ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 682 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция09.10.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 9-октябры № 682

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ишин уюштурууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартибинин тиркелген эрежелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев