Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-январы №40
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7, 751-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоору анын чечими боюнча кароого мамлекеттик тилде киргизилиши мүмкүн.".
2. 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысын мамлекеттик тилде кабыл алууга жол берилет.".
3. 28-берененин 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4. 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Бул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган, кабыл алынган тилде жарыялануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде кабыл алуу жана жарыялоо маселеси курч турууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 29-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо дегенде Өкмөт тарабынан аныкталган кагаз же электрондук басылмада ченемдик укуктук актынын текстин чыгаруу жолу менен алар жөнүндө жалпы элдин кабардар кылынышы түшүндүрүлөт.
"Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтому менен ушул максаттагы бир катар басылмалар аныкталган.
Ошондой болсо да ченемдик укуктук актылардын тексттерин басылмаларда жарыялоодо каржы жагынан кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап көрүү зарылдыгы жөнүндө көп айтылып келүүдө.
Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий жарыялоо үчүн бөлүнгөн каржы каражаттарынын чектелүү келгендиги, басылмаларынын сейрек басылганы жана алардын көлөмү аздыгы жөнүндө белгиленип келди, ушунун натыйжасында басылмалардын нускасын чыгаруу процесси создуктурулууда.
Ушул факторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын Конституциянын 6-беренесине ылайык мыйзамдуу күчүнө киришин создуктуруп, бул айрым коомдук-укуктук мамилелерге өз таасирин тийгизүүдө.
Ушундан улам Юстиция министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, учурда кабыл алынган (Өкмөттүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 532 токтому), ал ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоонун булактарынын бири катары ченем чыгаруу органдарынын расмий веб-сайттарын аныктоого багытталган. Токтомдун ушул долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибековдун 2011-жылдын 15-мартындагы № 66-ОД буюрмасы менен бекитилген анын Ош облусуна иш сапарынын натыйжасында берилген тапшырмасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктунан келип чыккан.
Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан козголгон маселе расмий жарыялоонун альтернативалуу булагын аныктоо менен чечилип калбайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде жарыялоо кыйынчылыкка турууда.
Көрсөтүлгөн субъекттердин ченемдик укуктук актылары жергиликтүү мааниге гана ээ болуп, ал тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин гана аймагына таркатылат.
Ошону менен катар бир бирдиктин алкагында мамлекеттик тилди билген тургундар көпчүлүктү түзгөндүктөн, бул актынын расмий тилде жарыяланышын талап кылбайт.
Ушундан улам "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча анын ченемдик укуктук актысынын долбоорун мамлекеттик тилде киргизүү жаатында өзгөртүү киргизүү зарылдыгы пайда болууда.
Мындан тышкары долбоор аркылуу ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынаары аныкталууда.
Ошол эле мезгилде тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген тургундар көпчүлүктү түзгөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органына өзүнүн ченемдик укуктук актысын мамлекеттик тилде кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда.
Ошондой эле каралып жаткан Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктарын албаганда ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик тизмесин жүргүзүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлгөн ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жаатында тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Мындан тышкары сунушталган долбоордун 2-беренеси аркылуу Өкмөткө өз чечимин кабыл алууда өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталат.
Айталы, Өкмөттүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тизмесин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.
Жогоруда баяндалганды, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибековдун жогорудагы буюрмасын эске алуу менен, Мыйзамдын ушул долбоору иштелип чыккан.
Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкулоону жүргүзүүдө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин болбогондугун белгилейбиз.
Мындан тышкары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун ченемдери талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбегиндигин белгилейбиз.
Кошумча белгилесек, мыйзам долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.
Министр | А.Мухамеджанов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонулуп жаткан редакциясы │ Мыйзам долбоорунун редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│24-берене. Ченемдик укуктук │24-берене. Ченемдик укуктук │
│ актынын долбоорун │ актынын долбоорун │
│ ченемдик укуктук актыны│ ченемдик укуктук │
│ кабыл алуу укугуна ээ │ актыны кабыл алуу │
│ болгон субъектке │ укугуна ээ болгон │
│ киргизүү │ субъектке киргизүү │
│ │ │
│1. Ченемдик укуктук актыны кабыл │1. Ченемдик укуктук актыны кабыл │
│алуу укугуна ээ болгон субъектке │алуу укугуна ээ болгон субъектке │
│киргизиле турган ченемдик укуктук │киргизиле турган ченемдик укуктук │
│актынын долбооруна төмөнкүлөр │актынын долбооруна төмөнкүлөр │
│тиркелет: │тиркелет: │
│коштомо кат; │коштомо кат; │
│маалымкат-негиздеме; │маалымкат-негиздеме; │
│салыштырма таблица (ченемдик │салыштырма таблица (ченемдик │
│укуктук актыга өзгөртүүлөр жана │укуктук актыга өзгөртүүлөр жана │
│(же) толуктоолор киргизилсе же ал │(же) толуктоолор киргизилсе же ал │
│жаңы редакцияда берилсе); │жаңы редакцияда берилсе); │
│ченемдик укуктук актынын │ченемдик укуктук актынын │
│макулдашылганы жөнүндө маалыматты │макулдашылганы жөнүндө маалыматты │
│камтыган документтер - зарыл │камтыган документтер - зарыл │
│болсо; │болсо; │
│жүргүзүлгөн экспертизалардын │жүргүзүлгөн экспертизалардын │
│натыйжасында даярдалган эксперттик│натыйжасында даярдалган эксперттик│
│корутундулар - зарыл болсо. │корутундулар - зарыл болсо. │
│2. Эгерде ченемдик укуктук актыны │2. Эгерде ченемдик укуктук актыны │
│колдонуу үчүн башка ченемдик │колдонуу үчүн башка ченемдик │
│укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү │укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү │
│жана толуктоолорду киргизүү зарыл │жана толуктоолорду киргизүү зарыл │
│болсо, ченемдик укуктук актынын │болсо, ченемдик укуктук актынын │
│киргизилүүчү долбооруна ушундай │киргизилүүчү долбооруна ушундай │
│өзгөртүүлөр жана толуктоолор │өзгөртүүлөр жана толуктоолор │
│киргизилүүчү башка ченемдик │киргизилүүчү башка ченемдик │
│укуктук актылардын долбоорлору │укуктук актылардын долбоорлору │
│тиркелүүгө тийиш. │тиркелүүгө тийиш. │
│3. Ченемдик укуктук актынын │3. Ченемдик укуктук актынын │
│долбоору кагаз түрүндө электрондук│долбоору кагаз түрүндө электрондук│
│сакталмасы менен кошо мамлекеттик │сакталмасы менен кошо мамлекеттик │
│жана расмий тилдерде киргизилет. │жана расмий тилдерде киргизилет. │
│4. Ченемдик укуктук актынын │[Жергиликтүү өз алдынча │
│долбоорун киргизүү тартибинин │башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү │
│башка маселелери ченемдик укуктук │органынын ченемдик укуктук │
│актыны кабыл алуу укугуна ээ │актысынын долбоору анын чечими │
│болгон тиешелүү субъект тарабынан │боюнча кароого мамлекеттик тилде │
│аныкталат. │киргизилиши мүмкүн.] │
│5. Ушул берененин талаптарын бузуу│4. Ченемдик укуктук актынын │
│менен киргизилген ченемдик укуктук│долбоорун киргизүү тартибинин │
│актынын долбоору каралбастан кайра│башка маселелери ченемдик укуктук │
│кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр │актыны кабыл алуу укугуна ээ │
│оңдолгондон кийин долбоор кароого │болгон тиешелүү субъект тарабынан │
│белгиленген тартипте киргизилет. │аныкталат. │
│ │5. Ушул берененин талаптарын бузуу│
│ │менен киргизилген ченемдик укуктук│
│ │актынын долбоору каралбастан кайра│
│ │кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр │
│ │оңдолгондон кийин долбоор кароого │
│ │белгиленген тартипте киргизилет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│26-берене. Ченемдик укуктук │26-берене. Ченемдик укуктук │
│ актынын долбоорун кабыл│ актынын долбоорун кабыл│
│ алуу │ алуу │
│ │ │
│1. Эгерде Конституцияда башкача │1. Эгерде Конституцияда башкача │
│каралбаса, ченемдик укуктук │каралбаса, ченемдик укуктук │
│актылар ченемдик укуктук актыларды│актылар ченемдик укуктук актыларды│
│кабыл алууга ыйгарым укугу бар │кабыл алууга ыйгарым укугу бар │
│ченем жаратуучу орган тарабынан │ченем жаратуучу орган тарабынан │
│ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга │ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга │
│ылайык кабыл алынган башка │ылайык кабыл алынган башка │
│ченемдик укуктук актыларда │ченемдик укуктук актыларда │
│аныкталган тартипте кабыл алынат. │аныкталган тартипте кабыл алынат. │
│Жүзөгө ашуусу мамлекеттик │Жүзөгө ашуусу мамлекеттик │
│бюджеттен финансылоого алып │бюджеттен финансылоого алып │
│келүүчү ченемдик укуктук актылар │келүүчү ченемдик укуктук актылар │
│алар боюнча финансылоо булагы │алар боюнча финансылоо булагы │
│аныкталганга чейин кабыл алынбоого│аныкталганга чейин кабыл алынбоого│
│жатат. │жатат. │
│2. Ченемдик укуктук актыны кабыл │[1-1-Ченемдик укуктук актылар │
│алууга укугу бар ченем жаратуучу │мамлекеттик жана расмий тилдерде │
│орган ченемдик укуктук актынын │кабыл алынат. │
│долбоорун кароонун жыйынтыгы │Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│
│боюнча төмөнкүлөргө укуктуу: │тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын │
│ченемдик укуктук актыны кабыл │ченемдик укуктук актысынын │
│алууга; │мамлекеттик тилде кабыл алынышына │
│себептерин көрсөтүү менен │тиешелүү административдик-аймактык│
│долбоорду четке кагууга; │бирдиктин аймагында мамлекеттик │
│өз сын-пикирлерин жана сунуштарын │тилди билген адамдардын көпчүлүгү │
│көрсөтүү менен долбоорду толуктап │жашаган шарттарда жана жергиликтүү│
│иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууга.│өз алдынча башкаруунун │
│ │өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү │
│ │чечими болгондо жол берилет.] │
│ │2. Ченемдик укуктук актыны кабыл │
│ │алууга укугу бар ченем жаратуучу │
│ │орган ченемдик укуктук актынын │
│ │долбоорун кароонун жыйынтыгы │
│ │боюнча төмөнкүлөргө укуктуу: │
│ │ченемдик укуктук актыны кабыл │
│ │алууга; │
│ │себептерин көрсөтүү менен │
│ │долбоорду четке кагууга; │
│ │өз сын-пикирлерин жана сунуштарын │
│ │көрсөтүү менен долбоорду толуктап │
│ │иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууга.│
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│28-берене. Кыргыз Республикасынын │28-берене. Кыргыз Республикасынын │
│ ченемдик укуктук │ ченемдик укуктук │
│ актыларынын мамлекеттик│ актыларынын мамлекеттик│
│ реестри │ реестри │
│ │ │
│1. Ченемдик укуктук актылар Кыргыз│1. Ченемдик укуктук актылар Кыргыз│
│Республикасынын ченемдик укуктук │Республикасынын ченемдик укуктук │
│актыларынын мамлекеттик реестрине │актыларынын мамлекеттик реестрине │
│(мындан ары - Ченемдик укуктук │(мындан ары - Ченемдик укуктук │
│актылардын мамлекеттик реестри) │актылардын мамлекеттик реестри) │
│киргизилет. │киргизилет. │
│2. Ченемдик укуктук актылардын │2. Ченемдик укуктук актылардын │
│мамлекеттик реестрин алып барууну │мамлекеттик реестрин алып барууну │
│Юстиция министрлиги [мамлекеттик │Юстиция министрлиги ашырат. │
│жана расмий тилдерде электрондук │3. Ченемдик укуктук актылардын │
│жана кагаз түрүндө ишке] ашырат. │мамлекеттик реестринен ченемдик │
│3. Ченемдик укуктук актылардын │укуктук актыларды таркатуу │
│мамлекеттик реестринен ченемдик │Интернет тармагы аркылуу акысыз │
│укуктук актыларды таркатуу │жүргүзүлөт. │
│Интернет тармагы аркылуу акысыз │4. Ченемдик укуктук актылардын │
│жүргүзүлөт. │мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн │
│4. Ченемдик укуктук актылардын │тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.│
│мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн │5. Ченемдик укуктук актылардын │
│тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.│мамлекеттик реестрине │
│5. Ченемдик укуктук актылардын │киргизилбеген ченемдик укуктук акт│
│мамлекеттик реестрине │юридикалык күчкө ээ болбойт. │
│киргизилбеген ченемдик укуктук акт│ │
│юридикалык күчкө ээ болбойт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│29-берене. Ченемдик укуктук │29-берене. Ченемдик укуктук │
│ актыларды расмий │ актыларды расмий │
│ жарыялоонун тартиби │ жарыялоонун тартиби │
│ │ │
│1. Ченемдик укуктук актылар расмий│1. Ченемдик укуктук актылар расмий│
│жарыяланууга жатат. │жарыяланууга жатат. │
│2. Ченемдик укуктук актыларды │2. Ченемдик укуктук актыларды │
│расмий жарыялоо деп ченемдик │расмий жарыялоо деп ченемдик │
│укуктук актылардын тексттерин │укуктук актылардын тексттерин │
│Өкмөт тарабынан аныкталуучу │Өкмөт тарабынан аныкталуучу │
│басмасөздүк же электрондук │басмасөздүк же электрондук │
│басылмада жарыялоо жолу менен │басылмада жарыялоо жолу менен │
│аларды жалпыга маалымдоо │аларды жалпыга маалымдоо │
│түшүнүлөт. │түшүнүлөт. │
│3. Ченемдик укуктук актыларды │[3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин │
│расмий жарыялоо мамлекеттик жана │2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган │
│расмий тилдерде ишке ашырылат. │жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│
│4. Ченемдик укуктук актынын расмий│өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик│
│жарыяланган датасы деп ушул акт │укуктук актыларын албаганда │
│жарыяланган басылма жарыкка чыккан│ченемдик укуктук актыларды расмий │
│күн эсептелет. │жарыялоо мамлекеттик жана расмий │
│5. Мамлекеттик жашыруун сырды │тилдерде жүргүзүлөт.] │
│камтыган маалыматтарды кошпогондо,│4. Ченемдик укуктук актынын расмий│
│ченемдик укуктук актыларды расмий │жарыяланган датасы деп ушул акт │
│жарыялоодо аны толук эмес берүүгө │жарыяланган басылма жарыкка чыккан│
│жол берилбейт. │күн эсептелет. │
│6. Жарыялоо жөнүндө маалымат │5. Мамлекеттик жашыруун сырды │
│Ченемдик укуктук актылардын │камтыган маалыматтарды кошпогондо,│
│мамлекеттик реестрине киргизилет. │ченемдик укуктук актыларды расмий │
│7. Ченемдик укуктук актыларды │жарыялоодо аны толук эмес берүүгө │
│башка жалпыга маалымдоо │жол берилбейт. │
│каражаттарында басып чыгарууда │6. Жарыялоо жөнүндө маалымат │
│басылманын расмий булагына шилтеме│Ченемдик укуктук актылардын │
│милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш. │мамлекеттик реестрине киргизилет. │
│8. Укук колдонуу практикасында │7. Ченемдик укуктук актыларды │
│ченемдик укуктук актылардын расмий│башка жалпыга маалымдоо │
│жарыяланыштары пайдаланылууга │каражаттарында басып чыгарууда │
│тийиш. │басылманын расмий булагына шилтеме│
│ │милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш. │
│ │8. Укук колдонуу практикасында │
│ │ченемдик укуктук актылардын расмий│
│ │жарыяланыштары пайдаланылууга │
│ │тийиш. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|