Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-ноябры № 775
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр кайра сурап алынсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 328 токтомуна ылайык жиберилген "Коррупциянын же салыктарды жашыруунун мүмкүн болгон фактылары жөнүндө билдирген адамдар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-июнундагы № 379 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 428 токтомуна ылайык жиберилген "Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 628 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 628 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 328 "Коррупциянын же салыктарды жашыруунун мүмкүн болгон фактылары жөнүндө билдирген адамдар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-июнундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 428 "Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|