Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 644
Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын толтуруунун, кол коюу барагындагы шайлоочулардын койгон колдорун ырастаган демилге тобунун мүчөсүнүн койгон колун ырастоонун тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 30-майындагы № 1942-V "Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын аныктоо жөнүндө" токтомунун 2-пунктун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын толтуруунун, кол коюу барагындагы шайлоочулардын койгон колдорун ырастаган демилге тобунун мүчөсүнүн койгон колун ырастоонун тартиби бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |