Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 688
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чети жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 4-пунктундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункту "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия," деген сөздөр менен толукталсын;
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басарларынын бири өз ишин түздөн-түз Ош шаарында жүргүзөт.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 323 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 3-пунктту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев |