ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185»Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу»

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 28-марты № 217

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарда:

- 12-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"12. Сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган кампаларда төмөнкүлөр бөлүнүп берилиши керек:";

- 13-пунктта:

"д" пунктчасы "товарларды жана транспорт каражаттарын" деген сөздөрдөн мурда "бажы контролун жүргүзүү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;

"ж" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;

- 14-пункттагы "айрым талаптар" деген сөздөр "7-пункттун "г" пунктчасында, 12-пунктта көрсөтүлгөн талаптар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов