Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 778 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 158-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамына түзүлдү.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана Мыйзамда белгиленген тартипте күчүн кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын түзүүчүсү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Ишкана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын ишин жетектөөчү жана координациялоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (мындан ары - ЖАМК) түз баш ийет.
4. Ишкананын толук расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы";
- орус тилинде: "Государственное предприятие "Келечек" при Государственной службе исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики".
5. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачканга укуктуу.
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы, банктарда, Кыргыз Республикасынын башка финансылык-кредиттик мекемелеринде жана чет өлкөлөрдө эсептери (анын ичинде алыш бериш жана валюталык эсептери), өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар болот.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде ишкердик жүргүзөт жана өзүн өзү каржылоо принцибинде иштейт.
8. Бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен киргизилет.
9. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 106.
2. Ишкананын ишинин милдеттери жана максаттары
10. Ишкана Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу системасынын киреше берүүчү ишин жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү, соттолгондордун жаза өтөө шарттарын жакшыртуу жана аларды иш менен камсыз кылуу максатында түзүлдү.
11. Ишкананын негизги маселелери:
- соттолгондорду жумуш менен камсыз кылуу;
- өндүрүштүк иштерди жүргүзүү;
- продукцияны жана товарларды сатуу;
- тоорук жүргүзүү, тоорукка коюлуучу товарларга керектөөнү жана сунуштарды изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алууларды жүргүзүү жана аларга катышуу;
- функциялык милдеттерин аткарыш үчүн түз инвестицияларды тартуу;
- Мыйзамдын чегинде башка ишкердикти жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
12. Ишкана ушул Уставда аныкталган максаттарына жетүү жана милдеттерди аткарыш үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- белгиленген тартипте соода бюллетенин, тактамаларды жана башка информациялык жана рекламалык басылмаларды белгиленген тартипте чыгарууга;
- белгиленген тартипте юридикалык жактардан жана жарандардан накталай жана накталай эмес эсеп менен материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга, ошондой эле милдеттерди алууга, сотто доочу жана жоопкер болууга;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан ар кандай юридикалык жактар, ошондой эле жарандар менен Ишкананын ишинин максаттарына жана милдеттерине жараша, берилген укуктарына ылайык өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
- Ишкананын кызматчыларына консультация берүү, окутуу үчүн жана башка максаттарда тараптардын макулдашуусу боюнча төлөп берүү менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде адистерди ишке тартууга;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруучу адамдарды иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө;
- эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жарандарды, анын ичинде соттолгондорду Ишканадагы жумуштарды аткарууга тартууга;
- өндүрүштүк, соода-сатык, товарларды экспорттоо жана импорттоо иштерин жүргүзүүгө;
- уставдык милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк иштери жүргүзүү үчүн керектүү өндүрүштүк участокторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- коммерциялык негизде улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютада алынган насыя каражаттарды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга;
- жарнама берүүчү болуп чыгууга;
- көрсөткөн кызматтар үчүн акы алууга.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга ээ болот.
13. Ишкана төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- бардык иштегендер үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерин аткарууга;
- Ишкананын кызматчыларын социалдык, медициналык жактан жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүн камсыздоого, ошондой эле алар үчүн эмгектин коопсуз шарттарын түзүүгө, алардын саламаттыгына келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте тартууга;
- салык жана башка органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана которууларды төлөп турууга.
Ишкана эгер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана ушул Уставга жана каршы келбесе бул Уставда каралбаган башка милдеттерди да алат.
4. Ишкананы башкаруу
14. Ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) ЖАМКнын төрагасы сунуштаган адамдардын ичинен Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматынан бошотуучу Ишкананын директору башкарат. Директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери болот жана ушул Уставдын негизинде иштейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ишкананын директору Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет, келишимдерди, анын ичинде эмгектик келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөөгө укугунан пайдаланат, белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматчылары үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.
ЖАМК менен бирдикте Ишкананын өндүрүш иштерин пландайт, талдоо жүргүзөт жана Ишкананын өндүрүш иштеринен түшкөн таза кирешени чыгымдооонун артыкчылык багыттарын аныктайт, ошондой эле өндүрүштүк зарылчылык пайда болгон учурда Ишкананын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ишкананын директору соттордо мүлктүн менчик ээсинин кызыкчылыгын коргоочу болуп чыгууга, башка уюмдар, ишканалар, ошондой эле ижарачылар менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамиле түзүүгө укуктуу.
17. Ишкананын директорунун орун басарлары ЖАМКнын төрагасынын сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси Ишкананын директорунун сунушу боюнча ЖАМКнын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
19. Ишкананын ишинин ачык-айкындыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо үчүн анын алдында Байкоочу кеңеш түзүлөт, мында анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси жарандык сектордун өкүлдөрү болушат. Байкоочу кеңеш жөнүндө жобону ЖАМКнын төрагасы бекитет.
20. Ишкананын ишин текшерүү зарыл болгон учурда ЖАМК Ишкананын ишине аудит жүргүзүүгө, Ишкананын материалдык-техникалык каражаттарын ревизиялоого, чыгарылчу продукцияга лабораториялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө демилгечи болууга, имарат-жайларды жана өндүрүштүк участкаларды таанышуу максатында кароого укуктуу.
5. Эсеп, пландоо жана отчет
21. Ишкана өзүнүн ишин иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана соттолгондор үчүн жетиштүү жумуш орундарын түзүү зарылдыгын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн чыгарылчу продукцияга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талабын эске алуу менен өнүктүрүү перспективасын аныктайт.
Ишкананын келечектүү, жылдык жана күнүмдүк иш пландары ЖАМК менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жабдуучулар, ижарачылар жана сатып алуучулар менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
23. Ишкана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбесе келишимдердин предметин тандоодо, чарбалык мамиленин башка ар кандай шарттарын тандоодо эркин.
24. Ишкана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин натыйжаларынын бухгалтериялык эсебин жана статистик отчетун жүргүзүп турат.
25. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды берүүнүн жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды берип турат.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты бербегени, толук эмес маалымат бергени же аны бурмалаганы, ошондой эле отчетту бурмалаганы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
26. Ишкананын башкы бухгалтерин кызматка Ишкананын директору дайындайт, түздөн-түз директорго баш ийет, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликте болот жана укуктардан пайдаланат.
27. Ишкананын ишин тийиштүү мамлекеттик контролдоочу органдар жана ЖАМК Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык текшеришет.
6. Ишкананын мүлкү жана каражаты
28. Ишкана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мүлктү өз ишинин максаттарына жана мүлктүн арналышына жараша ушул Уставда белгиленген тартипте жана шарттарда чарбалык башкаруу укугуна ээ.
Ишкана ага чарбалык башкаруу укугунда таандык мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, ижарага берүүгө, барымтага берүүгө, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына үлүш (пай) катары кошууга же башка ыкма менен пайдаланууга укугу жок.
Ишканага чарбалык башкаруу укугунда таандык калган мүлктү ал Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленгенден башка учурларда өз алдынча пайдаланат.
29. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлчү башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Мүлктү топтоонун булактары:
- чарбалык иштердин натыйжасында түшкөн киреше;
- банктардын жана башка кредиторлордон алган насыялар;
- эл аралык донорлордун жана бейөкмөт уюмдардын каражаттары;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын кошумчалары;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
31. Ишкананын ишинен алынган бардык каражат милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин Ишкананын карамагына түшөт жана жазык аткаруу системасынын мекемелеринин өндүрүштүк ишин өнүктүрүүгө, ошондой эле соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
7. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу
32. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
33. Кыргыз Республикасындагы юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып Ишкана өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган болуп эсептелет.
34. Ишкананын ишинин процессинде жаралган документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н. Момуналиев |