Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 токтому менен бекитилген |
Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча МИНИМАЛДЫК СТАНДАРТТАР
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердеги балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча мекемелердеги минималдык стандарттар (мындан ары - минималдык стандарттар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөтүүнү кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерге (мындан ары - мекемелер) колдонулат.
2. Мекеме оор турмуштук кырдаалга кабылган балага багуу, тарбиялоо, калыбына келтирүү, интеграциялоо (реинтеграциялоо), медициналык жана социалдык жардам берүү боюнча кызматтарды көрсөтөт; шайкеш өнүгүшү үчүн ага оптималдуу шарттарды камсыз кылат; баланын өз үй-бүлөсү менен мамиле куруусуна колдоо көрсөтөт.
3. Ушул минималдык стандарттар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясына, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык иштелип чыккан.
2. Уюштуруу принциптери
4. Оор турмуштук кырдаалга кабылган балага багуу, тарбиялоо, калыбына келтирүү, интеграциялоо (реинтеграциялоо), медициналык жана социалдык жардам берүү боюнча кызматтар баланын керектөөлөрүндөгү мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен берилет.
5. Бир тууган ага-инилердин/эже-сиңдилердин бөлөк жайгаштырылуусуна тыюу салынат, буга алардын биринде адекваттык эмес же зомбулук көрсөтүү тенденциясы байкалган учурлар кирбейт.
6. Мекеме баланы үй-бүлөлүк жагдайга максималдуу түрдө жакындашкан шарттарда өстүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
7. Улуту, жынысы, тили, курагы, билими, туткан дини, расасы, саясий көз караштары, мүлктүк же башка абалы, майыптуулугу, өзүнүн туулган жери, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол берилбейт.
8. Баланы мекемеге жайгаштыруу убактылуу мүнөзгө ээ. Ар бир баланы жеке жайгаштыруу планы аны үй-бүлөгө интеграциялоонун (реинтеграциялоонун) керектүү зарыл ыкмаларын камтыйт.
9. Мекеме өз ишинде жаш курагы, тарбиялоонун өзгөчө керектөөлөрү, ден соолугу жана жекече өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды камтыган өзүнүн тарбиялануучулары жөнүндө маалымат базасын жүргүзөт.
10. Мекеменин эң көп сыйымдуулугу 100 орундан ашпоого тийиш. Эң аз орун кеминде 8 орун (1 топ) болушу керек.
11. Мекемеге кабыл алынуучу балдардын жаш курагы 4 жаштан кичүү эмес жана 18 жаштан улуу эмес болушу керек.
12. Кызматтарды көрсөтүү мекеменин жүргүзгөн ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша бир же бир нече жаш курактык категориялар үчүн бир же бир нече багыттар боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
13. Курактык топтор боюнча тарбиялоону уюштуруу ар бир баланын кызыкчылыгын эске алуу менен,төмөнкүлөр көңүлгө алынып ишке ашырылат:
баланын курагын;
анын өсүп-өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн;
эмоционалдык жана тарбия берүүчү керектөөлөрдү;
билим берүү деңгээлин;
кесиптик даярдыкка муктаждыгы;
өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн;
интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн.
14. Баланын мекемеде болуу мөөнөтү бала кабылган конкреттүү жагдайга жараша мезгилге аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Баланы бир мекемеден башка мекемеге которуу баланын үзгүлтүксүз окуу процесси камсыз кылынгыдай, ошондой эле жагдайдын өзгөрүшү менен болгон кыйынчылыктарды минималдаштыруу менен жүргүзүлүшү керек.
3. Баланы мекемеге жайгаштыруу
16. Бала мекемеге Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Баланы кабыл алган мекеме эки сутканын ичинде тиешелүү маалыматты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
18. Баланы мекемеге жайгаштыруу убактылуу мүнөзгө ээ жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
баланын өздүк делосун түзүүнү/толтурууну (1-тиркеме);
баланын физиологиялык жана психологиялык абалына комплекстүү баа берүүнү (баалоону);
жеке жайгаштыруу планын иштеп чыгууну (3-тиркеме).
19. Мекемеге алынган баланын абалына жана тарбияланышына комплекстүү социалдык, психологиялык, медициналык баа берилет. Баланын абалына жана тарбиялануусуна комплекстүү баа берүү мекеменин администрациясы түзгөн, өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган Комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт:
балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу боюнча);
райондук мамлекеттик администрациянын, республикалык же облустук маанидеги шаардын мэриясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
мекеменин социалдык иштер боюнча адиси;
психолог, тарбиячы;
врач-педиатр;
социалдык педагог.
Баланын проблемасына жараша башка жааттагы адистер тартылышы мүмкүн (билим берүү, саламаттык сактоо, укук коргоо ж.б.).
20. Адистерди (медициналык жана социалдык кызматкерлер) тартуу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан аныкталган (мекеменин социалдык иштер боюнча адиси же тарбиячысы) тиешелүү жооптуу кызматкери (куратор) тарабынан кабыл алынат.
21. Мекеменин адистери баланын өздүк делосун мекемеге жөнөткөн жана баланын абалын билген башка адистер/мекемелер менен кызматташат.
22. Баланы мекемеге жайгаштыруунун себептерин аныктоо максатында үй-бүлөгө жана балага психологиялык консультация берүү каралат, жана консультация жүргүзүлгөн учурда баланын эмоционалдык жана жүрүм-турум өнүгүүсүндөгү керектөөлөрүнө, инсандыгына, анын үй-бүлөлүк жана социалдык мамилелерине тиешелүү аспекттер аныкталышы керек.
23. Баланын психологиялык абалына баа берүүнү мекеменин социалдык иштер боюнча адиси, психолог жүргүзөт.
24. Врач/медкызматкер, психопедагог жүргүзгөн медициналык иликтөө бала мекемеге келип түшкөн учурда анын ден-соолугунун абалын чагылдырат.
25. Баланын даярдык деңгээлине туура келген класска берүү үчүн анын билим жана көндүм деңгээлине баа берүүнү тарбиячы, социалдык педагог жүргүзөт.
26. Баланын абалы жөнүндө маалымат баланын өздүк делосуна киргизилип,төмөнкүлөрдү камтыйт (бар болгондо):
баланын өзүн күбөлөндүрүүчү документи (туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
жашаган жеринен маалымкат;
баланын медициналык карточкасын жана анын өсүп-өнүгүү тарыхынан көчүрмөнү жана мекемеге келип түшкөн учурга карата мурда жасалган профилактикалык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды;
бала мекемеге келип түшкөндө медициналык текшерүүнүн жыйынтыктарын (кандын, зааранын жалпы анализи, RWга жана гепатиттер маркерлерине кан берүү, көкүрөк клетка органдарынын рентгенографиясы, бактериологиялык текшерүүгө кал жана чүчөк курттардын жумурткаларын изилдөө);
баланын даярдыгынын/мектептик билиминин деңгээлин ырастаган документтер;
ата-энеси жок болгон учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен берилген ата-энесинен калган мүлктүн тизмеси, мында мүлктүн жайгашкан жери жана аны сактоо боюнча чаралар, ошондой эле анын сакталышына жооптуу адамдар көрсөтүлөт;
турак жай аянты болгон учурда балага турак жай аянтын бекитип берүү жөнүндө документтер;
пенсия алган балдарынын пенсиялык китепчеси;
тиешелүү мекемеге жиберүү жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
баланын пайдасына алимент алуу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
сактык китепчеси;
алгачкы комплекстик баа берүү;
социалдык анкета (1-тиркеме);
үй-бүлөсүнүн келиши тууралуу отчет (2-тиркеме);
жеке жайгаштыруу планы (3-тиркеме);
мекемеде болгон мезгилде ар бир 3 айда өткөрүлүүчү жаңыдан баа берүү;
үй-бүлө менен келишим (4-тиркеме);
баланын ата-энесинин/камкордукка алуучусунун инсандык күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
балага үй-бүлөсүнүн/досторунун келишин каттоо.
27. Баланын өздүк делолору темир шкафтарда, сейфтерде сакталат.
28. Балада ушул минималдык стандарттын 26-пунктунда камтылган документтеринин жоктугу оор турмуштук кырдаалга кабылган баланын мекемеде болуу жана тиешелүү кызмат алуу укуктарын чектебейт.
29. Башка мекемеде балага өздүк дело жүргүзүлгөн болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн суроо-талабына ылайык баланын өздүк делосунун көчүрмөсү берилет.
30. Баланын өздүк делосун жүргүзүүгө жооптуу адам болуп мекеменин директору (жетекчиси) саналат.
31. Баланын өздүк делосунда камтылган маалыматтар купуя маалымат болуп саналат.
32. Балдар мекемеге келип түшкөндө аларга социалдык адаптацияны колдоо көрсөтүлөт (аларды ушул мекемеде жашаган башка балдар менен тааныштырышат, бөлмөлөрдү, санитардык-гигиеналык жайларды, бош убактысын өткөрүү үчүн жайды көрсөтүшөт, балага бул мекемеге келип түшкөн себептери түшүндүрүлөт).
33. Мекеменин кызматкерлеринин ичинен дайындалган кепил, ал баланын укугу сакталышын көзөмөлдөйт, бала менен ишенимдүү мамиле түзөт.
34. Жеке жайгаштыруу планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
жайгаштыруу максаттарын;
кийлигишүү жаатын:
баланын өнүгүүсү, анын ден соолугу, билими, биологиялык үй-бүлөсү менен мамиле курууну колдоо ж.б.;
белгиленген бир иш-аракеттерди жана планды аткаруу процессинде ар бир адистин ролун/жоопкерчилигин, мөөнөттү.
35. Балдар мекемеге өздөрү менен кошо өздүк буюмдарын: оюнчуктарды, журналдарды, китептерди, кийим-кечелерди ж.б. алып келсе болот, бул буюмдарды сактоо үчүн жер берилет.
36. Мекемеге бала келгенде алгачкы санитардык тазалоо жүргүзүлөт, зарыл учурда алгачкы медициналык жардам көрсөтүлөт. Мекемеге келген учурда баланын ден соолугунун абалын ырастоочу медициналык карточка жана анын көчүрмөсү жок болгон учурда, бала медициналык текшерүүдөн өткөнгө чейин башка балдардан өзүнчө жашаганга жай камсыз кылынат.
37. Мекемеде болгон баланын абалына карата мезгил-мезгили менен, 3 айда бир жолу Комиссия тарабынан кайрадан баа берүү жүргүзүлөт.
38. Мезгил-мезгили менен баа берүүнүн максаты болуп баланы жана үй-бүлөнү өнүктүрүү, пландалган иш-чаралардын натыйжалуулугу саналат.
39. Бала баа берүү процессине активдүү тартылат жана анын түшүнүү деңгээлине ылайык жеткиликтүү тилде ага баа берүүнүн жыйынтыктары билдирилет.
40. Баланын ой-пикири баа берүү мезгилинде көңүлгө алынат.
41. Кайрадан баа берүүнүн жыйынтыктары баланын өздүк делосуна киргизилет жана жеке жайгаштыруу планына жазылат.
42. Кийлигишүүнүн ар бир жааты үчүн жооптуу адистин пландалуучу ишин жүргүзүү мөөнөтүн көрсөтүү зарыл.
43. Балдарды реинтеграциялоо мекеменин социалдык иштер боюнча адиси жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери, социалдык кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
44. Мекеме мамлекеттик органдарга потенциалдуу камкорчулар (көзөмөлчүлөр), багып алуучу ата-энелер, бала асыроого талапкерлер менен балдардын жолугушуусуна көмөк көрсөтүүсү керек.
45. Баланын мекемеде 6 айдан ашык жайгашуу мөөнөтүн узартуу боюнча чечим балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусунун негизинде сот аркылуу кабыл алынат.
4. Мекеменин коомго ачык-айкындыгы
46. Мекемеде жүргүзүлүүчү иш коом үчүн ачык мүнөзгө ээ.
47. Мекеме "Ачык эшик күнү" деп аталуучу акцияларды уюштурат, алар жылына кеминде эки жолу өткөрүлөт жана коомдун бардык мүчөлөрүнө, кызыкдар адамдарга мекемеге барууга, балдар менен таанышууга жана алар сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берет.
48. Мекеме балдардын коомдук иш-чараларга катышуусун колдойт.
49. Мекеме спектаклдерди, атайын иш-чараларды уюштурат, аларга коомчулуктун мүчөлөрү чакырылат.
50. Мекеме коомдук билим берүү программаларына балдардын катышуусун колдойт.
5. Мекемелерде балдарга берилүүчү турак-жай шарттары
51. Мекеме баланын дене бой, психикалык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу жашоонун шарттарын камсыз кылат.
52. Пайдалуу аянт бир балага кеминде төрт квадрат метр болууга тийиш.
53. Уктоочу жайлар 6 жаш курактан тартып жыныстык белгиси боюнча бөлүнөт жана алардын ар биринде 5тен көп эмес бала жайгаштырылат.
54. Уктоочу жайларда жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт, алар жылытылат, тазалык сакталат жана тиешелүү түрдө эмеректер менен жабдылат.
55. Ар бир баланын өзүнүн керебети жана ачкыч менен жабылуучу өздүк буюмдарды сактоо үчүн жери (шкаф, суурма ящик ж.б.) болот; анын кеминде бир шкафы жана тумбочкасы болот, анда өздүк буюмдар сакталат.
56. Бир тууган ага-инилери/эже-карындаштары бир уктоочу жайга жайгаштырылат, ал эми 6 жаштан тартып жыныстык белгиси боюнча өз-өзүнчө жайгаштырылат.
57. Балдар өздөрүнүн керебеттеринин жанында жерди орундаштыра алышат.
58. Балдар өздөрүнүн уктоочу жайларына эркин кире алышат.
59. Ойноо үчүн жер үй тапшырмасын аткаруучу жерден өзүнчө жайгаштырылат.
60. Электр розеткалары, терезелер жана балкондор тосулат.
61. Ар күндүк/ар жумалык/ар айлык санитардык-гигиеналык программа камсыз кылынат, ал эми жууркан-төшөктөр эки жумада бир жолу жана зарылдыгына жараша алмаштырылат.
62. Мекемеде таза шейшептерди сактоо үчүн жер болууга тийиш.
6. Санитардык-гигиеналык жайлар
63. Санитардык-гигиеналык жайлар таза кармалат жана аларды колдонуучу балдарга жеке гигиенаны сактоого мүмкүндүк берет.
64. Санитардык түйүндөрдүн болушу милдеттүү болуп саналат жана балдар ал жакка эркин кире алат.
65. Балдар үчүн санитардык түйүндөр алардын курагына карабастан жыныстык белгилери боюнча өз-өзүнчө бөлүнөт.
66. Мекеме муздак/ысык аккан суу менен дайыма камсыз болушу керек.
67. Балдар санитардык-гигиеналык буюмдар: самын, шампунь, тиш пастасы, тиш щеткасы, даараткана кагазы жана гигиеналык салуучу буюмдар менен камсыз кылынат. Тиш щеткасы алты айда бир жолу алмаштырылат.
68. Балдар күн сайын өздүк гигиена процедурасын жасашат.
69. Мекемеде кир жуу жана үтүктөө үчүн атайын жай болот.
70. Тазалоочу каражаттар (порошоктор) балдар жетпеген жерлерде жана жайларда сакталат.
71. Мекеменин кызматкерлери үчүн өзүнчө дааратканалардын болушу милдеттүү болуп саналат.
72. Тазалоо күн сайын, дезинфекциялоо ай сайын жасалат.
73. Мекемеде ар бир балада эки өздүк сүлгү (бири - колду жана бетти аарчуу үчүн, экинчиси - бутту аарчуу үчүн) болот.
74. Балдардын ич кийимдерине жана сүлгүлөрүнө белги коюлат. Алар жумасына бир жолу же зарылдыгына жараша алмаштырылат.
7. Тамак-аш даярдоо жана ичүү үчүн жайлар
75. Балдардын организминин физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен балдар жетиштүү көлөмдөгү тең салмактуу тамак-аш менен камсыз кылынат. Мекемелерде тамактануунун эсептик акчалай ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерден кем болбоого тийиш.
76. Ден соолугунда проблемасы бар балдар медициналык рекомендацияларга ылайык тамактанат.
77. Тамак-аш күнүнө кеминде үч жолу тамактанууну жана эки жолу жеңил тамактанууну камсыз кылуу менен тиешелүү жана ылайыктуу убакыт аралыгында берилет.
78. Тамак-аш ичүү үчүн жай таза болушу жана тиешелүү түрдө эмерек менен жабдылышы керек, тамак жакшынакай берилиши керек.
79. Тамактан системалуу түрдө баш тарткан же башка проблемалары бар балдар адис тарабынан каралат.
80. Майрам күндөрү (балдардын туулган күндөрү, диний майрамдары, Жаңы жыл ж.б.) майрамдык столдорду уюштуруу мүмкүндүгү камсыз кылынат.
81. Эч бир жагдайда балага жаза берүү катары тамак берилбеши же столду жасалгалоого катыштыруусу мүмкүн эмес.
82. Тамак-аш ичүү үчүн жайда кол жуу үчүн жер каралууга тийиш.
83. Тамак-аш даярдоо жана ичүү үчүн жай санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык жабдыктар, инвентарлар жана идиш-аяктар менен толук комплекттелиши керек.
84. Тамак-аш азыктары аларды сактоо шарттарын сактоо менен, атайын бул үчүн бөлүнгөн жерде сакталат.
85. Меню түзүү, продуктулардын сапатын жана тамак-аш блогунун санитардык абалын контролдоо, тамак даярдоо жана таратып берүү максатында тамак-аш блогуна бекитилген жооптуу адам болуп мекеменин медициналык кызматкери эсептелет.
8. Келүүчүлөр менен жолугушуу үчүн бөлмө
86. Мекемеде балдардын ата-энеси, туугандары менен жолугуусу үчүн атайын жабдылган жай (бөлмө) болот.
87. Мекемеде ар бир баланын жана үй-бүлөнүн обочолонууга укугу сакталат, маектешүүлөр башка адамдардын катышуусуз жүргүзүлөт. Ата-энелердин балага зомбулук көрсөткөн, начар мамиле кылган учурлары бул эрежелерге кирбейт, мында бардык жолугушууларда адистин катышуусу талап кылынат.
88. Үй-бүлө мүчөлөрү үчүн да, достору үчүн да балага келүүнүн расписаниеси сакталат.
9. Бош убакытты өткөрүү жана түрдүү ишти уюштуруу үчүн арналган жайлар
89. Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу мекеменин ичинде да, ошондой эле анын чегинен сырткары жерде да ишке ашырылат.
90. Мекемеде балдардын бош убактысын өткөрүү, социалдаштыруу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында ар бир балдар тобу үчүн арналган жай (ойноо бөлмөсү) мекеменин жайларынын минималдык нормативдик көрсөткүчтөрүнө ылайык каралат (1-таблица).
91. Жайлар балдардын курагына ылайык жабдылган.
92. Билим берүү материалдарынын жана оюнчуктарынын саны, сапаты жана ар түрдүүлүгү балдардын оюн жана билим алуу керектөөлөрүнө жооп бериши керек.
93. Балдар таанып-билүү кызыкчылыгын жана тарбия берүү ишинде өз алдынчалуулукту өнүктүрүү үчүн алар билим берүү материалдарынын (оюнчуктар, китептер, телевизор, компьютер, Интернет) минималдуу зарыл санына эркин жеткидей болушу керек.
94. Мекеменин турак жайдан тышкары жерде эркин убакытты өткөрүү үчүн атайын жабдылган аянттары (оюн аянттары) болушу керек.
95. Мекеменин эшигинин алды балдардын ойношу үчүн тиешелүү түрдө жабдылышы керек.
10. Балдарды багуу
96. Балдар мекемеде таза чөйрөдө жашашы керек, ал эми алардын өзгөчө муктаждыктары белгилүү болуп жана тиешелүү социалдык, медициналык жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү менен канааттандырылышы керек.
97. Ар бир мекемеде медициналык пункт каралып, анда төмөнкүдөй бөлүмдөр болушу керек:
- балдардын медициналык карточкаларын, дары-дармектерди жана шашылыш учурларда зарыл аспаптарды сактоо үчүн бөлмө;
- баланы тиешелүү медициналык-санитардык мекемеге жайгаштырганга чейин жугуштуу оору менен ооруганда же ага шек санаганда медициналык жардам көрсөтүү жана балага байкоо жүргүзүү, контролдоо, текшерүү үчүн аны мекемеге жайгаштырууга өзүнчө жай;
- врачтын профилактикалык жана медициналык дайындоолорун аткаруу, лабораториялык изилдөөлөргө, антропометрикалык өлчөөлөргө материал чогултуу үчүн процедуралык кабинет.
98. Мекеменин компетенттүү мамлекеттик орган менен макулдашылган баланын ден соолугуна кам көрүү боюнча жеке программасы болот, ал төмөнкүлөрдү карайт:
- вакцинация программасын жана пландуу медициналык кароо/медициналык текшерүү программасын;
- дарылануу процедурасын;
- тамактанууну жана диета кармоону;
- иштөө жана эс алуу режимин;
- өздүк гигиенаны;
- чылым чегүүнүн, спирт ичимдиктерин ичүүнүн жана кооптуу заттарды пайдалануунун кесепеттерин кароону;
- ВИЧ-СПИД проблемасын ж.б.
99. Ар бир баланын өзүнүн медициналык карточкасы болот, ага медициналык мүнөздөгү бардык окуялар - вакцинация, текшерүүнүн жыйынтыктары, дарылануу курсу, хирургиялык операциялар, өзүн начар сезүү ж.б. жазылат.
100. Балдар жыл сайын офтальмологдон жана стоматологдон текшерилип турушат. Зарыл учурда көздү коррекциялоо үчүн көз айнектер даярдалат, стоматологиялык дарылоо жүргүзүлөт.
101. Бала мекемеге келгенде белгиленген бир мезгил аралыгында (курагына жана жалпы ден соолугунун абалына жараша, бирок жылына 1 жолудан кем эмес) медициналык кароодон өтөт, ошондой эле зарылдыгына жараша, шашылыш учурларда, мекемеден чыгаардын алдында жыл сайын бир багыттагы адистер тарабынан текшерилет.
102. Мекемедеги балдар мекеменин педиатрларына/медициналык кызматкерлерине дайыма көрүнүп турушат, ошол эле учурда алар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк врачтын же белгиленген бир медициналык проблемалар боюнча адистин каттоосунда турат. Ал үчүн мекеме саламаттык сактоо кызматтары менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзөт.
103. Балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн таза абада иш-чаралар программасы ишке ашырылат.
104. Балдар жайларды, тегеректеги аймакты тазалоого, эшиктин алдын көркүнө келтирүүгө колдон келишинче катышат, бул балдардын эмгек талаптарын бузбашы керек.
105. Мекемеде медициналык кызматкер жок учурда, мекеменин кызматкерлери балдарда оорунун мүмкүн болгон симптомдорун билүүгө жана тиешелүү чараларды көрүүгө саламаттык сактоо кызматтары менен кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында үйрөтүлөт.
106. Ден соолукту чыңдоо иш-чараларынын программалары балдардын түшүнүү деңгээлине ылайык курактык топтор боюнча, көп профилдүү команданын мүчөлөрүнүн (мекеменин медициналык кызматкеринин, социалдык кызматкеринин, педагогдун, психологдун ж.б.) катышуусу менен дифференцияланат.
107. Жеке маектешүүлөр ак ниеттүүлүк, купуялуулук жана өз ара ишеним чөйрөсүндө жүргүзүлөт.
108. Мекемеде чылым чегүүгө жана спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынат.
109. Кызматкер өзү сергек жашоо мүнөзү жана адекваттуу социалдык жүрүм-туруму менен балага үлгү берүүгө милдетүү.
110. Ар бир баланын курагына жана сезонго, анын каалоосуна ылайык келген өзүнүн кийим-кечеси жана бут кийими болот.
111. Балдарга кийим-кечеде өздөрүнүн каалоолорун айтууда дем берилет жана алар кийимди тандоого, сатып алууга катышат.
112. Балдардын "формасын бир түргө келтирүүгө" түрткү берүүчү каалаган практикага тыюу салынат: бирдей кийим, балдар жана кыздар үчүн бирдей чач жасалгалары ж.б.
113. Жынысы боюнча айырмаланган кыздарда назиктикти жана балдарда кайраттуулукту көрсөткөн кийим стилине, жүрүм-турумуна ж.б. болушуна дем берилет.
11. Балдарга билим берүү
114. Мекемедеги балдарда бойго жеткендеги жашоого даярдык каражаты катары билим алууга жана жетүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөр болот.
115. Этностук таандыктыгына, улутуна, расасына, материалдык абалына карабастан бардык балдар кандайдыр бир түрдөгү билим алууга катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
116. Билим алууга жетүү ар бир баланын психосоциалдык өзгөчөлүктөрүн сактоону билдирет.
117. Мекеменин мугалимдери, психологдору, социалдык иштер боюнча адистери баланын мектеп ишине катышуусуна түрткү берүүчү чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт: балдардын мектепке келишин контролдойт, аларга үй тапшырмасын аткарууда жардам берет, алардын жөндөмдүүлүгүнө дем берүү менен экзамендерге кошумча даярдык жөнүндө өтүнүч кылат ж.б.
118. Балдарга окууда жана алардын жашоо-турмушунда билим маанилүү орун ээлегендигин түшүнүүдө дем берилет.
119. Балдарды мекемеде тарбиялоо процесси билим алууга жетүүгө карата жыныстардын бирдейлигин, кыздарды жана балдарды үй-бүлөдө жана коомдо жашоо үчүн билимдерди жана көндүмдөрдү топтоо процессинде өнөктөштүк жана бири-бирин урматтоо духунда тарбиялоону камсыз кылат.
12. Баланы социалдаштыруу
120. Балдарга мамиле куруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, ошондой эле инсандар аралык баарлашуу нормаларын өздөштүрүүгө багытталган сабактарга жана өздөрүнүн кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө дем берилет.
121. Бош убакытты өткөрүү боюнча иш-чаралар балдар менен чогуу пландалат.
122. Бош убакытты өткөрүү боюнча иш-чаралар көпчүлүк учурларда баланы коомчулукка мыкты интеграциялоо үчүн мекеменин аймагынан сырткары жерде уюштурулат.
123. Социалдаштыруу боюнча иш бардык балдар коомдук мекемелердин социалдык ролун жана маанилүүлүгүн аңдап түшүнүшү үчүн билим берүү компонентин да камтыйт.
124. Социалдаштыруу боюнча иш баарлашуу жана мамиле куруу көндүмдөрүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Коомчулуктан меймандардын жана тиешелүү коомчулуктагы үй-бүлөлөрдө жашаган балдардын келиши колдоого алынат.
125. Мекемедеги баланын коомчулукта жашаган досторунун туулган күндөрүнө, майрамга ж.б. барышы колдоого алынат.
126. Балдар коомдук кызмат кандай көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат алышат жана почтанын, дүкөндөрдүн, транспорттун ж.б. кызмат көрсөтүүлөрүнөн кантип колдонуу көндүмдөрүн билиши керек.
127. Улуу курактагы балдар (14-18 жаш) үчүн социалдаштыруу боюнча иш окууну улантуу жолдорун издөөнү, кол өнөрчүлүккө окутууну, ишке орноштуруу боюнча агенттиктер менен байланышта болууну, иш боюнча сунуштар, эмгек рыногунда болгон квалификация менен таанышып чыгууну ж.б. карайт.
128. Улуу курактагы балдар (14-18 жаш) алардын келечектеги кесиптик ишине тиешелүү бардык иш-чараларга катышат.
129. Балдар чарба, тамак-аш даярдоо жана тейлөө боюнча иштерге, майрамдарды жана көңүл ачуу иш-чараларын уюштурууга ж.б. катышат.
130. Мектептик жана кесиптик багыт баланын, тарбиячынын, психологдун, мугалимдердин жана социалдык иштер боюнча адистин ой-пикирин эске алуу менен ишке ашырылат. 131. Социалдаштыруу боюнча иш келечектеги жарандын жарандык аң-сезимин калыптандырууга багытталат.
13. Балдарга маалыматтарды жана документтерди берүү, өз ой-пикирин билдирүүгө болгон укук
132. Балдар ар кандай кырдаалда өз ой-пикирин эркин билдирүүгө укуктуу.
133. Мекеменин көрүнө турган жеринде БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда айтылган баланын бардык укуктарынын, ошондой эле милдеттеринин тизмеси илинет.
134. Кызматкерлер БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенцияны, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин билүүгө жана алардын мазмуну менен балдарды жана алардын үй-бүлөсүн тааныштырууга тийиш.
135. Багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын принциптерине ылайык уюштурулат.
136. Ар бир мекемеде почта ящиги болот, ага балдар мекемеде багуу сапаттарына, ошондой эле өзүнүн жашоо-турмуш сапаттарын жакшыртууга тиешелүү сунуштарын жана даттанууларды салат.
137. Балдарга алардын эч нерседен коркпостон даттанууга укуктуу экендиктери жөнүндө маалымдалат.
138. Мекеменин директору күн сайын почта ящигин текшерүүгө жана балдар көтөргөн проблемаларды чечүүгө милдеттүү, ал тууралуу балдарга мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө маалымдайт.
14. Баланы социалдык жана үй-бүлөлүк интеграциялоо (реинтеграциялоо)
139. Мекеменин ар кандай иши баланы жайгаштыруунун убактылуу мүнөзүн жана аны өзүнүн үй-бүлөсүнө жана коомчулукка кайтаруунун эң маанилүүлүгүн эске алат.
140. Жеке жайгаштыруу планы балага зарыл кийлигишүүнүн түрүн аныктайт жана баланы үй-бүлөгө интеграциялоого (реинтеграциялоого) багытталат.
141. Жеке жайгаштыруу планынын акыркы максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- биологиялык үй-бүлөсүнө реинтеграциялоо;
- баланы асырап алуучулардын, камкордук кылуучулардын үй-бүлөсүнө, баланы асырап алган үй-бүлөгө интеграциялоо;
- көз карандысыз жашоо-турмушка даярдоо.
142. Акыркы максатка жетүү үчүн төмөнкүлөр камсыз кылынат:
- балага келүү, почта жана майрам, эс алуу ж.б. күндөрү үй-бүлөгө убактылуу кайтаруу аркылуу үй-бүлө менен мамилелерди колдоо;
- консультация берүү, коштоо жана маалымдоо аркылуу үй-бүлөнүн ролун күчөтүү;
- өзгөчө финансылык проблемалары бар үй-бүлөлөргө транспорттук чыгымдарды жабууда жардам көрсөтүү.
143. Мекеменин социалдык иштер боюнча адиси үй-бүлөнү бириктирүү максатында бала менен да, үй-бүлө менен да бирдей иштейт.
144. Мекемеге өзүнүн балдарына келген үй-бүлөлөр психологиялык жана эмоционалдык консультация берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, нускоолорду колдонушат, борбордун кызматкерлери (мекеменин социалдык иштер боюнча адиси, психолог, врач/медициналык кызматкер, тарбиячы ж.б.) тарабынан аларга түрдүү кызматтар көрсөтүлөт жана алардын укуктары жөнүндө маалыматтар берилет.
145. Үй-бүлөнүн ар бир келген учуру келүүлөр журналында белгиленет.
146. Мекеменин кызматкерлери өздөрүнүн мамилеси менен баланын жана биологиялык/потенциалдуу үй-бүлө, баланы асырап алуучу үй-бүлөнүн мамилесин колдойт жана дем берет.
147. Ата-энелерге мекемеде баланын абалы жана анын өнүгүшү тууралуу мезгил-мезгили менен маалымдалып турат. Маалымат ата-энелерге төмөнкүдөй жолдор менен берилиши мүмкүн:
- түздөн-түз: балага келген мезгилде мекемеде же мекеменин социалдык иштер боюнча адисин үй-бүлөгө жиберүү аркылуу;
- кыйыр (почта аркылуу, телефон менен).
148. Үй-бүлөгө реинтеграцияланган учурда ата-энесинин мекемеге келүүгө жана өзүнүн баласын алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, мекеменин социалдык иштер боюнча адиси баланы дайындалган жерге чейин коштойт.
149. Үй-бүлөгө реинтеграцияланган балага, ошондой эле үй-бүлөнүн өзүнө мекеменин социалдык иштер боюнча адиси/психолог тарабынан консультация берилет жана колдоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
150. Баланы биологиялык үй-бүлөсүнө интеграциялагандан кийинки мезгилде мезгил-мезгили менен (алгачкы 6 айда - ай сайын, бир жылга чейин - квартал сайын) мекеменин социалдык иштер боюнча адиси жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери менен бирдикте бул баланын үй-бүлөдөгү жана коомдогу абалын контролдоо жүргүзүлөт.
15. Баланы үй-бүлөгө интеграциялоо
151. Эгерде баланы биологиялык үй-бүлөсүнө реинтеграциялоо ордунан чыкпаса, оор турмуштук кырдаалга кабылган бала үчүн жаңы үй-бүлөлүк чөйрөнү түзүү аркылуу коргоо чарасы катары баланы асырап алуу каралат.
152. Баланы асырап алуу жол-жобосун жүргүзүү мезгилинде баланы асырап алууга талапкерлер мекеменин социалдык иштер боюнча адисинин байкоосу алдында мекемедеги балага келип турат.
153. Мекеменин кызматкерлери баланы асырап алуучу талапкерлерге түз карайт жана аларга бала тууралуу: анын артык көргөн нерселерин, бала, анын ден соолугу тууралуу маалыматтарды, ошондой эле аларга баланы мыкты билүүгө жардам бере турган ар кандай маалыматтарды берет.
154. Баланын асырап алууга талапкерлер менен жолугушуусу - төмөнкүдөй үч этапты камтыган акырындык менен болуучу процесс:
- биринчи жолугушуулар балада корголгондук жана жайлуулук сезимин камсыз кылуу үчүн бала көнгөн аймакта, мекеменин имаратында болот;
- кийинки жолугушуулар мекемеден тышкары жерлерде, калыс аймакта: паркта, кафеде, балдар театрында ж.б. болот;
- жолугушуулардын акыркы этабы балага өзүнүн келечектеги үйү менен таанышууга мүмкүндүк берүү үчүн баланы асырап алуучуга талапкердин үйүндө болот.
155. Мекеменин тарбиячысы, социалдык иштер боюнча адиси жана психологу баланы асырап алууга даярдайт. Алар балага анын жашоо-турмушунда боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө айтып беришет жана өзгөрүүлөрдү анын турмушундагы жакшы этап катары кабыл алууга жардам берет.
156. Баланы асырап алуу процесси аяктагандан кийин, адистер асыроочунун макулдугу менен баланы асырап алуудан кийинки мезгилде мекеме менен түзүлгөн келишимдин негизинде кызматтарды көрсөтө алышат.
16. Турмуштук көндүмдөрдү алуу
157. 16-18 жашка чыгып, мекемеден кетип жаткан балдар көндүмдөрдүн көз карашынан алганда көз карандысыз жашоого даяр болушу керек.
158. Балдар медициналык таза жүрүү жана өздүк гигиена жаатында, жумуш издөөдө, маектешүү жүргүзүүгө даярдыкта, акча каражаттарын тескөө, өзүнүн сезимдерин башкаруу, үй чарбасын жүргүзүү чөйрөсүндө көндүмдөргө жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болууга тийиш, коомдук мекемелердин ролун, бош убакытты өткөрүүнү ж.б. билиши керек.
159. Комиссия мекемеде баланын турмуштук көндүмдөрүн калыптандырууда маанилүү роль ойнойт жана ага жооп берет. Көндүмдөргө үйрөтүү бала мекемеге келген учурдан тартып башталат.
17. Мекемедеги адам ресурстары, мекеменин жетекчилиги
60. Мекеменин эң маанилүү милдети болуп көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу саналат. Жетекчиликтин негизги көңүлү мекеме тарабынан сунушталуучу продукцияга, кызмат көрсөтүүлөргө жана жыйынтыктарга ылайык тарбиялануучулардын керектөөлөрүн канааттандырууга бурулат.
161. Мекемедеги кызматкер-адистердин минималдык саны ушул минималдык стандарттарда белгиленген (2-таблица).
162. Мекеменин уюштуруу түзүмү тарбиялануучулардын муктаждыктарына ылайык келет жана уюштуруучусу болуп тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык орган саналса жогору турган орган тарабынан бекитилет же уюштуруучу юридикалык жана жеке жак болгон учурда райондук мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы менен макулдашылат.
163. Мекеменин уюштурулушу анын уюштуруу түзүмүнүн графикалык сүрөттөлүшүн камтыйт (бөлүмдөр, иерархиялык деңгээлдер, уюштуруу мамилелери).
164. Комиссиянын адистери балдар менен иштөө үчүн зарыл даярдыкка, билимге жана кесиптик компетенцияга ээ болот.
165. Ар бир адистин кызматтык нускамасы болот, анда укуктары жана милдеттери, ыйгарым укуктары жана балдар менен иштөөдө кийлигишүү жааты, иштердин жашыруун учурлары, ошондой эле тиешелүү кызмат орунду ээлөө үчүн зарыл квалификация көрсөтүлөт.
166. Мекемеде ишти эсепке алуучунун жана контролдоонун тартиби болот.
167. Мекемеде анын алкагында да, ошондой эле анын чегинен сырткары жерде да маалымат таратуунун белгилүү бир тартиби болот.
168. Мекемеде финансылык жол-жоболор, акчалай чыгымдарды жүргүзүүнүн эсептөөнүн тартиби белгиленет.
169. Мекемеде ишке баа берүүнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн тартиби белгиленет.
170. Мекемеде кызматкерлердин жеке кесиптик компетенциясын өнүктүрүүгө түрткү берүү боюнча окутуу иштери жүргүзүлөт.
171. Мекемеде кызматкерди тез арада алмаштыруу зарыл болгон учурда (ооруган, иштен бошонгон ж.б. учурларда) иш-аракеттердин тартиби иштелип чыгат.
172. Өзгөчө кырдаалдар үчүн (кырсык болгон, өрт чыккан, сел каптаган, бала жоголуп кеткен ж.б. учурларда) байланышуучу адамдардын фамилиялары жазылган телефон номерлеринин тизмеси түзүлөт. Тизме кызматкерлер үчүн да, балдар үчүн да көрүнө турган жерге илинет.
173. Ар бир жумада балдарды мекемеде коргоо менен байланышкан маселелерди талкуулоо максатында чогулуш өткөрүлөт.
174. Мекеме сапаттуу кийлигишүүнү камсыз кылуу жана баланын укуктарын сактоо үчүн мекемедеги балдарды багуу жаатындагы квалификациялуу адистер менен камсыз болот.
175. Бардык түрдөгү иштер баланы коргоону камсыз кылуу үчүн кийлигишүү методу катары командада иштөө принциби ишке ашырылат.
176. Психология жана социология жаатында эксперттердин сапаттуу кийлигишүүсү үчүн төмөнкүдөй пропорцияны сактоо зарыл: 8 баладан 100 балага чейин - социалдык иштер боюнча адистин 1,5 ставкасы, жана психологдун 1,0 ставкасы.
177. Мекеменин бардык адистери мекемеге жайгаштырылган балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүгүнө байланышкан негизги баштапкы даярдыктан өтүшөт. Негизги баштапкы даярдык боюнча тажрыйба алуу үчүн окутууну, компетенттүү органдарды, уюмдарды, эксперттерди тартуу менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өткөрөт.
178. Окутуу милдеттүү түрдө төмөнкүдөй элементтерди камтыйт:
- БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясын, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин;
- өнүгүүсүндө, ден соолугунда проблемасы, социалдык проблемалары бар ж.б. балдардын өнүгүшүнүн жана багуунун өзгөчөлүктөрүн;
- оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар менен иштөө методдорун жана техникасын.
179. Мекеменин бардык адистери семинарларга, конференцияларга, даярдоочу сессияларга, жумушчу топторго ж.б. катышуу аркылуу үзгүлтүксүз окутуу программасын ишке ашырат.
180. Адистерге балдарды уруп-согууга же баланы тартиптик тарбиялоонун башка зомбулук көрсөтүүчү методдорун колдонууга тыюу салынат.
181. Балага жаман мамиле кылынган учурлар жөнүндө билген адистер же ага күбө болгондор ал тууралуу мекеменин жетекчисине, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө билдирүүгө, балага карата агрессияны токтотуу үчүн тез арада кийлигишүүгө милдеттүү.
182. Зомбулук көрсөтүлгөн/агрессия болгон учурлардын себеби, узактыгы, жери жана контексти катталат. Ушундай кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун төмөндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар көрсөтүлөт.
183. Мекемеде зомбулук көрсөтүлгөн же жаман мамиле кылган бардык учурлар тез арада Комиссия менен каралып, сунуштама түрүндө чечим кабыл алынат. Мындай кырдаалдар үчүн мекеменин директору жоопкерчилик тартат.
184. Чечимдер мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө кабыл алынат жана ушундай учурлардын олуттуулугуна жана жыштыгына ылайык келет, мында келечекте ушундай учурлардын кайталанылышын болтурбоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт. Чечимдин аткарылышына балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү контролдук жүргүзөт.
185. Бардык маалымат Комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет.
18. Кызматкерлерге баа берүү
186. Мекемеде алардын жогорку кызыкчылыгына жооп берген, балдарды коргоону жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында балдар менен иштөө үчүн зарыл кесиптик тажрыйбага жана моралдык сапатка ээ компетенттүү кызматкерлер менен камсыз болот.
187. Кызматкерлерге баа берүү мекемеге кабыл алууда да, ошондой эле андан ары иштеп жаткан мезгилде да жүргүзүлөт.
188. Кызматкерлерге үзгүлтүксүз баа берүү жыл сайын жүргүзүлөт жана адис иштеген жерин сактап калышы үчүн канааттандыраарлык деңгээлден төмөн болбоого тийиш.
189. Баа берүүдө жасалган иштин сапаттык жана сандык аспекттери көңүлгө алынат: камкордукка алынган балдардын саны, интеграцияланган (реинтеграцияланган) балдардын саны, асыранды балдардын саны, мектептеги жыйынтыктар, балдарга/үй-бүлөлөргө берилген консультациялардын саны, баланын баарлашуу, мамиле куруу, жүрүм-турум нормаларын өздөштүрүү жаатындагы ийгиликтери, иштелип чыккан жана жайгаштыруу пландарынын саны, пландарды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү, мекемеде болгон балдарга үй-бүлөлөрдүн келишинин саны ж.б.
190. Мекеме кызматкерлерге баа берүү бланкын иштеп чыгат.
191. Мекеменин кызматкерлери жылына бирден кем эмес окуу сессияларга, семинарларга, конференцияларга, жумушчу топторго, илимий чогулуштарга катышат.
19. Бала тууралуу маалыматты башкаруу
192. Мекеме бала тууралуу документтердин катталышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Мекеме документтерди түзүүгө жана сактоого жетиштүү убакыт жана көңүл бөлөт. Бул документтер баланын өнүгүшүнүн далили да (комплекстүү баа берүү, социалдык анкеталар, жеке жайгаштыруу пландары ж.б.), мекемеде жүргүзүлүүчү иш тууралуу маалымат да болуп саналат.
193. Баланын өздүк делосу купуя маалымат болуп саналат. Бала тууралуу маалымат анын ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн, мыйзамдуу өкүлү жок учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн уруксаты менен гана берилет, ал эми бала тууралуу маалыматты таратуу (басма-сөздө, телекөрсөтүүдө) алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Бул макулдук баланын өздүк делосуна көктөлөт.
194. Соттун жазуу жүзүндөгү талабы берилген учурларды кошпогондо, баланын өздүк делосунан маалыматтар сотто колдонуу үчүн (ата-энесинин ажырашуусу, камкордукка алуу/көзөмөлдүк кылуу, баланы асырап алуу ж.б.) берилбейт.
195. Тиешелүү адис баланын өздүк делосунда документтерди каттоо, ошондой эле аларды сактоо үчүн жоопкерчилик тартат, бул анын кызматтык нускамасында көрсөтүлөт.
196. Балдардын өздүк делолору белгисиз бир мөөнөткө чейин архивге жайгаштырылат. Ал үчүн мекемеде архивге ыңгайлуу жер жана документтерди каттоонун ырааттуу системасы зарыл.
1-таблица
Мекеменин жайларынын минималдык нормативдик КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Нормативдик көрсөткүч |
Бир балага туура келген пайдалуу аянт | 4 кв.м |
Жайлардын аталышы | Саны |
- ойноо бөлмөсү (аз эмес): - өзүнчө жай: - медициналык бөлмө: - процедуралык кабинет: - ашкана: | 1 1 1 1 1 |
2-таблица
Мамлекеттик, муниципалдык жана менчик мекемелердеги кызматкер-адистердин санынын МИНИМАЛДЫК КАТЫШЫ
Ставка | Штаттык бирдиктердин саны | Мекемедеги балдардын саны |
2,0 | Тарбиячы (4 жаштан 7 жашка чейинки балдар) | 8-25 бала |
1,0 | Тарбиячы (7 жаштан жогору балдар) | 8-25 бала |
1,0 | Социалдык педагог | 8-50 бала |
1,0 | Психолог | 8-100 бала |
1,5 | Социалдык иштер боюнча адис | 8-100 бала |
1,0 | Врач, медициналык айым | 8-100 бала |
Эскертүү: Менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар, ошондой эле мамлекеттик менчик формасындагы мекемелердин кызматкерлери үчүн маяналардын жана үстөк акылардын өлчөмү калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин тиешелүү категориялары үчүн белгиленген өлчөмдө аныкталат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому). Мамлекеттик мекемелердин техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналары жана үстөк акылары 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат.
|
| Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык сапат стандарттарына 1-тиркеме |
(үлгү)
СОЦИАЛДЫК АНКЕТА
Толтурду _________________________________________________________
Датасы ___________________________________________________________
Жеке маалыматтар _________________________________________________
Бала
Фамилиясы ________________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Туулган жылы _____________________________________________________
Туулган жери _____________________________________________________
Жашаган жери _____________________________________________________
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ____________________________________
Улуту ____________________________________________________________
Энеси
Фамилиясы ________________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Туулган жылы _____________________________________________________
Жашаган жери _____________________________________________________
Өзүн күбөлөндүрүүчү документ _____________________________________
Иштеген жери _____________________________________________________
Атасы
Фамилиясы ________________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Туулган жылы _____________________________________________________
Жашаган жери _____________________________________________________
Өзүн күбөлөндүрүүчү документ _____________________________________
Иштеген жери _____________________________________________________
Баланын мыйзамдуу өкүлү __________________________________________
Ага-инилери/эже-сиңдилери
Фамилиясы ________________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Туулган жылы _____________________________________________________
Жашаган жери _____________________________________________________
Фамилиясы ________________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Туулган жылы _____________________________________________________
Жашаган жери _____________________________________________________
Фамилиясы ________________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Туулган жылы _____________________________________________________
Жашаган жери _____________________________________________________
Үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалы
1. Үй-бүлөдөгү чөйрө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелер:_________________________
2. Үй-бүлөнүн коомчулук менен мамилеси:___________________________
3. Үй-бүлөнүн экономикалык жагдайы:_______________________________
(кирешеси, финансылык каражаттары)
4. Жашаган жери:__________________________________________________
(санитардык-гигиеналык шарттар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр,
_______________________________________________________________________
өзгөчө шарттар)
5. Коомго интеграциялоо жана социалдык активдүүлүк деңгээли:___________________________________
6. Проблеманы баяндоо:____________________________________________
(үй-бүлөлүк жана коомдук ресурстардын абалын аныктоо
_______________________________________________________________________
контекстинде фактыларды жана окуяларды көрсөтүү)
7. Социалдык иштер боюнча адистин сунуштары:___________________________
Анкетаны толтурган адамдын аты-жөнү:______________________________
Колу:_____________________________________________________________
|
| Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык сапат стандарттарына 2-тиркеме |
Үй-бүлөгө баргандыгы тууралуу ОТЧЕТ
Датасы:________________________ Убактысы:________________________
Жолуккан жер:_____________________________________________________
Катышкан адамдар:_________________________________________________
Баруунун максаты:_________________________________________________
Жолугуунун маңызы:________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Үй-бүлөгө барган адамдын аты-жөнү:________________________________
____________________________________________________
Колу:_____________________________
|
| Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык сапат стандарттарына 3-тиркеме |
(үлгү)
Жеке жайгаштыруу планы(*)
Биринчи жеке жайгаштыруу планы баланы мекемеге жайгаштырууда толтурулат, кийин ал мезгил-мезгили менен - 3 айда бир жолу же зарылдыкка жараша кайра каралат. Социалдык иштер боюнча адис жеке жайгаштыруу планын ишке ашырууга багытталган бардык чараларды кайра карап чыгууга жана координациялоого жоопкерчилик тартат.
План баланын эң жакшы жашоо кызыкчылыктарын эске алуу менен кырдаалдын өнүгүшүнө жараша аяктайт жана кайра каралат.
Жеке жайгаштыруу планын түзүүдө киргизилиши керек болгон минимум маалыматтар:
Баланын фамилиясы жана аты:
__________________________________________________________________
Баланын жайгашкан жери:
__________________________________________________________________
Жеке жайгаштыруу планын ишке ашыруу датасы:
__________________________________________________________________
Жеке жайгаштыруу планын кайра карап чыгуу датасы:
__________________________________________________________________
Жеке жайгаштыруу планын максаты:
__________________________________________________________________
Баланын өсүп-өнүгүшү(*):__________________________________________
_________________________________________________________________
(*) Бул бөлүмдө дене бой, эмоционалдык, интеллектуалдык жана жүрүм-турум жактан өнүгүү элементтерин, ошондой эле баланы баланын шайкеш өнүгүүсү боюнча зарыл чараларды кошо алганда, пландан планга баланын ийгиликтери, жолу болбогондору белгиленет.
Максаты | Иш-аракеттер планы | Жооптуу адам | Аткаруу мөөнөтү |
Баланын ден соолугу
Баланын учурдагы ден соолугу, пландан планга ден соолугунун өзгөрүшү, медициналык/стоматологиялык кароо, дарылануу, иммундаштыруу ж.б. программасы жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Максаты | Иш-аракеттер планы | Жооптуу адам | Аткаруу мөөнөтү |
Баланы тарбиялоо
Мектептеги ийгиликтери/жолу болбогондору, тынчсыздануу үчүн себептер, баланы тарбиялоо боюнча зарыл чаралар белгиленет.
Максаты | Иш-аракеттер планы | Жооптуу адам | Аткаруу мөөнөтү |
Баланын биологиялык үй-бүлөсү/башка адамдар менен байланышын колдоо (эгерде бул баланын кызыкчылыгында болсо).
Баланын биологиялык үй-бүлөсү, бала мамиледе болушу керек болгон башка адамдар менен мамилелерин өнүктүрүүнү контролдоо, баланын биологиялык үй-бүлөсү менен байланышы боюнча зарыл чаралар ишке ашырылат.
Максаты | Иш-аракеттер планы | Жооптуу адам | Аткаруу мөөнөтү |
Социалдык иштер боюнча адистин ишине жооптуу адамдын иши.
Социалдык иштер боюнча адис баланын абалынын маселесин, анын ичинде баланын кызыкчылыктарын коргоо маселелерин чечүү, жеке жайгаштыруу планына киргизилген бардык аспекттерге тиешеси бар мезгилдүү баа берүү жана кайра кароо менен байланышкан бардык иш-чаралардын жана өтүнүчтөрдүн пландалышына жоопкерчилик тартат.
Максаты | Иш-аракеттер планы | Жооптуу адам | Аткаруу мөөнөтү |
Жеке жайгаштыруу планын толтурган адамдын аты-жөнү жана колу:_________________________________________
(*) Жеке жайгаштыруу планы комплекстүү иш каражаты болуп саналат, ал аркылуу жайгаштыруунун аякталышы белгиленет жана баланын бакубаттыгын камсыз кылуу жана анын эң жакшы жашоо кызыкчылыктарын сактоо боюнча адистердин бардык иши контролдонот.
|
| Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык сапат стандарттарына 4-тиркеме |
(үлгү)
Үй-бүлө (ата-эне, камкордукка алуучу, көзөмөлдүк кылуучу, багуучу ата-эне) менен ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
1. Жалпы жоболор
Ушул типтүү келишим (мындан ары - Келишим) Уставдын негизинде иштеген, мындан ары "Иштин куратору" деп аталган (мекеменин жетекчисинин Ф.А.Ж.) _______________________________________________________________ атынан жана мындан ары баланын ата-эне/мыйзамдуу өкүлү деп аталган ____ _______________________________________________________________________ (баланын аты-жөнү, туулган датасы)
дарек боюнча жашаган ______________________ жарандын ортосунда түзүлдү.
2. Келишимдин максаты
2. Келишимдин максаты болуп жеке жайгаштыруу планында каралган маселелердин аткарылышын камсыз кылуу саналат.
3. Тараптардын милдеттенмелери
3. Иштин куратору төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) баланын жана үй-бүлөнүн жеке жайгаштыруу планында каралган кызмат көрсөтүүлөргө жетишин камсыз кылууга жана жеңилдетүүгө;
б) баланын абалына, үй-бүлө, бала, кызмат көрсөтүүчү жана жергиликтүү бийлик органдары менен мамилеге жараша жеке жайгаштыруу планына мезгилдүү кайра баа берүүгө жана оңдоого;
в) жеке жайгаштыруу планына ылайык же кырдаалга жараша жашаган жери боюнча барууга;
г) багуудагы балага карата өздөрүнүн милдеттенмелерин сактоо үчүн үй-бүлөгө/мыйзамдуу өкүлгө колдоо көрсөтүүнү жана консультация берүүнү, жардам көрсөтүүнү жана багыт алууну камсыз кылууга;
д) үй-бүлө/мыйзамдуу өкүл үчүн каралган жардамды көрсөтүү же көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алууга жардам берүүчү маалымат бере турган башка адамдардан (туугандарынан, кошуналарынан, тааныштарынан, мектептен, санитардык кызматтан, милициядан ж.б.) же жашаган жери боюнча бала-үй-бүлө/мыйзамдуу өкүл мамилелери тууралуу маалымат топтоого;
е) үй-бүлө/мыйзамдуу өкүл өздөрү жасай албаган учурда иштин татаалдыгына жараша алардын атынан бийлик органдарынын алдында чыгууга;
ж) башка _________________________________________________________
4. Ата-эне/мыйзамдуу өкүл төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) жеке жайгаштыруу планында көрсөтүлгөн мекемелердин жана кызматтардын алкагында каралган иш-чараларга баланын катышуусун камсыз кылууга;
б) жеке жайгаштыруу планынын программасы менен каралган үй шартында баланы туура багууга жана изилдөөгө;
в) мекеменин жоболорун жана ишинин программасын толук сактоого;
г) ушул Келишимдин жоболорун аткаруу максатында ушул иштин куратору менен кызматташууга;
д) багуудагы балага карата жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн куратор тараптан колдоо жана консультация алууга;
е) социалдык кызматкерге социалдык-үй-бүлөлүк кырдаалды, ошондой эле ушул иш боюнча жардам көрсөтүүнүн бардык этабында баланы контролдошуна жана баа беришине уруксат берүүгө;
ж) социалдык кызматкер тарабынан көрсөтүлгөн жардам тууралуу маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга;
з) бала жана үй-бүлө менен байланышкан ар кандай кырдаал боюнча социалдык кызматкер менен дайыма кеңешүүгө жана социалдык кызматкер менен бирдикте гана чечим кабыл алууга;
и) башка ____________________________
4. Келишимди колдонуу мөөнөтү
5. Бул келишим ______________________ мезгилине түзүлдү жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Корутунду жоболор
6. Бул Келишимге ар кандай өзгөртүү эки тараптын тең макулдугу менен киргизилет.
7. Бул Келишимдин жоболору объективдүү себептер боюнча сакталбаган учурда кырдаал кайрадан каралат жана жалпы макулдук менен жаңы зарыл чаралар көрүлөт (мисалы, бул пландын өлчөмүн азайтуу, альтернативдүү чечимдерди издөө, кошумча колдоо ж.б.).
8. Бул Келишимдин жоболору ата-эне/мыйзамдуу өкүл тараптан объективдүү түрдө негизсиз сакталбаган учурда Келишим бузулат, ал эми ата-эне иштин куратору тарабынан андан ары жардам жана колдоо албайт.
9. Башка ____________________________
10. Бул Келишим ар бир тарап үчүн бирден, эки нускада түзүлдү.
Иштин куратору:______________ Ата-эне/мыйзамдуу өкүл:____________
Колу:________________________ Колу:______________________________