Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-октябры № 753
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөрүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемеси 1-тиркемеге ылайык берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |
1-тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармасынын аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскердик өкүлчүлүктөр менен иштөө бөлүмүнүн начальниги;
"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
"Ак-Марал" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Айнур" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
"Hуp" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Полигон" жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Майлуу-Суу электр лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
М.Мукамбетов |
2-тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскеринин командачысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Жарандык коргонуу башкы башкармасынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармасынын коргоо, укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармасынын аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскердик өкүлчүлүктөр менен иштөө бөлүмүнүн начальниги.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
|
М.Мукамбетов |