Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 517 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-июлу № 487
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн өз учурунда жыйноону жана сактоону уюштуруу, ошондой эле 2013-жылдын түшүмүнө күздүк кылкандуу дан эгиндеринин жогорку түшүмдүү үрөнүн себүүнү кеңейтүү боюнча чараларды ишке ашыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана анын ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн катышуусунда:
- колдо болгон жыйноочу, таразага тартуучу жана дан тазалоочу техниканы оңдоону өз учурунда жүргүзүүнү камсыз кылсын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн кабыл алууга жана кайра иштетүүгө кырмандарды, кампа жайларды өз учурунда даярдасын жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн толук сактоону камсыз кылсын:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо мезгилинде жыйноого тартылган айыл чарба техникасын жана транспорт каражаттарын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча мобилдүү сервистик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин уюштурсун;
- дан жыйноочу комбайндарды жана транспорт каражаттарын өрткө каршы шаймандар менен камсыз кылсын, ошондой эле талааларда, кырмандарда, чөп үймөктөрүндө жана айыл чарба продукцияларын сактоонун жана кайра иштетүүнүн башка жерлеринде өрткө каршы коопсуздуктун зарыл чараларын так сактоону камсыз кылсын;
- облустар, райондор, айыл аймактары боюнча кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноонун тиешелүү графиктерин жана эгиндин бышуу мөөнөтүн эске алуу менен дан жыйноочу комбайндардын жүрүү маршруттарынын схемаларын шашылыш тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;
- кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн тездетип жыйноо үчүн, өзгөчө алар кеч бышуучу массивдерде тартылган комбайнчыларга талаада үзгүлтүксүз иштөө үчүн бардык шарттарды түзүү менен, өз ара алмашуу иретинде дан жыйноочу комбайндарды мүмкүн болгон максимум санда тартууну уюштурсун;
- зарыл болгон запастык бөлүктөр, түйүндөр жана агрегаттар менен камсыз кылууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү менен кыртыш иштетүүчү, себүүчү, үрөн тазалоочу, дары себүүчү айыл чарба техникасын, ошондой эле бардык колдо болгон автотранспорт каражаттарын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча бардык агротехникалык жана техникалык сервистик кызматтарды айдоо иштерин жүргүзүүнүн жана кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнүн бүткүл мезгилине тартсын;
- айдоо алдындагы сугатты милдеттүү түрдө жүргүзүү жана себүүнүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрүн сактоо менен, кыртышты себүүгө даярдоонун алдыңкы технологиясын колдонуу менен себүүнүн сунушталган программасын карманып, негизинен сугат жерлерге күзгү буудайды себүүнү жайгаштыруу боюнча республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- буудайдын, арпанын жана тритикаленин Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген жакшы сортторунун себүү материалын күздүк себүүнүн белгиленген өлчөмүн аткаруу үчүн зарыл болгон топтоону аларды себүү алдында милдеттүү түрдө дарылоо менен себүү кондициясына жеткирүү үчүн ар бир айыл аймагы боюнча өз убагында камсыз кылсын;
- республиканын үрөн чарбаларында, облустардын жана райондордун башка чарбакер субъекттеринде кошумча талаа инспекцияларын жүргүзүү менен буудайдын күздүк жана жаздык, ошондой эле күздүк арпанын эң жакшы сортторунун себүүлөрүн үрөн максатында кошумча бөлсүн жана эгиндин жыйналган түшүмүн сактоо, себүү кондициясына чейин жеткирүү жана аны үрөн максатында топтоо үчүн жооптуу адамдарды дайындасын;
- жер айдаганда жана себүүдө жөөктөргө төгүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө фосфордук жана азоттук-фосфордук жер семирткичтерди сатуу максатында соода жерлерин, агродаарыканаларды жана кампаларды бардык жерлерде ачуу үчүн минералдык жер семирткичтерди жеткирүүчүлөргө шарттарды түзүп берсин;
- күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү үчүн арналган сугат массивдеринде жер айдоо алдындагы сугарууну милдеттүү түрдө жүргүзүү үчүн ички чарбалык жана чарбалар аралык сугат тармагын чабууну өз убагында уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусунун региондук кызматтары менен бирдикте мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карызы бар үрөн чарбалардын жана башка чарбакер субъекттердин тизмесин карызды күздүк буудайдын жана күздүк арпанын сертификацияланган үрөндөрү менен тындыруу үчүн оперативдик тартипте аныктасын;
- күздүк буудайдын жана күздүк арпанын суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрүн Республикалык мамлекеттик үрөн фондусуна топтосун, аларды себүү кондициясына чейин жеткирүүнү камсыз кылсын жана алардын толук тизмесин аларды 2013-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүүгө пайдалануу үчүн товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча Мамлекеттик республикалык комиссияга берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына сунуш кылынсын:
- белгиленген жыйноо иштерин аткаруу үчүн, ошондой эле 2013-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн ушул токтомдун 1, 2-тиркемесине ылайык өлчөмдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн муктаждыгына ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарды нефтебазаларда жана автомай куюучу станцияларда топтоо;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана анын ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөлөрү менен бирдикте жыйноочу, айдоочу иштердин жана күздүк себүүнүн бүткүл комплексин жүргүзүүдө дизель отунун жана башка зарыл болгон күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу үчүн ар бир айылдык аймакка автомай куюучу станцияларды жана нефтебазаларды, автомай куюучу станцияларды жана нефтебазаларды системалуу түрдө толуктоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүү менен, бекитип берсин.
3. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдоруна жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана айыл аймактарынын башчылары менен бирдикте кырмандардын, жыйноочу, кыртыш иштетүүчү жана себүүчү айыл чарба техникасын оңдоо боюнча механикалык мастерскойлордун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноо, айдоо жана кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнү жүргүзүү мезгилинде тартылган башка көмөкчү кызматтардын иши үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча маселени чечүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүү жана лизингдик кредиттик ресурстарды көбөйтүү үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна Япония Өкмөтүнүн гранттарынын кайтарылуучу каражаттарынын утурлоочу фонддорунун эсебинен 115,0 млн. сомду жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынын кайтарылуучу каражаттарынын утурлоочу фонддорунун эсебинен 80,0 млн. сомду 15 жылдык мөөнөткө проценти жок бюджеттик ссуда катары бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Мамматрезерв фонду):
- мамлекеттик материалдык резервде аштык буудайдын запасын тез арада толуктоо зарылдыгына байланыштуу мамлекеттик резервге коюу үчүн үчүнчү класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес 10,0 миң тонна көлөмдөгү аштык буудай Казакстан Республикасынан 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде, бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алынсын;
- бюджеттик ссудалар жана чет элдик кредиттер, Япониянын Өкмөтүнүн гранттары жана Мамматрезерв фондусунун линиясы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусу берген товардык кредиттер (буга тындыруу мөөнөтү 10 жыл болгон техника түрүндө берилген кредиттер кирбейт) боюнча карызды тындыруунун эсебинде илээшкектиги кеминде 21 процентти камтыган төртүнчү класстан төмөн эмес азык-түлүк буудайын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн кабыл алууну жүргүзсүн.
Мамлекеттик резервге коюу үчүн 2012-жылдагы түшүмдөн азык-түлүк буудайын кабыл алууну тикелей жооптуу сактоочу-ишканалардан жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Буудайды, арпаны жана тритикалени күздүк себүүнү өткөрүүнүн сунуш кылынган программасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 "2012-жылы Кыргыз Республикасында жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана өз убагында өткөрүү чаралары жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- 2012-жылдагы жаздык себүү үчүн кылкандуу дан эгиндеринин жана көп жылдык чөптөрдүн үрөндөрүн тендердик сатып салуунун натыйжасында пайда болгон бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыгын - 3,3 млн. сомду күздүк буудайдын үрөнүн тендердик сатып алууну өткөрүүгө жумшоо:
- 2012-жылдагы жаздык себүү үчүн жаздык арпанын үрөнүн сатып алууга, көп жылдык чөптөрдүн үрөнүн сатып алууга арналган 7,7 млн. сом бюджеттик каражаттарын өндүрүштүк зарылдыкка жараша пайдалануу.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги сатып алуу бааларын бир жумалык мөөнөттө белгилесин:
- 2013-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүүдө үрөн чарбалары жана башка чарбакер субъекттер тарабынан пайдаланылышы үчүн, мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карызды тындыруунун эсебинде республикалык мамлекеттик үрөн фондусуна топтолуучу күздүк буудайдын, арпанын жана тритикаленин үрөнүнө;
- бюджеттик ссудалар жана чет элдик кредиттер, Япониянын Өкмөтүнүн гранттары жана Мамматрезерв фондусунун линиясы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусу тариздеген товардык кредиттер (буга 10 жылдык мөөнөткө техника түрүндө берилген кредиттер кирбей) боюнча карызды тындыруунун эсебинде Мамматрезерв фондусуна кабыл алынуучу жана берилүүчү азык-түлүк буудайына.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тендер боюнча сатып алган, ошондой эле республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон жана 2013-жылдын 1-декабрына чейин кайтарып берүү мөөнөтү менен проценти жок товардык кредит ирээтинде, товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык, облустук жана райондук мамлекеттик комиссияларын чечимдери менен бөлүштүрүлгөн күздүк кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн 2013-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүүгө пайдалануу үчүн алуучуларга - республиканын үрөн чарбаларына жана башка чарбакер субъекттерине кредиттик-күрөө документтерин өз убагында тариздөөнү камсыз кылсын.
10. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы: - Чүй жана Талас облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү өстүргөн жана кызылча сырьесун кайра иштетүүчүлөр кабыл алган кант кызылчасынын тамыртүбүнүн түшүмүн кабыл алуу пункттарынан аны кайра иштетүүчү жерлерге чейин ташуу үчүн зарыл болгон сандагы вагондорду "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун арызынын негизинде бөлүп берсин;
- 2012-жылдагы кант кызылчасынын тамыртүбүнүн түшүмүн кабыл алуу жана ташуу мезгилинде түшүргөн жана жүктөгөн учурдагы вагондордун токтоп туруусунун экономикалык жактан негизделген нормативдерин белгилесин;
- кант кызылчасын (кызылча пункттарынан баштап "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун кант заводундагы кайра иштетүүчү жерге чейин) жана кызылча өстүрүүчүлөр менен эсептешүү үчүн арналган кумшекерди (кант заводунан баштап кызылча пункттарына чейин) ташууда темир жол тарифтерин 20 процентке сезондук төмөндөтүүнү 2012-жылдын 15-октябрынан баштап 31-декабрына чейинки мезгилге белгилесин.
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 606 "2012-жылдагы түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнү өткөрүүнүн программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн 2012-жылы жыйноо иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарына болгон МУКТАЖДЫГЫ
(тонна)
┌───────────────────────┬──────────┬──────────┬───────────────┬───────┐
│ Облустардын аталышы │ Дизел │Автобензин│ Дизель майы │ Автол │
│ │ отуну │ │ │ │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Баткен │ 2160 │ 648 │ 130 │ 40 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Жалал-Абад │ 5420 │ 1626 │ 325 │ 97 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Ысык-Көл │ 3819 │ 1145 │ 230 │ 70 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Нарын │ 2376 │ 712 │ 142 │ 42 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Ош │ 4195 │ 1258 │ 250 │ 75 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Талас │ 3230 │ 970 │ 194 │ 58 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Чүй │ 13990 │ 4197 │ 840 │ 252 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Республика боюнча │ 35190 │ 10557 │ 2111 │ 630 │
│бардыгы │ │ │ │ │
└───────────────────────┴──────────┴──────────┴───────────────┴───────┘
2-тиркеме
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн 2013-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон МУКТАЖДЫГЫ
(тонна)
┌───────────────────────┬──────────┬──────────┬───────────────┬───────┐
│ Облустардын аталышы │ Дизел │Автобензин│ Дизель майы │ Автол │
│ │ отуну │ │ │ │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Баткен │ 850 │ 255 │ 30 │ 10 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Жалал-Абад │ 2000 │ 600 │ 70 │ 23 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Ысык-Көл │ 1250 │ 375 │ 44 │ 15 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Ош │ 3400 │ 1020 │ 119 │ 39 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Талас │ 1000 │ 300 │ 35 │ 12 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Чүй │ 6500 │ 1950 │ 227 │ 75 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼───────────────┼───────┤
│Республика боюнча │ 15000 │ 4500 │ 525 │ 173 │
│бардыгы │ │ │ │ │
└───────────────────────┴──────────┴──────────┴───────────────┴───────┘
3-тиркеме
2013-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн сунуш кылынган ПРОГРАММАСЫ
┌──────────────────────┬────────┬──────────┬───────┬──────────────────┐
│ Облустардын жана │ Күздүк │ Күздүк │ Күздүк│ Бардыгы │
│ райондордун │ буудай,│тритикале,│ арпа, │ кылкандуу дан │
│ аталышы │ миң га │ миң га │ миң га│ эгиндери, миң га │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Бардыгы Кыргыз │ 278,3 │ 1,7 │ 10,0 │ 290,0 │
│Республикасы боюнча │ │ │ │ │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Баткен облусу - │ 15,0 │ │ - │ 15,0 │
│бардыгы │ │ │ │ │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Баткен району │ 2,8 │ │ - │ 2,8 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Кадамжай району │ 7,6 │ │ - │ 7,6 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Лейлек району │ 3,5 │ │ - │ 3,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Кызыл-Кыя шаары │ 0,5 │ │ - │ 0,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Баткен шаары │ 0,2 │ │ - │ 0,2 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Исфана шаары │ 0,4 │ │ - │ 0,4 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Жалал-Абад облусу - │ 42,0 │ │ - │ 42,0 │
│бардыгы │ │ │ │ │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Аксы району │ 3,5 │ │ - │ 3,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ала-Бука району │ 8,2 │ │ - │ 8,2 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Базар-Коргон району │ 6,0 │ │ - │ 6,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ноокен району │ 7,5 │ │ - │ 7,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Сузак району │ 15,8 │ │ - │ 15,8 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Токтогул району │ 0,5 │ │ - │ 0,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Жалал-Абад шаары │ 0,5 │ │ - │ 0,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ысык-Көл облусу - │ 19,8 │ 0,5 │ - │ 20,0 │
│бардыгы │ │ │ │ │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ак-Суу району │ 5,0 │ 0,3 │ - │ 5,1 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Жети-Өгүз району │ 4,5 │ │ - │ 4,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ысык-Көл району │ 3,4 │ │ - │ 3,4 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Тоң району │ 0,5 │ │ - │ 0,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Түп району │ 6,4 │ 0,2 │ - │ 6,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ош облусу - бардыгы │ 61,0 │ │ - │ 61,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Алай району │ 0,5 │ │ - │ 0,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Араван району │ 6,0 │ │ - │ 6,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Кара-Кулжа району │ 1,8 │ │ - │ 1,8 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Кара-Суу району │ 21,2 │ │ - │ 21,2 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ноокат району │ 14,5 │ │ - │ 14,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Өзгөн району │ 17,0 │ │ - │ 17,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Талас облусу - бардыгы│ 13,0 │ │ - │ 13,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Бакай-Ата району │ 3,0 │ │ - │ 3,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Кара-Буура району │ 4,4 │ │ - │ 4,4 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Манас району │ 4,6 │ │ - │ 4,6 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Талас району │ 1,0 │ │ - │ 1,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Чүй облусу - бардыгы │ 127,5 │ 1,2 │ 10,0 │ 139,0 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Аламүдүн району │ 10,6 │ │ 1,7 │ 12,3 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Жайыл району │ 19,6 │ 0,4 │ 1,5 │ 21,5 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Кемин району │ 6,0 │ │ 0,1 │ 6,1 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Москва району │ 24,0 │ │ 1,9 │ 25,9 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Панфилов району │ 17,4 │ 0,4 │ 0,1 │ 18,2 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Сокулук району │ 25,6 │ │ 1,8 │ 27,4 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Ысык-Ата району │ 15,8 │ 0,4 │ 2,7 │ 18,9 │
├──────────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────────────────┤
│Чүй району │ 8,5 │ │ 0,2 │ 8,7 │
└──────────────────────┴────────┴──────────┴───────┴──────────────────┘