Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-октябры № 756
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобонун бүткүл тексти боюнча "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дүйнөлүк Соода Уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "өкүлү жөнүндө" деген сөздөр "өкүлчүлүгү жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын жана андан ары текст боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:
аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттун экинчи абзацында "Экономикалык өнүгүү жана соода" деген сөздөр "Экономика" деген сөз менен алмаштырылсын;
6-пункттун төртүнчү абзацында "Eco№omic Developme№t a№d Trade" деген сөздөр "Eco№omy" деген сөз менен алмаштырылсын;
18-пункттун биринчи жана үчүнчү абзацтарында ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын экономика министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө";
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин жобосунда:
аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамында:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын экономика министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;".
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө";
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Мамлекеттик метрологиялык инспекциянын башкаруу схемасында ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
аталышындагы жана 1-пункттагы ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктта:
- ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жөнүндө";
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун башкаруу схемасында ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикатык жөнгө салуу министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жөнүндө жободо:
аталышында жана 1-пунктта:
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлигине" деген сөздөр "Экономика министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"иштерди өткөрүү боюнча" деген сөздөрдөн кийин "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен толукталсын;
11-пункттагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |