Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы № 95
Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө", "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндөгү жобо (мындан ары Жобо) бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министринин милдетин аткарууу |
А.Жапаров
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 95 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин (мындан ары - Тизмек) түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартибин белгилейт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
террористтик иш - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
экстремисттик иш - "Экстремисттик ишке каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде 58589:st_1} көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
милдеттүү контроль - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
3. Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган негиздер бар болсо, Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук, тышкы иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) тизмекке киргизүү үчүн негиздердин пайда болгондугу жөнүндө маалыматты алган күндөн баштап үч жумушчу күндөн кеч эмес мезгилде тиешелүү маалыматтарды белгиленген форма боюнча (анын ичинде электрондук түрдө), аларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Финансылык чалгындоо) колмо-кол же почталык жөнөтүү менен жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тизмекти түзүү жана ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн төмөндөгү маалыматтар негиз болуп саналат:
а) жеке жакты террористтик же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого күнөөлүү деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү, ошондой эле ошол өкүмдөрдү жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө;
б) юридикалык жак тарабынан террористтик же экстремисттик иш жүзөгө ашырылганына байланыштуу, юридикалык жактын ишмердүүлүгүн таануу, жоюу же токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери, ошондой эле ошол чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө;
в) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган терроризмге (экстремизмге) каршы күрөшүүгө катышкан эл аралык уюмдар тарабынан же алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик уюмдар же террористтер (экстремисттер) менен байланышкан жеке жана юридикалык жактардын тизмектери, ошондой эле ошол тизмектерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө;
г) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, чет өлкөлүк соттордун, чет мамлекеттердин башка компетенттүү органдарынын террористтик же экстремисттик иш менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар жөнүндөгү өкүмдөрү (чечимдери), ошондой эле ошол өкүмдөрдү (чечимдерди) жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө;
д) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ага баш ийген прокурорлор тарабынан кабыл алынган, алар жеке же юридикалык жакты террористтик же экстремисттик иши үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызы менен сотко кайрылышканына байланыштуу, ошол жеке же юридикалык жактын ишин токтотуу туурасындагы чечимдер, ошондой эле ошол чечимдер күчүн жоготкону жөнүндө;
е) жеке же юридикалык жактын террористтик же экстремисттик ишке катышы бар экендигин тастыктай турган жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара аракеттенүү принциптеринде, өз ара укуктук жардамдын алкагында алынган чет мамлекеттин компетенттүү ыйгарым укуктуу органдары же эл аралык уюмдар тарабынан берилген расмий сурамдар жөнүндө;
ж) тергөөчүлөр же прокурорлор тарабынан чыгарылган террористтик же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасаган жактарга айыпкер катары ишке тартуу тууралуу чыгарылган токтомдор, ошондой эле ушул кылмыш-жазык иштерин токтотуу жөнүндө.
5. Жеке жана юридикалык жакты Тизмекке киргизүү үчүн негиз болгон маалыматтар кызматтык колдонуу үчүн маалымат болуп саналат жана белгиленген тартипте эсепке алынат, сакталат жана берилет.
Жеке жана юридикалык жакты Тизмекке киргизүү үчүн негиз болгон жана жашыруун маалыматтарды камтыган маалыматтар Жашыруундуулук режимин камсыздоо боюнча нускамага ылайык эсепке алынат, сакталат жана берилет.
6. Жеке жана юридикалык жактарды идентификациялоо үчүн, Тизмекке киргизүү үчүн негиз болгон маалыматтардан тышкары, төмөндөгү маалыматтар (эгер бар болсо) Финансылык чалгындоого берилүүгө тийиш:
жеке жак үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса), туулган күнү жана туулган жери, жарандыгы, улуту, инсандыгын күбөлөндүргөн (паспорттогу) жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок жактын жүргөнгө (жашаганга) болгон укугун тастыктаган документтеги маалыматтар, жашаган (катталган) же жүргөн жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (бар болгон учурда) же социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн номери, иштеген жери жана ээлеген кызмат орду, эгер жеке жак юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашырса, андай учурда жеке ишкер катары катталган номери, катталган күнү жана ишмердүүлүгүнүн түрү кошумча берилет;
юридикалык жак үчүн - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, мамлекеттик каттоо номери же чет өлкөлүк юридикалык жактын каттоо номери, мамлекеттик каттоонун орду жана жайгашкан жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду, кызмат адамдары тууралуу маалыматтар, уюштуруучулар тууралуу маалыматтар жана юридикалык жактын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу уставдык документтерге тиешелүү башка маалыматтар.
Эгер жак терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө катышуучу чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын же алардын ыйгарым укуктуу органдарынын тийиштүү тизмегине киргизилип калган болсо, ал учурда да ошол тизмекке киргизилген датасы тууралуу маалымат берилет.
7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан маалыматтар толук эмес же так эмес берилген учурда, Финансылык чалгындоо зарыл маалыматты белгиленген тартипте кошумча сурап алууга укуктуу. Бул сурамдын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан аткарылуу мөөнөтү, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө катышуучу чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга же алардын ыйгарым укуктуу органдарына кошумча маалымат үчүн кайрылган учурларды кошпогондо, беш жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
8. Тизмек үч бөлүмдөн турушу керек:
1) Улуттук тизмек;
2) Эл аралык тизмек;
3) Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн жаза өтөгөн адамдардын тизмеги.
Ар бир бөлүм төмөнкүдөй главаларга бөлүнүшү керек:
- Террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон адамдардын тизмеги;
- Экстремисттик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон адамдардын тизмеги;
Ар бир глава төмөнкүдөй бөлүктөргө бөлүнүшү керек:
- жеке жактар;
- юридикалык жактар.
Тизмек маалыматтардын электрондук базасы түрүндө Финансылык чалгындоонун расмий сайтында жайгаштырылат жана жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирилбей Тизмекке Финансылык чалгындоо тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
10. Тизмек, ошондой эле ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор, бекитилген (түзөтүүлөр киргизилген) күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбей маалымат берүүчү жактарга кабарлоо үчүн маалыматтык кат түрүндө Финансылык чалгындоо тарабынан белгиленген тартипте жөнөтүлөт.
11. Жеке же юридикалык жакты Тизмектен чыгарып салуу алардын Тизмекке киргизилүүсү үчүн негиз болгон жагдайлардын аракети токтотулган учурда жана ушул Жобонун 3-пунктунда каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Мыйзам менен белгиленген тартипте тастыкталган террористтик жана/же экстремисттик ишти жасоого катышы бар адамдын өлүмү жеке жакты Тизмектен чыгарып салуу үчүн кошумча негиз болуп саналат.
12. Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү ишти жасагандыгы үчүн жаза өтөгөн жак тарабынан жасалган акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси менен белгиленген тартипте соттолгондугу бүткөнгө чейин, террористтик жана/же экстремисттик ишти аныктап табуу жана анын алдын алуу мүмкүндүгүн текшерүү максатында Финансылык чалгындоо тарабынан милдеттүү контролго алынат.
13. Жеке жана юридикалык жакты Тизмекке киргизүү тууралуу чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.