Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы N 703 токтому менен бекитилген |
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин,
башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү
ТАРТИБИ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Метрологиялык экспертиза - биринчи кезекте ченөөлөрдүн бирдейлигине жана тактыгына байланыштуу метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди колдонуунун тууралыгын талдоо жана баалоо.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомдун редакциясына ылайык)
2. "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору милдеттүү метрологиялык экспертизадан өтүүгө тийиш.
3. Метрологиялык экспертиза ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун түзүүдө милдеттүү этап болуп эсептелет.
4. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүдө ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуунун жыйынтыктарынын эл аралык, улуттук стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкештигине талдоо жүргүзүлөт.
5. Метрологиялык экспертиза метрология боюнча улуттук орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомдун редакциясына ылайык)
6. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүнүн негизги максаты: ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда белгиленген метрологиялык талаптардын метрология боюнча мамлекеттер аралык жана улуттук ченемдик укуктук документтерде камтылган талаптарга шайкештигин баалоо, ошондой эле метрологиялык камсыз кылуунун натыйжалуулугун камсыздоо, өтө рационалдуу методдор жана каражаттар менен метрологиялык камсыз кылууга жалпы жана конкреттүү талаптарды аткаруу.
7. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүүгө заказ берүүчү ченем чыгаруу демилгесине ээ субъект болушу мүмкүн.
8. Метрологиялык экспертизага метрология боюнча улуттук органдын жетекчисинин наамына жазылган коштоочу кат менен ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорун беришет, ал андан кийин метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмүнө келип түшөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомдун редакциясына ылайык)
9. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр бааланат:
а) продукцияга, өндүрүү, куруу, монтаждоо, оңдоо, сактоо, ташып жеткирүү, сатуу, пайдалануу, утилизациялоо процесстерине (методдоруна) иштин бул түрлөрүнө карата стандартташтыруу жана метрология боюнча колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык метрологиялык талаптарды сактоо;
б) метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди регламенттөөчү колдонуудагы стандартташтыруу боюнча документтерге жана ченемдик документтерге ылайык ченелүүчү параметрлердин номенклатурасынын рационалдуулугу;
в) метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди регламенттөөчү колдонуудагы стандартташтыруу боюнча документтерге жана ченемдик документтерге ылайык ченөө каражаттарынын тактыгына карата талаптардын толуктугу жана тууралыгы;
г) метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди регламенттөөчү колдонуудагы стандартташтыруу боюнча документтерге жана ченемдик документтерге ылайык талап кылынуучу ченөө тактыгынын иш жүзүндөгү мааниси;
д) метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди регламенттөөчү колдонуудагы стандартташтыруу боюнча документтерге жана ченемдик документтерге ылайык тандалып алынган ченөө каражаттарын натыйжалуу метрологиялык тейлөө мүмкүндүгү;
е) метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди регламенттөөчү колдонуудагы стандартташтыруу боюнча документтерге жана ченемдик документтерге, метрология боюнча эл аралык документтерге ылайык метрологиялык терминдерди жана түшүнүктөрдү, аталыштарды, белгилерди, аныктамаларды жана физикалык чоңдуктун бирдиктерин пайдалануу эрежелерин колдонуунун тууралыгы.
10. Метрологиялык экспертизаны жүргүзүү узактыгы ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлору экспертизага келген күндөн тартып 10 күндөн ашпашы керек.
11. Метрологиялык экспертизанын жыйынтыктары ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча корутунду түрүндө таризделет.
12. Метрологиялык экспертизанын жыйынтыктары боюнча корутундуга метрологиялык экспертиза жүргүзгөн адам (адамдар) (мындан ары - эксперт-метролог) кол коет.
13. Корутундулар эки нускада таризделет. Корутундунун биринчи нускасы заказ берүүчүгө (билдирүүчүгө) берилет, экинчиси метрологиялык экспертиза жүргүзгөн бөлүмдө калат.
14. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кайра иштеп чыгууну талап кылган сын-пикирлер болгон учурда, метрологиялык экспертизага аларды экинчи ирет берүү үчүн толукталып иштеп чыгууга кайтарылып берилет.
15. Метрологиялык экспертизадан өткөн ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун эсепке алуу ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча журналда таризделет.
16. Иштеп чыгуучу менен эксперт-метрологдун ортосундагы пикир келишпестиктер кызыкдар тараптардын ортосундагы маселени биргеликте талкуулоо жолу менен чечилет.
17. Эксперт-метролог киргизилген сын-пикирлердин жана сунуштардын толуктугуна, тууралыгына жана техникалык негизделүүлүгүнө жоопкерчилик тартат.
18. Эксперт-метролог заказ берүүчүдөн (билдирүүчүдөн) метрологиялык экспертиза жүргүзүүдө пайда болгон маселелер боюнча түшүнүктөрдү жана зарыл болгондо кошумча маалымдоо маалыматтарын суроого укуктуу.
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу
боюнча талаптарды камтыган
техникалык регламенттердин, башка
ченемдик укуктук актылардын
долбоорлоруна метрология экспертиза
жүргүзүү тартибин бекитүү
жөнүндө жобого
1-тиркеме
__________________________________________________________________
Метрологиялык экспертизаны жүргүзгөн органдын аталышы/
Наименование органа, проводившего метрологическую экспертизу
Техникалык регламенттердин/укуктук актыларына
метрологиялык экспертизаны өткөрүүнүн натыйжалары боюнча
КОРУТУНДУ
ЗАКЛЮЧЕНИЕ
по результатам метрологической экспертизы проекта
технического регламента/нормативного правового акта
__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(Документтин аталышы/название документа)
разработан ____________________________________________________________
(чарбакер субъекттин аталышы/наименование
_________________________________________________________ иштелип чыкты
хозяйствующего субъекта)
Эксперт: _________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы/Ф.И.О, должность)
метрологиялык экспертизаны жүргүздү/провел(а) метрологическую экспертизу.
Жыйынтыгында аныкталды:/В результате установлено:
1. Ченелүүчү параметрлердин номенклатурасынын рационалдуулугу/Рациональность номенклатуры измеряемых параметров _______________________ _______________________________________________________________________
(рационалдуу, рационалдуу эмес/рационально, нерационально)
2. Ченөө тактыгына карата талаптардын оптималдуулугу/Оптимальность требований к точности измерений _______________________________________ _______________________________________________________________________
(шайкеш келет, шайкеш келбейт/соответствует, не соответствует)
3. Ченөө тактыгынын иш жүзүндөгү шайкештиги/Значение фактической точности измерений ____________________________________________________ _______________________________________________________________________
(шайкеш келет, шайкеш келбейт/соответствует, не соответствует)
4. Ченөө каражаттарын натыйжалуу метрологиялык тейлөө мүмкүндүгү/Возможность эффективного метрологического обслуживания СИ __________ _______________________________________________________________________
(шайкеш келет, шайкеш келбейт/соответствует, не соответствует)
5. Метрологиялык терминдер/ченелүүчү чоңдуктардын аталышы жана алардын бирдиктеринин белгилениши/Метрологические термины, наименование измеряемых величин и обозначение их единиц ____________________________ _______________________________________________________________________
(шайкеш келет, шайкеш келбейт/соответствует, не соответствует)
Сын пикирлер жана сунуштар:/Замечания и предложения:
__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жыйынтыгы:/Выводы:
а) _______________________________________________________________
(документтин аталышы/название документа)
белгиленген тартипте бекитүү жана каттоо сунуш кылынат;/рекомендуется к утверждению и регистрации в установленном порядке;
б) _______________________________________________________________
(документтин аталышы/название документа)
ушул чечимде көрсөтүлгөн эскертүүнү жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштелип чыгууга тийиш;/подлежит доработке с учетом замечания и предложений, указанных в настоящем заключении.
Метрологиялык экспертизаны жүргүздү:
Метрологическую экспертизу провел(а):
____________________________ ________________ __________________
(кызмат орду/должность) (колу/подпись) (аты-жөнү/Ф.И.О)
20__ ж./г. "___" _______________
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу
боюнча талаптарды камтыган
техникалык регламенттердин, башка
ченемдик укуктук актылардын
долбоорлоруна метрология экспертиза
жүргүзүү тартибин бекитүү
жөнүндө жобого
2-тиркеме
Техникалык регламенттердин/укуктук актыларга
метрологиялык экспертиза жүргүзүүнү эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
ЖУРНАЛ
учета проведения метрологической экспертизы проекта
технического регламента/нормативного правового акта
┌──────────────┬──────────────┬──────┬──────┬───────────┬──────┬──────┐
│Документтердин│Документтердин│Билди-│Атка- │ Эскертүү │Берген│Эскер-│
│ келген убагы/│ аталышы/ │рүүчү/│руучу/│ жана │убагы/│ түү/ │
│ Дата │ Наименование │Зая- │Испол-│ сунуштар/ │ Дата │Приме-│
│ поступления │ документа │витель│нитель│Замечания и│выдачи│чание │
│ │ │ │ │предложения│ │ │
├──────────────┼──────────────┼──────┼──────┼───────────┼──────┼──────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
└──────────────┴──────────────┴──────┴──────┴───────────┴──────┴──────┘