Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 3-октябры № 674

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 5-октябрында № 88 жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

 

Ж. Сатыбалдиев

 

Тиркеме

"Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын

оптималдаштыруу боюнча комиссиянын

КУРАМЫ

 

Оторбаев Жоомарт Каипович                                                                                - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Карашев Аалы Азимович                                                                                  - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадкызматынын директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Мукамбетов Мурат Картайбекович                                                                    - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

Лаврова Ольга Владимировна                                                                             - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Сариев Темир Аргембаевич                                                                                 - Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Шыкмаматов Алманбет Насырканович                                                              - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Ахметова Нурсулу Меирбековна                                                                         - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүүнү мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Шадыбеков Куванычбек Баймуратович                                                             - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Пономарев Сергей Васильевич                                                                          - Кыргыз Республикасынын Рыноктор, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Третьяков Александр Викторович                                                                      - "Гуманитардык долбоордоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).