Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-марты № 192
“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-октябрындагы № 707 “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
Бул Мыйзам автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндар үчүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык борбор - камсыздандыруу субъекттеринин ортосунда милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткарган уюм;
автотранспорт каражаттары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар жана алардын базасында жасалган башка автомобилдер, автомобилдик сүйрөгүчтөр (тракторлор), өзү жүрүүчү машиналар, механизацияланган автотранспорттор, автомобилдер сүйрөп жүрүүчү бардык чиркегичтер жана жарым чиркегичтер, коомдук электр транспорту жана жүк ташуучу автомобилдердин башка түрлөрү жана автотранспорт каражаттарынын башка түрлөрү (мотоциклдер, квадрациклдер д.у.с.), ошондой эле башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары;
маалыматтардын базасы - камсыздандыруу тобокелдиги, камсыздандырылгандар жана камсыздандыруучулар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
автотранспорт каражаттарынын ээси - автотранспорт каражатын менчик укугунда ээлеген жеке же юридикалык жак, ошондой эле автотранспорт каражаттары убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген (ижарага алуу, лизинг укугу, автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугу менен ишеним каты, бул адамга автотранспорт каражатын берүү жөнүндө тиешелүү органдын буйругу) жеке адам;
айдоочу - автотранспорт каражатын башкарган жана ээси тарабынан автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адам;
пайда табуучу - жабырлануучу жана (же) ал каза болгон учурда жабырлануучунун- жеке адамдын мураскору болгон же камсыздандыруунун төлөмдөрүн алууга укугу бар юридикалык жак кайра уюштурулган учурда мыйзамдуу укук улантуучусу болгон адам;
автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнө кепилдик кылган фонд (мындан ары – Фонд) – жол-транспорт кырсыгында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилгенде, анын кесепетинен күнөөлүү адам жол-транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана анын ким экендиги аныкталбаганда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурлануу жолу менен жоюлган учурда, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон жоопкерчиликтин лимиттеринин көлөмүнүн чектеринде, кепилденген төлөмдөрдү ишке ашыруу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;
кепилдик төлөмдөрү – жол-транспорт кырсыгы болгон учурда, анын кесепетинен күнөөлүү адам жол транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана анын ким экендиги аныкталбаган учурда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурлоо жолу менен жоюлган учурда жабырлануучуга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өмүргө, ден соолукка келтирилген зыяндардын ордун толтурууну төлөтүп алууга укугу бар жакка жоопкерчиликтин лимиттеринин алкагында Фонд төлөп бере турган акчанын суммасы;
автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу келишими (мындан ары – милдеттүү камсыздандыруу келишими) – камсыздандыруу келишими, ал боюнча камсыздандыруучу келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгон учурда, ошол окуянын кесепетинен жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун (камсыздандырып ордун толтуруу) келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чектеринде келишимде шартталган акынын (камсыздандыруу сыйлыгы) өлчөмүндө толтуруп берүүгө милдеттенет;
жол-транспорт окуясы – автотранспорт каражаттарын пайдалануунун жүрүшүндө жана анын катышуусунда келип чыккан, ошондой эле автотранспорт каражатынан бөлүнүп чыккан анын бөлүгүнүн жана анда жүктөлгөн жүктүн кыймылынын кесепетинен жабыркоочунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирген окуя;
жолдор – бир же бир нече өтүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле тротуарларды, жолдун четтерин жана бөлүп турган тилкелерди, эгерде алар бар болсо, өзүнө камтып турган автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн жасалган же ылайыкташтырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же болбосо жасалма курулмалардын үстүнкү бети;
көз каранды эмес эксперт – жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндардын өлчөмүн баалоо жана анын негизинде бүтүм чыгаруу үчүн милдеттүү камсыздандыруунун катышуучусу (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу) тарткан кызыкдар эмес жеке же юридикалык жак;
жооптуу камсыздандыруучу – камсыздандыруу окуясынын болушуна күнөөлүү адам менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу;
тике камсыздандыруучу – камсыздандыруучу, аны менен жабырлануучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн;
жабырлануучу - автотранспорт каражатын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген жак (жеке же юридикалык);
тике жөнгө салуу - камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү механизми, анда жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун мүлкүнө келтирилген зыяндардын ордун тике камсыздандыруучу толтуруп берет;
камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак;
камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар жана коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак (камсыздандыруу уюму);
камсыздандыруу сыйлыгы - келишимде шартталган акы, аны камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү;
камсыздандыруу кооптуулугу - болуусу божомолдонгон окуя, ал болгон учурда камсыздандыруу жүргүзүлөт;
камсыздандырып ордун толтуруу - камсыздандыруу окуясы болгон учурда зыяндын ордун толтуруу үчүн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп бере турган сумма;
камсыздандыруу суммасы - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып ордун толтурууну камсыздандыруучу милдеттүү төлөп берүүгө милдеттенген сумма;
жоопкерчилик лимити - зыяндын ордун толтуруунун айрым түрү боюнча камсыздандыруучу төлөп бере турган камсыздандырып ордун толтуруунун максималдуу өлчөмү;
камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын аныктоо учурунда камсыздандыруучу колдоно турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген баа коюмдары;
камсыздандыруу полиси - камсыздандыруу келишимин түзүү фактысын жана камсыздандыруу келишиминин шарттарына жараша камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү боюнча камсыздандыруучунун милдетинин күчүнө киргендигин күбөлөндүрүүчү документ;
камсыздандыруу коргоосу - мүлктүк кызыкчылыктары бар объектиге келтирилген зыянды жеңүү жана төлөп берүү боюнча мамилелердин жыйындысы;
камсыздандыруу арбитри - автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу маселелери боюнча пайда болуучу камсыздандыруу субъекттеринин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырган, өз ишинде көз каранды эмес жеке жак;
автотранспорт каражаттарын пайдалануу - жолдордо, ага чектешкен жана автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн дайындалган аймактарда (короолордо, турак жай конуштарында, автотранспорт каражаттары токтоочу жайларда, май куюучу станцияларда жана башка аймактарда) автотранспорт каражаттарынын пайдаланылышы, автотранспорт каражаттарына орнотулган жана жолдогу кыймылга катышкан автотранспорт каражаты менен тикеден тике байланышы жок жабдууларды пайдалануудан башкасы.
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан турат.
1. Автотранспорт каражаттарын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт окуясынын кесепетинен келтирилген зыяндардын ордун толтуруудагы жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражатынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр:
1) ушул Мыйзамда белгиленген чектерде жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлктөрүнө келтирилген зыяндардын ордун толтуруу кепилдиги;
2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин камсыздандыруунун жалпыга бирдейлиги жана милдеттүүлүгү;
3) автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун бардык мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандырууну колдонуунун үзгүлтүксүздүгү;
4) мүлктүк кызыкчылыктарды коргоодо автотранспорт каражаттарынын ээлеринин экономикалык кызыкчылыктары.
1. Автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт окуяларынын кесепетинен улам жабырлануучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндардын ордун толтуруу милдети менен байланышкан автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп саналат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча жарандык-укуктук жоопкерчиликтердин пайда болушу милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу кооптуулугуна кирет, буга төмөнкүлөрдүн натыйжасында жоопкерчиликтер жаралган учурлар кирбейт:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөндөн башка автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда зыян келтирилсе;
2) моралдык зыян келтирүүлөр же алынбай калган пайдалардын ордун толтуруу боюнча милдеттер келип чыкса;
3) атайын бөлүнгөн жерлерде өткөрүлгөн мелдештерде, сыноолордо же болбосо машыгуу жүрүштөрүндө автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда зыян келтирилсе;
4) курчап турган жаратылыш чөйрөсү булганса;
5) кызматкерге келтирилген зыяндан келип чыккан чыгымдарды жумуш берүүчүнүн ордун толтуруу боюнча милдеттери;
6) камсыздандырылуучу менен түзүлгөн эмгектик мамилелерге байланыштуу автотранспорттук каражаттарды пайдаланган адам тарабынан талаптардын коюлушу;
7) башкарган автотранспорттук каражатка жана ага чиркелген чиркегичке, аны менен ташылып бараткан жүккө, ага орнотулган жабдууга айдоочу зыян келтирсе;
8) автотранспорт каражатына жүктү жүктөө же андан түшүрүү учурунда зыян келтирилсе;
9) антиквардык жана башка сейрек кездешүүчү буюмдардын, тарыхый-маданий мааниси бар имараттардын жана курулуштардын, баалуу металлдардан жана баалуу жана жарым баалуу асыл таштардан жасалган буюмдардын, нака акчалардын, баалуу кагаздардын, диндик мүнөздөгү буюмдардын, ошондой эле илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, интеллектуалдык менчиктин башка объекттеринин бүлүнүшүнөн же жок кылынышынан;
10) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында же милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринде каралган жоопкерчиликтердин лимиттик өлчөмүнөн ашкан зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндө автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдетинен;
11) эгерде камсыздандыруу окуясы камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун (жабырлануучунун) же камсыздандырылган адамдын (айдоочунун) арам оюнун кесепетинен болсо, буга атайлап жасалган аракет коргонуу муктаждыгынан же аргасыз муктаждыктан жасалган учурлар кирбейт;
12) өз мүлкүнө жана жакын туугандарынын мүлкүнө камсыздандырылуучунун өзү же айдоочу тарабынан зыяндын келтирилиши.
1. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылган бардык транспорт каражаттарынын ээлерине милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдет колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн автотранспорт кражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтери жана башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек.
3. Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилиги ага таандык ар бир автотранспорт каражаты боюнча камсыздандырылууга тийиш.
4. Башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана/же айдоочулары Кыргыз Республикасына кирген учурда милдеттүү камсыздандырылышы керек, буга Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин шарттарына ылайык Кыргыз Республикасында жарактуу деп таанылган, башка мамлекетте камсыздандыруу келишимин түзгөн ээлик кылуучулар кирбейт.
5. Өзүнүн кызматтык же эмгектик милдетин аткаруу шартына байланыштуу, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын ээлери менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде, же болбосо бүтүмдү жазуу жүзүндө тариздебеген автотранспорт каражатынын ээсинин эрки менен анын катышуусунда автотранспорт каражаттарын башкарган жеке жактарга жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттер колдонулбайт.
Камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттик жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө жатат.
Жол-транспорт кырсыктары болгондо камсыздандыруучуга, камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга же алардын мураскерлерине, Фондго, ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык борборго болгон жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалыматтар берилет, ал эми жол-транспорт кырсыгынын катышуучуларына, же болбосо алардын өкүлдөрүнө камсыздандыруу окуясынын болгондугун ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.
8-берене. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык борборго маалыматтарды берүү
1. Автоматташтырылган маалыматтык борбор ар бир түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү жөнүндө, камсыздандыруу окуялары тууралуу, мүлк жана ден соолук боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммалары жөнүндө, камсыздандырып ордун толтуруудан баш тартуу тууралуу, жабырлануучунун, пайда табуучунун жөнгө салынбаган дооматтары тууралуу, ар бир транспорттук каражат боюнча, менчик ээсинин алмашышы жөнүндө, ишеним кат боюнча транспорт каражаттарын башкарууга укуктары бар адамдар жөнүндө, болгон жол-транспорт кырсыктары, жол-транспорт кырсыктарына катышуучулар жана жабырлануучулар тууралуу маалымат базасын камтып турат.
2. Автоматташтырылган маалыматтык борбор камсыздандыруунун субъекттеринин ортосундагы милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу иш-милдеттерин аткарган “Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын” алдындагы коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлөт.
3. Автоматташтырылган маалыматтык борбор автоматташтырылган маалыматтык борбордун маалыматтык базасындагы маалыматтык ресурстарды түзүүдө жана алууда камсыздандыруучулардын катышуусунун бирдей шарттарын түзүп берүүнү камсыздоого милдеттүү.
4. Автоматташтырылган маалыматтык борбордун кызматкерлери өздөрү берген маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчиликти тартууга тийиш.
5. Автоматташтырылган маалыматтык борборду түзүүнүн, иштетүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндардын өлчөмүн баалоо боюнча карама-каршылыктар болуп, тараптар макулдаша албаган учурда камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же болбосо камсыздандыруучу тарабынан көз каранды эмес эксперттер тартылат.
2. Автотранспорт каражаттарын тейлөө жана оңдоо, кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик жана жеке менчик дарылоо мекемелери, соттук-медициналык экспертиза органдары, медициналык-санитардык эксперттик комиссиялар жана башка компетенттүү адамдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көз каранды эмес эксперт боло алышат.
3. Көз каранды эмес эксперттер милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата тең укуктуулуктун, бейтараптуулуктун жана адилеттүүлүктүн принциптерине негизденип, 15 календарлык күндүн ичинде зыяндын өлчөмүн баалоону аныктоого милдеттүү.
4. Милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан жабырлануучунун, пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн көз каранды эмес эксперт өзүнүн ишин жүргүзүү укугун ырастаган документке ээ болууга жана баа берүү актысынын ишенимдүүлүгү жана тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга тийиш.
1. Автотранспорт каражаттарынын ээлери автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилишинин кесепетинен пайда болушу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигинин кооптуулугун камсыздандыруучу катары өз эсебинен камсыздандырууга милдеттүү.
2. Автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатына ээлик кылуу укугу пайда болгондон кийин (аны менчикке сатып алса, анын ичинде автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугун берген ишеним катты алса, чарба жүргүзүү үчүн же убактылуу башкарууга же болбосо башка мыйзамдык негизде алса) беш иш күндүн ичинде жана андан кийин ушул Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликти үзгүлтүксүз камсыздандырууга милдеттүү.
1. Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруучулар менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен автотранспорт каражаттарынын ээлери тарабынан милдеттүү камсыздандыруу жүзөгө ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө укук берген уруксаттамасы бар камсыздандыруучу менен түзүлүшү керек.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучуга камсыздандыруучунун камсыздандыруу полисин берүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт. Камсыздандырылуучунун арызы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп саналат.
4. Камсыздандыруу полисинин бланкы так отчеттуулуктун документи болуп саналат. Камсыздандыруу полисинин бланктарын каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
5. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ал күчүнө кирген күндөн тартып он эки айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
Камсыздандыруу коргоосун колдонуу мезгили милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнө дал келет.
6. Милдеттүү камсыздандыруу келишими тараптардын макулдашуусу боюнча бир жылдан аз, бирок беш күндөн кем эмес мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
7. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздандырылуучу төмөнкүдөй документтерди камсыздандыруучуга берет:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндөгү арызды;
2) паспортту, аскердик билетти, айдоочунун күбөлүгүн (эгерде камсыздандырылуучу жеке жак болсо);
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өтүшү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде камсыздандырылуучу юридикалык жак болсо);
4) автотранспорт каражаттарын каттоону жүргүзгөн орган тарабынан берилген автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндө документти (автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндөгү күбөлүк, техникалык паспорт же техникалык талон, же болбосо ушулар сыяктуу документтер);
5) автотранспорт каражаты башка адамга катталып калган учурда автотранспорт каражатына ээлик кылуучу укукту ырастоочу документти (ошол автотранспорт каражатын ээликтен ажыратуу укугун берген ишеним катты);
6) автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдын айдоочулук күбөлүгүн же айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсүн (эгерде автотранспорт каражатын башкарууга айрым адамдарга гана жол берилген шартта милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлсө).
8. Тараптардын макулдашуусу боюнча камсыздандырылуучу ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө керектүү документтердин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө укуктуу.
9. Чет мамлекетте катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу пайдаланылып жаткан автотранспорт каражатынын ээси жана/же айдоочусу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү учурунда ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1, 2, 4-6-пункттарында каралган документтерди берет.
10. Милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндөгү арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө жазуу жүзүндө үч календарлык күндүн ичинде камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
11. Кийинки мезгилдерге милдеттүү камсыздандыруу келишимдери түзүлүп жаткан учурда автотранспорт каражаттарынын ээлери камсыздандыруу жөнүндөгү маалыматты камсыздандыруучуга берет жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын эсептөө учурунда камсыздандыруучу тарабынан ал эске алынат.
12. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун же жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун абалын ушул Мыйзамда каралгандагыга салыштырганда, начарлатуучу шарттарда милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзсө, камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун жана жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун алдында ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда милдеттенмелерди алат.
13. Камсыздандыруу полисине жазуу жолу менен камсыздандырылуучуга берилгендиги жөнүндөгү күбөлүк менен кошо эки тарап тең кол койгон камсыздандыруу полисин, милдеттүү камсыздандыруунун эрежесин камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга берет.
Камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) олуттуу шарттарына төмөнкүлөр кирет:
1) камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун аты-жөнү, фирмалык аталышы, дареги;
2) автотранспорт каражаттарын башкара турган менчик ээсинин жана айдоочулардын аты-жөнү, аларга берилген ишеним каттардын жарактуулук мөөнөтү;
3) камсыздандыруунун объектиси;
4) камсыздандыруунун аймагы;
5) камсыздандыруучу кириптер болуучу кооптуулук;
6) камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруучу полисин) колдонуу мезгили;
7) камсыздандыруу суммасы, алардын ичинде:
- жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндарга болгон жоопкерчиликтин лимити;
- жабырлануучулардын мүлкүнө келтирилген зыяндарга болгон жоопкерчиликтин лимити;
8) камсыздандыруу сыйлыгынын суммасы, төлөнүүчү жер жана төлөөнүн тартиби;
9) камсыздандыруу полиси берилген күн;
10) камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандырылуучунун жана/же автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген адамдардын аракеттеринин тартиби.
14. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндөгү же бул келишимди түзүү учурунда берилген арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндөгү билдирүүнү камсыздандырылуучудан алган учурда камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизет.
15. Түзүлүүчү милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
1. Ушул мыйзамда аныкталган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү милдеттүү камсыздандыруунун эрежелеринде белгиленет.
1. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарында башкача каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу сыйлыгын же анын биринчи акысын төлөгөн учурдан тартып милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирет жана аткарылышы тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагы менен гана чектелет.
3. Камсыздандырып ордун толтуруу толук көлөмдө (камсыздандыруу суммасы) төлөнүп берилген учурда камсыздандыруу полисин камсыздандыруучу алып коюшу керек. Мындай болгон учурда автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу үчүн милдеттүү камсыздандыруу келишимин жаңы түзүүгө милдеттүү.
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулду деп эсептелинет:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө камсыздандырып ордун толтурууну камсыздандыруучу төлөп берсе;
4) автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу мүмкүн болбой калса;
5) келишимдин шарттарына ылайык камсыздандыруу сыйлыктары белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөсө;
6) камсыздандыруучу (юридикалык жак) жоюлуп кеткен учурда.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби, шарттары жана натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруучуну өз алдынча тандап алууга;
2) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын түшүндүрүп берүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
3) жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматынан пайдаланууга;
4) камсыздандыруучу жана (же) көз каранды эмес эксперт жүргүзгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыгы жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмү боюнча эсеп-кысаптар менен таанышууга;
5) милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
6) автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда камсыздандыруу кооптуулугунун өзгөрүшүнө алып келүүчү шарт-жагдайлар өзгөргөн учурда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;
7) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндөгү камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
8) камсыздандыруу келишими токтотулган учурда камсыздандыруучудан камсыздандыруунун узактыгы, камсыздандыруу окуяларынын саны жана мүнөзү жөнүндөгү маалыматтарды, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүп берилиши тууралуу жана камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү маалыматтарды алууга.
2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруунун ошол түрү боюнча иш жүргүзүүгө укук берген уруксаттамасы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) техникалык абалын аныктоо үчүн автотранспорт каражатын жана милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн керектүү маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сыйлыктарын төлөп турууга;
4) камсыздандыруунун ошол эле объектисине карата башка камсыздандыруу келишимдеринин түзүлгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруу кооптуулугунун өсүшү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
6) камсыздандыруу окуясы келтире турган чыгымдарды азайтуу чараларын көрүүгө;
7) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин кооптуулуктун даражасындагы өзгөрүүлөр (автотранспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү өзгөрүүлөр, автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдардын которулуусундагы өзгөрүүлөр) жөнүндөгү маалыматты камсыздандыруучуга берүүгө;
8) камсыздандыруу окуясынын себептерине өз алдынча изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздандыруучунун өкүлүн камсыздоого;
9) жол кыймылынын коопсуздугу органынын жана автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын талабы боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишимин берүүгө.
Ушул пунктта каралган милдет ошондой эле камсыздандырылуучу жок кезде автотранспорт каражатын башкарган айдоочуга жүктөлөт.
10) Камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө беш жумушчу күндөн кечиктирбей (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, кийин кабардын жазуу жүзүндөгү түп нускасын жөнөтүү менен) камсыздандыруучуга билдирүүгө;
б) жол-транспорт кырсыгы жөнүндө жол кыймылынын коопсуздугу органдарына жана зарыл болгон учурда тиешелүү компетенттүү органдарга (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өрткө каршы күрөшүү кызматына, медициналык тез жардам кызматына жана башка кыйроого каршы кызматтарга) дароо билдирүүгө;
в) жол-транспорт кырсыгы болгон учурда жабырлануучуларга, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздандыруучу жөнүндө билдирүүгө;
г) жол-транспорт кырсыгы болгон учурда чыгымдарды болтурбоочу же азайтуучу, анын ичинде жабырланган адамдарды куткаруучу жана аларга жардамдарды көрсөтүүчү алгылыктуу жана жеткиликтүү чараларды түзүлгөн кырдаалга жараша көрүүгө;
д) камсыздандыруучунун талабы боюнча документтерди ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык берүүгө;
е) жабырлануучунун жана/же пайда табуучунун камсыздандырылуучуга койгон доо арызынын сотко берилиши жөнүндө камсыздандыруучуга беш иш күндөн кечиктирбей билдирүүгө;
ж) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер адамга карата коюлуучу регресстик талаптар укугунун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыздоого.
11) Камсыздандырып ордун толтуруу төлөнүп берилген учурда камсыздандырылуучу кошумча камсыздандыруу сыйлыгын төлөө менен талап кылынган камсыздандыруу суммасынын ордун толтурууга милдеттүү, эгерде калдык камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан азын түзсө;
12) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан пикир келишпестиктер камсыздандыруучу менен жаралган учурда камсыздандырылуучу камсыздандыруу арбитрине кайрылууга милдеттүү.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктары менен милдеттери каралышы мүмкүн.
1.Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясынын болушун жана жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастаган документтерди мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын компетенциясына жараша сурап алууга;
2) жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн жана камсыздандыруу окуясы болгон учурда төлөнүүчү камсыздандыруу ордун толтуруусунун өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматынан пайдаланууга;
3) бул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган учурларда зыян келтирүүгө жоопкер адамга регресстик талап укугун коюуга;
4) бул Мыйзамдын 28-беренесинде каралган негиздер боюнча камсыздандырып ордун толтурууну толук же жарым-жартылай төлөп берүүдөн баш тартууга;
5) камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча соттогу ишти анын атынан жүргүзүүнү, жабырлануучулар, пайда табуучулар койгон доо-талаптарды өзүнө алууга. Бирок камсыздандыруучунун бул аракети камсыздандырып ордун төлөп берүү боюнча милдетти өзүнүкү деп таануу катары бааланбайт;
6) камсыздандырылуучунун жана/же жол кыймылы коопсуздугу органынын кызмат адамынын билдирүүсүн алган учурда жол-транспорт кырсыгы болгон жерге барууга жана камсыздандыруу окуясы жөнүндө актыны түзүүгө.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) автотранспорт каражатынын техникалык абалын текшерүүгө жана камсыздандырылуучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) камсыздандырылуучуну милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен тааныштырууга, милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурда камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
4) жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүнү алганда ошол фактыны дароо каттоого алууга;
5) билдирүү алган учурдан тартып он беш иш күндүн ичинде мүлккө келтирилген зыяндын эсептик өлчөмүн көрсөтүү менен, бүлгүнгө дуушар болгон же кыйратылган мүлккө баалоо жүргүзүүгө жана аны жабырлануучуга жана/же пайда табуучуга таанышуу үчүн берүүгө;
6) камсыздандыруу окуясы таанылган учурда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө;
7) түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишиминин саны, камсыздандыруу окуяларынын саны жана мүнөздөрү жөнүндө, камсыздандырып ордун толтуруунун төлөнүп берилиши тууралуу, камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө жабырлануучулардын, пайда табуучулардын каралып жаткан жана жөнгө салына элек талаптары тууралуу маалыматтарды берүүнүн жана камсыздандыруу отчетторун алуунун келишимде каралган тартиптеринде, мөөнөттөрүндө жана көлөмүндө автоматташтырылган маалыматтык тутумга берүүгө;
8) камсыздандыруунун купуялуулугун камсыз кылууга;
9) камсыздандырылуучунун талабы боюнча ага жазуу жүзүндөгү төмөнкүдөй маалыматтарды акысыз берүүгө: милдеттүү камсыздандыруу келишими жөнүндө, төлөнүп берилген камсыздандырып ордун толтуруу тууралуу, жабырлануучулардан, пайда табуучулардан түшкөн арыздар жана милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулуп жаткан мезгилдеги жабырлануучулардын жөнгө салынбаган талаптары тууралуу.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген камсыздандыруучунун башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
Жабырлануучу жана/же пайда табуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясынын жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен болушу, анда ага зыян келтирилиши жөнүндө камсыздандыруучуга, Фондго билдирүүгө;
2) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү үчүн керектүү документтерди камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруучу үчүн топтоону жүргүзүүгө;
3) мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттердин кызматтарын пайдаланууга;
4) зыяндын өлчөмүн баалоонун жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмдөрүн эсептеп чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучудан алууга;
5) ушул Мыйзамдын шарттарына ылайык камсыздандырып ордун толтурууну алууга;
6) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндөгү камсыздандыруучунун чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каршы чыгууга;
7) кепилдик төлөмдөрдү алуу үчүн Фондго кайрылууга;
8) талап коюу учурунда жабырлануучу билбеген жана камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талап коюлгандан кийин пайда болгон өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн зыян келтирген жактын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылууга;
9) алган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасынан келтирилген зыяндын ашып кеткен суммасынын өлчөмүндө автотранспорт каражатынын ээсине келтирилген зыяндарды төлөп берүү жөнүндө талапты коюуга.
1. Анын күнөөсү боюнча камсыздандыруу окуясы болсо, ал адамда камсыздандыруу полиси бар болгон шартта, жабырлануучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн тике камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясы болгон учурда жабырлануучу жана/же пайда табуучу камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн кайрылууга укуктуу.
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган бардык документтерди алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде жабырлануучуга жана/же пайда табуучуга төлөп берет.
3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берген камсыздандыруучу өзүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн күнөөсү боюнча камсыздандыруу окуясы болгон адамды камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылат.
4. Тике жөнгө салуу төмөнкү шарттар сакталган учурда жүзөгө ашырылат:
1) жабырлануучуда жана күнөөсү боюнча камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси болсо;
2) жол-транспорт кырсыгы Кыргыз Республикасынын аймагында болуп, анын кесепетинен мүлккө гана зыян келтирилсе;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандырууга укук берген уруксаттамасы бар, Кыргыз Республикасында катталган камсыздандыруу уюмдарында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылса;
5. Тике жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабырлануучунун (үчүнчү жактын) өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча камсыздандырылгандын жарандык-укуктук жоопкерчилигинин пайда болуу фактысы камсыздандыруу окуясы деп таанылат.
2. Мүлкүнө зыян келтирилгенде жабырлануучу жана/же пайда табуучу зыян келтирүүнүн жагдайын тактоо жана орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында бүлгүнгө учураган мүлктү кароо үчүн камсыздандыруучу берүүгө милдеттүү.
Эгерде камсыздандыруучу менен жабырлануучу жана/же пайда табуучу башка мөөнөттү макулдашпаса, жабырлануучу жана/же пайда табуучу тиешелүү кайрылууну жасаган күндөн тартып он беш иш күндүн ичинде бүлгүнгө учураган мүлктү кароого жана (же) ага көз каранды эмес экспертизаны жүргүзүүнү уюштурууга (баалатууга) камсыздандыруучу милдеттүү.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен жетүү кыйынчылыгын, алыстыкты же калк аз жайгашкан аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен башка мөөнөттөр каралышы мүмкүн, ал мөөнөттүн ичинде бүлгүнгө учураган мүлктү кароо жана (же) ага көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу (баалатуу) үчүн камсыздандыруучу келүүгө милдеттүү.
3. Эгерде жабырлануучу же пайда табуучу кароого берген бүлгүнгө учураган мүлк камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулуп берилүүгө тийиш болгон камсыздандыруу окуясынын бар экендигин жана зыяндын өлчөмүнүн шексиз экендигин аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда камсыздандыруучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.
Эгерде бүлүнгөн мүлккө камсыздандыруучу өткөргөн кароонун натыйжасы боюнча камсыздандыруучу менен жабырлануучу камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө макулдашууга жетишишсе жана бүлүнгөн мүлккө көз каранды эмес экспертизаны уюштуруу талабынан кайтса, анда андай экспертиза өткөрүлбөй калышы мүмкүн.
Эгерде камсыздандыруучу ушул берененин 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө бүлүнгөн мүлктү карабаса жана/же ага көз каранды эмес экспертизаны уюштурбаса (баалабаса), анда жабырлануучу же пайда табуучу бүлүнгөн мүлктү кароо үчүн камсыздандыруучуга бербестен, мындай экспертизага (баалоого) өз алдынча кайрылууга укуктуу.
Көз каранды эмес экспертизанын (баалоонун) акысы ошол экспертизаны (баалоону) уюштурган тараптын эсебинен төлөнөт. Көз каранды эмес экспертизанын баасы, анын негизинде зыяндын камсыздандырып ордун толтуруу төлөнүп берилсе, анда ал милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу тараптан кайра төлөнүп берилүүгө тийиш.
4. Жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) жабырлануучунун мүлкү толук кыйраган учурда – камсыздандыруу окуясы болгон күндөгү мүлктүн чыныгы (рыноктук) баасынын өлчөмүндө, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчиликтин лимитинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бүлгүнгө учураган мүлктү оңдоо мүмкүн эмес болсо, же болбосо анын наркы камсыздандыруу окуясы болгон күндөгү бүлгүнгө учураган мүлктүн колдонулуп жаткан рыноктук наркынын 80 пайызынан ашса, толук кыйраган учур деп эсептелет;
2) жабырлануучунун мүлкү бүлгүнгө учураганда – камсыздандыруу окуясы болгон учурга чейин мүлк кандай абалда болсо, аны ошондой абалга келтирүү үчүн сарпталуучу чыгымдардын өлчөмүндө, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчиликтин лимитинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
5. Эгерде бүлгүнгө дуушар болгон мүлктүн мүнөзү же өзгөчөлүгү аны камсыздандыруучунун кароосуна коюуга жана камсыздандыруучу жана (же) эксперт жайгашкан жерде көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга мүмкүндүк бербесе (мисалы, автотранспорттун жол кыймылына катышуусун болтурбоочу бүлгүн болсо), анда көрсөтүлгөн кароо жана көз каранды эмес экспертиза (баалоо) бүлгүнгө учураган мүлк турган жерде өткөрүлөт.
6. Камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүнө товарларды жеткирип берүү же өндүрүш ишинин (кызмат көрсөтүүнүн) жана контракт боюнча анын башка милдеттенмелеринин мөөнөтүн жабырлануучунун бузуусу менен байланыштуу бышмананын суммасы киргизилбейт.
7. Камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн бузулган транспорт каражаттары үчүн камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилбейт.
8. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык тиешелүү медициналык мекемелер берген документтердин негизинде аныкталат, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчиликтин лимитинин өлчөмүнөн ашпашы керек.
9. Камсыздандыруу окуясынын болушуна багытталган камсыздандырылуучунун, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин же автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген адамдардын атайын аракеттери, ошондой эле камсыздандырып ордун толтурууну мыйзамсыз алууга багытталган башка алдамчылык аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылат.
Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген жабырлануучу жок болгон учурда катышуучулар болгон окуя жөнүндө камсыздандыруучуга билдириши керек.
Тиешелүү маалыматтар топтолгондо камсыздандыруучулар жол-транспорт кырсыгы болгон жерге өздөрүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө укуктуу.
1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдуу суммалары жана жоопкерчиликтин лимиттери, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын минималдуу тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Камсыздандыруучунун жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, белгиленген жоопкерчиликтин лимиттеринен ашышы мүмкүн эмес.
1. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражаттарын пайдалануунун учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнү камсыз кылат.
2. Белгиленген тартипте жол-транспорт кырсыгынын болушуна күнөөлүү деп табылган автотранспорт каражатынын ээсин жана айдоочусун кошпогондо, автотранспорт каражатын пайдалануу учурунда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген ар бир адам, булар менен кошо өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген, автотранспорт каражатында отурган бардык жүргүнчүлөр, ошондой эле алардын мураскорлору, мыйзамдуу укук улантуучулары камсыздандырып ордун толтурууну алуу укугуна ээ.
3. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражатына бекитилген же болбосо автотранспорт каражатынан түшүп калган кандайдыр бир нерселер жабырлануучуларга келтирген зыянды же чыгымды компенсациялоону да камсыз кылат.
1. Камсыздандыруучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө талап камсыздандырылуучу же пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, ага камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү үчүн керектүү документтерди тиркөө менен берет.
2. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер кошо тиркелет:
1) милдеттүү түрдө берилүүчү документтер:
а) камсыздандыруу полиси (анын дубликаты);
б) белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн жол-транспорт кырсыгынын схемасынын көчүрмөсү;
в) белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
г) белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алкоголдук, баңги заттык жана ууландырылып мас болуучу абалды күбөлөндүргөн протоколдун көчүрмөсү;
д) пайда табуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн) же юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним каттын түп нускасы;
е) автотранспорт каражаттарын башкарган адамдын айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана ошол автотранспортту башкарууга укук берилгендигин ырастаган документтин көчүрмөсү;
2) жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген учурда ушул бөлүктүн 1-пунктунда саналган документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
а) жабырлануучунун эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготушунун мүнөзү жөнүндөгү мамлекеттик медициналык мекеменин маалымкаты же жабырлануучунун майыптуулугун аныктаган атайын мамлекеттик мекеменин маалымкаты - жардамдын кошумча түрлөрүнө анын муктаж экендиги белгиленген учурда;
б) эгерде жабырлануучунун медициналык жардамдарды алууга муктаж экендиги жана аларды бекер алууга укугу жок экендиги аныкталса, анда анын тарткан медициналык чыгымдарын (ооруканага жатып дарыланууга жумшалган, дарыларды сатып алууга, кошумча тамактанууга, протез салууга жумшалган чыгымдарды) ырастоочу документтер, эсеп-фактурасы, төлөнгөн эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо кагаздар, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген башка документтер;
в) камсыздандыруу окуясынын болушунун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун жоготкон жабырлануучу ала албай калган эмгек акыны (кирешени) же эмгек акынын бөлүгүн (кирешени) ырастаган документти;
г) жабырлануучунун каза болушу жөнүндөгү күбөлүктүн нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү, ошондой эле пайда табуучунун мурастык укугу жөнүндөгү документтин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү, жабырлануучу каза болгон учурда;
3) жабырлануучунун мүлкүнө зыян келтирилген учурда-мүлктү оңдоого (калыбына келтирүүгө) жумшалган чыгымдарды (эсеп-фактурасы, төлөнгөн эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо кагаздар жана башка документтер) ырастаган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген башка документтер, келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча документтер кошумча тапшырылат.
3. Камсыздандырылуучудан, жабырлануучудан же болбосо пайда табуучудан камсыздандыруучунун кошумча документтерди талап кылышына жол берилбейт.
4. Арыздануучудан документтерди кабыл алган учурда камсыздандыруучу алгандыгын ырасташы керек.
5. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү учурунда камсыздандыруучу пайда табуучунун камсыздандыруучуга талап коюу укугун чектөөчү шарттарды кабыл алуусун талап кылууга укуксуз.
1. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндөгү камсыздандырылуучунун же пайда табуучунун арызын, ага тиркелген, милдеттүү камсыздандыруу эрежесинде жана ушул Мыйзамдын 24-беренесинде каралган документтерди алгандан тартып отуз күндүн ичинде камсыздандыруучу карайт. Камсыздандыруучу көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө же болбосо төлөп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндөгү жүйөлүү катты ага жөнөтүүгө милдеттүү.
2. Зыяндын ордун толтуруу төмөнкүдөй кезекте иш жүзүнө ашырылат:
1) өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтурууну төлөп берүү;
2) мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтурууну төлөп берүү.
3. Камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмү пайда табуучулар тарабынан талашка түшкөн учурда, көрсөтүлгөн адамдардын бири да талашпаган камсыздандырып ордун толтуруунун бөлүгүн ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө камсыздандыруучу милдеттүү.
Камсыздандырып ордун толтуруунун талашка түшкөн бөлүгү камсыздандыруучу менен жабырлануучунун, пайда табуучунун ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашылат. Өз ара макулдашуу мүмкүн болбогон учурда, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган соттук тартипте чечилет.
4) Эгерде камсыздандыруу окуясынын болушуна алып келген окуянын кесепетинен жабырлануучунун ден соолугу начарласа (I, II, III топтогу майыптуулук чектелип берилсе), же ал каза тапса, жабырлануучудан, пайда табуучудан келип түшкөн арыздын жана тиешелүү документтердин негизинде камсыздандыруучу кошумча камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттүү, мында төлөп берүүлөрдүн жалпы суммасы жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчиликтин лимитинен ашпоого тийиш.
Ушул Мыйзамдын 24-беренесинде жана ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырып ордун толтурууну кошумча төлөп берүү жүзөгө ашырылат.
1. Бир камсыздандыруу окуясынын кесепетинен зыян келтирилген бир нече жабыр тартуучу жана/же пайда табуучу талаптар менен кайрылган учурда жана ошол келтирилген зыяндын өлчөмү милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган жоопкерчиликтин лимиттеринен ашып кетсе, анда жабырлануучулардын жана/же пайда табуучулардын койгон талаптарында көрсөтүлгөн суммаларга карата ошол камсыздандыруу суммаларынын пропорционалдуу катнашына жараша камсыздандырып ордун толтуруу төлөнүп берилүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзамда жана Милдеттүү камсыздандыруу эрежесинде каралган учурларда камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү милдетинен камсыздандыруучу бошотулат.
1. Өздөрүнүн жарандык жоопкерчиликтерин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жабырлануучунун пайдасына камсыздандырган жеке жана юридикалык жак, келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү үчүн камсыздандыруу суммалары жетишсиз болуп калса, анда милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу суммасы менен иш жүзүндөгү чыгымдын өлчөмүнүн ортосундагы айырмачылыкты төлөп берет.
2. Чыгым үчүн жоопкерчиликтүү адамга болгон камсыздандырылуучунун талап кылуу укугу камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берген камсыздандыруучуга камсыздандыруунун натыйжасында орду толтурулган суммалардын чектеринде өтөт. Бир нече киши биргелешип келтирген зыянды төлөп берген камсыздандыруучу жабырлануучуга же пайда табуучуга төлөнүп берилген камсыздандырып төлөп берүүнүн үлүшүн ошол зыян келтирүүчүлөрдүн күнөөлөрүнүн даражасына ылайык келген өлчөмдө төлөп берүүнү зыян келтирүүчүлөрдүн ар биринен талап кылууга укуктуу. Күнөөнүн даражасын аныктоо мүмкүн болбогон учурда үлүштөр бирдей деп таанылат.
3. Эгерде көрсөтүлгөн адам мас (алкоголдук, баңгилик, уулануучулук) абалында транспорт каражатын башкарып зыян келтирсе, камсыздандыруучу төлөп берген камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүндө зыян келтирген адамга, анын ичинде камсыздандырылуучуга карата регресстик талапты коюуга камсыздандыруучу укуктуу.
4. Камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген, камсыздандырылуучу (пайда табуучу) менен келтирилген чыгымга жоопкер адамдын ортосундагы мамилени жөнгө салуучу эрежелерди сактоо аркылуу иш жүзүнө ашырылат.
5. Камсыздандырылуучу (пайда табуучу) бардык документтерди жана далилдерди камсыздандыруучуга берүүгө жана камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугун иш жүзүнө ашыруу үчүн керектүү бардык маалыматтарды ага билдирүүгө милдеттүү.
6. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу төлөп берген чыгымдар үчүн жоопкер адамга карата өзүнүн талап коюу укугунан баш тартса же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту иш жүзүнө ашыруу мүмкүн болбой калса, анда камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну толук же анын тиешелүү бөлүгүн төлөп берүүдөн бошотулат жана ордун толтуруунун төлөнүп берилген ашыкча суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
1. Эгерде бүлгүнгө учураган мүлктү кароого жана/же ага көз каранды эмес экспертиза (баалоо) өткөргөнгө чейин бүлгүнгө учураган мүлккө жасалган оңдоолор же анын калдыктарын утилдештирүү ушул берененин талаптарына ылайык камсыздандыруу окуясынын болгондугунун шексиз экендигин жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон чыгымдардын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда камсыздандыруучу жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну же анын бөлүгүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу.
2. Камсыздандыруучу ушул мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартат.
1. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндын кесепетинен, жол-транспорт окуясы болгон жерден күнөөлүү адам качып кеткенде жана анын ким экендиги аныкталбаганда, ошондой эле камсыздандырылуучу мажбурдук менен жоюлган учурда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон жоопкерчиликтин лимитинин көлөмүнүн чегинде кепилдик төлөмдөрүн иш жүзүнө ашыруу максатында Фонд мекеме түрүндө уюшулган, коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлөт.
2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу тутумуна катышуучулар - камсыздандыруу уюмдары Фонддун уюштуруучулары болуп саналышат.
3. Фонддун ишинин тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
1. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда, анын кесепетинен жол-транспорт окуясы болгон жерден күнөөлүү адам качып кетсе жана анын ким экендиги аныкталбаса, ошондой эле камсыздандырылуучу мажбурдук кылынып жоюлган учурда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыянды милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ордун толтурууну төлөтүп алууга укуктары бар жабырлануучуга же адамга кепилдиктүү төлөмдөрдү Фонд төлөп берет.
2. Камсыздандыруу уюмдарынын (катышуучулардын) үзгүлтүксүз негизде которууларынын (акы төлөөлөрүнүн) эсебинен кепилдик төлөмдөрү төлөнүп берилет.
3. Жабырлануучу жана/же пайда табуучу кепилдик төлөмдөрүн төлөп берүү үчүн бардык керектүү документтерди бергенден кийин кепилдик төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө чечимди Фонд кабыл алат.
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан талаштар талаштын тараптарынын кайрылуусу боюнча камсыздандыруу арбитри тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте каралат.
2. Камсыздандыруу арбитринин чечимине талаштын тараптары макул болбогон учурда талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча бул Мыйзам тарабынан белгиленген милдетти аткарбаган ээлик кылуучулардын автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга тыюу салынат.
Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча милдетти транспорт каражаттарынын ээлеринин аткарышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын ушул мыйзамын бузган, ошондой эле атайылап камсыздандыруу окуясын жасоого жана камсыздандырып ордун толтурууну мыйзамсыз алууга багытталган укукка каршы башка аракеттерди жасаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтерди тартат.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|