Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2005-жылдын 25-ноябры № 538
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 234,2010-жылдын 27-августундагы № 179 , 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин 2005-жылдын 23-июнундагы чечими менен бекитилген Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык жана Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташууну активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышын контролдоо Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ