Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 11-октябры № 707
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Милдеттүү камсыздандыруу системасынын ишин камсыз кылуу
3-глава. Милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүнүн тартиби
4-глава. Камсыздандыруу окуясын, келтирилген зыяндын жана
камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмдөрүн аныктоо
5-глава. Камсыздоо төлөмдөрүнө кепилдик кылган фонд
6-глава. Корутунду жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Бул Мыйзам автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда болгон жол-автотранспорт кырсыгынын кесепетинен жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндар үчүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
1-глава
Жалпы жоболор
2-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык борбор - камсыздандыруу субъекттеринин ортосунда милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткарган уюм;
автотранспорт каражаттары - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын каттоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталган жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар жана алардын базасында жасалган башка автомобилдер, автомобилдик сүйрөгүчтөр (тракторлор), өзү жүрүүчү машиналар, механизацияланган автотранспорттор, автомобилдер сүйрөп жүрүүчү баардык чиркегичтер жана жарым чиркегичтер, коомдук электртранспорту жана жүк ташуучу автомобилдердин башка түрлөрү жана автотранспорт каражаттарынын башка түрлөрү (мотоциклдер, квадрациклдер д.у.с.), ошондой эле башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары;
маалыматтардын базасы - камсыздандыруу тобокелдиги, камсыздандырылгандар жана камсыздандыруучулар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
автотранспорт каражаттарынын ээси - автотранспорт каражатын менчик укугунда ээлеген жеке же юридикалык жак, ошондой эле автотранспорт каражаттары убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген жеке жак;
айдоочу - автотранспорт каражатын башкарган адам жана автотранспорт каражатынын ээси тарабынан автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адам;
пайда табуучу - жабырлануучу жеке жак каза болгон учурда анын мураскору, же болбосо юридикалык жак кайра уюштурулган учурда Мыйзамдуу укуктук мураскери болуп саналган, камсыздандыруунун төлөмдөрүн алууга укугу бар жак;
автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнө кепилдик кылган фонд (мындан ары - фонд) - жол транспорт кырсыгында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилгенде, анын кесепетинен күнөөлүү адам жол транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана анын ким экендиги аныкталбаганда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурлануу жолу менен жоюлуп кеткен учурда, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон жоопкерчиликтин лимиттеринин көлөмүнүн чектеринде, кепилдик кылынган төлөмдөрдү төлөп берүү максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;
кепилдик кылынган төлөмдөр - жол транспорт кырсыгы болгон учурда, анын кесепетинен күнөөлүү адам жол транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана анын ким экендиги аныкталбаган учурда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурлануу жолу менен жоюлуп кеткенде жабырлануучуга же Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өмүргө, ден соолукка келтирилген зыяндардын ордун толтурууну төлөтүп алууга укугу бар жакка жоопкерчиликтин лимиттеринин алкагында Фонд төлөп бере турган акчанын суммасы;
автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу келишими (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими) - камсыздандыруу келишими, ал боюнча келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгон учурда, ошол окуянын кесепетинен жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндардын ордун келишимде аныкталган суммалардын (камсыздандыруу суммаларынын) чектеринде, келишимде менен шартталган акыга (камсыздандыруу сыйлыгын) толтуруп берүүгө камсыздандыруучу милдеттенет;
жол-транспорт окуясы - автотранспорт каражаттарын пайдалануунун жүрүшүндө жана анын катышуусунда, ошондой эле автотранспорт каражатынан бөлүнүп чыккан анын бөлүгүнүн жана анда жүктөлгөн жүктүн кыймылынын кесепетинен жабыркоочунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирген окуя;
жолдор - автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн жасалган же ылайыкташтырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же болбосо атайлап жасалган курулуштардын үстүнкү бети, ал бир же бир нече өтүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле тротуарларды, жолдун четтерин жана бөлүп турган тилкелерди, эгерде алар бар болсо, өзүнө камтып турат;
көз каранды эмес эксперт - жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндардын өлчөмүн баалоо жана анын негизинде бүтүмдү берүү үчүн милдеттүү камсыздандырууга катышуучу (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу) тарткан эч кандай кызыкчылыгы жок жеке же юридикалык жак;
жоопкер камсыздандыруучу - камсыздандыруучу, аны менен камсыздандыруу окуясынын болушуна күнөөлүү адам милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн;
тике камсыздандыруучу - камсыздандыруучу, аны менен жабырлануучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн;
жабырлануучу - автотранспорт каражатын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген жак (жеке же юридикалык);
тике жөнгө салуу - камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү механизми, анда жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун мүлкүнө келтирилген зыяндардын ордун тике камсыздандыруучу толтуруп берет;
камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак;
камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар жана коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак (камсыздандыруу уюму);
камсыздандыруу сыйлыгы - келишимде коюлган шарттарга жараша төлөнүүчү акы, аны камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү;
камсыздандыруу окуясы - ушул Мыйзамда жана милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган окуянын болушу, анын болушу менен бирге камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга камсыздандыруу акысын төлөп берүү милдети камсыздандыруучуда жаралат;
камсыздандыруу кооптуулугу - болуусу божомолдонгон окуя, ал болгон учурда камсыздандыруу жүргүзүлөт;
камсыздандырып ордун толтуруу - камсыздандыруу окуясы болгон учурда зыяндардын ордун толтуруу үчүн, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруучу төлөп бере турган сумма;
камсыздандыруу суммасы - камсыздандырып ордун толтурууну милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу милдеттүү төлөп берүүгө милдеттелген сумма;
жоопкерчиликтердин лимити - зыяндардын ордун толтуруунун өзүнчө түрү боюнча камсыздандыруучунун төлөп бере турган камсыздандырып ордун толтуруунун эң чоң өлчөмү;
камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруу сыйлыктарын аныктоо учурунда камсыздандыруучу колдоно турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеп койгон баа ставкалары;
камсыздандыруу полиси - камсыздандыруу келишиминин түзүлгөн фактысын жана камсыздандыруу келишиминин шарттарына жараша камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү боюнча камсыздандыруучунун милдетинин күчүнө киргендигин күбөлөндүрүүчү документ;
камсыздандырып коргоо - мүлктүк кызыкчылыктары бар объектиге келтирилген зыяндарды жеңип чыгуу жана төлөп берүү боюнча мамилелердин жыйындысы;
автотранспорт каражаттарын пайдалануу - жолдордо, ага чектешкен жана автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн дайындалган аймактарда (короолордо, турак жай конуштарында, автотранспорт каражаттары токтоочу жайларда, май куйуучу станцияларда жана башка аймактарда) автотранспорт каражаттарынын пайдаланылышы, автотранспорт каражаттарына орнотулган жана жолдогу кыймылга катышкан автотранспорт каражаты менен тикеден тике байланышы жок жабдууларды пайдалануудан башкасы.
3-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук
жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан турат.
4-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана принциптери
1. Автотранспорт каражаттарын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт окуясынын кесепетинен келтирилген зыяндардын ордун толтурууга болгон жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражатынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Мыйзамда белгиленген чектерде жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлктөрүнө келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун төлөп кепилдиги;
2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруунун жалпыга бирдейлиги жана милдеттүүлүгү;
3) автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун баардык мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандырууну колдонуунун үзгүлтүксүздүгү;
4) мүлктүк кызыкчылыктарды коргоого карата болгон автотранспорт каражаттарынын ээлеринин экономикалык кызыкчылыктары.
5-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун объектиси жана
камсыздандыруу кооптуулугу
1. Автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт окуяларынын кесепетинен улам жабырлануучулардын өмүрлөрүнө жана ден соолуктарына же мүлктөрүнө келтирилген зыяндардын ордун толтуруу милдети менен байланышкан автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп саналат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча жарандык-укуктук жоопкерчиликтердин пайда болушу милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу кооптуулугуна кирет, буга жоопкерчиликтер жаралган төмөндөгүдөй учурлар кирбейт:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөндөн башка автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда зыян келтирилсе;
2) адеп-ахлактык зыян келтирүүлөр же болбосо алынбай калган пайдалардын ордун толтуруу боюнча милдеттер жаралса;
3) атайын бөлүнгөн жерлерде өткөрүлгөн мелдештерде, сыноолордо же болбосо машыгуу жүрүштөрүндө автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда зыяндар келтирилсе;
4) курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булганса;
5) кызматкерге келтирилген зыяндан келип чыккан чыгымдарды жумуш берүүчүнүн ордун толтуруу боюнча милдеттери;
6) камсыздандырылуучу менен түзүлгөн эмгектик мамилелердин күчү менен автотранспорттук каражаттарды башкарган адамга коюлган талаптардан;
7) башкарган автотранспорттук каражатка жана ага чиркелген чиркегичке, аны менен ташылып бараткан жүккө, ага орнотулган жабдууга айдоочу зыян келтирсе;
8) автотранспорт каражатына жүктү жүктөө же андан түшүрүү учурунда зыян келтирилсе;
9) антиквардык жана башка сейрек кездешүүчү буюмдардын, тарыхый-маданий мааниси бар имараттардын жана курулуштардын, баалуу металлдардан жана баалуу жана жарым баалуу асыл таштардан жасалган буюмдардын, накта акчалардын, баалуу кагаздардын, диндик мүнөздөгү буюмдардын, ошондой эле илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, интеллектуалдык менчиктердин башка обьекттеринин бүлүнүшүнөн же жок кылынышынан;
10) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында же милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринде каралган жоопкерчиликтердин лимиттик өлчөмүнөн ашкан зыяндын ордун толтуруп берүүгө болгон автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдетинен;
11) эгерде камсыздандыруу окуясы камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун (жабырлануучунун) же камсыздандырылган адамдын (айдоочунун) арам оюнун кесепетинен болсо, буга атайлап жасалган аракет коргонуу муктаждыгынан же аргасыз муктаждыктан жасалган учурлар кирбейт;
12) өз мүлкүнө жана жакын туугандарынын мүлкүнө камсыздандырылуучунун өзү же айдоочу тарабынан келтирилген зыяндардын;
13) автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуудан (айдай качуу, тоноо, уурдап кетүү жана башка укукка каршы аракеттерден).
6-берене. Жарандык-укуктук жоопкерчиликтери милдеттүү
камсыздандырылууга тийиш болгон жактар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылган баардык транспорт каражаттарынын ээлерине милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдет колдонулат.
2. Автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтери жана башка мамлекеттерде катталган автомобилдер милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек.
3. Автотранспорт каражаттарынын ээлерине таандык ар бир автотранспорт каражаты боюнча жарандык-укуктук жоопкерчиликтер камсыздандырылууга тийиш.
4. Башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана/же айдоочулары Кыргыз Республикасына кирээрде келишинин баардык мезгилине, бирок кеминде беш күнгө милдеттүү камсыздандырылышы керек, буга Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин шарттарына ылайык Кыргыз Республикасында жарактуу деп таанылган башка мамлекетте камсыздандыруу келишимин түзгөн ээлик кылуучулар кирбейт.
5. Өзүнүн кызматтык же эмгектик милдетин аткаруу шартына байланыштуу, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын ээлери менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде, же болбосо бүтүмдү жазуу жүзүндө тариздебеген автотранспорт каражатынын ээсинин эрки менен анын катышуусунда автотранспорт каражаттарын башкарган жеке жактарга жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттер колдонулбайт.
2-глава
Милдеттүү камсыздандыруу системасынын ишин камсыз кылуу
7-берене. Милдеттүү камсыздандыруу жаатына мамлекеттик жөнгө салуу
жана көзөмөл жүргүзүү
1. Камсыздандыруу уюмунун ишине болгон мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдү Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укукту жүзөгө ашыруунун учурунда, милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзүү боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген милдетти автотранспорт каражаттарынын ээлеринин аткарышын мамлекеттик контролдоо автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жол кыймылынын коопсуздугунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тарабынан жүргүзүлөт.
3. Жол кыймылы коопсуздугунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери функциялык милдеттерин аткаруу учурунда автотранспорт каражаттарын башкаруучу адамдан милдеттүү камсыздандыруу келишимин көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.
8-берене. Маалыматтарды өз ара алышуу
1. Жол кыймылы коопсуздугунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери жол транспорт кырсыктарынын катышуучуларына, же болбосо алардын өкүлдөрүнө камсыздандыруу окуясынын болгондугун ырастаган документтерди: административдик укук бузуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн, медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколун, болгон окуянын чиймесин, болгон жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымкатты тиешелүү суроо алынган күндөн кийин он календарлык күндөн кечиктирбей берет.
2. Болгон жол транспорт кырсыгы жөнүндө маалыматтары бар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле уюштуруу-укуктук түрлөрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактар жол транспорт кырсыгынын катышуучуларынан тиешелүү сурамды алгандан кийин он календардык күндөн кечиктирбестен бул маалыматты камсыздандыруучуга, камсыздандырылуучуга, бул жабырлануучуга же алардын мураскерлерине, Фондго, ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык борборго берүүгө милдеттүү.
3. Камсыздандыруу окуясы болгондугу жөнүндө камсыздандыруучуга жабырлануучуга жана/же пайда табуучуга билдирүү мүмкүн болбогондо, жол транспорт кырсыгынын фактысы жөнүндө маалыматты жол кыймылынын коопсуздугунун ыйгарым укуктуу органы тиешелүү камсыздандыруучуга, Фондго, ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык борборго берет.
4. Автоматташтырылган маалыматтык борборду түзүү, иштетүү жана пайдалануу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
9-берене. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган
маалыматтык борборго маалыматтарды берүү
1. Милдеттүү камсыздандырууну жүргүзгөн камсыздандыруучулар ар бир түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү жөнүндө, камсыздандыруу окуялары тууралуу, ошондой эле мүлк жана ден соолук боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммалары жөнүндө, камсыздандырып ордун толтуруудан баш тартуу тууралуу, жабырлануучунун, пайда табуучунун жөнгө салынбаган дооматтары тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү караган тартипте, мөөнөттөрдө жана көлөмдө автоматташтырылган маалыматтык борборго берет.
2. Милдеттүү камсыздандырууну жүргүзгөн камсыздандыруучулар, жол кыймылы коопсуздугунун органы жана автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, саламаттык сактоо уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле болгон жол транспорт кырсыктары жөнүндө маалыматтарды билген менчиктеринин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан башка мекемелер менен уюмдар автоматташтырылган маалыматтык борбордун маалыматтык базасын түзүү үчүн маалыматтарды берип туруучу болуп саналат.
3. Жол кыймылы коопсуздугунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ар бир транспорттук каражат боюнча, менчик ээсинин алмашышы жөнүндө, ишеним кат боюнча транспорт каражаттарын башкарууга укуктары бар адамдар жөнүндө, болгон жол транспорт кырсыктары, жол транспорт кырсыктарына катышуучулар жана жабырлануучулар тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү караган тартипте, мөөнөттө жана көлөмдө автоматташтырылган маалыматтык борборго берет.
4. Автоматташтырылган маалыматтык борбор автоматташтырылган маалыматтык борбордун маалыматтык базасындагы маалыматтык ресурстарды түзүүгө жана алууга камсыздандыруучулардын катышуусунун бирдей шарттарын түзүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
10-берене. Көз каранды эмес эксперттер
1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндардын өлчөмүн баалоо боюнча карама каршылыктар болуп, тараптар макулдаша албаган учурда камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же болбосо камсыздандыруучу тарабынан көз каранды эмес эксперттер тартылат.
2. Техниканы тейлөөчү станциялар, автотранспорт каражаттарын тейлөө жана оңдоо ишин жүргүзүүгө, кыймылсыз мүлктү баалоого уруксаты бар ишкерлер (жеке жана юридикалык жактар), мамлекеттик жана жеке менчик дарылоо мекемелери, соттук-медициналык экспертиза органдары, медициналык-санитардык эксперттик комиссиялар жана башка компетенттүү адамдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында көз каранды эксперт боло алышат.
3. Көз каранды эмес эксперттер милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата тең укуктуулуктун, бейтараптуулуктун жана адилеттүүлүктүн принциптерине негизденип баалоого милдеттүү.
4. Милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан жабырлануучунун, пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндардын өлчөмдөрүн баалоону жүргүзгөн көз каранды эмес эксперт өзүнүн ишин жүргүзүү укугун ырастаган документке ээ болууга тийиш.
3-глава Милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүнүн тартиби
11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автотранспорт
каражаттарынын ээлеринин милдеттери
1. Автотранспорт каражаттарынын ээлери автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилишинин айынан пайда болушу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигинин, кооптуулугун камсыздандыруучу катары, өз эсебинен камсыздандырууга милдеттүү.
2. Автотранспорт каражаттарынын ээси автотранспорт каражатына ээлик кылуучу укук жаралгандан кийин (аны менчикке сатып алса, анын ичинде автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугун берген ишеним катты алса, чарба жүргүзүү үчүн же убактылуу башкарууга же болбосо башка мыйзамдык негизде укукту алса) беш иш күндүн ичинде жана андан кийин ушул Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди үзгүлтүксүз камсыздандырууга милдеттүү.
12-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
1. Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруучулар менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен автотранспорт каражаттарынын ээлери тарабынан милдеттүү камсыздандыруу жүзөгө ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун ошол түрү боюнча иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар камсыздандыруучу менен түзүлүшү керек.
3. Камсыздандырылуучуга камсыздандыруучунун камсыздандыруу полисин берүү жолу менен милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Камсыздандырылуучунун арызы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп саналат.
4. Камсыздандыруу полисинин бланкы так отчеттун документи болуп саналат. Камсыздандыруу полистеринин бланктарын каттоого алууну Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
5. Милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө укук берген лицензияны алган юридикалык жак Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу полистерин каттоо өтүнүчүн жиберет.
6. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ал күчүнө кирген күндөн тартып он эки айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
Камсыздандырып коргоону колдонуу мезгили милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнө дал келет.
7. Милдеттүү камсыздандыруу келишими тараптардын макулдашуусу боюнча бир жылдан аз мөөнөткө, бирок беш күндөн кем эмес мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
8. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздандырылуучу төмөнкүдөй документтерди камсыздандыруучуга берет:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндөгү арызды;
2) паспортту, аскердик билетти, айдоочунун күбөлүгүн (эгерде камсыздандырылуучу жеке жак болсо);
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өтүшү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде камсыздандырылуучу юридикалык жак болсо);
4) автотранспорт каражаттарын каттоону жүргүзгөн орган тарабынан берилген автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндө документти (автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндөгү күбөлүк, техникалык паспорт же техникалык талон, же болбосо ушулар сыяктуу документтер);
5) автотранспорт каражаты башка адамга катталып калган учурда автотранспорт каражатына ээлик кылуучу укукту ырастоочу документти (ошол автотранспорт каражатын ээликтен ажыратуу укугун берген ишеним катты);
6) айдоочулук күбөлүктү же автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдын айдоочулук документинин көчүрмөсүн (эгерде белгилүү адамдардын гана автотранспорт каражатын башкаруу шарты менен милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлсө).
9. Тараптардын макулдашуусу боюнча камсыздандырылуучу, ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө керектүү документтердин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө укуктуу.
10. Чет мамлекетте катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу пайдаланылып жаткан автотранспорт каражатынын ээси жана/же айдоочусу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү учурунда ушул берененин 8-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5, 6-пункттарында каралган документтерди берет.
11. Милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулуп мезгилде камсыздандырылуучу, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндөгү арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө жазуу жүзүндө үч күндүн ичинде камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
12. Кийинки мезгилдерге милдеттүү камсыздандыруу келишимдери түзүлүп жаткан учурда автотранспорт каражаттарынын ээлери камсыздандыруу жөнүндөгү маалыматты камсыздандыруучуга берет жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын эсеп-кысапка алуу учурунда камсыздандыруучу тарабынан ал эске алынат.
13. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун же жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун абалын, ушул Мыйзамда каралгандагыга салыштырганда, начарлатуучу шарттарда милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзсө, анда камсыздандыруучу, камсыздандырылуучунун жана жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун алдында ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда милдеттерди тартат.
14. Камсыздандыруу полисине жазуу жолу менен камсыздандырылуучуга берилгендиги жөнүндөгү күбөлүк менен кошо эки тарап тең кол койгон камсыздандыруу полисин, милдеттүү камсыздандыруунун эрежесин камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга берет.
Камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) олуттуу шарттарына төмөнкүлөр кирет:
1) камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун аты-жөнү, фирмалык аталышы, дареги;
2) автотранспорт каражаттарын башкара турган менчик ээсинин жана айдоочулардын аты-жөнү, аларга берилген ишеним каттардын жарактуу мөөнөтү;
3) камсыздандыруунун объектиси;
4) камсыздандыруунун аймагы;
5) камсыздандыруучу кириптер болуучу кооптуулук;
6) камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруучу полисин) колдонуу мөөнөтү;
7) камсыздандыруу суммасы, алардын ичинде:
- жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндарга болгон жоопкерчиликтин лимити;
- жабырлануучулардын мүлкүнө келтирилген зыяндарга болгон жоопкерчиликтин лимити;
8) камсыздандыруу сыйлыгынын суммасы, төлөнүүчү жер жана төлөөнүн тартиби;
9) камсыздандыруу полиси берилген күн;
10) камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандырылуучунун жана/же автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген адамдардын аракеттеринин тартиби.
15. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндөгү же бул келишимди түзүү учурунда берилген арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндөгү билдирүүнү камсыздандырылуучудан алган учурда камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизет.
16. Түзүлүүчү милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары ушул Мыйзамдын жана милдеттүү камсыздандыруунун эрежесинин талаптарына ылайык келиши керек.
13-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун эрежеси
1. Ушул Мыйзамда аныкталган, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун тартиби Милдеттүү камсыздандыруунун эрежесинде белгиленет.
2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу эрежесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
14-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу
1. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарында башкача каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу сыйлыгын же анын биринчи акысын төлөгөн учурдан тартып милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирет жана аткарылышы тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
2. Эгерде Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагы менен гана чектелет.
3. Камсыздандырып ордун толтуруу толук көлөмдө (камсыздандыруу суммасы) төлөнүп берилген учурда камсыздандыруу полисин камсыздандыруучу алып коюшу керек. Мындай болгон учурда автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу үчүн милдеттүү камсыздандыруу келишимин жаңы түзүүгө милдеттүү.
15-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонууну
токтотуу
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулду деп эсептелинет:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө камсыздандырып ордун толтуруучу камсыздандыруучу төлөп берсе;
4) автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу мүмкүн болбой калса;
5) келишимдин шарттарына ылайык камсыздандыруу сыйлыктары белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөсө;
6) камсыздандыруучу (юридикалык жак) жоюлуп кеткен учурда.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартибин, шарттарын жана натыйжасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
16-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруучуну өз алдынча тандап алууга;
2) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу келишиминдеги милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
3) жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматынан пайдаланууга;
4) камсыздандыруучу жана (же) көз каранды эмес эксперт жүргүзгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыгы жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмү боюнча эсеп-кысаптар менен таанышууга;
5) камсыздандыруу полиси жоголуп кеткен учурда өз эсебинен анын дубликатын алууга;
6) милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
7) автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда камсыздандыруу кооптуулугунун өзгөрүшүнө алып келүүчү шарт-жагдайлар өзгөргөн учурда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;
8) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндөгү камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
9) камсыздандыруу келишими токтотулган учурда камсыздандыруучудан камсыздандыруунун узактыгы, камсыздандыруу окуяларынын саны жана мүнөзү жөнүндөгү маалыматтарды, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүп берилиши тууралуу жана камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү маалыматтарды алууга.
2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруунун ошол түрү боюнча иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) техникалык абалын аныктоо үчүн автотранспорт каражатын жана милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн керектүү маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сыйлыктарын төлөп турууга;
4) камсыздандыруунун ошол эле объектисине карата башка камсыздандыруу келишимдеринин түзүлгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруу кооптуулугунун өсүшү жөнүндө камсыздандыруучуга дароо билдирүүгө;
6) камсыздандыруу окуясынан тартыла турган чыгымдарды азайтуучу чараларды көрүүгө;
7) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин кооптуулуктун даражасы өзгөрүлгөндүгү (автотранспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү өзгөрүүлөр, автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдын которулуп өзгөрүүсү) жөнүндөгү маалыматты камсыздандыруучуга берүүгө;
8) болгон камсыздандыруу окуясынын себептерин өз алдынча изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздандыруучунун өкүлүн камсыз кылууга;
9) жол кыймылы коопсуздугу органынын жана автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамынын талабы боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишимин берүүгө.
Ушул пунктта каралган милдет камсыздандырылуучу жок кезде автотранспорт каражатын башкарган айдоочуга жүктөлөт.
10) Камсыздандыруу окуясы жаралган учурда камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө беш жумушчу күндөн кечиктирбей (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, кийин кабардын жазуу жүзүндөгү түп нускасын жөнөтүү менен) камсыздандыруучуга билдирүүгө;
б) жол-автотранспорт кырсыгы жөнүндө жол кыймылынын коопсуздугу органдарына жана керек болуп калган учурда тиешелүү компетенттүү органдарга (айыл өкмөтүнө, өрткө каршы күрөшүү кызматына, медициналык тез жардам кызматына, кыйроого каршы күрөшүүчү кызматка жана башкаларга) дароо билдирүүгө;
в) жол-автотранспорт кырсыгы болгон учурда жабырлануучуларга, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздандыруучу жөнүндө билдирүүгө;
г) жол-транспорт кырсыгы болгон учурда чыгымдарды болтурбоочу же азайтуучу, муну менен кошо жабырланган адамдарды куткаруучу жана аларга жардамдарды көрсөтүүчү акыл-эстүү, жеткиликтүү иш-чараларды түзүлгөн кырдаалга жараша кабыл алууга;
д) камсыздандыруучу талап кылган керектүү документтерди ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык берүүгө;
е) жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун камсыздандырылуучуга койгон доо арызынын сотко берилиши жөнүндө камсыздандыруучуга беш иш күндөн кечиктирбей билдирүүгө;
ж) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер адамга карата коюлуучу регерессивдик талаптарды коюучу укуктун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга.
11) Камсыздандырып ордун толтуруу төлөнүп берилген учурда камсыздандырылуучу кошумча камсыздандыруу сыйлыгын төлөп берип талап кылынган камсыздандыруу суммасынын ордун толтурууга милдеттүү, эгерде калдык камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан азды түзсө.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама каршы келбеген камсыздандырылуучунун башка укуктары менен милдеттери да милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралышы мүмкүн.
17-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясынын болушун жана жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастаган документтерди мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын компетенциясына жараша сурап алууга;
2) жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн жана камсыздандыруу окуясы болгон учурда төлөнүүчү камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматынан пайдаланууга;
3) бул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган учурларда зыян келтирүүгө жоопкер адамга регрессивдик талап укугун коюуга;
4) бул Мыйзамдын 28-беренесинде каралган негиздер боюнча камсыздандырып ордун толтурууну толук же жарым-жартылай төлөп берүүдөн баш тартууга;
5) камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча соттогу ишти анын атынан жүргүзүүнү, жабырлануучулар, пайда табуучулар койгон доо-талаптарды өзүнө алууга. Бирок камсыздандыруучунун бул аракеттери камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү боюнча милдетти өзүмдүкү деп таануу катары бааланбайт;
6) камсыздандырылуучудан жана/же жол кыймылы коопсуздугу органынын кызмат адамынын билдирүүсүн алган учурда жол-транспорт кырсыгы болгон жерге барууга жана камсыздандыруу окуясы жөнүндө актыны түзүүгө.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) автотранспорт каражатынын техникалык абалын текшерүүгө жана камсыздандырылуучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) камсыздандырылуучуну милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен тааныштырууга, милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурда камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
4) жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүнү алганда ошол фактыны дароо каттоого алууга;
5) билдирүү алган учурдан тартып он беш иш күндүн ичинде мүлккө келтирилген зыяндын эсептик өлчөмүн көрсөтүү менен, бүлгүнгө дуушар болгон же кыйратылган мүлккө баалоо жүргүзүүгө жана аны жабырлануучуга жана/же пайда табуучуга таанышуу үчүн берүүгө;
6) камсыздандыруу окуясы таанылган учурда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө;
7) автоматташтырылган маалыматтык система үчүн түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишиминин саны, камсыздандыруу окуяларынын саны жана мүнөздөрү жөнүндө, камсыздандырып ордун толтуруунун төлөнүп берилиши тууралуу, камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө жабырлануучулардын, пайда табуучулардын каралып жаткан жана жөнгө салына элек талаптары тууралуу маалыматтарды маалыматтарды берүүнүн жана камсыздандыруу отчетторун алуунун келишимде каралган тартиптеринде, мөөнөттөрүндө жана көлөмүндө берүүгө;
8) камсыздандыруунун купуялуулугун камсыз кылууга;
9) камсыздандырылуучунун талабы боюнча ага жазуу жүзүндөгү төмөнкүдөй маалыматтарды акысыз берүүгө: милдеттүү камсыздандыруу келишими жөнүндө, төлөнүп берилген камсыздандырып ордун толтуруу тууралуу, жабырлануучулардан, пайда табуучулардан түшкөн арыздар жана милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулуп жаткан мезгилдеги жабырлануучулардын жөнгө салынбаган талаптары тууралуу.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген камсыздандыруучунун жана башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
18-берене. Жабырлануучунун, пайда табуучунун укуктары
Жабырлануучу жана/же пайда табуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруучуга, фондго камсыздандыруу окуясынын жол-транспорт кырсыгынын кесепетинин болушу, анда ага зыян келтирилиши жөнүндө билдирүүгө;
2) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү үчүн керектүү документтерди камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруучу үчүн топтоону жүргүзүүгө;
3) мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттердин кызматтарын пайдаланууга;
4) таанышуу үчүн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жана камсыздандырып ордун толтурууну өлчөмдөрүн эсептеп чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучудан алууга;
5) ушул Мыйзамдын шарттарына ылайык камсыздандырып ордун толтурууну алууга;
6) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндөгү камсыздандыруучунун чечимине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте каршы чыгууга;
7) кепилдик төлөмдөрдү алуу үчүн Фондго кайрылууга;
8) талап берүү учурунда жабырлануучу билбеген жана камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө талап коюлгандан кийин пайда болгон өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн зыян келтирген жактын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылууга;
9) алган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасынан келтирилген зыяндын ашып кеткен суммасынын өлчөмүндө автотранспорт каражатынын ээсине келтирилген зыяндарды төлөп берүү жөнүндө талапты коюуга.
19-берене. Тике жөнгө салуу
1. Анын күнөөсү боюнча камсыздандыруу окуясы болсо, ал адамда камсыздандыруу полиси бар болгон жагдайда жабырлануучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн тике камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясы болгон учурда кайрылууга жабырлануучу жана/же пайда табуучу укуктуу.
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган баардык документтерди алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде жабырлануучуга жана/же пайда табуучуга төлөп берет.
3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берген камсыздандыруучу өзүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн күнөөсү боюнча камсыздандыруу окуясы болгон адамды камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылат.
4. Тике жөнгө салуу баардык төмөнкү шарттар сакталган учурда жүзөгө ашырылат:
1) жабырлануучуда жана күнөөсү боюнча камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси болсо;
2) жол-транспорт кырсыгы Кыргыз Республикасынын аймагында болуп, анын кесепетинен мүлккө гана зыян келтирилсе;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында катталган камсыздандыруу уюмдарында автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин камсыздандырса;
4) жол-транспорт кырсыгы автотранспорт каражаттарынын катышуусу менен жасалса, жабырлануучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилбеген учурда.
4-глава
Камсыздандыруу окуясын, келтирилген зыяндын жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмдөрүн аныктоо
20-берене. Камсыздандыруу окуясы жана келтирилген зыяндын
өлчөмдөрүн аныктоо
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабырлануучунун (үчүнчү жактын) өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча камсыздандырылгандын жарандык-укуктук жоопкерчилигинин пайда болуу фактысы камсыздандыруу окуясы деп таанылат.
2. Мүлкүнө зыян келтирилгенде жабырлануучу жана/же пайда табуучу зыян келтирүүнүн жагдайын тактоо жана орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын өлчөмүн аныктатуу максатында бүлгүнгө учураган мүлктү кароо үчүн берүүгө милдеттүү.
Эгерде камсыздандыруучу менен жабырлануучу жана/же пайда табуучу башка мөөнөттү макулдашпаса, жабырлануучу жана/же пайда табуучу тиешелүү кайрылууну жасаган күндөн тартып он беш иш күндүн ичинде бүлгүнгө учураган мүлктү кароого жана (же) ага көз каранды эмес экспертизаны жүргүзүүнү уюштурууга (баалатууга) камсыздандыруучу милдеттүү.
Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде жетүү кыйынчылыгын, алыстыкты же калк аз жайгашкан аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен башка мөөнөттөр каралышы мүмкүн, анын ичинде бүлгүнгө учураган мүлктү кароо жана (же) ага көз каранды эмес экспертизаны жүргүзүүнү уюштуруу (баалатуу) үчүн келүүгө камсыздандыруучу милдеттүү.
3. Эгерде жабырлануучу же пайда табуучу кароого берген бүлгүнгө учураган мүлк камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулуп берилүүгө тийиш болгон камсыздандыруу окуясынын бар экендигин жана зыяндын өлчөмүнүн шексиз экендигин аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда камсыздандыруучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.
Эгерде бүлүнгөн мүлккө камсыздандыруучу өткөргөн кароонун натыйжасы боюнча камсыздандыруучу менен жабырлануучу камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө макулдашууга жетишишсе жана бүлүнгөн мүлккө көз каранды эмес экспертизаны уюштур деген талабынан кайтса, анда андай экспертиза өткөрүлбөй калышы мүмкүн.
Эгерде камсыздандыруучу ушул берененин 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө бүлүнгөн мүлктү карабаса жана/же ага көз каранды эмес экспертизаны уюштурбаса (баалабаса), анда жабырлануучу же пайда табуучу бүлүнгөн мүлктү кароо үчүн камсыздандыруучуга бербестен мындай экспертизага (баалоого) өз алдынча кайрылууга укуктуу.
Көз каранды эмес экспертизанын (баалоонун) акысы ошол экспертизаны (баалоону) уюштурган тараптын эсебинен төлөнөт. Көз каранды эмес экспертизанын акысы, анын негизинде зыянды камсыздандырып ордун толтуруу төлөнүп берилет, анда ал милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу тараптан кайра төлөнүп берилүүгө тийиш.
4. Жабырлануучунун мүлкүнө зыян келтирилген зыяндардын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) жабырлануучунун мүлкү толук кыйраган учурда - камсыздандыруу окуясы болгон күндөгү мүлктүн чыныгы (рыноктук) баасынын өлчөмүндө, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчиликтин лимитинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Качан бүлгүнгө учураган мүлктү оңдоо мүмкүн эмес болсо, же болбосо анын наркы камсыздандыруу окуясы болгон күндөгү бүлгүнгө учураган мүлктүн колдонулуп жаткан рыноктук наркынын 80 пайызынан ашса;
2) жабырлануучунун мүлкү бүлгүнгө учураганда - камсыздандыруу окуясы болгон учурга чейин мүлк кандай абалда болсо, ошондой абалга мүлктү келтирүү үчүн сарпталуучу чыгымдардын өлчөмүндө, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчиликтин лимитинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
5. Эгерде бүлгүнгө дуушар болгон мүлктүн мүнөзү же өзгөчөлүгү аны камсыздандыруучунун кароосуна коюуга жана камсыздандыруучу жана (же) эксперт жайгашкан жерде көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга мүмкүндүк бербесе (мисалы, автотранспорттун жол кыймылына катышуусун болтурбоочу бүлгүн болсо), анда көрсөтүлгөн кароо жана көз каранды эмес экспертиза (баалоо) бүлгүнгө учураган мүлк турган жерде өткөрүлөт.
6. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тиешелүү медициналык мекемелер берген документтердин негизинде аныкталат, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчиликтин лимитинин өлчөмүнөн ашпашы керек.
7. Камсыздандыруу окуясынын болушуна багытталган камсыздандырылуучунун, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин же автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген адамдардын атайын аракеттери, ошондой эле камсыздандырып ордун толтуруунун Мыйзамсыз алууга багытталган башка алдамчылык аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинде белгиленген нормаларга ылайык жоопкерчиликтерге кириптер кылат. Мындай учурларда милдеттүү камсыздандыруу келишими жараксыз болуп саналат жана камсыздандыруучу жоопкерчиликти тартпайт.
21-берене. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда өмүрүнө,
ден соолугуна зыян келтирилген жабыркоочу жок болуп
калганда, жактардын аракети
Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген жабыркоочу жок болуп калган мезгилде ага катышуучулар болгон окуя жөнүндө камсыздандыруучуга билдириши керек.
Камсыздандыруучулар, тиешелүү маалыматтарга ээ болсо, жол-транспорт кырсыгы болгон жерге өздөрүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө укуктуу.
22-берене. Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү жана
жоопкерчиликтердин лимиттери
1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдуу суммалары жана жоопкерчиликтердин лимиттери, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын минималдуу тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Камсыздандыруучунун жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралып, белгиленген жоопкерчиликтердин лимиттеринен ашышы мүмкүн эмес.
23-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар адамдар
1. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражаттарын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен өмүрүнө, ден соолукка же мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнү камсыз кылат.
2. Белгиленген тартипте жол-транспорт кырсыгынын болушуна күнөөлүү деп таанылган автотранспорт каражатынын ээсин жана айдоочусун кошпогондо, автотранспорт каражатын пайдалануу учурунда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген ар бир адам, булар менен кошо өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген, автотранспорт каражатында отурган баардык жүргүнчүлөр, ошондой эле алардын мураскорлору (мыйзамдуу мураскорлору) камсыздандырып ордун толтурууну алуу укугуна ээ.
3. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражатына бекитилген же болбосо авторанспорт каражатынан түшүп калган кандайдыр бир нерселер келтирген зыянды же чыгымды компенсациялоону да камсыз кылат.
24-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүнүн шарттары
1. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучуга талапты камсыздандырылуучу же пайда табуучу жазуу жүзүндө, ага камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү үчүн керектүү документтерди тиркеп берет.
2. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер кошо тиркелет:
1) милдеттүү түрдө берилүүчү документтер:
а) камсыздандыруу полиси (анын дубликаты);
б) жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлөндүргөн жол-транспорт кырсыгынын чиймеси;
в) жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлөндүргөн жол-автотранспорт кырсыгы жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
г) баңги заттык диспансер күбөлөндүргөн алкоголдук, баңги заттык жана ууландырылып мас болуучу абалды күбөлөндүргөн протоколдун көчүрмөсүн;
д) пайда табуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн) же юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним каттын түп нускасы;
е) автотранспорт каражаттарын башкарган адамдын айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана ошол автотранспортту башкарууга укук берилгендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн;
2) жабыркоочунун өмүрүнө, ден соолугуна зыяндар келтирилген учурда ушул берененин 1-пунктунда саналган документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
а) жабырлануучунун эмгекке жөндөмдүүлүктү убактылуу жоготушунун мүнөзү жөнүндөгү мамлекеттик медициналык мекеменин маалымкаты же жабырлануучунун майыптуулугун аныктаган атайын мамлекеттик мекеменин маалымкаты - жардамдын кошумча түрлөрүнө анын муктаж экендиги белгиленген учурда;
б) эгерде жабырлануучунун медициналык жардамдарды алууга муктаж экендиги жана аларды бекер алууга укугу жок экендиги аныкталса, анда анын тарткан медициналык чыгымдарын (ооруканага жатып дарыланууга жумшалган, дарыларды сатып алууга, кошумча тамактанууга, протез салууга жумшалган чыгымдарды) ырастоочу документтер, эсеп-фактурасы, төлөнгөн эсептер, чектер (кассалык, товардык), накладнойлор, Кыргыз Республикасынын салык Мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген башка документтер;
в) камсыздандыруу окуясынын болушунун кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготкон жабырлануучу ала албай калган эмгек акыны (кирешени) же эмгек акынын бөлүгүн (кирешени) ырастаган документти;
г) жабырлануучунун каза болушу жөнүндөгү күбөлүктүн нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү, ошондой эле пайда табуучунун мурастык укугу жөнүндөгү документтин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү, жабырлануучу каза тапкан учурда;
з) жабыркоочунун мүлкүнө зыян келтирилген учурда-мүлктү оңдоого (калыбына келтирүүгө) жумшалган чыгымдарды (эсеп-фактурасы, төлөнгөн эсептер, чектер (кассалык, товардык), накладнойлор жана башка документтер) ырастаган, Кыргыз Республикасынын салык Мыйзамдарынын талаптарына ылайык тегизделген башка документтер, келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча документтер кошумча тапшырылат.
3. Камсыздандырылуучудан, жабырлануучудан, же болбосо пайда табуучудан камсыздандыруучунун кошумча документтерди талап кылышына жол берилбейт.
4. Арыздануучудан документтерди кабыл алган учурда камсыздандыруучу алгандыгын ырасташы керек.
5. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү учурунда пайда табуучунун талаптарды коюучу укугун чектөөчү шарттарды кабыл алууну да табуучудан талап кылууга камсыздандыруучунун укугу жок.
25-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүнүн тартиби
1. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндөгү камсыздандырылуучунун же пайда табуучунун арызын, ага тиркелген, милдеттүү камсыздандыруу эрежесинде жана ушул Мыйзамдын 24-беренесинде каралган документтерди алгандан тартып отуз күндүн ичинде камсыздандыруучу карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө же болбосо төлөп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндөгү жүйөөлүү катты ага жөнөтүүгө камсыздандыруучу милдеттүү.
2. Зыяндын ордун толтуруу төмөнкүдөй кезекте иш жүзүнө ашырылат:
1) өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндардын ордун толтурууну төлөп берүү;
2) мүлккө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну төлөп берүү.
3. Камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмү пайда табуучулар тарабынан талашка түшкөн учурда, көрсөтүлгөн адамдардын бири да талашпаган камсыздандырып ордун толтуруунун бөлүгүн ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө камсыздандыруучу милдеттүү.
Камсыздандырып ордун толтуруунун талашка түшкөн бөлүгү камсыздандыруучу менен жабырлануучунун, пайда табуучунун ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашылат. Өз ара макулдашуу мүмкүн болбогон учурда, талаштар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган соттук тартипте чечилет.
4) Эгерде камсыздандыруу окуясынын болушуна алып келген окуянын кесепетинен жабырлануучунун ден соолугу начарласа (I, II, III топтогу майыптуулук чектелип берилсе), же ал каза тапса, жабырлануучудан, пайда табуучудан келип түшкөн арыздын жана тиешелүү документтердин негизинде камсыздандыруучу кошумча камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттүү, мында төлөп берүүлөрдүн жалпы суммасы жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндардын ордун толтурууну төлөп берүүнүн жоопкерчилигинин лимитинен ашпоого тийиш.
Ушул Мыйзамдын 24-беренесинде жана ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырып ордун толтурууну кошумча төлөп берүү жүзөгө ашырылат.
26-берене. Бир нече адамга зыяндар келтирилген учурда
камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү
1. Бир камсыздандыруу окуясынын кесепетинен зыяндар келтирилген бир нече жабыр тартуучу жана/же пайда табуучу талаптар менен кайрылган учурда жана ошол келтирилген зыяндарын өлчөмү милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган жоопкерчиликтердин лимиттеринен ашып кетсе, анда жабырлануучулардын жана/же пайда табуучулардын койгон талаптарында көрсөтүлгөн суммаларга карата ошол камсыздандыруу суммаларынын пропорционалдуу катнашына жараша камсыздандырып ордун толтуруу төлөнүп берилүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзамда жана милдеттүү камсыздандыруу эрежесинде каралган учурларда камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү милдетинен камсыздандыруучу бошотулат.
27-берене. Камсыздандырылуучунун зыяндын ордун толтуруп алуучу
укугунун камсыздандыруучуга өтүшү
1. Өздөрүнүн жарандык жоопкерчиликтерин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жабырлануучунун пайдасына камсыздандырган юридикалык жак же жаран, келтирилген зыяндардын ордун толук толтуруп берүү үчүн камсыздандыруу суммалары жетишсиз болуп калса, анда милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу суммасы менен иш жүзүндөгү чыгымдын өлчөмүнүн ортосундагы айырмачылыкты төлөп берет.
2. Чыгым үчүн жоопкерчиликтүү адамга болгон камсыздандырылуучунун талап кылуу укугу камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берген камсыздандыруучуга камсыздандыруунун натыйжасында орду толтурулган суммалардын чектеринде өтөт. Бир нече киши биргелешип келтирген зыянды төлөп берген камсыздандыруучу жабырлануучуга же пайда табуучуга төлөнүп берилген камсыздандырып төлөп берүүнүн үлүшүн ошол зыян келтирүүчүлөрдүн күнөөлөрүнүн даражасына ылайык келген өлчөмдө төлөп берүүнү зыян келтирилүүчүлөрдүн ар биринен талап кылууга укуктуу. Күнөөнүн даражасын аныктоо мүмкүн болбогон учурда үлүштөр бирдей деп таанылат.
3. Эгерде көрсөтүлгөн адам мас (алкоголдук, баңгилик, уулануучулук) абалында транспорт каражатын башкарып зыянды келтирсе, камсыздандыруучу төлөп берген камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүндө, зыян келтирген адамга, анын ичинде камсыздандырылуучуга карата регрессивдик талапты коюуга камсыздандыруучу укуктуу.
4. Камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарында белгиленген камсыздандырылуучу (пайда табуучу) менен келтирилген чыгымга жоопкер адамдын ортосундагы мамилени жөнгө салуучу эрежени сактоо аркылуу иш жүзүнө ашырылат.
5. Камысыздандырылуучу (пайда табуучу) баардык документтерди жана далилдерди камсыздандыруучуга берүүгө жана камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугун иш жүзүнө ашыруу үчүн керектүү баардык маалыматтарды ага билдирүүгө милдеттүү.
6. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу төлөп берген чыгымдар үчүн жоопкер адамга карата өзүнүн талап коюу укугунан баш тартса, же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту иш жүзүнө ашыруу мүмкүн болбой калса, анда камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну толук же анын тиешелүү бөлүгүн төлөп берүүдөн бошотулат жана ордун толтуруунун төлөнүп берилген ашыкча суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
28-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандырып ордун толтурууну
төлөп берүүдөн бошотуунун негиздери
1. Эгерде бүлгүнгө учураган мүлктү кароого жана/же ага көз каранды эмес экспертиза (баалоо) өткөргөнгө чейин бүлгүнгө учураган мүлккө жасалган оңдоолор же анын калдыктарын, утилдештирүү ушул берененин талаптарына ылайык камсыздандыруу окуясынын болгондугунун шексиш экендигин жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон чыгымдардын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда камсыздандыруучу жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну же анын бөлүгүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу.
2. Камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартат.
5-глава
Камсыздоо төлөмдөрүнө кепилдик кылган фонд
29-берене. Фондду түзүүнүн тартиби
1. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндын кесепетинен, жол-транспорт окуясы болгон жерден күнөөлүү адам качып кеткенде жана анын ким экендиги аныкталбаганда, ошондой эле камсыздандырылуучу мажбурдук менен жоюлган учурда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон жоопкерчиликтин лимитинин көлөмүнүн чегинде кепилдиктүү төлөмдөрдү иш жүзүнө ашыруу максатында Фонд коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлөт, мекеме түрүндө уюшулат.
2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу системасына катышуучулар - камсыздандыруу уюмдары Фонддун уюштуруучулары болуп саналышат.
3. Фонддун ишинин тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу ишин жөнгө салган жана көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Фондду уюштуруучулардын жалпы чогулушунда бекитилет.
30-берене. Фонддун кепилдиктүү төлөмдөрү
1. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда, анын кесепетинен жол-транспорт окуясы болгон жерден күнөөлүү адам качып кетсе жана анын ким экендиги аныкталбаса, ошондой эле камсыздандырылуучу мажбурдук кылынып жоюлган учурда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыянды милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ордун толтурууну төлөтүп алууга укуктары бар жабырлануучуга же адамга кепилдиктүү төлөмдөрдү Фонд төлөп берет.
2. Камсыздандыруу уюмдарынын (катышуучулардын) үзгүлтүксүз негизде которууларынын (акы төлөөлөрүнүн) эсебинен кепилдик төлөмдөр төлөнүп берилет.
3. Жабырлануучу жана/же пайда табуучу кепилдиктүү төлөмдөрдү төлөп берүү үчүн керектүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган документтерди бергенден кийин кепилдиктүү төлөмдөрдү төлөп берүү жөнүндө чечимди Фонд кабыл алат.
6-глава
Корутунду жоболор
31-берене. Талаштарды кароонун тартиби
Милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
32-берене. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузган, ошондой эле атайлап камсыздандыруу окуясын жасоого жана камсыздандырып ордун толтурууну Мыйзамсыз алууга багытталган башка укукка жат аракеттерди жасаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтерди тартат.
33-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүнүн системасын Кыргыз Республикасында өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматы (мындан ары - Мамфинкөзөмөл) Бүткүл дүйнөлүк банктын эксперттери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен бирдикте "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-июлундагы № 474 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун 2003-2010-жылдарда өнүктүрүү Концепциясына, ошондой эле камсыздандыруу сыйлыктарын көбөйтүүнү, камсыздандыруу (техникалык) резервдерин өстүрүүнү, камсыздандыруу рыногун жана салыктардын кошумча келип түшүүлөрүн тез өнүктүрүүнү көздөгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартында № 183 Жарлыгы менен бекитилген Өлкөнү 2009-2011-жылдарда өнүктүрүүнүн Стратегиясына ушул Мыйзамдын долбоорундагы жоболор жана анын аракетке келтирилиши шайкеш келет.
Автотранспорт каражаттарын пайдалануунун учурунда келтирилген зыяндарды төлөтүп алууга карата болгон жапа чегүүчүлөрдүн укуктарын жана Мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен үчүнчү жакка келтирилген зыянды төлөп берүү милдети менен байланышкан автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу Мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп саналат.
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин акы төлөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, эгерде жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилсе автотранспорт каражаттарынын ээлери ошол зыяндарды төлөп бергендей кудуретке ээ болушу керек.
2) жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен автотранспорт каражаттарынын ээлери келтирген зыяндарды жаба турган булактарды издеп табуу.
Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорун аракетке киргизүү жол кыймылына катышуучулардын баардыгынын экономикалык кызыкчылыктарын жаратат жана автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандырууда берилген камсыздандыруу сыйлыктарынан келип түшкөн каражаттардын эсебинен камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүнү жүргүзүүгө карата болгон тараптардын мүлктүк кызыкчылыктарынын натыйжалуу корголушуна жетишүүгө мумкүндүктөрдү берет, жабыркоочуга келтирилген зыяндардын толук төлөнүп берилишин камсыз кылат.
Аракеттеги граждандык Мыйзамдардын чендеринде автотранспорт каражаттарынын ээлери тарта турган жоопкерчиликтер тууралуу жоболор бар, бирок үчүнчү жакка зыян келтирген жол-транспорт кырсыктарынын күнөөкөрлөрүнө таасир этүүнүн механизмдери менен керектүү рычагдары, жабырлануучуга зыяндардын ордун төлөтүп берүүнүн механизмдери жок. Мына ушул себептен улам жол-транспорт кырсыгына күнөөлүү адамда келтирилген зыянды төлөп берүү мүмкүнчүлүгү жок, ал эми жабырлануучу күнөөкөрдөн да, мамлекет тарабынан да эч кандай төлөп берүүлөрдү ала албай турган кырдаалга ар бир жол кыймылына катышуучу кабылып жатат. Мына ушундай курч кырдаал экинчи рыноктон сатылып алынган (10 жылдан ашуун пайдаланылган) автомашиналардын саны республикабызда өсүп бара жаткандыгына жана машиналарды айдоо маданиятынын төмөндүгүнө, жолдордун абалынын начардыгына, жол кырсыктарынын өсүшүнө байланыштуу улам курчугандан курчуп баратат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча транспорт каражаттарынын сандары ар бир жыл сайын өсүп жатат. Бул төмөнкү таблицадан айкын көрүнүп турат:
┌────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬───────┐
│Транспорттун│ 2005 │ 2006 │ 2007 │ 2008 │ 2009 │ 2010 │ 2011 │2011-ж.│
│ түрү │ │ │ │ │ │ │ │2005-ж.│
│ │ │ │ │ │ │ │ │карата │
│ │ │ │ │ │ │ │ │% менен│
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Жеңил │202520│220359│229644│318018│348497│346473│508773│ 251,2 │
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Жүк ташуучу │ 42679│ 41566│ 41716│ 50506│ 52397│ 50720│ 67605│ 158,4 │
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Автобустар, │ 17580│ 18481│ 17781│ 20733│ 20838│ 21732│ 25602│ 145,6 │
│кичи │ │ │ │ │ │ │ │ │
│автобустар │ │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Мотоциклдер │ 10485│ 10307│ 9315│ 11330│ 9123│ 7744│ 25980│ 247,7 │
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Жыйынтыгы: │273264│290713│298456│400587│430855│426669│701532│ 256,7 │
└────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴───────┘
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча 2008-2010-жылдарда жол-транспорт кырсыктарынын саны өскөн. Бул төмөнкү таблицадан айкын көрүнүп турат:
┌────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬───────┐
│Транспорттун│ 2005 │ 2006 │ 2007 │ 2008 │ 2009 │ 2010 │ 2011 │2011-ж.│
│ түрү │ │ │ │ │ │ │ │2005-ж.│
│ │ │ │ │ │ │ │ │карата │
│ │ │ │ │ │ │ │ │% менен│
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Болгон │ 3717 │ 3911 │ 4692 │ 4540 │ 4248 │ 4402 │ 4813 │ 129,4 │
│жол- │ │ │ │ │ │ │ │ │
│транспорт │ │ │ │ │ │ │ │ │
│кырсыктары- │ │ │ │ │ │ │ │ │
│нын саны │ │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Жол- │ 893 │ 1051 │ 1252 │ 1138 │ 1005 │ 985 │ 1018 │ 113,9 │
│транспорт │ │ │ │ │ │ │ │ │
│кырсыкта- │ │ │ │ │ │ │ │ │
│рында │ │ │ │ │ │ │ │ │
│каза тапкан │ │ │ │ │ │ │ │ │
│адамдар │ │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│Жол- │ 4568 │ 4948 │ 6223 │ 5925 │ 5680 │ 6192 │ 6697 │ 146,6 │
│транспорт │ │ │ │ │ │ │ │ │
│кырсыкта- │ │ │ │ │ │ │ │ │
│рында │ │ │ │ │ │ │ │ │
│жаракаттарды│ │ │ │ │ │ │ │ │
│алган │ │ │ │ │ │ │ │ │
│адамдар │ │ │ │ │ │ │ │ │
└────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴───────┘
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынса, анда жабырлануучуларга зыяндын ордун төлөп берүүнүн жол-жоболору жөнөкөйлөшөт, жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен жаралуучу чыгымдардын азайышына өбөлгөлөр түзүлөт.
Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен үчүнчү жакка келтирилген зыяндарды төлөп берүү боюнча милдетке байланышкан автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктары камсыздандыруунун ушул түрүнүн объектиси болуп саналат.
Ушул Мыйзамдын долбоорундагы жобого ылайык автотранспорт каражаттарынын ээлери, пайдаланылып жаткан ар бир автотранспортко камсыздандыруу сыйлыктарын төлөө аркылуу жана камсыздандыруу ишин жүргүзүүчү менен камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен өздөрүнүн жарандык жоопкерчиликтерин камсыздандырууга милдеттүү.
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчиликтерин камсыздандыруу киргизилсе, анда жабыркоочуларга зыяндын ордун төлөп берүүнүн жол-жоболору жөнөкөйлөнөт, жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен ар жыл сайын келтирилүүчү зор чыгымдардын азайышына өбөлгөлөр түзүлөт.
Кыйроолорду, тебелеп кетүүлөрдү жана башка камсыздандыруу окуяларын өзүнүн күнөөсү менен болтурбаган айдоочулар үчүн тиешелүү төлөө жеңилдиктери жана тартипти бузган айдоочулар үчүн үстөк кошуулары камсыздандыруунун шарттарында (эрежесинде) каралат.
Жарандык жоопкерчиликтерди камсыздандыруу чет өлкөлөрдө өтө кеңири таралган. Ал камсыздандыруунун өзүнчө түрү катары же бир камсыздандыруу документи (полиси) боюнча бүткөрүлүүчү жана автотранспортту камсыздандыруунун түрлөрүнүн жыйындысы катары аракеттене алат. Транспорт каражаттарынын жеке ээлери үчүн жана юридикалык жактардын көпчүлүгү үчүн камсыздандыруунун ушул түрү милдеттүү болуп саналат. Келтирилген зыяндарды жабырлануучуга толук төлөп берүүнү камсыздандыруунун ушул түрү гана камсыз кыла алат.
Мисалы, Прибалтика өлкөлөрү, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамды кабыл алган учурдан тартып алардын экономикасынын бул секторунда гана эмес, жалпы эле экономикасында төмөнкүдөй өсүштөр жарала баштады:
- камсыздандыруу сыйлыктарынын келип түшүүсү өстү, камсыздандыруу компанияларынын техникалык камсыздандыруу резервдерин түзүүнүн өсө башташы байкалууда, камсыздандыруу кызматын көрсөтүү рыногу өтө жанданды;
- камсыздандыруунун мындай куралы келтирилген зыяндарды төлөп берүүгө жумшалган чыгымдарды жана мамлекеттик бюджетке түшкөн оорчулуктарды азайтты;
- камсыздандыруу компанияларынын түзүлгөн резервдерин мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга жана фондулук рыноктогу операцияларды жасоого багыттоо аркылуу мамлекет, тышкы каржылоолордон баш тартууга, ички ресурстардын эсебинен бюджеттик тартыштыкты каржылоону көбөйтүүгө жетишти, ал эми камсыздандыруу компанияларынын резервдеринин бөлүгү фондулук рынокторго жумшалып, бул рыноктун өнүгүшүн камсыз кылды;
- "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамдын жоболорун так сактоо жана аларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле рынокту толук иштетүү аркылуу келтирилген зыянды төлөп берүүгө, оңдоого каражат издөөгө, транспорт каражаттарынын ээлеринин үчүнчү жакка келтирген зыяндарды кепилдиктүү төлөп берүүгө байланышкан социалдык чыңалуулар жандырылды, муну менен кошо автотранспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөөчү станциялардын саны көбөйтүлдү жана алар көрсөткөн кызматтын сапаты жакшыртылды.
Бул Мыйзам келтирилген зыяндардын төл берүүнү камсыз кылат жана ЖТКдан үчүнчү жактын (жабырлануучунун) кызыкчылыктарын коргоо үчүн өтө керек.
Көп сандаган маселелердин туура чечилиши "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамдын сапаттуу болушуна жараша болот. Анткени бул Мыйзам транспорт каражаттарынын ээлеринин гана эмес ар бир үй бүлөнүн да кызыкчылыктарын коргойт. ЖТК болгон учурда жөө жүрүүчүнүн, же жабырлануучунун, же болбосо кыймылга башка катышуучунун ролунда ар бир адам болуп калышы ыктымал. Ошондуктан жол кыймылына катышкандардын баардыгынын кызыкчылыктарын ушул Мыйзамдын чагылдыруусу, коргоосу өтө маанилүү болуп саналат.
Мамфинкөзөмөл тарабынан "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата жөнгө салып таасир тийгизе турган талдоолор да жүргүзүлгөн.
Ушул Мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан жумушчу топко кызыкчылыктары бар министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын өкүлдөрү киргизилген жана бул долбоор камсыздандыруу боюнча эксперттик кеңештин отурумунда мамлекеттик эмес фонддордун, "Камсыздандыруучулардын кыргыз ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралган, талкууга алынган.
Коомдук талкуудан өткөрүү максатында Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (www.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын (www.fsa.kg) расмий сайттарына жайгаштырылды. Коомдук талкуунун жыйынтыгында сын пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан алынып кала турган болсо, анда ал Мыйзамды иш жүзүнө ашыруу үчүн "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрүн (жоопкерчиликтердин чектерин) бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому иштелип чыгат, ошондой эле "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" Кодекске, автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча жана жол коопсуздугу кыймылы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилет.
Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин "Камсыздандыруучулардын Кыргыз ассоциациясы" ОЮЛга караштуу автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүп берилишине кепилдик кылуучу фонд түзүлөт. Камсыздандыруу уюмдарынын мүчөлүк жана милдеттүү түрдө төлөөчү акыларынын эсебинен бул фонд түзүлөт. Ошондой эле инвестицияларды тартуу аркылуу Мамфинкөзөмөлгө караштуу автоматташтырылган маалыматтык борбор да уюштурулат.
Мыйзам долбоорун иш жүзүнө ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды жумшоону талап кылбайт.
Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдүн негизинде Мамфинкөзөмөл "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Сиздердин карооңуздарга сунуш кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын төрагасы | Ю.Тойчубеков |