ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 788 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 22-ноябры № 788

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

«Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Ички аудит кызматы милдеттүү түрдө боло турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тизмесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

17.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев