Редакцияот 09.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 9-октябры № 681

Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын

чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

 

"Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын тиешелүү даярдоону ишке ашырууга байланышкан чыгымдар аскер кызматчылары жиберилген тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жабылары белгиленсин.

3. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Премьер-министри

 

 

 

Ж. Сатыбалдиев