Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 10-октябры № 703
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |