Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы № 23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716, 2021-жылдын 16-февралындагы № 44, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 13-июнундагы № 339 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "ички иштер" деген сөздөр "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "ички иштер органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын, буга 1-пункттун бешинчи абзацы, 2-пункттун экинчи абзацы кирбейт;
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги", "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги", "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы", "Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы", "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "коргоо министри", "ички иштер министри", "улуттук коопсуздук министри", "өзгөчө кырдаалдар министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси", "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси", "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси", "өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Улуттук гвардия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункттун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын ички иштер, өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кесиптик өрт өчүрүүчү кызматында, өрттү алдын алуу жана өчүрүү менен байланышкан кызмат орундарында иштеген мезгилде;";
2-пункттун экинчи абзацындагы "жетекчилик" деген сөздөн мурдагы "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-ноябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин Жогорку курсуна А.К.Бакаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышындагы жана экинчи абзацтагы "Улуттук коопсуздук министрлигинин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 339 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3.2-пункттагы "Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышындагы жана экинчи абзацтагы "кызматынын" деген сөз "органынын" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |