Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 9-октябрындагы N 688 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 30-декабры, №636
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-ноябрындагы №
533 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн
өркүндөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
15-октябрындагы № 462 Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу» Жарлыгына ылайык, ошондой эле дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик
саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу маселелериндеги иштердин
координацияланышын жакшыртуу, республикада мамлекеттик башкаруунун
натыйжалуулугун жогорулатуу жана структурасын өркүндөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча
мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-мартындагы № 86
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча
мамлекеттик комиссия жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министр Ф.Кулов