Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 681 токтому менен бекитилген |
Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
2. Аскер кызматчыларын аскердик байкоочулар катары тандоо жана
даярдоо
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик
контингенттерин даярдоо жана түзүү
4. Мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын
ыйгарым укуктары
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларды даярдоо тартибин, ошондой эле көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаты үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана конвоирлөө боюнча департаменти;
алдын ала тандоо жана тандоо - моралдык-ишкердик сапаты, даярдык деңгээли жана ден соолугунун абалы боюнча Бириккен Улуттар Уюму (мындан ары - БУУ), региондук эл аралык уюмдар (мындан ары - эл аралык уюмдар) койгон алардын адистиги жана талаптары боюнча туура келгендерди аскер кызматчыларынын ичинен табуу максатында мамлекеттик органдар өткөрүүчү иш-чаралар комплекси;
окутуу - аскер кызматчыларына керектүү билимди, ыктарды жана көндүмдүктөрдү үйрөтүүгө (өркүндөтүүгө) багытталган иш-чаралар комплекси;
милдеттүү атайын даярдык - аскер кызматчыларына керектүү моралдык-психологиялык даярдыкты жана дарылоо-алдын алуучу иш-чараларды өткөрүүнү камтыган аскер кызматчыларын үйрөтүү боюнча иш-чаралар комплекси;
медициналык күбөлөндүрүү - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууга аскер кызматчыларынын ден соолук абалы боюнча жарактуусун аныктоо максатында белгиленген тартипте мамлекеттик органдар өткөрүүчү иш-чаралар комплекси.
3. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн аскер кызматчылары катары жөнөтүлүүчү аскер кызматчыларын даярдоо тартиби өзүнө алдын ала тандоону жана тандоону, үйрөтүүнү, милдеттүү атайын даярдыкты жана медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүүнү камтыйт.
4. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке аскердик байкоочу катары катышууга каалоосун билдирген аскер кызматчыларын алдын ала тандоону, тиешелүү мамлекеттик орган жүргүзөт.
5. Аскердик контингент курамында эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууга каалоосун билдирген аскер кызматчыларын алдын ала тандоо, ошондой эле алардын милдеттүү атайын даярдоо жана бөлүкчөлөрдүн курамында даярдоону Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөт.
2. Аскер кызматчыларын аскердик байкоочулар
катары тандоо жана даярдоо
6. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке аскердик байкоочу катары катышууга каалоосун билдирген аскер кызматчылары (мындан ары - талапкерлер), тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин атына белгиленген тартипте рапорт берет.
Берилген рапорттун негизинде мамлекеттик органдын жетекчиси түздөн-түз жана тикелей башчылардын сунуштарын эсепке алуу менен алдын ала тандоо боюнча иш-чараларын өтүү үчүн талапкерге уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
7. Талапкерлерди алдын ала тандоо, аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөп жаткан тиешелүү мамлекеттик органда уюштурулат.
Алдын ала тандоонун жүрүшүндө талапкерлердин төмөнкү жалпы талаптарга ылайыктыгы белгиленет:
- 5 жылдан кем эмес календардык жылдагы аскерде кызмат кылган жылдарынын болуусу;
- аскердик наамы капитандан тартып полковникке чейин;
- чет тилинде оюн эркин билдирүүсү (англисче, керектүү учурларда французча), ошондой эле ал тилде окуп жана жаза билүүсү;
- кыймыл берүү механикалык коробкасы 4x4 толук кыймылдуу транспорт каражаттарын айдоого көндүм "В" категориясындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна уруксаат берген анык айдоочунун күбөлүгү бар жана айдоо тажрыйбасы эки жылдан кем эмес болуусу;
- ден соолугунун абалына коюулуучу талаптарга ылайык келүүсү;
- топографияны таанып-билүүсү;
- биринчи медициналык жардам көрсөтө билүүсү.
8. Жалпы талаптарга ылайык келгенде талапкер жөнүндө маалымат жана тастыктоочу документтер тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлган, талапкерлердин жалпы тизмесине аны кошуу жөнүндө өтүнүч менен Коргоо министрлигине жиберилүүгө тийиш.
9. Коргоо министрлигинде аскердик кызмат өтөп жаткан талапкерлер, жалпы талаптарга ылайык келгенде жалпы тизмеге киргизилүүгө тийиш.
10. Талапкерлердин тизмесин түзүү Коргоо министрлигине (мамлекеттик органдардын өтүнүчү) келип түшкөн (катталган) рапорттун датасы боюнча жүргүзүлөт.
Тизмелер жыл сайын 3-январдан 31-март бою түзүлөт. Бекитилген тизмеге талапкерлерди кошумча кошууга жол берилбейт.
11. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрине (мындан ары - коргоо министри) бекитүүгө берилет.
12. Коргоо министри бекиткен талапкерлер, Коргоо министрлигинин аскердик-медициналык мекемелеринде алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.
Медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлер аскердик байкоочу катары милдеттүү атайын даярдык курсунан өтүү үчүн жиберилүүгө тийиш.
13. Милдеттүү атайын даярдоо Коргоо министри бекиткен окутуу программасы боюнча жыл сайын эки ай бою Коргоо министрлигинин мекемелеринде өткөрүлөт.
14. Окутуу программасы төмөнкүлөрдөн турат:
- тынчтыкты сактоо ишинин негиздери;
- тилдик даярдык (чет тилдик билимин өркүндөтүү);
- эл аралык гуманитардык укук жана адам укуктарынын ченемдери;
- кесиптик жана медициналык даярдык (биринчи медициналык жардам көрсөтүү);
- кыймыл алмаштыруучу механикалык коробкалуу 4x4 толук кыймылдуу транспорт каражаттарын айдоо;
- байланыш жана коммуникация негиздери (радиокоммуникация);
- инженердик даярдыктын негиздери;
- топография негиздери жана турган жерде багыт алуу;
- курал-жарак жана аскердик техника;
- эл аралык уюмдардын кызматтык иш кагаздарын жүргүзүү;
- маданият аралык коммуникациянын негиздери жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эрежелери;
- моралдык-психологиялык даярдык.
Көрсөтүлгөн сабактардан тышкары коргоо министринин чечими менен кошумча сабактар киргизилиши мүмкүн.
Аскердик байкоочу катары атайын милдеттүү даярдык курсу теориялык жана практикалык сабактардан, ошондой эле дарылоо-профилактикалык иш-чаралардан турат.
15. Аскердик байкоочу катары аскер кызматчыларын даярдоо төмөнкү даярдыктарды да камтыйт:
- БУУнун (эл аралык уюмдардын) тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн штабынын офицери катары даярдоону;
- БУУнун (эл аралык уюмдардын) тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн ооруктук жана техникалык кызматтарынын командирлери катары даярдоону.
16. Окутуунун жыйынтыгы боюнча талапкерлер аттестациялоодон өтүүгө тийиш (тиешелүү теориялык жана практикалык экзамендерди берүү).
Белгиленген тартипте аттестациядан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге коргоо министри аныктаган тартипте, аскердик байкоочу катары даярдоо курсун өткөндүгү жөнүндө коргоо министрлигинин сертификаты берилет.
Сертификаттарды даярдоо типографиялык жол менен андагы тиешелүү серия жана номер милдеттүү түрдө көрсөтүлүп жасалат.
17. Мамлекеттик органдардын аскер кызматчылары эл аралык атайын борборлордон (чет өлкөлүк аскердик жана жарандык окуу жайлары/уюмдары/мекемелери) тийиштүү даярдыктан (окуудан) өтө алышат. Конкурстук негизде бекитилген тизмеде турган талапкерлер аталган даярдыктан өтүүгө жиберилет.
Мындай борборлордон окуудан өткөн жана тийиштүү сертификат алган аскер кызматчылары, тынчтыкты сактоо миссиясына жиберүү үчүн талапкерлердин тизмесине кирүү укугуна ээ болот, ал эми алар макул болсо мындай аскер кызматчылар атайын милдеттүү даярдыкты коргоо министрлигинин мекемелеринде өтө алышат.
18. Ушул Жобо белгилеген тартипте аскердик байкоочу катары даярдыктан өткөн жана тийиштүү сертификаты бар аскер кызматчылары, тынчтыкты сактоо миссиясына жиберилүүчү талапкерлердин тизмесине киргизилүүгө тийиш.
19. Тынчтыкты сактоо миссиясына жиберүү үчүн талапкерлердин тизмеси жыл сайын декабрь айында түзүлөт жана коргоо министри тарабынан бекитилет.
20. Тынчтыкты сактоо миссиясына жиберүү үчүн талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин бардык талапкерлер жөнүндө маалымат жана башка керектүү документтер белгиленген тартипте эл аралык уюмдарга жиберилет.
Тынчтыкты сактоо миссияларына бекитилген тизмеде турбаган талапкерлер жөнүндө маалымат жиберүүгө жол берилбейт.
21. Тынчтыкты сактоо миссиясына аскер кызматчыларын жиберүү аскер кызматчысына тийиштүү чакыруу каты алынгандан кийин аткарылат.
22. Аскердик байкоочу катары тынчтыкты сактоо миссиясына жиберүүнүн алдында бардык аскер кызматчылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.
23. Эл аралык уюмдарга алар жөнүндө маалымат жиберилген жана тынчтыкты сактоо миссиясына аскердик байкоочу катары жиберилбеген аскер кызматчылары, тынчтык сактоо миссиясына жиберүү үчүн талапкерлердин кезектеги жыл сайын тизме түзүүдө, алардын жазуу түрүндөгү макулдугу менен, алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин, аталган тизмеге милдеттүү түрдө киргизилиши керек.
24. Аскердик байкоочу катары тынчтыкты сактоо миссиясына катышкан аскер кызматчылары, тынчтыкты сактоо миссиясынан кайтып келгенден кийин эки жыл өткөндөн кийин, жалпы тартипте талапкерлердин тизмесине аларды киргизүүгө рапорт берүүгө укуктуу. Мындай аскер кызматчылары аскердик байкоочу катары милдеттүү атайын даярдык курсунан өтө алышат.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
аскердик контингенттерин даярдоо жана түзүү
25. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке (мындан ары - тынчтыкты сактоо иши) катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенттерин (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) даярдоо жана түзүү, ошондой эле аларды жабдуу ошол аскер кызматчылары, аскердик техника жана куралдар бөлүнүп берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
26. Тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын даярдоо БУУнун тиешелүү стандарттары боюнча атайын тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүн түзүү жолу менен аткарылат.
27. Тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүндө аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, коргоо министри бекитүүчү тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүнүн даярдоо программасы боюнча атайын даярдыктан өтүшөт.
28. Тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары менен тийиштүү атайын жана тилдик даярдык өткөрүлөт.
29. Тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүн даярдоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- тынчтыкты сактоо операцияларынын өзгөчө милдеттерин аткарууга бөлүкчөлөрдүн жекече курамын, командачылыктын офицерлерин даярдоо жана окутуу;
- бөлүкчөлөрдүн жекече курамынын, командачылыктын офицерлеринин тынчтыкты сактоо операцияларынын өзгөчө милдеттерин ийгиликтүү аткарууга өбөлгө түзгөн билимдерди алуусу, ыкмаларды жана көндүмдөрдү өркүндөтүүсү;
- тынчтыкты сактоо миссиясын милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү керектүү моралдык-психологиялык сапаттарды иштеп чыгуу: кайраттуулук, чыдамдуулук, сабырдуулук, ийкемдүүлүк, демилгелүүлүк, жекече тартип, кесипкөйлүк, калыстык, сылыктык жана тырышчаактык.
30. Аскер кызматчылары тынчтыкты сактоо бөлүкчөсүнүн курамына дайындалуу алдында кесиптик тандоодон жана медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
31. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо ишине катышуу маселесин чечүүдө коргоо министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аскердик контингенттин курамына жана санына коюлган талаптардын негизинде, көрсөтүлгөн контингентти түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
32. Аскердик контингент тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүндө аскердик кызмат өтөп жаткан контракттык кызматтагы аскер кызматкерлеринен ыктыярдуу негизде түзүлүүгө тийиш.
Аскер кызматчысы контингенттин аскердик курамына дайындалуу алдында, өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугун берет.
33. Куралдуу Күчтөрдүн авиациясынан аскердик контингенттин түзүү Куралдуу Күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн аба кемелеринин экипаждарынан жана тиешелүү техникалык жана тейлөөчү кызматкерлеринен түзүлөт.
34. Куралдуу Күчтөрдүн авиациясынын аскердик контингентинин аскер кызматчылары тиешелүү даярдыктан (кайра даярдоодон), ошондой эле медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
35. Аскердик контингенттин курамына бөлүнүүчү курал-жарак жана аскердик техника, бардык резина-техникалык буюмдарды алмаштыруу менен толук техникалык тейлөөгө алынууга тийиш.
36. Аскердик контингенттин курамына, аскердик контингенттин толук иштеши үчүн алардын ишине керектүү болгон аскер кызматчылары дайындалышы мүмкүн, ошол эле учурда мындай адамдар чет тилин (англис тилин, керек учурда француз тилин) билүүсү тийиш.
4. Мамлекеттик органдардын, жеке жана
юридикалык жактардын ыйгарым укуктары
37. Коргоо министрлиги ыйгарым укуктарынын чегинде:
- Куралдуу Күчтөрдүн аскердик контингенттин түзүү тартибин, курамын жана санын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылган, тынчтыкты сактоо ишине Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын катышуусу жөнүндө сунуш киргизет;
- аскердик байкоочу катары аскер кызматчыларын тандоону жана даярдоону жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көрсөтүүсү боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жиберилүүчү аскердик байкоочу талапкерлерди тизме боюнча бекитет, аскер кызматчылары аракеттенген районду, алардын милдеттерин, баш ийгендигин, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт;
- Куралдуу Күчтөрдүн аскердик контингентин даярдоону жана түзүүнү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн аскер кызматчылары жөнүндө маалыматтарды жиберүү маселелери боюнча БУУ компетенттүү органдар жана башка эл аралык региондук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
38. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча эл аралык уюмдардан келип түшкөн сунуштарды мамлекеттик органдарга кабарлайт;
- эл аралык уюмдардын суроо-талаптарына ылайык эл аралык тынчтыкты сактоо жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн айкын категориядагы адистерди даярдоо жөнүндө мамлекеттик органдарга сунуштарды жиберет;
- талапкерлерди даярдоо боюнча иш-чараларга катышуу үчүн эл аралык уюмдардын адистерин тартууга мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;
- эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ар бир айкын учурларда эл аралык уюмдарга кабарлайт.
39. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышка жиберилүүчү аскер кызматчыларын даярдоого башка мамлекеттик органдар, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке адамдар окутуу материалдарын берүү, тийиштүү адистерди жиберүү, жерлерди жана объекттерди, транспорттук жана башка материалдык-техникалык каражаттарды убактылуу берүү жолу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ыкмалар менен белгиленген тартипте жардам кылуу укугуна ээ.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
|
А. Атамбаев |