорт каражаттарында же ар кандай түрдөгү кыймылдап жүрүүчү транспорт жабдыгында жайгашпоосу керек.
Кампалардын инфратүзүмүнө карата талаптар
7. Кампалардын инфратүзүмүнө (жайгашуусуна) төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат:
а) транспорт келе ала турган жолдордун болушу (транспорттун түрүнө карата);
б) товарларды бажы жол-жобосуна киргизүүгө байланышкан бажы операциясын жана бажы контролун жүргүзгөн бажы органдарынын кызматкерлери үчүн кызматтык жайлардын болушу;
в) товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тыкыр кароо үчүн үстү жабылган, жабдылган аянттын, эстакаданын (же тыкыр кароо чуңкурунун) болушу;
г) товар ташыган транспорт каражаттарын токтотуу үчүн, товарларды жеткирүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен товарларды жеткирүү бажы операциясын бүтүрүүгө убактылуу керек болгон, жабдылган, кайтарууга алынган чектеш аянттын болушу;
д) кампалардын аймагында же алар жайгашкан жерге жакын төмөнкүлөр болушу керек:
- коомдук тамактануу жайлары (ашкана, буфет ж.б.);
- санитардык-тиричилик жайлар (даараткана, чайынма);
е) кампаларда бажы өкүлдөрү жана жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу контроль жүргүзүүчү органдары үчүн кызматтык жайдын болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жүк түшүрүүчү туташ аянттарды кошкондо кампанын аянты (бир же бир нече кампа жайлары жана аянтчалары бир аймакта жана бир даректе жайгашкан шартта) кайтарууга алынуусу, бардык периметри боюнча белгиленүүсү жана тосулушу жана транспорт каражаттарынын коопсуз өтүүсүн камсыз кылган катуу төшөлүшү керек.
9. Товарлардын сактыгын камсыз кылган кампанын, капиталдык имараттын (курулуштун) ичинде жайгашкан тосмодон тышкары, кампанын аймагынын тосмосу темир бетондон; бетондон; кыштан; металл конструкциядан, же бул материалдардын комбинациясынан жасалган, бийиктиги 2,2 метрден кем болбогон үзгүлтүксүз конструкция болушу керек.
10. Тосмонун алдында (дарбазанын маңдайында же контролдоо-өткөрмө пункттарында) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган бажы контролунун зонасын белгилөө жана түзүү тартибине ылайык мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги бажы контролунун зонасы экенин билдирген, белгиленген формадагы белгилер илиниши керек
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Имараттар жана (же) ачык аянттар бир убакта убактылуу сактоодо турган товарларды жана бажы кампасы бажы жол-жобосуна киргизилген товарларды сактоо үчүн колдонулган учурларда, мындай имараттардын жана ачык аянттардын бөлүктөрү бири-биринен бөлүнүп турушу жана транспорт каражаттары келе тургандай жолдору болушу керек.
12. Сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган кампаларда төмөнкүлөр бөлүнүп берилиши керек:
а) жабдылган жана атайын ылайыкталган жайлар, башка товарларга зыян келтирүүчү же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган сыйымдуулуктар;
б) тез бузулуучу продукцияларды сактоо үчүн муздатуучу түзмөктөр;
в) дары-дармектерди сактоо үчүн - белгилүү температуралык режимди сактаган атайын жайлар.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Кампалардын техникалык жабдылуусуна карата талаптар
13. Кампаларды техникалык жабдууга төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат:
а) бажы органдарында колдонулган программалык продуктылар менен айкалышып иштей ала турган товарларды эсепке алуунун автоматташкан тутумунун болушу; мыйзамсыз кирүүдөн маалыматтарды коргой турган тийиштүү каражаттар менен жабдылышы;
б) телефон жана факсимилдик байланыштын, оргтехниканын жана көбөйтүүчү техниканын, Интернет глобалдуу түйүнүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү бар компьютердин, кызматтык жайларда локалдуу түйүндөрдүн болушу;
в) жүктөөчү-жүк түшүрүүчү техниканын болушу (мисалы, автожүктөгүчтөр, электрожүктөгүчтөр, электрокарлар, механикалык арабалар, крандар, тельферлер, көтөргүчтөр);
г) үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу зарыл болгон учурга электр тогун иштеп чыгуучу генератордун болушу;
д) бажы контролун жүргүзүү үчүн товарларды жана транспорт каражаттарын таразага тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, таразага тартуунун ар кандай чектери бар сертификациядан өткөн тараза жабдыктарынын болушу;
е) дарбазаларда, жайларда, сыйымдуулуктарда жана товарлар жана транспорт каражаттары жайгашкан башка жерлерде эки бекитүүчү түзмөктүн болушу;
ж) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
з) кампа жана анын иштөө тартиби тууралуу бардык маалыматтарды чагылдырган маалымат тактасынын болушу;
и) кампанын аймагында акыркы отуз календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуя жөнүндө видео маалыматты көргөзгөн, күнү-түнү режимде иштеген, видео байкоонун болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217, 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Ишканалардын аймагында жайгашкан, ээлери өндүрүштүк ишти жүргүзүп жаткан жактар болгон жабык типтеги кампаларды жайгаштыруу жана жабдууга карата 7-пункттун "г" пунктчасында, 12-пунктта көрсөтүлгөн талаптар колдонулбашы мүмкүн, эгер кампа катары колдонууга арналган жайлар жана (же) ачык аянттар товарлардын сактыгын камсыз кылынгандай, бөтөн адамдар (кампанын жумушчулары болбогон, товарларга карата ыйгарым укугу жок же мындай ыйгарым укуктуу жактардын өкүлдөрү болбогон) кире албагандай, ошондой эле бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандай болуп жайгаштырылса жана жабдылса.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217, 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Иштөө режими
15. Убактылуу сактоо кампасынын иштөө режими - күнү-түнү (бажы контролунда турган товарларды ташыган транспорт каражаттары сутканын каалаган убагында кирүүсүн камсыз кылуу үчүн).
16. Бажы кампасынын иштөө режими - кампанын ишине контроль жүргүзгөн бажы органынын иштөө режимине дал келиши керек.