КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 332
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорун (GTAC) ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорду (GTAC) ишке ашыруу мөөнөтүн 2014-жылга чейин узартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндө убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "2012-жылдын 1-октябрынан тартып 2012-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктундагы "2013" цифралары "2014" цифраларына алмаштырылсын;
- 4-пунктунда:
"2012-жылдын IV кварталында" деген сөздөр алып салынсын;
"2013" цифралары "2014" цифраларына алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 629 "Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом бекитилген Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планында:
1-6-пункттарындагы "2012" цифралары "2013" цифраларына алмаштырылсын;
7-10-пункттарындагы "2013" цифралары "2014" цифраларына алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орточо мөөнөттүү планында:
II бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында:
"2012" цифралары "2013" цифраларына алмаштырылсын;
"2012-2013" цифралары "2013-2014" цифраларына алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |