Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2010-жылдын 5-февралы № 79
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө
министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл
боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин
камсыздоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 Жарлыгын ишке ашыруу макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караш-
туу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караш-
туу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схе-
масы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-
сынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжол
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Стан-
дарттар жана метрология институтуна каралган каражаттардын чегинде Кыр-
гыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метроло-
гиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекцияны каржылоону ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нормативдик укуктук актынын долбоорун бел-
гиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин иш башкармасы менен бирдикте Метрология-
лык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин жүргүзүү үчүн админис-
трациялык имарат-жайларды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдоо Кыргыз Республикасынын
Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
милдетин аткаруучу А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-февралындагы
№ 79 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине
караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча
мамлекеттик инспекция жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Маминспекциянын милдеттери
III. Маминспекциянын функциялары
IV. Маминспекциянын укуктары
V. Жоопкерчилик
VI. Маминспекциянын ишин уюштуруу
VII. Маминспекциянын мүлкү жана аны каржылоо
VIII. Жоюу жана өзгөртүп кайра түзүү
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караш-
туу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары -
Маминспекция) өлчөм бирдиктерин камсыздоо жагындагы мыйзамдардын мил-
деттүү талаптарын сактоону текшерүү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республика-
сынын Экономикалык тескөө министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ве-
домстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Маминспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченем-
дик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган,
белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен макулда-
шууларды жетекчиликке алат.
3. Маминспекция юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Респуб-
ликасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий тилдер-
де өз аталышы жазылган мөөрү жана казыналык системасында алыш-бериш жа-
на башка эсептери болот.
4. Маминспекциянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек
шаары, Панфилов көчөсү, 197.
II. Маминспекциянын милдеттери
5. Маминспекциянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында өлчөм бирдиктерин камсыздоо жагындагы
бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- өлчөмдөрдүн туура эмес натыйжаларынын кесепетинен мамлекеттин
жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо.
III. Маминспекциянын функциялары
6. Маминспекция ага жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык
төмөнкүдөй мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат:
- өлчөм каражаттарынын, анын ичинде заттардын (материалдардын) ку-
рамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн чыгарылышына, алар-
дын абалына жана колдонулушуна, төмөнкүлөргө жайылтыла турган мамлекет-
тик жөнгө салуу чөйрөсүндө өлчөм бирдиктерин камсыздоо жагындагы норма-
тивдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышына:
саламаттыкты сактоого, ветеринарияга, айлана-чөйрөнү коргоого;
саламаттык сактоого, ветеринарияга;
айлана-чөйрөнү коргоого, транспорттун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга;
эмгектин коопсуз шарттарын жана коргоону камсыз кылууга;
өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосунда соода
операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашырууга, анын ичинде:
товарлардын массасынын, көлөмүнүн, чыгымынын же башка чоңдуктарынын
чыныгы маанисин жана бул товарлардын сатылган санына туура келишин аныктоо
максатында соода операцияларын жүргүзүүдө ажыратылуучу товарлардын санына;
таңгакта камтылгандар аны ачмайынча же бузулмайынча өзгөртүлүшү мүмкүн
болбогон, ал эми таңгакта камтылган товардын массасы, өлчөмү, узуну, аянты
же санын көрсөткөн башка чоңдуктары таңгакта белгиленген учурларда ар кандай
таңгакта оролгон товарлардын ачуудагы, сатуудагы жана импорттоодогу санына;
почта байланышы кызматтарын көрсөтүүгө жана электр байланышынын көрсөтүлгөн
кызматтарынын көлөмүн эсепке алууга (байланыштыруу узактыгы жана трафиктин көлөмү);
милдеттүү түрдө техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик метрологиялык жагындагы нормативдик укуктук актылар-
ды, ошондой эле методикалык документтерди иштеп чыгууга катышат;
- өлчөм бирдиктерин камсыздоо жагындагы мыйзамдардын талаптарын
аткаруу бөлүгүндө мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү министрликтер-
дин, ведомстволордун, юридикалык жана жеке жактардын, метрологиялык
кызматтардын ишин контролдойт;
- өлчөм бирдиктерин камсыздоо жана аныкталган кемчиликтерди чет-
тетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштерди мамлекеттик жөнгө
салуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалары боюнча минист-
рликтердин, ведомстволордун, юридикалык жана жеке жактардын ишине тал-
доо жүргүзөт;
- өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо жагында нормативдик укуктук
актылардын талаптарын бузган кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке
жактарга мыйзамдарга ылайык таасир этүү чараларын колдонот;
- доо арыздары менен сотко кайрылат, ошондой эле өлчөм бирдиктерин
камсыздоо жагындагы ченемдик укуктук актыларды бузууга байланыштуу иш-
терди кароого катышат;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын жана баш-
ка чарба субъекттеринин комиссияларынын иштерине катышат, ал эми зарыл
учурларда эгерде жасалма өлчөм каражаттарын же белгиленген тартипте бе-
китүү же текшерүү жол-жоболорунан өтпөгөн өлчөм каражаттары колдонулган
учурларда комиссияларды жетектейт;
- чарба субъекттери Маминспекция берген көрсөтмөлөрдү аткарбаган
учурда зарыл материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик же укук коргоо орган-
дарына жөнөтөт;
- өз иши тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулук-
ка маалымдайт;
- милдеттүү текшерилүүгө тийиш болгон, мамлекеттик жөнгө салуу
чөйрөсүнө таандык өлчөм каражаттарын жумушчу өлчөм каражаттарынын но-
менклатуралык тизмесине киргизүү боюнча сунуштар киргизет;
- укук коргоо органдарын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана
керектөөчүлөрдү коргоо коомдорунун өкүлдөрүн тартуу менен дүњ жана че-
кене соода кылуучу жайларында биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- өлчөм бирдигин камсыздоо жагындагы ченемдик укуктук актылардын
талаптарын бузган учурда:
текшерүүдө аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө белгилен-
ген тартипте көрсөтмө берет жана аларды четтетүү үчүн мөөнөттөрдү бел-
гилейт;
өлчөм бирдигин камсыздоо жагындагы ченемдик укуктук актылардын та-
лаптарын бузуунун кесепеттерин четтетүү боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы
боюнча чараларды көрөт;
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учур-
ларда метрологиялык эрежелер менен ченемдерди бузуулар жөнүндө матери-
алдарды сот жана тергөө органдарына жөнөтөт;
- өлчөм каражаттарынын мамлекеттик реестрин туура жүргүзүүгө жана
стандарттык үлгүлөргө контроль жүргүзөт;
- текшерүүдө аныкталган тартип бузууларды четтетүү жана ведомство-
лук обьекттерди метрологиялык камсыздоону жакшыртуу жөнүндө министрлик-
терге, ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына
сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте жарандардын жана юридикалык жактардын кай-
рылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;
- өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомунун
редакциясына ылайык)
IV. Маминспекциянын укуктары
7. Маминспекция ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди
чечүү үчүн мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- обьекттердин баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан
өлчөм каражаттары эксплуатацияланган, чыгарылган, оњдолгон, сатылган,
турган же сакталган обьекттерге кирүүгө;
- колдонууга жол берилген чоњдуктар ылайыктуу пайдаланылышын тек-
шерүүгө;
- өлчөм каражаттарынын абалын жана аларды колдонуу шарттарын тек-
шерүүгө;
- өлчөм бирдиктерин камсыздоо боюнча мыйзамдардын талаптарынын ат-
карылышын текшерүүгө;
- соода операцияларын жүргүзүүдө алынган товарлардын санын тек-
шерүүгө;
- мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн продукциялар ме-
нен товарлардын, ошондой эле бардык түрдө тањгакталып бөлүштүрүлгөн то-
варларды алууга;
- мамлекеттик метрологиялык көзөмөлгө алынган обьектинин техника-
лык каражаттарын колдонууга жана адистерин ишке тартууга;
- бекитилбеген типтеги же бекитилген типке дал келбеген, ошондой эле
текшерилбеген жана бузук өлчөм каражаттарын колдонууга жана чыгарууга
тыюу салууга;
- мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирүүчү өлчөм каражаттарын те-
гиз бир жолку текшерүү дайындоого, зарыл учурларда текшерүү ортосунда
кыскартылган текшерүүнү белгилөөгө;
- мыйзамдардын милдеттүү талаптарына дал келбеген өлчөө каражатта-
рын колдонуудан белгиленген тартипте алып коюуга;
- тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары жана уюмдары менен ма-
кулдашуу боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн алардын адистерин ишке тартууга;
- өлчөм бирдигин камсыздоо жагында зарыл нормативдик укуктук акты-
ларды, документтерди жана маалыматтарды өлчөм бирдигин камсыздоонун
улуттук системасынын катышуучуларынан акысыз алууга;
- өлчөм каражаттарын метрологиялык экспертизадан өткөрүү жана
берүү үчүн мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын метро-
лог адистерин ишке тартууга;
- менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө
иш жүргүзгөн уюмдардын метрологиялык кызматтарынан, юридикалык жактар-
дан жана жеке ишкерлерден белгиленген тартипте өз иш милдеттерин атка-
руу үчүн зарыл болгон маалыматтарды өз ыйгарым укугунун чегинде сурап
алууга;
- метрологиялык көзөмөл боюнча тиешелүү органдар менен эл аралык
дењгээлде кызматташтыкты ишке ашырууга, метрологиялык көзөмөл боюнча эл
аралык уюмдардын жана союздардын иштерине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке
ашырууга;
- Маминспекциянын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-марты № 153 токтомунун
редакциясына ылайык)
V. Жоопкерчилик
8. Маминспекциянын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди
аткарбоо же туура эмес аткаруу, ыйгарым укуктарды ашырып жиберүү, мам-
лекеттик же коммерциялык сырды ачыкка чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында белгиленгендей кылмыш, административдик, жаран-
дык-укуктук жоопкерчилик тартышат.
VI. Маминспекциянын ишин уюштуруу
9. Маминспекцияга Директор башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасы-
нын Экономикалык тескөө министринин (мындан ары - Министр) сунушу боюн-
ча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайында-
луучу жана кызматтан бошотулуучу Кыргыз Республикасындагы метрологиялык
көзөмөл боюнча мамлекеттик башкы инспектор болуп саналат.
10. Маминспекциянын директору:
- Маминспекцияны жана анын аймактык бөлүмдөрүн башкарууну жүзөгө
ашырат;
- Маминспекцияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу
үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген штаттык сандын жана эмгекке акы төлөөнүн чегинде Ма-
минспекциянын түзүмүн жана кызмат орундарынын санын министрдин бе-
китүүсүнө берет;
- Маминспекциянын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин
кызматка дайындайт жана бошотот;
- Маминспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук-
тарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
- Маминспекциянын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин анык-
тайт;
- Маминспекциянын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине
белгиленген тартипте дисциплинардык жаза берет;
- Маминспекциянын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн айырмаланган
кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле Кыргыз Респуб-
ликасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана
ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Министрликке сунуштар киргизет;
- Министрликке Маминспекциянын жасаган иштер тууралуу квартал жана
жыл сайын отчетторду жиберет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бул Жобого ылайык Ма-
минспекциянын ишин жетектөө боюнча жана башка функцияларды, ыйгарым
укуктарды ишке ашырат.
11. Маминспекциянын аймактык бөлүмдөрү болот.
VII. Маминспекциянын мүлкү жана аны каржылоо
12. Маминспекцияны жана анын аймактык бөлүмдөрүн каржылоо респуб-
ликалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
13. Маминспекциянын карамагындагы мүлк ага оперативдүү башкаруу
укугуна бекитилип берилет.
VIII. Жоюу жана өзгөртүп кайра түзүү
14. Маминспекцияны жоюу жана өзгөртүп кайра түзүү Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-февралындагы
№ 79 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө
министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл
боюнча мамлекеттик инспекциянын
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
----------------------------------
| Кыргыз Республикасынын |
| Экономикалык тескөө |
| министрлигине караштуу |
| Метрологиялык көзөмөл боюнча |
| мамлекеттик инспекция |
| (борбордук аппарат) |
----------------------------------
|
-------------------------
| Аймактык бөлүмдөр |
-------------------------