Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 628
"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу".
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 362-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын
чечимдери
Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын чечимдери мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгарылат.".
2. 7 жана 8-беренелер төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу
1. Ченемдик укуктук актылар эки тилде кабыл алынат: мамлекеттик жана расмий тилдерде.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктерде жашаган калктын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген шартта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын тийиштүү чечими болгон учурда ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алууга жол берилет.
8-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо
Бул Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынган тилде жарыяланаарын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМАТКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде кабыл алуу жана жарыялоо маселеси курч турууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 29-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо дегенде Өкмөт тарабынан аныкталган кагаз же электрондук басылмада ченемдик укуктук актынын текстин чыгаруу жолу менен алар жөнүндө жалпы элдин кабардар кылынышы түшүндүрүлөт.
"Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтому менен ушул максаттагы бир катар басылмалар аныкталган.
Ошондой болсо да ченемдик укуктук актылардын тексттерин басылмаларда жарыялоодо каржы жагынан кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап көрүү зарылдыгы жөнүндө көп айтылып келүүдө.
Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий жарыялоо үчүн бөлүнгөн каржы каражаттарынын чектелүү келгендиги, басылмаларынын сейрек басылганы жана алардын көлөмү аздыгы жөнүндө белгиленип келди, ушунун натыйжасында басылмалардын нускасын чыгаруу процесси создуктурулууда.
Ушул факторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын Конституциянын 6-беренесине ылайык мыйзамдуу күчүнө киришин создуктуруп, бул айрым коомдук-укуктук мамилелерге өз таасирин тийгизүүдө.
Ушундан улам Юстиция министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, учурда кабыл алынган (Өкмөттүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 532 токтому), ал ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоонун булактарынын бири катары ченем чыгаруу органдарынын расмий веб-сайттарын аныктоого багытталган. Токтомдун ушул долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибековдун 2011-жылдын 15-мартындагы № 66-ОД буюрмасы менен бекитилген анын Ош облусуна иш сапарынын натыйжасында берилген тапшырмасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктунан келип чыккан.
Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан козголгон маселе расмий жарыялоонун альтернативалуу булагын аныктоо менен чечилип калбайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде жарыялоо кыйынчылыкка турууда.
Көрсөтүлгөн субъекттердин ченемдик укуктук актылары жергиликтүү мааниге гана ээ болуп, ал тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин гана аймагына таркатылат.
Ошону менен катар бир бирдиктин алкагында мамлекеттик тилди билген тургундар көпчүлүктү түзгөндүктөн, бул актынын расмий тилде жарыяланышын талап кылбайт.
Ушундан улам "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы пайда болууда.
Долбоор ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алууну аныктоо сунушталууда.
Ушуну менен бирге өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктерде жашаган калктын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендигине карата жана өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү чечимине ылайык ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштайбыз.
Мындан тышкары көрсөтүлгөн долбоордун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайыктап тууралоону сунуштайбыз.
Өкмөттүн 2009-жылдын 8-декабрында № 743 токтому менен бекиген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрге киргизүү тартиби жөнүндө Жобого да тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керектелет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын ушул долбоору иштелип чыкты.
Ушул Мыйзам долбоору жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 40 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору менен бир пакетте киргизилип жатат.
Ушуну менен бирге бул долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө сын-пикирлердин жана сунуштардын болбогондугун белгилейбиз.
Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзам чыгаруу ченемдери аркылуу талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун ченемдери ченемдик укуктук актыларга каршы келбегендигин белгилейбиз.
Кошумча белгилейбиз, ушул мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.
Министрдин орун басары Ж.Мамбеталиева
"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Мурдагы редакциясы │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4-статья. Кыргыз Республикасынын │[4-берене. Мамлекеттик органдардын│
│ Президентинин указдары │ жана кызмат адамдарынын│
│ жана буйруктары │ чечимдери │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын │Мамлекеттик органдардын жана │
│Президентинин указдары жана │кызмат адамдарынын чечимдери │
│буйруктары эки тилде: мамлекеттик │мамлекеттик жана расмий тилдерде │
│жана расмий тилдерде чыгарылат. │чыгарылат.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-статья. Кыргыз Республикасынын │[7-берене. Ченемдик укуктук │
│ Өкмөтүнүн токтомдорунун │ актыларды кабыл алуу │
│ жана башка ченемдик │ │
│ укуктук актыларынын │1. Ченемдик укуктук актылар эки │
│ долбоорлору │тилде кабыл алынат: мамлекеттик │
│ │жана расмий тилдерде. │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │2. Жергиликтүү өз алдынча │
│токтомдорунун жана башка ченемдик │башкаруунун өкүлчүлүктүү │
│укуктук актыларынын долбоорлору │органдарына тийиштүү │
│эки тилде: │администрациялык-аймактык │
│мамлекеттик жана расмий тилдерде │бирдиктерде жашаган калктын │
│даярдалат. │көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген│
│ │шартта жана жергиликтүү өз алдынча│
│ │башкаруунун өкүлчүлүктүү │
│ │органдарынын тийиштүү чечими │
│ │болгон учурда ченемдик укуктук │
│ │актыларды мамлекеттик тилде кабыл │
│ │алууга жол берилет.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-статья. Кыргыз Республикасынын │[8-берене. Ченемдик укуктук │
│ мыйзамдарын жана башка │ актыларды расмий │
│ ченемдик укуктук │ жарыялоо │
│ актыларын жарыялоо │ │
│ │Бул Мыйзамдын 7-беренесинин │
│Кыргыз Республикасынын мыйзамдары │2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз │
│бир мезгилде эки тилде: │алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү │
│мамлекеттик жана расмий тилдерде │органдарынын ченемдик укуктук │
│жарыяланат. │актылары кабыл алынган тилде │
│Бардык ченемдик укуктук актылар │жарыяланаарын кошпогондо, ченемди │
│эки тилде: мамлекеттик жана расмий│укуктук актыларды расмий жарыялоо │
│тилдерде жарыяланат. │эки тилде: мамлекеттик жана расмий│
│ │тилдерде жүргүзүлөт.] │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
10-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10-берене
Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде кабыл алынат, мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.
Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктерде жашаган калктын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген шартта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын тийиштүү чечими болгон учурда ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алууга жол берилет.
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМАТКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде кабыл алуу жана жарыялоо маселеси курч турууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 29-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо дегенде Өкмөт тарабынан аныкталган кагаз же электрондук басылмада ченемдик укуктук актынын текстин чыгаруу жолу менен алар жөнүндө жалпы элдин кабардар кылынышы түшүндүрүлөт.
"Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтому менен ушул максаттагы бир катар басылмалар аныкталган.
Ошондой болсо да ченемдик укуктук актылардын тексттерин басылмаларда жарыялоодо каржы жагынан кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап көрүү зарылдыгы жөнүндө көп айтылып келүүдө.
Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий жарыялоо үчүн бөлүнгөн каржы каражаттарынын чектелүү келгендиги, басылмаларынын сейрек басылганы жана алардын көлөмү аздыгы жөнүндө белгиленип келди, ушунун натыйжасында басылмалардын нускасын чыгаруу процесси создуктурулууда.
Ушул факторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын Конституциянын 6-беренесине ылайык мыйзамдуу күчүнө киришин создуктуруп, бул айрым коомдук-укуктук мамилелерге өз таасирин тийгизүүдө.
Ушундан улам Юстиция министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, учурда кабыл алынган (Өкмөттүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 532 токтому), ал ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоонун булактарынын бири катары ченем чыгаруу органдарынын расмий веб-сайттарын аныктоого багытталган. Токтомдун ушул долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибековдун 2011-жылдын 15-мартындагы № 66-ОД буюрмасы менен бекитилген анын Ош облусуна иш сапарынын натыйжасында берилген тапшырмасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктунан келип чыккан.
Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан козголгон маселе расмий жарыялоонун альтернативалуу булагын аныктоо менен чечилип калбайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде жарыялоо кыйынчылыкка турууда.
Көрсөтүлгөн субъекттердин ченемдик укуктук актылары жергиликтүү мааниге гана ээ болуп, ал тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин гана аймагына таркатылат.
Ошону менен катар бир бирдиктин алкагында мамлекеттик тилди билген тургундар көпчүлүктү түзгөндүктөн, бул актынын расмий тилде жарыяланышын талап кылбайт.
Ушундан улам "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы пайда болууда.
Долбоор ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алууну аныктоону сунуштоодо.
Ушуну менен бирге өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктерде жашаган калктын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендигине карата жана өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү чечимине ылайык ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алууга болооруна мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштоодо.
Мындан тышкары сунушталган долбоордун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайыктап тууралоону сунушталат.
Өкмөттүн 2009-жылдын 8-декабрында № 743 токтому менен бекиген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрге киргизүү тартиби жөнүндө Жобого да тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керектелет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын ушул долбоору иштелип чыкты.
Ушул Мыйзам долбоору жана "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 40 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору менен бир пакетте киргизилип жатат.
Ушуну менен бирге бул долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө сын-пикирлер жана сунуштар болбогондугун белгилейбиз.
Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзам чыгаруу ченемдери аркылуу талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ушул мыйзам долбоорунун ченемдери ченемдик укуктук актыларга каршы келбегендигин белгилейбиз.
Кошумча белгилейбиз, ушул мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.
Министрдин орун басары Ж. Мамбеталиева
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Мурдагы редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-статья. │10-берене. │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында мамлекеттик│Кыргыз Республикасында мамлекеттик│
│бийлик жана жергиликтүү өз алдынча│бийлик жана жергиликтүү өз алдынча│
│башкаруу органдарынын расмий │башкаруу органдарынын расмий │
│документтери, ченемдик укуктук │документтери мамлекеттик тилде │
│актылары жана башка чечимдери │кабыл алынат, мыйзамдарда каралган│
│мамлекеттик тилде кабыл алынат, │учурларда расмий тилге которулат │
│Кыргыз Республикасынын │жана эки тилде жарыяланат. │
│мыйзамдарында каралган учурларда │Мамлекеттик тилдеги документ түп │
│расмий тилге которулат жана эки │нуска болуп эсептелет. Кыргыз │
│тилде жарыяланат. Мамлекеттик │Республикасынын ченемдик укуктук │
│тилдеги документ түп нуска болуп │актылары мамлекеттик жана расмий │
│эсептелет. │тилдерде кабыл алынат. │
│ │Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│
│ │өкүлчүлүктүү органдарына тийиштүү │
│ │администрациялык-аймактык │
│ │бирдиктерде жашаган калктын │
│ │көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген│
│ │шартта жана жергиликтүү өз алдынча│
│ │башкаруунун өкүлчүлүктүү │
│ │органдарынын тийиштүү чечими │
│ │болгон учурда ченемдик укуктук │
│ │актыларды мамлекеттик тилде кабыл │
│ │алууга жол берилет. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘