Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 633
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Аудиовизуалдык чыгармаларды, фонограммаларды, электрондук эсептөөчү машиналардын программаларын, маалыматтар базаларын чекене сатууну тартипке салуу, ошондой эле өлкөдө контрафактылык продукциялардын деңгээлин төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүүнүн эрежелеринин жыйнагында:
- 15-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-глава. Аудиовизуалдык продукцияларды, фонограммаларды, электрондук эсептөөчү машиналар жана маалыматтар базалары үчүн программаларды сатуу эрежелери";
- 429-пункттагы "ЭЭМдин" деген кыскартылган сөз "электрондук эсептөөчү машиналары үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 429-1-пункт менен толукталсын:
"429-1. Аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөөчү машиналар жана маалыматтар базалары үчүн программалардын нускаларын чекене сатуу адистешкен атайын чекене соода жайларында жүргүзүлөт.
Адистешкен атайын чекене сатуу жайлары болуп стационардык соода ишканалары (дүкөндөр), азык-түлүк жана азык-түлүк болуп эсептелбеген товарлардын көп түрдүү ассортименти менен соода объектилеринин атайын адистешкен бөлүмдөрү жана секциялары (супермаркеттин, гипермаркеттин жана соода комплекстин), ошондой эле сатуунун атайын адистешкен майда чекене сатуу пункттары (күркөлөр, павильондор, контейнерлер) эсептелет.";
- 433-пункттагы "ЭЭМдин" деген сөз "электрондук эсептөөчү машиналар үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 433-1-пункт менен толукталсын:
"433-1. Атайын адистештирилбеген чекене соода орундарында чекене соода жүргүзүүдө, тактап айтканда колдон, лотоктордон, атайын адистештирилбеген имараттардан, жыйнама үстөлдөрдөн, автоунаалардан, арабалардан, кол баштыктардан жана башка куралып ажыратылуучу конструкциялардан, атайын түзүлүштөрдөн (вокзалдардын, базарлардын, жер астындагы өткөөлдөрдүн аймагын кошкондо) көчмө соода жүргүзүлгөн жерлерде аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөөчү машиналар жана маалыматтар базалары үчүн программалардын нускаларын чекене сатууга тыюу салынат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |