Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 645
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Саламаттык сактоо уюмдарына кошумча төлөмдөн тышкары, дары-дармек менен камсыз кылууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар милдетүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген стационарда дарылануунун орточо наркынан үч эсе ашып кеткен учурларды кошпогондо калктан кошумча төлөмдөрдү чогултууга тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылга карата медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |