Загрузка документа…
БКР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 9-октябрындагы N 688 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-майы, №323
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
30-декабрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы №10
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы
«Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык кызмат
ордун уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы №
636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча
мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик
агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Дин иштери боюнча мамагенттикти кызматка Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти
тарабынан дайындалчу жана бошотулуучу директор башкарат.
Агенттиктин директорунун статс-катчысы жана директордун бир орун
басары болот.
Статс-катчы кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана
директордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдеттери жана
ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекитүүчү статс-катчы
жөнүндө жобо менен аныкталат. Директор статс-катчыга башка
функцияларды жана иш милдеттерди аткарууну тапшырышы мүмкүн.
Директордун орун басары кызматка директордун сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат,
директорго түз баш ийет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин
чегинде жүргүзөт.».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов