Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 517 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-сентябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик материалдык резервге сапаттык көрсөткүчтөрү жогорку аштык буудайдын коюлушун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик материалдык резервде аштык буудайдын запасын тез арада толуктоо зарылдыгына байланыштуу мамлекеттик резервге коюу үчүн үчүнчү класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес 10,0 миң тонна көлөмдөгү аштык буудай Казакстан Республикасынан 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде, бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алынсын;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |