Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-сентябры № 629
Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө топтомо маалыматты берип турсун:
- Иш-чаралар планын ишке ашырууда пайда болгон проблемалар жөнүндө маалыматты өз убагында берип турсун жана аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬───────────────────────────┬─────────────────┬────────────────────┐
│№ │ Иш-чаралардын мазмуну │ Ишке ашыруу │Жооптуу аткаруучулар│
│ │ │мөөнөтү жана түрү│ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│1 │Казыналыктын │2013-жылдын │Финмин │
│ │автоматташтырылган │31-декабрына │Соцфонд │
│ │системасын (ИСУК) │чейин, │ │
│ │программалык камсыздоону │практикалык │ │
│ │киргизүүнү пландоонун │иш-аракет │ │
│ │алкагында Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Социалдык │ │ │
│ │фондунун оперативдүү │ │ │
│ │кирешелери жана чыгымдарына│ │ │
│ │карата операциялардын │ │ │
│ │эсептик саясаты боюнча │ │ │
│ │иш-чараларды жүргүзүү │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын │2013-жылдын │Финмин │
│ │Социалдык фондунун │31-декабрына │Соцфонд │
│ │эсептерин Казыналык │чейин, │ │
│ │системасына которууда │практикалык │ │
│ │ченемдик-укуктук базаларга,│иш-аракет │ │
│ │тобокелдиктерге талдоо │ │ │
│ │жүргүзүү │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын │2013-жылдын │Финмин │
│ │Социалдык фондунун │30-сентябрына │ │
│ │борбордук аппаратынын │чейин, │ │
│ │тийиштүү түзүмдүк │практикалык │ │
│ │бөлүмдөрүнө изилдөө үчүн │иш-аракет │ │
│ │Казыналыктын программалык │ │ │
│ │камсыздоосуна, │ │ │
│ │нускамаларга, │ │ │
│ │пайдалануучунун │ │ │
│ │колдонмосуна, │ │ │
│ │администратордун │ │ │
│ │колдонмосуна жетишине │ │ │
│ │мүмкүндүк берүү │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│4 │Кыргыз Республикасынын │2013-жылдын │Финмин │
│ │Социалдык фонду менен │20-декабрына │Соцфонд │
│ │Кыргыз Республикасынын │чейин, │ │
│ │Финансы министрлигинин │Макулдашуунун │ │
│ │Борбордук казыналыгынын │долбоору │ │
│ │ортосундагы Өз ара │ │ │
│ │корголгон маалыматтарды │ │ │
│ │алмашуу жөнүндө │ │ │
│ │макулдашуунун долбоорун │ │ │
│ │иштеп чыгуу жана ага │ │ │
│ │тараптардын кол коюусу │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│5 │Кыргыз Республикасынын │2013-жылдын │Финмин │
│ │Социалдык фондунун │31-декабрына │ │
│ │кызматкерлерин Казыналыктын│чейин, │ │
│ │программалык камсыздоосу │практикалык │ │
│ │менен иштөөгө окутуу. │иш-аракет │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│6 │Кыргыз Республикасынын │2013-жылдын │Финмин │
│ │Социалдык фонду менен │20-31-декабрында,│Соцфонд │
│ │Кыргыз Республикасынын │практикалык │ │
│ │Финансы министрлигинин │иш-аракет │ │
│ │Борбордук казыналыгынын │ │ │
│ │ортосундагы Өз ара │ │ │
│ │корголгон маалыматтарды │ │ │
│ │алмашуу жөнүндө │ │ │
│ │макулдашууга ылайык │ │ │
│ │Казыналыктын │ │ │
│ │автоматташтырылган │ │ │
│ │системасын программалык │ │ │
│ │камсыздоого Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Социалдык │ │ │
│ │Фондунун жеткиликтүүлүгүн │ │ │
│ │камсыз кылуу боюнча иштерди│ │ │
│ │жүргүзүү │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│7 │Кыргыз Республикасынын │2014-жылдын │Финмин │
│ │Социалдык фондунун │1-январынан │Соцфонд │
│ │Бишкек ш. жана Чүй облусу │баштап │ │
│ │боюнча ведомстволук │2013-жылдын │ │
│ │региондук органдарынын │30-июнуна чейин, │ │
│ │мисалында пилоттук │практикалык │ │
│ │долбоордун алкагында │иш-аракет │ │
│ │Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Социалдык фонду тарабынан │ │ │
│ │бөлүнүүчү каражаттарды │ │ │
│ │милдеттүү түрдө акыркы │ │ │
│ │алуучуга чейин жеткирүү │ │ │
│ │менен Казыналыктын эсеби │ │ │
│ │аркылуу камсыздандыруу │ │ │
│ │төгүмдөрүн чегерүү эсепке │ │ │
│ │алуу боюнча пилоттук │ │ │
│ │долбоорду ишке ашыруу. │ │ │
│ │Пилоттук долбоорду ишке │ │ │
│ │ашыруу мезгилинде │ │ │
│ │кемчиликтерди ачып │ │ │
│ │көрсөтүү, оңдоо жана │ │ │
│ │четтетүү │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│8 │Пилоттук долбоордун │2014-жылдын │Финмин │
│ │жыйынтыгын Кыргыз │31-июлуна чейин │Соцфонд │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │
│ │кароосуна киргизүү │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│9 │Кыргыз Республикасынын │2014-жылдын │Соцфонд │
│ │Социалдык фондунун бюджетин│1-31-августунда, │Финмин │
│ │Казыналык системасына │ченемдик укуктук │ │
│ │которуу жана тейлөө │актынын долбоору │ │
│ │бөлүгүндө Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Социалдык │ │ │
│ │фондунун ишин жөнгө салуучу│ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │мыйзамдарына өзгөртүү жана │ │ │
│ │толуктоо киргизүү боюнча │ │ │
│ │тиешелүү сунуштарды иштеп │ │ │
│ │чыгуу жана Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │
│ │кароосуна киргизүү │ │ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│10│Кыргыз Республикасынын │2014-жылдын │Финмин │
│ │Социалдык фондунун жана │1-октябрынан │ │
│ │анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн │баштап, │ │
│ │эсептерин Казыналыктын │практикалык │ │
│ │региондук бөлүмдөрүндө ачуу│иш-аракет │ │
└──┴───────────────────────────┴─────────────────┴────────────────────┘