Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 517
2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө
2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө жагымдуу шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн айдоо аянттарынын сунушталган түзүмү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирге:
- 2014-жылы түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күзгү себүүнү сунушталган түзүмгө ылайык күздүк буудайды жана арпаны себүүнү жайгаштыруу боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөр менен уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айыл чарба иштерин жыл сайын уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штабды түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн облустук жана райондук штабдардын отурумдарында күзгү себүү өнөктүгүнө даярдык көрүү, өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө маселелерди карашсын:
- күзгү айдоо жана себүүнү жүргүзүү өнөктүгүндө тракторлорду, дан сепкичтерди, кыртыш иштетүүчү жана айыл чарба транспорт техникасын оңдоо, техникалык тейлөө боюнча агротехникалык жана техникалык сервис кызматтары иштетилип, комплект бөлүктөрү, түйүндөр жана агрегаттар менен камсыздоодо аларга көмөк көрсөтүшсүн;
- күзгү талаа жумуштарын өткөрүү мезгилинде иштетилген механикалык устаканалар, техникалык сервистер жана алардын базасында түзүлгөн тракторлорду, кыртыш иштетүүчү, себүүчү, айыл чарба транспорт техникасын оңдоо боюнча машина-технологиялык станциялар, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн даярдоо жана талап кылынган кондицияга жеткирүү боюнча дан кырмандарынын иштөөсү үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча чаралар көрүлсүн;
- учурдагы күзгү себүүнү өткөрүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү буудай жана арпа үрөндөрү менен убагында камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн, себүүнүн алдында милдеттүү ууландыруу менен аларды тазалоону жана себүү кондициясына жеткирүүнү уюштурушсун;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө күздүк себүү үчүн илээшкектик сапаты жогору, нанга ылайыктуу, жакшы сапатка ээ болгон буудай сортторун пайдалануу сунушталсын: сугат жерлери үчүн - "Интенсивная", "Кыял", "Тилек", "Дордой-16", "Жаным" (ата мекендик селекция); "Краснодар 99", "Афина", "Грация", "Есаул" (краснодар селекциясы); кайрак жерлер үчүн: - "Адыр", "Эритросперум 760" (ата мекендик селекция); "Наз", "Жадыра", "Карасай" (казак селекциясы);
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунун региондук кызматтары менен бирге мамлекеттик зайым каражаттары боюнча төлөнө элек карызы бар (10 жыл ичинде төгүү мөөнөтү менен берилген Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын гранттарынан тышкары) жана бул карызын күзгү буудай жана күзгү арпанын сертификацияланган үрөндөрү менен төлөөнү каалагандар бул үрөндөрдү республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтоп, кийин үстүбүздөгү жылдын күздүк себүүсүнө пайдаланууну көздөгөн үрөн чарбаларын жана башка чарба субъекттерин аныкташсын:
- күздүк буудайды жана күздүк арпаны себүү үчүн арналган бардык сугат жерлерде айдоо алдындагы шарттарды өз убагында түзүшсүн жана милдеттүү өткөрүүнү уюштурушсун, ошондой эле нымдуулукту сактоочу сугатты уюштурушсун;
- айдоо жумуштарын жана күзгү себүүнү өткөрүүнүн өнөктүгүндө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү дизель майы жана башка күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн чаралар көрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине 2014-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө буудайдын сертификацияланган үрөнүн тендердик негизде сатып алуу үчүн бөлүнгөн 20,0 (жыйырма) млн.сом бюджеттик каражатка кошумча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш чаралар жөнүндө" токтомунда каралган 2013-жылдын жаздык себүүсү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн тендердик сатып алуулардын натыйжасында түзүлгөн 3,1 млн. (үч миллион бир жүз миң) сом - бюджеттик каражаттын пайдаланылбаган калдыгын жумшоого уруксат берилсин, алардын мамлекеттик насыя каражаттары боюнча карызы болгондуктан (1,3 млн. (бир миллион үч жүз миң) сом суммасындагы 55 тонна жаздык буудай үрөнү, 1,3 млн. (бир миллион үч жүз миң) сом суммасындагы 26,2 тонна пахта үрөнү, 0,5 млн. (беш жүз миң) сом суммасындагы 4 тонна гречиха үрөнү) республиканын айыл чарба субъекттери тарабынан жол жоболоштурулган жана тандалып алынган эмес.
4. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча райондук мамлекеттик комиссиялар республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон, ошондой эле тендер боюнча сатылып алынган жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин сунушу менен товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик ведомстволор аралык комиссия тарабынан бөлүнгөн күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүн 3 күндүк мөөнөттө бөлүштүрүүнү камсыздашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жана 2014-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүдө пайдаланууга бөлүнгөн күздүк буудай жана арпанын үрөндөрүнүн сатып алуу баасын бир жумалык мөөнөт ичинде аныктасын ("Суперэлита", "Элита" биринчи жана экинчи репродукциялар).
6. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фонду, республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тендери боюнча 2014-жылдын 1-декабрына чейин кайтарып берүү мөөнөтү менен пайызы жок товардык кредит берүү шартында сатып алынган, сертификацияланган күздүк буудай жана арпа үрөндөрүн алуучулардын - үрөн чарбаларынын жана республикалык башка чарба субъекттеринин кредиттик күрөө келишимдерин өз убагында жол-жоболоштурууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдердер ассоциациясына белгиленген күзгү талаа иштерин аткаруу үчүн дизель майын жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды 2-тиркемеге ылайык керектелүүчү көлөмдө нефтебазаларда жана автомайкуюучу станцияларда топтоо сунуш кылынсын.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 619 "2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 517 токтомунун 1-тиркемеси |
(миң га)
┌─────────────────────┬──────────┬─────────┬─────┬────────────────────┐
│ Облус жана │2009-2012-│2013-жылы│ +/- │ Себүү аянтынын │
│ райондордун аталышы │ жылдары │ себүү │ │ сунушталган түзүмү │
│ │ күздүк │аянтынын │ ├──────┬──────┬──────┤
│ │буудайдын │сунуштал-│ │Күздүк│Күздүк│Жалпы │
│ │ орточо │ ган │ │буудай│ арпа │күздүк│
│ │ жылдык │ түзүмү │ │ │ │ │
│ │ аныктал- │(облустар│ │ │ │ │
│ │ган аянты │арасында)│ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кыргыз Республикасы │ 225,1 │ 211,0 │-14,1│ 225,2│ 12,4│ 237,4│
│боюнча бардыгы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Баткен облусу, │ 12,0 │ 9,7 │ -2,2│ 12,0│ 0,1│ 12,1│
│бардыгы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Баткен району │ 2,4 │ 2,8 │ +0,4│ 2,8│ │ 2,8│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кадамжай району │ 5,3 │ 3,5 │ -1,7│ 4,3│ │ 4,3│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Лейлек району │ 3,0 │ 2,9 │ -0,1│ 3,6│ 0,1│ 3,7│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Исфана шаары │ 0,5 │ - │ -0,5│ 0,5│ │ 0,5│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Баткен шаары │ 0,2 │ 0,1 │ -0,1│ 0,2│ │ 0,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кызыл-Кыя шаары │ 0,6 │ 0,5 │ -0,1│ 0,6│ │ 0,6│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Жалал-Абад облусу, │ 23,9 │ 20,5 │ -3,4│ 23,9│ 1,5│ 25,4│
│бардыгы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Аксы району │ 1,6 │ 0,4 │ -1,2│ 1,6│ │ 1,6│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ала-Бука району │ 4,2 │ 4,3 │ +0,1│ 4,2│ │ 4,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Базар-Коргон району │ 3,8 │ 3,5 │ -0,3│ 3,8│ 1,3│ 5,4│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ноокен району │ 3,3 │ 3,5 │ +0,2│ 3,3│ │ 3,3│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Сузак району │ 10,3 │ 8,4 │ -1,9│ 10,3│ 0,2│ 10,5│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Тогуз-Торо району │ 0,1 │ - │ -0,1│ 0,1│ │ 0,1│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Токтогул району │ 0,3 │ 0,2 │ -0,1│ 0,3│ │ 0,3│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Чаткал району │ 0,1 │ - │ -0,1│ 0,1│ │ 0,1│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Жалал-Абад шаары │ 0,3 │ 0,2 │ -0,1│ 0,3│ │ 0,3│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ош облусу, бардыгы │ 45,2 │ 45,3 │ +0,1│ 45,3│ 0,5│ 45,8│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Алай району │ 0,4 │ 0,3 │ -0,1│ 0,4│ 0,2│ 0,6│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Араван району │ 3,5 │ 4,6 │ +1,1│ 3,5│ │ 3,5│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кара-Кулжа району │ 1,2 │ 0,7 │ -0,5│ 1,2│ │ 1,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кара-Суу району │ 14,2 │ 15,0 │ +0,8│ 14,2│ │ 14,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ноокат району │ 10,2 │ 7,7 │ -2,5│ 10,2│ │ 10,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Өзгөн району │ 15,7 │ 17,0 │ +1,3│ 15,7│ 0,3│ 16,0│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ош шаары │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ысык-Көл облусу, │ 12,5 │ 10,0 │ -2,5│ 12,5│ │ 12,5│
│бардыгы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ак-Суу району │ 2,1 │ 2,0 │ -0,1│ 2,1│ │ 2,1│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Жети-Өгүз району │ 2,0 │ 2,0 │ - │ 2,0│ │ 2,0│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ысык-Көл району │ 3,2 │ 3,0 │ -0,2│ 3,2│ │ 3,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Тоң району │ 0,2 │ - │ -0,2│ 0,2│ │ 0,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Түп району │ 5,0 │ 3,0 │ -2,0│ 5,0│ │ 5,0│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Талас облусу, бардыгы│ 10,9 │ 7,5 │ -3,4│ 10,9│ 0,3│ 11,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Бакай-Ата району │ 1,8 │ 1,0 │ -0,8│ 1,8│ │ 1,8│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кара-Буура району │ 4,4 │ 3,3 │ -1,1│ 4,4│ │ 4,4│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Манас району │ 4,3 │ 3,0 │ -1,3│ 4,3│ 0,3│ 4,6│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Талас району │ 0,4 │ 0,2 │ -0,2│ 0,4│ │ 0,4│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Чүй облусу, бардыгы │ 120,6 │ 117,9 │ -2,7│ 120,6│ 10,0│ 130,6│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Аламүдүн району │ 8,7 │ 8,5 │ -0,2│ 8,7│ 1,5│ 10,2│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Жайыл району │ 19,4 │ 19,5 │ +0,1│ 19,4│ 1,5│ 20,9│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кемин району │ 6,4 │ 6,1 │ -0,3│ 6,4│ 0,1│ 6,5│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Москва району │ 21,9 │ 20,0 │ -1,9│ 21,9│ 1,7│ 23,6│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Панфилов району │ 17,3 │ 17,2 │ -0,1│ 17,3│ 0,2│ 17,5│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Сокулук району │ 23,9 │ 25,6 │ +1,7│ 23,9│ 1,8│ 25,7│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Ысык-Ата району │ 15,0 │ 14,5 │ -0,5│ 15,0│ 3,1│ 18,1│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Чүй району │ 8,0 │ 6,4 │ -1,6│ 8,0│ 0,1│ 8,1│
└─────────────────────┴──────────┴─────────┴─────┴──────┴──────┴──────┘
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 517 токтомунун 2-тиркемеси |
(тонна)
┌──────────────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬───────┐
│ Облустардын аталышы │ Дизель │ Бензин │ Дизель │ Автол │
│ │ отуну │ │ майы │ │
├──────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Баткен │ 580 │ 170 │ 50 │ 20 │
├──────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Жалал-Абад │ 1300 │ 390 │ 120 │ 35 │
├──────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Ысык-Көл │ 590 │ 180 │ 55 │ 20 │
├──────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Ош │ 2700 │ 810 │ 240 │ 70 │
├──────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Талас │ 470 │ 140 │ 45 │ 15 │
├──────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Чүй │ 7560 │ 2270 │ 680 │ 200 │
├──────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Жалпы республика боюнча │ 13200 │ 3960 │ 1190 │ 360 │
└──────────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴───────┘