Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28, 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү
§1. Алгачкы медициналык-санитардык жардам
§2. Медициналык шашылыш жардам
§3. Амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык-санитардык жардам
§4. Стационардык жардам
§5. Бийик технологиялар фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлчү медициналык жардам
§6. Стоматологиялык жардам
§7. Дары-дармектик жана вакциналык камсыздоо
§8. Иммунопрофилактика
3. Кыргыз Республикасынын жарандарына амбулаториялык деңгээлде айрым оорулар учурунда дары-дармек менен акысыз жана жеңилдетип камсыз кылуу
4. Стационардык жардам көрсөтүүдө дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу
5. МКПнын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
1-тиркеме. Медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укугу бар жарандардын категорияларынын тизмеси
2-тиркеме. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланганда кошумча төлөөнүн өлчөмү, 2011-жылга карата
3-тиркеме. Айрым оорулар учурунда дары каражаттарды берүү нормалары
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - МКП) - бул Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары, алар Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигинин түрүнө карабай ушул программага катышкан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алуу укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат.
2. МКП алкагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмү төмөнкү каражаттардан саламаттык сактоону каржылоо чегинде аныкталат:
- республикалык бюджеттин;
- жергиликтүү бюджеттин;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун.
3. МКП каржыланышын башкарууну төмөнкүлөр жүргүзөт:
- Бирдиктүү төлөөчү;
- амбулаториялык деңгээлде жарандардын айрым категорияларын дары-дармек менен жеңилдиктүү камсыз кылуу жана Бийик технологиялар фондунан медициналык кызматты каржылоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
4. МКП боюнча медициналык жана фармацевттик кызматтарды Бирдиктүү төлөөчү менен ММКПны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын (мындан ары - ММК КП) аткарууга келишим түзгөн дарыкана мекемелери жана саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүшөт.
5. Жеңилдиктерге укукту тастыктаган документтин болушу, ошондой эле төмөнкү адистерден лабораториялык-диагностикалык текшерүүгө, стационарга жаткырууга жолдомолор МКП алкагында акысыз жана жеңилдетилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүү шарттары болуп саналат:
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан (мындан ары - ҮДТ), жалпы практика дарыгерлеринен;
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунан (мындан ары - ҮМБ);
- жалпы дарыгердик практика борборлорунан (мындан ары - ЖДПБ);
- ведомстволук медицина кызматынын адистеринен;
- дарыгердик-аскердик комиссиянын адистеринен;
- стационарлардын консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүнөн (мындан ары - КДБ);
- облустук деңгээлдеги стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрү (мындан ары - АДБ).
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү
6. МКП медициналык-санитардык жардамдын төмөнкү түрлөрүн камсыз кылат:
- алгачкы медициналык-санитардык жардам;
- медициналык шашылыш жардам;
- амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык-санитардык жардам;
- стационардык жардам;
- бийик технологиялар фондунан көрсөтүлүүчү медициналык жардам;
- стоматологиялык жардам;
- дары жана вакцина менен камсыздоо;
- иммунопрофилактика.
7. Амбулаториялык шартта алгачкы медициналык-санитардык жардамды төмөнкүлөр көрсөтүшөт:
- фельдшердик-акушердик пункттардын фельдшерлери;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер, ҮДТ дарыгерлери;
- ҮМБ адистери;
- ЖДДБ адистери.
8. Алгачкы медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын тейленүүчү (ҮДТга катталган) жарандарына төмөнкү көлөмдө акысыз көрсөтүлөт:
1) алдын алуу:
- ден соолукту коргоо жана чыңдоо, сергек турмуш үлгүсүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- алдын алуучу эмдөөлөрдүн Улуттук календарынын алкагында жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча иммундаштыруу;
- эпидемияга каршы иш-чаралар (жугуштуу оорулар пайда болгон жерлерде);
- оорулууларды жана үй-бүлө мүчөлөрүн өзүн-өзү контролдоого, өзүнө жана бири-бирине жардам көрсөткөнгө үйрөтүү;
2) диагностика:
- дарыгердин кабыл алуусу;
- базалык лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү адистен жолдомо болгон учурда жүргүзүү:
кандын кеңири анализи;
зааранын анализи жана анын тунмасынын микроскопиясы;
уретралдык мазоктун микроскопиясы;
вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы);
канда канттын өлчөмүн аныктоо;
заарада канттын өлчөмүн аныктоо;
электрокардиограмма;
(он экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3) дарылоо:
- кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;
- иммобилизация;
- медикаментоздук дарылоону дайындоо;
- медициналык ийне саюу (ички көк кан тамырга, булчуңга, тери астына).
9. Ушул МКПнын 8-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралардан сырткары лабораториялык-диагностикалык изилдөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) дарыгердин жолдомосу болгондо акысыз:
- медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укуктары бар жарандардын категорияларынын тизмесинин (мындан ары - Тизме) I жана II бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн жарандарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдү өз алдынча төлөгөндөргө;
- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка жете элек);
- 70 жашка чейинки пенсионерлерге;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар жарандарга;
- социалдык жөлөкпул алган адамдарга;
2) баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтын толук наркын төлөө менен - калган жарандарга.
Медициналык кызматка баалардын прейскуранты саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Шашылыш медициналык жардам - бейтаптарга жашоо көрсөткүчтөрү боюнча тез медициналык кийлигишүү талап кылынган акыбалда (кырсык, кокустук, уулануу, башка ооруларда жана оор акыбалында) төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрү:
- шашылыш медициналык жардам кызматы;
- менчигинин түрүнө карабай дарылоо-алдын алуучу уюмдарга кайрылганда.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Медициналык шашылыш жардам Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына акысыз көрсөтүлөт.
12. Амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык-санитардык жардамды төмөнкү адистер көрсөтүшөт:
- стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрү (АДБ);
- КДБ;
- Үй-бүлөлүк медицина борборлору;
- ЖДПБ.
13. Амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын тейленүүчү жарандарына ушул МКПнын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн көлөмдө акысыз берилет.
14. АДБдагы, КДБдагы лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр ушул МКПнын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-чаралардан сырткары жана ушул МКПнын 15-пунктунда келтирилген кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо жолдомо болгондо жүргүзүлөт:
1) Тизменин I жана II бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн жарандарга - акысыз;
2) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) калган жарандарга - медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жарандар жеңилдиктерге укуктарынын бар-жоктугуна карабай, баалар прейскуранты боюнча төмөнкү кымбат баалуу изилдөөлөрдүн жана манипуляциялардын наркын төлөшөт:
- перифериялык тамырлардын, баш мээ жана ички органдардын тамырларынын ангиографиясы;
- жүрөк кемтигинде ангиокардиография;
- гемодиализ;
- гемосорбция;
- компьютердик томография;
- коронарография;
- плазмоферез;
- ядролук-магниттик-резонанстык томография;
- литотрипсия.
Кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр жана манипуляциялар тиешелүү адистен жолдомо болгон учурда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына акысыз көрсөтүлөт.
16. Стационарларга шашылыш жардам керек акыбалында түшкөн бардык бейтаптарга стационардык жардам өмүрүнө коркунуч туудурган акыбалынан чыгарылганга, дем алуу жана гемодинамика көрсөткүчтөрү турукташканга чейин көрсөтүлөт. Кийин пациенттер:
- жолдомосу бар жарандар катары пландуу стационардык жардам көрсөтүү шартында тейленүүгө которулат;
- же амбулаториялык шартта дарыланууга жөнөтүлөт.
17. Пландуу стационардык жардам ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
1) төмөнкүдө көрсөтүлгөн жарандарга акысыз:
- Тизменин I бөлүгүндө, бирок жылына эки пландуу ооруканага жаткыруудан ашык эмес (5 жашка чейинки балдарды кошпогондо);
- Тизменин II бөлүгүндө, негизги оорусу боюнча;
2) минималдуу өлчөмдөгү кошумча төлөө шарты менен төмөнкү жарандарга:
- 70 жашка чейинки пенсионерлерге;
- 70 жашка чейинки эмгек ардагерлерине;
- социалдык жөлөкпул алган адамдарга;
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) орточо деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен төмөнкү жарандарга:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча төлөгөндөргө;
- 5 жаштан 16 жашка чыкканга чейинки балдарга (жалпы билим берүү мекемелердин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин, бирок 18 жаштан улуу эмес);
- айыл чарбасында эмгектенген жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн адамдарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча төлөгөн адамдарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар аскер кызматчыларына;
- пландуу стационардык дарылоого бир жылда үчүнчү жана андан көп жолу түшкөн, Тизменин I бөлүмүндө көрсөтүлгөн (5 жашка чейинки балдарды кошпогондо) жарандарга;
4) ушул МКПнын 17-пуктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн калган жарандарга максимум деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ооруканага жаткырууга жолдомосу жок жарандарга пландуу стационардык жардам жеңилдиктерге укуктары болушуна карабай жеңилдиктер берилбестен көрсөтүлөт. Мында пациенттер кошумча төлөмдү дарылоонун бекитилген орточо наркы өлчөмүндө төлөшөт.
19. Кошумча төлөм өлчөмү ушул МКПнын 2-тиркемесинде берилди жана жолдомо болушуна, жеңилдиктерге укугу болушуна, оорунун профилине жана көрсөтүлгөн кызматка жараша бөлүштүрүлөт. Оорунун профилине жана көрсөтүлгөн кызматка жараша:
- терапиялык профилдеги кошумча төлөм;
- хирургиялык профилдеги кошумча төлөм белгиленет.
20. Пациенттер төмөнкү медициналык кызматтарга терапиялык профилдеги кошумча төлөмгө теңештирилет:
- аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык операциялар жана манипуляциялар жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен гинекологиялык операциялар жана манипуляциялар;
- гинекологиялык жана хирургиялык бөлүмдөрдө операция жасоосуз дарылоо.
21. Стационардык дарылоодо керектүү консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн кошумча акы алууга болбойт (ушул МКПнын 15-пунктунда келтирилген кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр менен манипуляцияларды кошпогондо).
22. Ооруканага жаткырууга жолдомосу бар жана госпиталга чейинки этапта алдын ала текшерүүдөн өткөн пациенттерди ооруканага жаткыруу стационардын АДБ/КДБда кошумча текшерүүсүз жүргүзүлөт.
23. Кыргыз Республикасынын аз камсыз болгон категорияга кирген жарандары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери берген маалымкатты бергенде саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдоо комиссиясынын чечими боюнча кошумча төлөмдү төгүүдөн бошотулушу мүмкүн.
Аз камсыз болгондугу жөнүндө маалымкат берүүнүн мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүү менен жекече арызы болсо, саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдоо комиссиясы пациенттерди өзгөчө учурларда кошумча төлөмдү төгүүдөн бошотуусуна жол берилет. Кошумча төлөөдөн бошотулган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү, дарылоо-профилактикалык уюмдун консолидацияланган бюджетинин эсебинен жүзөгө ашырылат.
24. Кыргыз Республикасынын дарылоонун бийик технологиялуу жана кымбат баалуу методдоруна муктаж жарандары аны жарым-жартылай же толугу менен төлөө менен Бийик технологиялар фондунун (мындан ары - БТФ) каражаттарынын эсебинен алышы мүмкүн.
25. БТФнын каражаттарынын эсебинен кызмат көрсөтүү жана дарылоо наркынын суммасын төлөө жөнүндө чечимди ар бир пациент боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органына караштуу эксперттик кеңеш саламаттык сактоо уюмдарынын табыштамаларынын жана күтүү баракчаларынын негизинде кабыл алат.
26. Күтүү баракчаларын бийик технологиялуу жана кымбат баалуу медициналык кызматтын түрлөрүн көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдардын адистештирилген комиссиялары бейтапты ооруканага жаткырууга жолдомонун мөөнөтүнө жана пациенттерди дарылоонун региондук бекитилген квоталарына ылайык түзүшөт.
27. Ооруканага жаткырганда пациент дарылоонун прейскуранттык наркы жана аны бийик технологиялар фондунун, мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан жана кошумча төлөмдүн жеке өлчөмү эсебинен жабуу булактары жөнүндө кеңири маалымат алат.
28. Стоматологиялык жардамды ҮМБнын жана ЖДПБнын стоматология бөлүмдөрү (кабинеттери) же стоматологиялык поликлиникалар көрсөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына стоматологиялык жардамдын төмөнкү түрлөрү акысыз берилет:
- ооз көңдөйүнүн былжырлуу кабыкчасын жана тиштерин таза күтүү боюнча санитариялык-гигиеналык көндүмдөргө калкты үйрөтүү;
- мектепке чейинки балдар мекемелеринде балдардын, жалпы билим берүүчү окуу жайларында окуган окуучулардын, эсепте турган кош бойлуу аялдардын ооз көңдөйүн алдын ала кароо;
- толук 8 жашка чейинки балдардын, кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдардын ооз көңдөйүн санациялоо.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Амбулаториялык шартта стоматологиялык адистештирилген жардам белгиленген тартипте бекитилген баалардын прейскурантына ылайык көрсөтүлөт.
31. Мамлекеттик кепилдиктер программасын дары-дармек менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасындагы турмуштук маанилүү дары каражаттарынын бекитилген тизмеси (мындан ары - ТМДКТ) боюнча мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана медициналык кызматтар үчүн калктын кошумча төлөөсүнүн каражаттарынан саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо көлөмүндө аныкталат.
32. Дары-драмек менен камсыз кылуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- кечиктирилгис/шашылыш медициналык жардам көрсөткөндө;
- антирабикалык жардам көрсөткөндө;
- иммунопрофилактикада;
- айрым оорулар учурунда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча амбулаториялык деңгээлде;
- стационардык жардам көрсөткөндө.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Бардык жарандарга кечиктирилгис/шашылыш медициналык жардам көрсөткөндө дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар (ДК ж МББ) кечиктирилгис/шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар тизмесине ылайык акысыз көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Кутурманы жуктуруу коркунучу учурунда пациентке эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча антирабикалык жардам көрсөтүү акысыз жүргүзүлөт.
35. Пациентке антирабикалык жардамды ҮМБ, ЖДПБ, стационарлар көрсөтүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн алкагында иммунопрофилактика/вакцинация Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына акысыз жүргүзүлөт.
37. Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн алкагында иммунопрофилактика/вакцинацияны Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору, ҮМБ, ЖДПБ, стационарлар көрсөтүшөт.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарына амбулаториялык деңгээлде айрым оорулар учурунда дары-дармек менен акысыз жана жеңилдетип камсыз кылуу
38. Дары каражатын узак жана дайыма колдонууну талап кылган өнөкөт оорусу бар бейтаптарга дары-дармектик жардам төмөнкү оорулар учурунда акысыз берилет:
- инсулинге көз каранды кант диабети;
- инсулинге көз каранды эмес кант диабети;
- кантсыз диабет;
- гемофилия;
- кургак учук.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген дары каражаттын базистик баасынын 100% кайтарып берүү менен:
- терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар;
- паранойялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүүлөр;
- ар кандай генездеги аффективдик бузулуштар;
- талма;
- бронхтук астма.
39. ДК ж МББ № 1 таблицада көрсөтүлгөн берүү ченемдерине ылайык ҮМБ/ҮДТ, ЖДПБ аркылуу, Бишкек шаарында - шаардык эндокринологиялык диспансер (мындан ары - ШЭД) аркылуу акысыз берилет.
ДКны жана МББны эсепке алуу, сактоо жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
40. ФАП фельдшерлери, ҮДТ дарыгерлери, ҮМБ, ЖДПБ жана Психикалык ден соолук борборунун адистери жазып берген жеңилдетилген рецепттер боюнча дарыканалар аркылуу дары каражаттары менен № 3 тиркемесинде көрсөтүлгөн берүү нормаларына ылайык төмөнкүлөр камсыз кылынат:
- паранойялык шизофрения менен ооругандар;
- ар кандай генездеги аффективдик бузулуштар менен ооругандар;
- талма менен ооругандар;
- бронхтук астма менен ооругандар;
- терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар.
Көрсөтүлгөн ооруларда жеңилдетип дары менен камсыз кылууга ҮДТда эсепке алынган жана катталган, Социалдык фонддун 14 цифралуу идентификациялык номери бар Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу. Онкологиялык бейтаптар үчүн пациентти персонификациясыз тастыктаган документти көрсөтсө болот.
Өзгөчө учурларда, баңги, психотроптук жана таасири күчтүү препараттарды сатууга укуктуу айыл жергесинде дарыкана мекемелери жок болсо, ҮМБ/ЖДПБ ММК фонду менен макулдашып, терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар, паранойялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүү бузулуулар, ар кандай генездеги аффективдик бузулуулар, талма, бронхтук астма менен ооругандарды ДК жана МББ менен ҮМБ/ЖДПБ бюджетинин каражаттарынын эсебинен акысыз камсыздоого укуксуз (3-тиркеме).
41. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар ММК КП боюнча дары каражаттары менен дарыканалар аркылуу камсыз кылынат.
ММК КП боюнча дары каражаттардын тизмеси ТМДКТ негизинде түзүлөт. Бул тизмеге ТМДКТга кирбеген 10% генерикалык аталыштар чегинде дары каражаттар камтылышы мүмкүн.
ММК КП боюнча дары каражаттарга рецепттерди үй-бүлөлүк дарыгерлер, ҮДТ, ҮМБ дарыгерлери, өзгөчө учурларда ФАП башчылары камсыздандыруу статусун текшергенден кийин гана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга жазып берилет.
42. Ушул МКП 40 жана 41-пунктунда көрсөтүлгөн жеңилдиктерге ылайык дары каражаттарды берүүнү Бирдиктүү төлөөчү менен келишим түзгөн дарыкана мекемелери жүргүзөт.
Дары каражатка жеңилдетилген рецеби бар жарандар дары каражаттын чекене баасы менен Бирдиктүү төлөөчү белгиленген төлөм баасынын ортосундагы айырмасын төлөшөт.
Жеңилдетилген рецепттер боюнча дары каражаттарын бейтаптын тапшырмасы боюнча анын тууганы, ошол рецептти жана туугандык мамилесин далилдеген документти көрсөткөндө алышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
43. 40, 41-пункттарда көрсөтүлгөн жеңилдиктер категорияларынын рецепттерин жазып берүү, дары-дармек каражаттарын берүү жана аларга төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Стационардык жардам көрсөтүүдө дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу
44. Жарандарды стационардык шартта дары-дармектер менен камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан, кошумча төлөө жана атайын каражаттардан, ошондой эле гуманитардык жардамдын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан Бирдиктүү төлөөчү менен макулдашып, мекеме жетекчиси бекиткен ТМДКТ негизинде түзүлгөн ДКжМББ ооруканалык тизмесинин алкагында жүргүзүлөт.
45. ДК жана МББ оорукана тизмесине стационардын профилине жана спецификасына ылайык кошумча дары каражаттар киргизилиши мүмкүн, бирок ТМДКТ кирбеген 20% генерикалык аталыштын чегинен ашпоого тийиш.
46. ДК жана МББ дайындоосу генерикалык аталыштары боюнча стационардык бейтаптын медициналык картасында чагылдырылат.
47. Саламаттык сактоо уюму бөлүмдөрдө ДК жана МББ болушу жөнүндө көрсөтмөлүү маалыматты камсыз кылат, ал пациентке жеткиликтүү жерде болушу керек.
48. Эгерде пациенттин дары-дармек менен камсыз болушуна кеткен фактылык чыгаша Бирдиктүү төлөөчү бекиткен дарылоонун орточо наркынан үч эсе ашып кетсе, стационардын дарылоо-контролдук комиссиясы андан ары дарылоо үчүн дары каражаттарга кошумча чыгашаларды пациенттин каражаттарынын эсебинен, анын жеңилдиктерге укуктары болушуна карабай төлөө жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
5. МКПнын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
49. Мамлекеттик кепилдиктер программасына мониторинг жана баалоону калктын ден соолугунун абалын, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жана натыйжалуулугун, медициналык кызматтын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө пациенттердин пикирин иликтөөнү чагылдырган индикаторлордун негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Бирдиктүү төлөөчү жүргүзүшөт.
| Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик гарантиялар программасына 1-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
I бөлүм. Медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда социалдык статусу боюнча акысыз алууга укугу бар жарандардын категориялары
II бөлүм. Медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык жана стационардык деңгээлдерде негизги оорусунун клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча акысыз алууга укугу бар жарандардын категориялары
I бөлүм
Медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда социалдык статусу боюнча акысыз алууга укугу бар жарандардын категориялары
1. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуясынан майып болгондор.
3. Эл аралык терроризмге каршы согуштук кагылышууларда жабыркаган жана майып болгон жарандар.
4. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күжүрмөн эмгеги жана
кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары
менен сыйланган адамдар.
5. Концлагерлердин мурдагы туткундары.
6. Ленинград шаарынын блокадасында болгон адамдар.
7. 70 жаштан ашып калган эмгек ардагерлери.
8. "Баатыр эне" жана "Мать героиня" ордени менен сыйлангандар.
9. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумуш колонналарына (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизацияланып, кийин реабилитацияланган жарандар.
10. Советтер Союзунун баатырлары жана Даңк орденинин 3-даражасы менен сыйланган адамдар.
11. Социалисттик Эмгектин Баатырлары.
12. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмачылык даражасы ыйгарылган жана 1 даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган жарандар.
13. Башка мамлекеттердин аймагында болгон согуштарга катышкандар.
14. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жапа чеккен жарандар (радиациялык авариялардын кесепетинен пайда болгон оорулар менен ооруган адамдар; 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар, ошондой эле майыптыгы Чернобыль кыйроосу менен байланышы аныкталган майыптар; 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар; Чернобыль АЭСинин авариясын жоюуда каза тапкандардын жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттеринен болгон оорулардан каза тапкандардын үй-бүлөлөрү; Кыргыз Республикасына 1986-жылы көчүрүү зонасынан эвакуацияланган (өз ыктыяры менен келген) же көчүрүп келинген адамдар, ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары көчүрүү зонасынан өз ыктыяры менен келген адамдар; Чернобыль АЭСиндеги авариядан кийин көчүрүү укугу менен жашаган жеринен Кыргыз Республикасына өз ыктыяры менен келген адамдар; көчүрүү зонасында, көчүрүү укугу менен жашаган жеринде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы аскер кызматчылары жана адамдар; көчүрүү зонасынан жана көчүрүү укугу менен жашаган жеринен Кыргыз Республикасына эвакуацияланган жана көчүп келген 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуация учурунда энесинин боюнда бар балдар, ошондой эле ЧАЭСтеги аварияга катышкан жарандардын биринчи жана кийинки муундардагы балдары).
15. Аскердик кызматтын милдетин аткарууда жаракат жана мертинүү алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
16. Курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялы; ата-энеси (атасы, энеси) пенсиялык куракка жеткенде, эгерде курман болгон же дайынсыз жоголгон үйлөнбөгөн/күйөөгө чыкпаган болсо; он сегиз жашка чейинки өзүнүн балдары жана асырап алган балдары), ошондой эле 6-апрелде Талас облусунда, 7-апрелде Бишкек шаарында, 13-14-майда Жалал-Абад шаарында жана 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары аларды тастыктаган документтери болгондо.
17. Эмгектик мертинүүнүн, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
18. Угуусу жана көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
19. Бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
20. 18 жашка чейинки, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
21. 5 жашка чейинки балдар (4 жаш 11 ай 29 күн).
22. Мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (асырап алган үй-бүлөдө), жетим балдар үчүн интернаттарда жашаган жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.
23. Карылар үйлөрүндө жана интернаттарда жашаган адамдар.
24. Амбулаториялык деңгээлде медициналык текшерүүгө же стационардык шартта дарыланууга аскердик-врачтык комиссиялар тарабынан жиберилген анык аскердик кызматка чакырылган жарандар.
25. Ведомстволук медициналык мекемелерде квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары аскер кызматын өткөргөн учурда.
26. ВИЧ/СПИД менен ооруган адамдар.
27. 4 жана андан ашык жашы жетпеген балдары бар көп балалуу үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - окууну бүткөнчө, бирок 18 жашка толгонго чейин), социалдык коргоо органдарынын маалымкатын көрсөткөндө.
28. 70 жаштагы жана андан кары пенсионерлер.
II бөлүм
Медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык жана стационардык деңгээлдерде негизги оорусунун клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча акысыз алууга укугу бар жарандардын категориялары
1. Кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдар.
2. Стационардык дарыланууда кош бойлуулугунун патологиясы менен келген аялдар (негизги диагнозу боюнча).
3. Социалдык жана медициналык көрсөткүчтөрү боюнча боюнан алдырууга келген аялдар.
4. Төрөткө келген аялдар.
5. Төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде төрөттөн кийинки кошумча оорулар менен түшкөн аялдар.
6. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кургак учук менен ооругандар.
8. Бронхтук астма менен ооругандар.
9. Терминалдык стадиядагы онкологиялык бейтаптар.
10. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Психикалык оорулуулар (паранойялык шизофрения, өнөкөт жөөлүү, ар кандай генездеги аффекттик бузулуштар).
12. Талма менен ооругандар.
13. Кант диабети менен ооругандар.
14. Кантсыз диабет менен ооругандар.
15. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Өтө кооптуу жана карантиндик инфекциялар менен ооруган адамдар жана алар менен байланышта болгондор (ич келте, бөртмө келте, күйдүргү).
17. Кутурма менен ооругандар менен байланышта болуп, жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар адамдар;
18. Менингококк менингити менен ооругандар.
19. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Гемофилия менен ооругандар.
21. Баштапкы тергөөдөгү адамдар, ошондой эле жазасын өтөп жаткан, анын ичинде соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан адамдар, саламаттык сактоонун пенитенциардык мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болбогондо пациенттин өмүрүнө коркунуч туудурган кечиктирилгис абал пайда болгон учурда.
| Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктер программасына 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────────┬───────────────┬───────────────┐
│ Кошумча төлөмдүн түрлөрү │ Стационарлар, │ Республикалык │
│ │республикалыкты│ стационарлар │
│ │ кошпогондо │ (сом) │
│ │ (сом) │ │
├──────────┬──────────────┬───────────┼───────────────┼───────────────┤
│Терапиялык│Ооруканага │Минимум │ 330 │ 330 │
│профилдеги│жаткырууга │деңгээл │ │ │
│кошумча │жолдомо ├───────────┼───────────────┼───────────────┤
│төлөм │болгондо │Орточо │ 840 │ 1160 │
│ │ │деңгээл │ │ │
│ │ ├───────────┼───────────────┼───────────────┤
│ │ │Максимум │ 2370 │ 2700 │
│ │ │деңгээл │ │ │
│ ├──────────────┴───────────┼───────────────┼───────────────┤
│ │ Жолдомосуз │ 6410 │ 7390 │
├──────────┼──────────────┬───────────┼───────────────┼───────────────┤
│Хирургия- │Ооруканага │Минимум │ 430 │ 430 │
│лык │жаткырууга │деңгээл │ │ │
│профилдеги│жолдомо ├───────────┼───────────────┼───────────────┤
│кошумча │болгондо │Орточо │ 1090 │ 1510 │
│төлөм │ │деңгээл │ │ │
│ │ ├───────────┼───────────────┼───────────────┤
│ │ │Максимум │ 3080 │ 3510 │
│ │ │деңгээл │ │ │
│ ├──────────────┴───────────┼───────────────┼───────────────┤
│ │ Жолдомосуз │ 8330 │ 9600 │
└──────────┴──────────────────────────┴───────────────┴───────────────┘
| Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктер программасына 3-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──────────────────┬───────────────────┬─────────────┬────────────────┐
│Оорулардын аталышы│ДК жана МББ аталышы│Орто эсеп │ Сатып алуу │
│ │ │менен жылына │ │
│ │ │1 бейтапка │ │
│ │ │берүү нормасы│ │
├──────────────────┼───────────────────┼─────────────┼────────────────┤
│Инсулинге көз │Инсулиндер, │керектөөсүнө │Кыргыз │
│каранды кант │шприцтер │жараша │Республикасынын │
│диабети │ │ │Саламаттык │
│ │ │ │сактоо │
│ │ │ │министрлиги │
├──────────────────┼───────────────────┼─────────────┼────────────────┤
│Инсулинге көз │Глибенкламид 5 мг │5 упаковка │Кыргыз │
│каранды эмес кант │ │(600 │Республикасынын │
│диабети │ │таблетка) │Саламаттык │
│ │ │ │сактоо │
│ │ │ │министрлиги │
├──────────────────┼───────────────────┼─────────────┼────────────────┤
│Кантсыз диабет │Десмопрессин 5 мл │20 флакон │Кыргыз │
│ 20 флакон │ │ │Республикасынын │
│ │ │ │Саламаттык │
│ │ │ │сактоо │
│ │ │ │министрлиги │
├──────────────────┼───────────────────┼─────────────┼────────────────┤
│Гемофилия │Криопреципитат │20 флакон │Кыргыз │
│ │15 мг │ │Республикасынын │
│ │ │ │Саламаттык │
│ │ │ │сактоо │
│ │ │ │министрлиги │
├──────────────────┼───────────────────┼─────────────┼────────────────┤
│Кургак учук │DOTS программасы │керектөөсүнө │Кыргыз │
│ │боюнча │жараша │Республикасынын │
│ │ │ │Саламаттык │
│ │ │ │сактоо │
│ │ │ │министрлиги │
├──────────────────┼───────────────────┼─────────────┼────────────────┤
│Кан факторлору │VIII, IX │6500 МЕ │Кыргыз │
│менен мурда │факторлордун │ │Республикасынын │
│дарыланган 16 │концентраттары │ │Өкмөтүнө │
│жашка чейинки жана│ │ │караштуу ММК │
│андан улуу │ │ │фонду │
│гемофилия менен │ │ │ │
│ооруган балдар │ │ │ │
└──────────────────┴───────────────────┴─────────────┴────────────────┘
┌────────────────────────┬─────────────────────────────────┬──────────┐
│ Оорунун аталышы │ Дары-дармек каражатынын │ Жылына 1 │
│ │ аталышы │ бейтапка │
│ │ │ берүү │
│ │ │ нормасы │
├────────────────────────┼─────────────────────────────────┼──────────┤
│Терминалдык стадиядагы │1. Кетопрофен, саюу үчүн │36000 мг │
│онкологиялык оорулар │ампулалар │ │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │2. Тримеперидин гидрохлориди, │4800 мг │
│ │саюу үчүн ампулалар │ │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │же морфин гидрохлориди, саюу │3000 мг │
│ │үчүн ампулалар │ │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │же трамадол, саюу үчүн ампула │36000 мг │
├────────────────────────┼─────────────────────────────────┼──────────┤
│Психикалык бузулушу бар │1. Галоперидол, таблетка, саюу │2100 мг │
│бейтаптар (талма, │үчүн ампулалар │ │
│шизофрения, аффективдик ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│бузулуулар) │2. Тригексифенидил, таблетка │720 мг │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │3. Клозапин, таблетка │9000 мг │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │же хлорпромазин, таблетка │9000 мг │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │4. Амитриптилин, таблетка │13500 мг │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │5. Клоназепам, таблетка │360 мг │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │6. Фенобарбитал, таблетка │21000 мг │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │же карбамазепин, таблетка │108000 мг │
├────────────────────────┼─────────────────────────────────┼──────────┤
│Бронхалык астма │1. Сальбутамол, ингаляция үчүн │80 мг │
│ │аэрозоль │ │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │2. Бекламетазон, ингаляция үчүн │60/150 мг │
│ │аэрозоль │ │
│ ├─────────────────────────────────┼──────────┤
│ │3. Преднизолон, таблетка │3600 мг │
└────────────────────────┴─────────────────────────────────┴──────────┘
|
|