Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-ноябры № 778
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 158-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу системасынын киреше берүүчү ишин өнүктүрүү, ошондой эле соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу, аларды иш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдында чарбалык башкаруу укугу менен "Келечек" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Келечек" МИ) түзүлсүн.
2. "Келечек" МИнин Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Келечек" МИнин салыктарды жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөнгөндөн кийинки калган кирешеси өндүрүштү андан ары өнүктүрүү жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында пайдаланылаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- 2013-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө жазаларды аткаруу системасынын башка ишканаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" МИге кошуу жолу менен өзгөртүп түзүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- "Келечек" МИнин ушул токтомдон келип чыгуучу материалдык-техникалык, финансылык жана башка иштерин камсыздоо маселелерин чечсин;
- "Келечек" МИни юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|