Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 3-октябры № 674
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 5-октябрында № 88 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын
оптималдаштыруу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Оторбаев Жоомарт Каипович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадкызматынын директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Мукамбетов Мурат Картайбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Лаврова Ольга Владимировна - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Шыкмаматов Алманбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Ахметова Нурсулу Меирбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүүнү мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;
Пономарев Сергей Васильевич - Кыргыз Республикасынын Рыноктор, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Третьяков Александр Викторович - "Гуманитардык долбоордоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).